Суперстан: Кыргыз диaлекттери жaнa эски кыргыз сөздөрү, архаизмдер - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (40 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыз диaлекттери жaнa эски кыргыз сөздөрү, архаизмдер

#281 Пользователь офлайн   Барс   13 Январь 2011 - 17:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения andormeda (12 Январь 2011 - 12:41) жазган:

Биротоло "кыпчуур" (Бизде жанагы куйругунда эки кыпчыгычы бар курттарды ошентишчи эле)терип жесе болмок :crazy-girl:



Демек, Сен Дон экөөңөр нарындык эмессиңер! !!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#282 Пользователь офлайн   yahaha   14 Январь 2011 - 09:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 27 Июль 09
  • Соңку аракети: 28 Сен 2015 16:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жалал-Абаддын жарымынан тартып, нары Баткен тарапка чеин:

А бу? - кандайсын?
А шу - дурус, түзүк.

Агард а - эгерде,

Алла кандай - тири укмуш

Асти - чындыгында, өзү, илгертен, эч качан

Аңги- эшекпоз эркек эшек

Аста - акырын

Атир - атыр

Беурт - (эстен чыгып калды ким билет?)

Бекылык - адепсиз.

Гап - сөз

Горо - мөмөнүн быша элеги.

Гөш - эт

Дайди - дейди

Даңга л- чындыгында (точно орусчасы)

Дакан- буту узун тоок, короз.

Жүда - өтө

Калла - малдын башы

Касал - ооруу

Каса - кесе

Мазза - жыргал

Нургуч - скалка для раскатывания теста.

Осмо - каш боёк, боёк алынчу чөп.

Пада - 1. кара мал үйүрү 2. уй

Пайт - момент,учур

Патек- батек

Патир - нандын бир түрү (өлгүдөй ширин)

Пая - өсүмдүктүн сөңгөгү, сабактары

Пес - перен. бран. (о человеке) зараза, мерзкий, гадкий.

Пишек-мышык

Пачак - помятый, раздавленный, с вмятинами (напр. о яблоке, дыне, о ведре), битый, надбитый (напр. о яйце), с пробоиной (напр. о стене);
ак пачак, кара пачак южн. виды брака коконов;
пачак-пучагы чыкты сев. разлетелось вдребезги.

Пачакта - помять, раздавить (напр. яблоко, дыню, ведро), сделать пробоину, проломить, продолбить (напр. стену).

Покчо - бокчо (кыйкымдар, ар кандай материалдар, ж.б. нерселер салынган түйүнчөк).

Почок - алманы, аркандай жемиштердин, мөмөлөрдүн желбеген калдыгы, кабыгы

Пул - акча

Пут - бут

Пычак - бычак

Раса - өлө,өтө

Саал - кичине

Секин- акырын, байкатпай

Сынч - каркас, скелет

Така- теке

Таңги - капчыгай

Теңге - тыйын

Турку - тулку

Ходик - коделек

Хуник - ырайы суук

Хыйтыр - куу

Хына - кына (колго, бутка боёк)


Чекич - нанды жасап атканда бетин тегеректеп майда тешчү аспап.

Чилдашир - 1. арык (суу аккан арык эмес, кабыргасы саналган арык деген мааниде) 2. пеллагра ооруусу



Бул жерде А,а А эмес. Алиппе, арип дегидей айтылат.

Билдирүүнү түзөткөн: yahaha: 14 Январь 2011 - 11:53

үмүтсүз - шайтан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#283 Пользователь офлайн   andormeda   14 Январь 2011 - 10:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 784
  • Катталган: 14 Май 08
  • Соңку аракети: 26 Окт 2023 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Би City - 3Dвятое царство

Просмотр сообщения Барс (13 Январь 2011 - 17:38) жазган:

Демек, Сен Дон экөөңөр нарындык эмессиңер! !!

Нарында эмне дешет экен???
˙·٠•●♥●•٠·˙ Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#284 Пользователь офлайн   DOHKUXOT   14 Январь 2011 - 11:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 654
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 25 Мар 2017 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бийик тоолор койнунда.

Просмотр сообщения andormeda (14 Января 2011 - 10:18) жазган:

Нарында эмне дешет экен???

