Илим жана технологиянын жогорку деңгээлде өнүккөндүгүнүн жыйынтыгы катары, учурда бир кишинин органын башка бир кишиге салуу анчалык деле кыйынчылыкты туудурбай калды. Өзгөчө бөйрөк жана жүрөк алмаштыруулар боюнча газеталардан,
ТВ жаңылыктарынан көрүп эле жүрөбүз.
Эми негизги маселеге келсек, башка бирөөнүн жүрөгүн алып жүргөн адамдын көз карашы, дүйнө таанымы, жүрүм-туруму,
сезимдери ж.б. жүрөктү алмаштыруудан мурдагы калыбындай эле болот бекен же кандайдыр бир өзгөрүүлөр пайда болобу....???
Экинчи негизги маселе болсо, адамдын акылы менен жүрөгүнүн ортосундагы байланыш кандай болду экен...??? Бул маселе боюнча кыскача маалымат бере кетсем, көптөгөн Ислам аалымдары Курандын Нахл сурөөсүнүн 78 аятына "Аллах силерди эч нерсе билбеген учуруңарда энелериңердин карынындан чыгарды, шүгүр кылгыла деп кулактарды,
көздөрдү жана жүрөк/акыл
(кээ бирлери жүрөк деп кээ бирлери акыл) берди"
деп түшүндүрмө беришкен. Ислам аалымы аль-Матуридий өзүнүн Тавхид аттуу эмгегинде, жогорудагы аятты далил көрсөтүп, өзүнүн эпистемологиялык системасынын негизи катары акылды көрсөтүп, ыйман келтирүү жүрөктө ишке ашат деген көз карашта болгон. Тактап айтканда, акыл менен жүрөктү бирдей мааниде колдонгон.
Үчүнчү маселе, сүйүү сезими акылда болобу же жүрөктөбү...
.? Мисал катары: жүрөгү оорукчал бир жигит жүрөгүн алмаштырса,
анын мурдагы сүйгөнүнө болгон сүйүүсү өзгөрөбү...же болбосо жүрөктүн ээсинин сүйгөнүн сүйүп калуусу мүмкүнбү... эгер жүрөгүн алмаштыргандан кийин сүйгөнүнө болгон мамилеси өзгөрбөсө, демек сүйүү жүрөктө эмес акылда болот, эгер өзгөргөн болсо, анда сүйүү жүрөктө болот (гипотеза).
Арабызда медиктер, же жүрөгүн алмаштырган таанышы барлар болсо, жалпы эле ушул маселе боюнча маалыматы барлар өз оюңарды калтырып кетсеңер....
Жүрөк менен Акылдын байланышы сезимдерге (сүйүү, кайгыруу ж.б.) жана дүйнө таанымга таасири...
#2 06 March 2011 - 08:50
Озгоруулор болсо керек. Орустардын "Собачье сердце" деген киносу барго, ошол жерде эркек кишиге иттин журогун салып коюшса озгоруп кетет, итке окшоп уруп ж.б.
#3 06 March 2011 - 12:49
Да кызыктуу тема экен журок менен мээ байланышы бар. Кээде медиктер айтат гожурок токтоп калса мээ дагы 2 мунот иштейт деп тескеринче мээ олуп калса журок бир канча мунот ищтеп турат. Адамда ар бир орган чон роль ойнойт.
Суйуудо да экоо ар кандай суйлойт адам ооба журогу менен суйот. Кээде ушундай суйууго берилсе акылга дагы баш ийбей калат.

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#5 06 March 2011 - 18:46
Ай билбейм ой, "эркектер ашказаны менен сүйөт" деген окмуштуулар да бар окшоду эле! Кимдики туура?.. Менимче, адам бардык мүчөлөрү (органдары ) менен сүйгөндө гана чыныгы сүйүү болот го!..
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#6 06 March 2011 - 23:54
Абайдын бир икаясы бар эле...Куч, Акыл жана журоктун оз ара талашы тууралуу. Аж 1893-жылы жазылган экен. Куч адамдын ар-бир кыймылына жооп берип, ийгиликтерге алып барып атканына милдет кылат. Акыл болсо менсиз адам кырсыкка кабыл болушу тез болот, илимге эээ боло албайт дейт. Журок болсо боорукерликтин,
уяттуулуктун жана кайрымдуулуктун булагымын дейт. Алардын талашын (Абайдын версиясы боюнча) Илим минтип чечет: Эгерде учоонор бириге албасанар, анда Журок силерге жолбашчы болсун, анткени ал Адам омурунун падышасы дейт.
Демек, суйуу маселесинде деле акыркы чекитти Журок коет деп эсептешибиз керек, турмушта Акыл калып кетип Журок менен тандаган учурлар коп эле кездешет го. Кыргызшаа, сенин экспериментине ийгилик каалайм. Бир гана чочуганым, турмуш куруу маселесинде кайра эле Акыл устомдук кылывалаар бекен...

Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#7 07 March 2011 - 10:03
Хым.
.. кабыргасынан коюлган суроо экен... Бирок мен башка өңүттөн алып карасам болобу? Эгерде мага же жүрөктү, же мээни тандап ал деген мүмкүнчүлүк берсе, мен башты тандап алмакмын. Кызыктай жооп ээ? Себеби, жүрөк мага кыйратарлык жакшылык жана байкаларлык жеңиш берген эмес. Балким мен ага баш ийбейт чыгармын. Ал эми баш деген баш, уктасаң да, ойлоно берет. Ал эми жогорудагы суроого келсек, медициналык көз-караштан алганда деле баардык адамдын ой-толгоосу,
сезимдери жана башка ишмердиги мээнин буйругу менен аткарылат. Жүрөк болсо кан айлантып туруучу гана орган. Бирок сүйүү, жек көрүү ж.б. тырым-пырымдардын баары жүрөктө эмес, мээде жашайт дегенге кошулам. Эгерде адам жүрөгүн алмаштырса дагы, мурунку сүйүү баары бир эсте калат, анткени ал башта! "Бүтүндөй жүрөгүм менен сүйөм", "Сага жүрөгүмдү арнайм" жана башка сюсю-мюсю сөздөр болбогон кеп!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#8 07 March 2011 - 14:43
Жүрөк дегенде адамдын анатомиялык органын эле түшүнбөй, балким адамдын жаны(Руху, орусча айтканда душа) жөнүндө ойлонуп көрөөрбүз?
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#9 08 March 2011 - 07:31
Бүгүн бул маселе боюнча 4 адам (2 философ, 1 психолог, 1 тез жардам кызматкери) менен сүйлөшүп, өз алдымча да кээ бир маалыматтарды окуп чыктым. Биринчиден маектешкен адамдардын пикирлерин жазып кетсем:
1-философ: Адамдын жүрөгү жөн гана анатомиялык орган, ал кан айлануу ж.б. кызматтарын аткарат, акылга эч кандай тийешеси жок, сүйүү сезими жүрөктө болбогондой эле акылда да болбойт. Акыл - билим, чөйрө, салт, диний догма, саясий, экономикалык факторлор ж.б. таасиринде калыптанган дүйнө тааным. Сүйүү - абстракттуу түшүнүк, аны конкреттүү бир орган аркылуу түшүнүүгө же тшүндүрмө берүүгө мүмкүн эмес. (идеалисттик көз карашка жакын, Платондун "идеялар дүйнөсү" жөнүдөгү окуусуна окшоттум..)
2-философ: Адамдын денеси атомдордон турат жана сүйүүнү абстрактуу түшүнүк катары бөлүп карай албайбыз. Жүрөк да атомдук түзүлүш, анын кызматы, кан айланууну жөнгө салып туруу. Сүйүү акылда, б.а. айтканда мээде болот. (позитивизмге жакын көз караш, позитивисттер так илимдер менен коомдук илимдерди экиге бөлүп, бирок коомдук илимдерге так илимдердин методологиясын колдонуу керек десе, жогорудагы ойчул эки илимди бири биринен бөлүп карабайт, акыл менен мээни бирдей карагандыгы буга мисал боло алат)
Тез жардам кызматкери: Кээ бир жүрөк оорулуу адамдардын жүрөгү алмаштырылганда, же операция жасалгандан кийин ал адамдын кээ бир жүрүм-турумдарында өзгөрүүлөр байкалган учурлар бар Көп учурларда нерв системасында болот. Мисалы, бир адам операция кылынганга чейин агрессивдүү болчу, операциядан кийин токтоо болуп калган. А бирок муну жүрөктүн ой-жүгүртүүгө түздөн түз таасири бар деп айта албайм, өзгөрүү жүрөк менен мээнин гендеринин бири биринден айырмалангандыгы менен да түшүндүүрүүгө болот.
Психолог: Адамдын акылы мээде, мээси жакшы өөрчүбөгөн адам менен мээси жакшы өөрчүгөн адамдын ортосунда ой жүгүртүү боюнча көп айырмалар бар. Жүрөк, анатомиялык орган, кан айлануу системасынын борбору. Сүйүү сезими, мээде болот. Сүйүп калганда, кубанганда, толкунданганда ж.б. ушул сыяктуу сезимдерде мээ "бактылуулук гормону" катары билинген endorphine деген гормондорду көп иштеп чыгара баштайт, endorphine болсо жүрөктүн катуу согушуна түздөн түз таасири бар. Мээ эң эле көп endorphine ди сүйүү сезими болгондо көп иштеп чыгарат, бул жүрөккө таасир кылат, жүрөгүң катуу сого баштаганда сенде жүрөктөн сүйөм деген сезим пайда болуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. endorphine бактылуулукту тартуулап, эски жарааттарды унуттурат, endorphine таасири менен жүрөктүн катуу согушу кан айланууну тездетет, кан айлануу жакшы болсо адам өзүн сергек сезет.
Жогоруда көргөнүңүздөрдөй эле, бири биринен айырмаланса да, негизинен сүйүүнүн жүрөк аркылуу эмес, акыл же мээ аркылуу ишке ашаары жөнүндө пикирдердин аргументтери ынандыраарлык деп ойлойм. Демек, бир адамды сүйдүрүү үчүн аны кубанта турган, толкундата турган ж.б. endorphine ди көп иштеп чыгарыла турган жагдай жаратуу керек. Бул нерсени бир гана сен кыла алгандай болуш керек, башка адамдар да кыла алса анда катардагы көрүнүшкө айланып, кыздын же жигиттин мээси endorphine ди дагы да көп иштеп чыгара ала турган жагдайларды издеп калуусу мүмкүн. Эгер ушул гипотеза сыноодон өтүп кетсе, анда сүйүүнүн да сыры чечилип калышы мүмкүн деп ойлойм Сүйбөгөн адамдын endorphineнин көбөйтүп туруп гана сүйдүрүп аласыздар сыноо мүмкүнчүлүгүм болбогондугу үчүн азырынча гипотеза бойдон калмакчы, эгер мүмкүнчүлүк болуп калса (болоор деп деле үмүт кылбайм) анда же теорияга айланат же сүйүү сезими сыр бойдон калат
П.С.: Эки күндөн кийин ден соолукка байланыштуу ооруканага барам, болгондо да кардиология менен нейрохирургияга, ал жактан да кызыктуу маалыматтар болуп калса сиздер менен бөлүшөм, психолог "врачтар да ушул эле нерсени айтышат" дегенинен улам гипотеза катары жарыялап койдум, эгер врачтардан ала турган маалыматтар гипотезага таасирин тийгизе турган болсо, кайрадан карап чыгып оңдоолорду жана толуктоолорду киргизебиз.

