Саламатсызбы журналист айым! Супер-Инфодо иштегениңизге байланыштуу көптөн бери кызыктырып жүргөн суроолорума жооп берип кетсеңиз кубанып калам 
1. Кыргыз массалык маалымат каражаттарында Супер-Инфонун жалпы репутациясы жөнүндө өз көз карашыңыз
2. Супер-Инфонун эң көп тиражга ээ экендигин эске алуу менен бирге, калктын кайсыл катмары көп окуйт деп ойлойсуз? (көп сатылгандыгына байланыштуу ар түрдүү катмардан окурмандары бар деп жооп бербейсиз деп ойлом, эң көп кайсыл катмар окугандыгы жөнүндө пикириңиз)
3. Газета канча беттен турат? Алардын арасынан саясий жаңылыктарга, шоу дүйнөсүнө, ж.б. канча бет бөлүнөт?
4. Супер-Форумдун интеллектуалдык деңгээлине кандай карайсыз? Эгер канааттандыраарлык болбосо аны өнүктүрүүнүн кандай конкреттүү жолдорун сунуш кылат элеңиз?
Рахмат

1.Кыргыз ММКларында "Супер-Инфо" гезитинин өзүнүн татыктуу орду бар.
2. Биздин гезит ар тармактуу болгондугуна байланыштуу чындыгында эле ар кандай тармактагылар окушат. Алгач гезит кыргыз шоу-бизнесин чагылдырып жүргөндүктөн, көбүнчө эл бизден ошол жааттагы нерселерди күтүшөт экен. Ошондой эле учурда болуп жаткан социалдык маселелер, дүйнөдөгү кабарларды да атайын бизге ишенип, бизден гана окугандар да жок эмес.
3. Гезит учурда 32 беттен чыгып жатат. Анан "буга мынча бет берилет" деп так айта албайм, анткени шартка, кырдаалга байланыштуу маалыматтар ар кандай берилип калат.
4. Сайтыбыздын интеллектуалдык деңгээлин сиздер сырттан жакшы билсеңиздер керек. Албетте, бул чеги эмес, өнүгүү дагы деле алдыда. Конкреттүү сунуштар болсо сиздер айтыңыздар жакшысы.

Супер-Инфо
super.kg
видео