Терип жеп жатканына караганда мөмө-чөмө, жер-жемиштин бир түрү го.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#285 Пользователь офлайн   Нурай   14 Январь 2011 - 14:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 75
  • Катталган: 14 Май 09
  • Соңку аракети: 24 Дек 2019 10:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Arstan (29 Декабрь 2010 - 06:42) жазган:

ЧИЕ дегенди биринчи жолу угуп жатам,бул кайсы областта айтылат болду экен?

Адабий тил областында десек туура го :)
...занятие фигней на работе развивает слух, боковое зрение, реакцию и бдительность в целом...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#286 Пользователь офлайн   Нурай   14 Январь 2011 - 14:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 75
  • Катталган: 14 Май 09
  • Соңку аракети: 24 Дек 2019 10:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Барс (29 Декабрь 2010 - 20:48) жазган:

1.Алча-эч качан вишня да, черешня да эмес. Анын орусчасы жок. Мисалы: Кайсын Кулуевден бир сап: "Белоснежные ветички алычи!" Көрдүңбү, орусчасы вишня, же черешня болсо, ошентип эле которулмак. .. Алча - мөмөсү кара өрүктөн (кайналыдан) кичирээк, ачкыл даамдуу жемиш дарагы.
2. Вишня-албали, же албөлү (Аксыда), калган түштүк региондордо гиларс , же гилас. деше берет. Чындыгында гилас вишнядан көлөмү чоң да, даамы да бөлөк.
3. Черешня- мына ушул гилас.
4. Чие- мөмөсү вишнядан да кичинекей бадал дарак. Көбүнчө жапайы өсөт.
5. Оопас-ноопастын Ысык-көлдө аталышы. Анткени, биздин көлдүк туугандар н тыбышы менен башталган дээрлик бардык сөздөрдү н тыбышы жок айтышат. Мисалы: нары бар- ары бар, ничке-ичке, наал-аал, нават (кант)-ават ж.б. А тургай "нан" дегенди да көбүнчө "токоч" , "Нарын" дегенди "Арын" дешет.

Википедиядан алдым - Алыча (лат. Prunus cerasifera), слива растопыренная (ткемали), — Prunus divaricata или Prunus cerasifera, одна из исходных форм сливы домашней. Плодовое растение из подсемейства Сливовые семейства Розовые.
...занятие фигней на работе развивает слух, боковое зрение, реакцию и бдительность в целом...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#287 Пользователь офлайн   Нурай   14 Январь 2011 - 14:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 75
  • Катталган: 14 Май 09
  • Соңку аракети: 24 Дек 2019 10:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения DOHKUXOT (12 Январь 2011 - 05:57) жазган:

Коделекти адабий тилде "такай" деп жүрүшкөнсүдү эле. Ал эми "лаган" дегенди туура белгиледиң, түшүнбөй калышпасын деген ойдн "илеген" деп жаздым. Ал эми сыйыр адабий тилде эмес. Оштун кээ бир региондорунун диалекти.
Дагы бир-эки мисал:
Чыпта-кап(мешок);
Торсун- адабий тилде кандай айтаарын билбейт экемин,орусчасы балка;
Шыйпыр-үйдүн чатыры;
Челек-чака;
Тилла(дилде)- алтын;
Катта-чоң;
Зор(ичкилик диалекти)-жакшы, улуу деген маанини дагы берет. Мисалы, "Балдарынын эң зору";
Кашкарт- маки;
Камар- кур(ремень);
Патта-маара;
ж.б.у.с.

шыйпыр деген "шифер" дегенди эле "кыргызчалап" , б.а.фонетикалык жактан ылайыкташтырып алганыбыз да, Нарында деле шыйпыр дейт :)
...занятие фигней на работе развивает слух, боковое зрение, реакцию и бдительность в целом...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#288 Пользователь офлайн   DOHKUXOT   14 Январь 2011 - 14:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 654
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 25 Мар 2017 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бийик тоолор койнунда.

гиластин эки түрү бар го. Биринин мөмөсү чоңураак, эттүү,даамы таттуу. Май айынын аягында бышып калат. Ошто кокон гилас деп коюшат. Экинчиси жөн эле гилас деп аталат. Мөмөсү кичинерээк, даамы кычкылыраак. Адабий тилде кандай аталат булар? Орусча кандай которулат? Кокон гиласти черешня дешет экен, а берки гиласти эмне дешет?
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#289 Пользователь офлайн   andormeda   14 Январь 2011 - 14:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 784
  • Катталган: 14 Май 08
  • Соңку аракети: 26 Окт 2023 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Би City - 3Dвятое царство

Гилас деген не??? :unsure:

Билдирүүнү түзөткөн: andormeda: 14 Январь 2011 - 14:33

˙·٠•●♥●•٠·˙ Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#290 Пользователь офлайн   DOHKUXOT   14 Январь 2011 - 14:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 654
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 25 Мар 2017 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бийик тоолор койнунда.