#10 28 July 2011 - 06:42
Акыл качан гана көз карандысыз\
эркин болгондо сезимге баш ийбейт окшойт деген жыйынтыкка келдим...ага чейин сезим менен акылдын ортосундагы күрөш "ит-жыгылыш"
болуп улана берет го...
#11 29 September 2011 - 21:26
paigambarybyz(SAV) Ki4ine kezinde koi kaitaryp jurgon mezgilinde, 2 kiwi kelip jurogun jaryp, 2 uu4 uiugan kan alyp salganyn, sahabalaryna aityp bergeni, kop hadisterde kelet.
#12 04 October 2011 - 09:09
Жүрөк экиге бөлүнөт, бири рухий, бири материалдык.
Рухий жүрөк ошол материалдык жүрөктүн ичинде.
Материалдык жүрөк рухий жүрөк менен тыгыз байланышта. Мээ менен акылдын байланышы сыяктуу. Мээден ары бир койсоң, акылына доо кетет, муну баарыбыз эле билебиз.
Жүрөк дагы ушундай.
Аны арам нерселер менен азыктандырсаң, чочконун этин, уурдалган тамак-аштарын жесең, Алла Тааланы кабылдоосу өтө кыйын болуп калат.
Кайдыгер болуп калуу ошол себептен болот.
Эркектер, кызды сүйгөндө, эмнеңер дүкүлдөйт? Жүрөгүңөрбү, жээ мээңерби?
Мээм менен сүйөм дегендерге таң калам...
Жүрөктүн бир топ даражалары бар, муну шейхтер абдан жакшы чечмелешет, кызыксаңар, Осман Нури Топбаштын "Ыймандан ихсанга тасаввуф" аттуу китебин сунуштайт.

#13 04 October 2011 - 09:48
Орустун бир макалын эстеп кеттим: "Разум всегда является жертвой сердце" деген. Журок менен суйсо керек.
Кыргызымдын чыныгы патриотумун!
!!
#14 04 October 2011 - 09:51
Журок менен суйуп, акыл менен иш кылса туура болот го деп ойлойм. (жеке менин оюм)
В принципе, я отношусь к людям так же, как и они относятся ко мне. Так, что если к вам отношусь плохо - подумайте, может дело в вас самих.

Супер-Инфо
super.kg
видео