Учурда Суперстанда 5847 адам жашайт экен. Анын ичинде 26 аким, 2829 жаран жана 2985 конок. Ошондой эле 7 тургундун тайпалары Супермодератор, Администратор ж.б. ушул сыяктуу.
Бул статистика 2011.01.19 11:21 ге карата.
Менде бир пикир пайда болду.
Суперстан Ишкерлер Бирикмесин ачуу.
Бул Бирикмеге Суперстандын ар бир тургуну кошула алат.
Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында сайттын башкаруучуларынын да жардамы керек. Кийинчерээк айтам кандай экенин.
Бул бирикмеде катталган адамдар өз тажрыйбасын башкалар менен бөлүшө алат. Эки тараптуу келишим аркылуу өзүнүн ишин алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк түзүлүп берилет.
Мисалга бирөө бир бизнесс баштоону чечсе, уюмдун мүчөлөрү тарабынан кеңештерди алууга мүмкүнчүлүгү бар. Башкача айтканда кандай бизнес баштаарын жазып кетсе, мүчөлөр тарабынан кеңештерди ала алат. Ошондой эле уюмдун мүчөлөрү арасында эки тараптуу келишим негизинде бири бирине жардам, жеңилдетүү жана башка ушул сыяктуу иш чаралар негизделмекчи.
Эң негизги уюмдун мүчөлөрү арасында баннер алмашуу долбоору.
Ар бир ишкер өзүнүн сайтында Супердин баннерин жайгаштырат жана Супердин сайтында өзүнүн баннерин жайгаштыра алат.
(Албетте буга Супердин башкаруучуларынын уруксаты керек, СИБди (Суперстан Ишкерлер Бирикмесин) супердин администрациясы колдой бекен?)
Жогорудагы сүрөттө Супердин сайтында жайгашкан жарнаманы көрүп тураңар, баннерлер ошонун ылдыйына жайгашышы мүмкүн.
Достор, бул долбоорго кандай дейсиңер? Болобу?
Супердин жетекчилиги, сиздер кандай дейсиздер? Макулсуздарбы?

Супер-Инфо
super.kg
видео
