Просмотр сообщения Нурай (14 Января 2011 - 14:25) жазган:

шыйпыр деген "шифер" дегенди эле "кыргызчалап" , б.а.фонетикалык жактан ылайыкташтырып алганыбыз да, Нарында деле шыйпыр дейт :)

Нарында шыипырды кайсы маанисинде колдонуларын билбейм, а бизде там башын, чатырын шыйпыр дейт. Менимче фонетикалык жактан эле эмес, мааниси жагынан да өзгөртүп алганбыз. Себеби,шифер- курулуш материалы, а шыйпыр-тамдын үстүңкү бөлүгү деген маанини берип калат.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#291 Пользователь офлайн   DOHKUXOT   14 Январь 2011 - 14:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 654
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 25 Мар 2017 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бийик тоолор койнунда.

Просмотр сообщения andormeda (14 Января 2011 - 14:31) жазган:

Гилас деген не??? :unsure:

Майдын аягында,июнь айынын башында сатууга чыга баштаган кочкул кызыл чоң чоң ЧЕРЕШНЯ бар го жеңе? Мына ушуну кокон гилас дейт. Андан кичинерек, кычкыл даамдуусу-гилас.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#292 Пользователь офлайн   amantur   14 Январь 2011 - 15:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Юдахиндин сөздүгүндө чие вишня деп берилиптир бирок алча дагы вишня деп которулуптур.

Билдирүүнү түзөткөн: amantur: 14 Январь 2011 - 15:08

Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#293 Пользователь офлайн   amantur   14 Январь 2011 - 15:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Просмотр сообщения DOHKUXOT (14 Января 2011 - 11:36) жазган:

Нарында шыипырды кайсы маанисинде колдонуларын билбейм, а бизде там башын, чатырын шыйпыр дейт. Менимче фонетикалык жактан эле эмес, мааниси жагынан да өзгөртүп алганбыз. Себеби,шифер- курулуш материалы, а шыйпыр-тамдын үстүңкү бөлүгү деген маанини берип калат.


Жооок доске, адашып калдын го дейм, мен Жалалабаттан болом, шыйпырды курулуш материалды атоодо колдонулат, башкача айтканда "Үйүн шыйпыр менен жабыптыр"
"Шыйпыр жакшыбы же тиникеби"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#294 Пользователь офлайн   amantur   14 Январь 2011 - 15:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Просмотр сообщения DOHKUXOT (14 Января 2011 - 11:40) жазган:

Майдын аягында,июнь айынын башында сатууга чыга баштаган кочкул кызыл чоң чоң ЧЕРЕШНЯ бар го жеңе? Мына ушуну кокон гилас дейт. Андан кичинерек, кычкыл даамдуусу-гилас.


Гиласбы же гирарсбы, биз тарапта гиларс дейт (вишня) адабий тилде чие болот окшойт.
кокон гиларс бул орусчадан черешня адабий тилде
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#295 Пользователь офлайн   DOHKUXOT   14 Январь 2011 - 15:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 654
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 25 Мар 2017 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бийик тоолор койнунда.

Просмотр сообщения amantur (14 Января 2011 - 15:10) жазган:

Жооок доске, адашып калдын го дейм, мен Жалалабаттан болом, шыйпырды курулуш материалды атоодо колдонулат, башкача айтканда "Үйүн шыйпыр менен жабыптыр"
"Шыйпыр жакшыбы же тиникеби"

Сен жакта башка маани,мен жакта башка маани бергени үчүн диалект да досум.:)
"Шыйпыр" жөнүндө мисалдар:
"үйүнүн шыйпырын эгиз жааптыр", "үйдү жакшы салган экен гоо, бирок шыйпыры бузуп коюптур да", "антеннаң шыйпырдабы же жердеби?" . Курулуш материалы катары деле "шыйпыр" дешет. Мисалы," Канттагы шыйпыр завод."
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#296 Пользователь офлайн   DOHKUXOT   14 Январь 2011 - 15:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 654
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 25 Мар 2017 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бийик тоолор койнунда.

Просмотр сообщения amantur (14 Января 2011 - 15:16) жазган:

Гиласбы же гирарсбы, биз тарапта гиларс дейт (вишня) адабий тилде чие болот окшойт.
кокон гиларс бул орусчадан черешня адабий тилде

Чие гилас боло албайт, себеби чие бадал өсүмдүгү жана жапайы өсөт. А гилас бак-дарак өсүмдүгү.
Менде суроо пайда болду. Черешняны кыргызчага кантип которобуз?
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#297 Пользователь офлайн   Arstan   14 Январь 2011 - 15:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения yahaha (14 Января 2011 - 06:34) жазган:

Жалал-Абаддын жарымынан тартып, нары Баткен тарапка чеин:

Ошто мындай создор копчулугу жок,мен биринчи угуп жатам бул создорундун жарымын.Тагыраак жазсанар кайсы жерде кандай айтылаарын билип алалы.Булар кобунчо Баткен областындагы создор го ээ менин билишимче.

А бу? - кандайсын? - Ошто кандайсын эле дейт

А шу - дурус, түзүк. - Тузук ,дурус- Ошто

Агард а - эгерде, - Эгерде Ошто

Алла кандай - тири укмуш - Тушунбодум? ???

Асти - чындыгында, өзү, илгертен, эч качан - ??????

Аңги- эшекпоз эркек эшек - ?????

Аста - акырын - Аста секин Ошто

Атир - атыр - Атыр Ошто

Беурт - (эстен чыгып калды ким билет?) - Беурт биринчи угушум

Бекылык - адепсиз. - Бейкылык Ошто

Гап - сөз - Соз эле дейт Ошто

Горо - мөмөнүн быша элеги. - Оруктун быша элегин Коро дейт Ошто

Гөш - эт - Ар уй булоодо ар кандай айтышат бизде эт

Дайди - дейди - Тентимиш дейт Ош

Даңга л- чындыгында (точно орусчасы)- Дангал,дадил

Дакан- буту узун тоок, короз.

Жүда - өтө

Калла - малдын башы

Касал - ооруу

Каса - кесе

Мазза - жыргал

Нургуч - скалка для раскатывания теста. - ????

Осмо - каш боёк, боёк алынчу чөп.

Пада - 1. кара мал үйүрү 2. уй - Кезуу Ош

Пайт - момент,учур - Убак,учур Ош

Патек- батек

Патир - нандын бир түрү (өлгүдөй ширин)

Пая - өсүмдүктүн сөңгөгү, сабактары

Пес - перен. бран. (о человеке) зараза, мерзкий, гадкий.?????

Пишек-мышык - Мышык Ош

Пачак - помятый, раздавленный, с вмятинами (напр. о яблоке, дыне, о ведре), битый, надбитый (напр. о яйце), с пробоиной (напр. о стене);
ак пачак, кара пачак южн. виды брака коконов;
пачак-пучагы чыкты сев. разлетелось вдребезги.

Пачакта - помять, раздавить (напр. яблоко, дыню, ведро), сделать пробоину, проломить, продолбить (напр. стену).

Покчо - бокчо (кыйкымдар, ар кандай материалдар, ж.б. нерселер салынган түйүнчөк). ??????

Почок - алманы, аркандай жемиштердин, мөмөлөрдүн желбеген калдыгы, кабыгы

Пул - акча

Пут - бут

Пычак - бычак

Раса - өлө,өтө

Саал - кичине

Секин- акырын, байкатпай

Сынч - каркас, скелет?????

Така- теке

Таңги - капчыгай

Теңге - тыйын

Турку - тулку

Ходик - коделек

Хуник - ырайы суук - Куник Ошто

Хыйтыр - куу - Хитрый Ошто

Хына - кына (колго, бутка боёк)


Чекич - нанды жасап атканда бетин тегеректеп майда тешчү аспап.

Чилдашир - 1. арык (суу аккан арык эмес, кабыргасы саналган арык деген мааниде) 2. пеллагра ооруусу???? ?



Бул жерде А,а А эмес. Алиппе, арип дегидей айтылат.

О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#298 Пользователь офлайн   Arstan   14 Январь 2011 - 15:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения DOHKUXOT (14 Января 2011 - 12:35) жазган:

Сен жакта башка маани,мен жакта башка маани бергени үчүн диалект да досум.:)
"Шыйпыр" жөнүндө мисалдар:
"үйүнүн шыйпырын эгиз жааптыр", "үйдү жакшы салган экен гоо, бирок шыйпыры бузуп коюптур да", "антеннаң шыйпырдабы же жердеби?" . Курулуш материалы катары деле "шыйпыр" дешет. Мисалы," Канттагы шыйпыр завод."


Шыйпыр деп эки мааниде айтса болот.

1 - Курулуш материал уйдун устуно жапчу шыйпыр.

2 - Тамдын усту тамдын башы,тамга чык же шыйпырга чык.Уйдун шыйпыры жакшы жабылыптыр деген мааниде.

Билдирүүнү түзөткөн: Arstan: 14 Январь 2011 - 15:55

О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#299 Пользователь офлайн   DOHKUXOT   14 Январь 2011 - 16:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 654
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 25 Мар 2017 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бийик тоолор койнунда.

yahaha сказал:

Жалал -Абаддын жарымынан тартып , нары Баткен тарапка чеин :

А бу ? - кандайсын ?
А шу - дурус , түзүк .
Агарда - эгерде ,
Алла кандай - тири укмуш
Асти - чындыгында , өзү , илгертен , эч качан
Аңги - эшекпоз эркек эшек
Аста - акырын
Атир - атыр
Беурт - ( эстен чыгып калды ким билет ?)ушу сөздү мен да укпаптырмын.
Бекылык - адепсиз .
Гап - сөз
Горо - мөмөнүн быша элеги .
Гөш - эт
Дайди - дейди
Даңга л- чындыгында (точно орусчасы ) Дакан- буту узун тоок , короз .
Жүда - өтө
Калла - малдын башы
мал эле эмес,адамдын башын да калла дейт.
Касал - ооруу
Каса - кесе
Мазза - жыргал
Нургуч - скалка для раскатывания теста
муну да укпапмын.
Осмо - каш боёк , боёк алынчу чөп . Пада - 1. кара мал үйүрү 2. уй
Пайт - момент ,учур
Патек - батек
Патир - нандын бир түрү (өлгүдөй ширин )
Пая - өсүмдүктүн сөңгөгү , сабактары

Пес - перен . бран . (о человеке ) зараза , мерзкий , гадкий .
Пишек -мышык
Пачак - помятый , раздавленный , с вмятинами (напр . о яблоке , дыне , о ведре ), битый , надбитый (напр . о яйце ), с пробоиной (напр . о стене );
ак пачак , кара пачак южн . виды брака коконов ;
пачак -пучагы чыкты сев . разлетелось вдребезги .
Пачакта - помять , раздавить (напр . яблоко , дыню , ведро ), сделать пробоину , проломить , продолбить (напр . стену ).
Покчо - бокчо (кыйкымдар , ар кандай материалдар , ж.б. нерселер салынган түйүнчөк ).
Почок - алманы , аркандай жемиштердин , мөмөлөрдүн желбеген калдыгы , кабыгы
Пул - акча
Пут - бут
Пычак - бычак
Раса - өлө ,өтө
Саал - кичине
Секин - акырын , байкатпай
Сынч - каркас , скелет
Така - теке
Таңги - капчыгай
Теңге - тыйын
Турку - тулку
Ходик - коделек "х" тамгасы менен эмес, "к" тамгасы менен жазылат, кодик
Хуник - ырайы суук.куник
Хыйтыр - куу кыйтыр
Хына - кына (колго , бутка боёк )чачка да боек
Чекич - нанды жасап атканда бетин тегеректеп майда тешчү
аспап .
Чилда шир - 1. арык (суу аккан арык эмес , кабыргасы саналган арык деген мааниде ) 2. пеллагра ооруусу
Бул жерде А ,а А эмес . Алиппе , арип дегидей айтылат .
Негизинен баары туура, кошулам
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#300 Пользователь офлайн   DOHKUXOT   14 Январь 2011 - 16:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 654
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 25 Мар 2017 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бийик тоолор койнунда.

Ушинтип бири бирибиздин диалекттерибизди үйрөнүп аралаша берели туугандар. Бул да болсо ынтымакка карай бир кадам.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (40 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июн 2025 01:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: