Салам-бы Кыргызшаа!
Алдын ала рахмат! Ишиңизге чоң-чоң ийгиликтерди каалайм!
- Бул форумга эмне себеп менен кирип турасыз? Деги эле бул форумдан эмнени издейсиз? Көбүнчө кайсы бөлүмгө көбүрөөк басым жасайсыз?
- Азыркы заманда окумуштуу адамданбы же бизнесмен адамдан пайда көбүрөөкбү?
- Кыргызстанда илим тармагы жетишээрлик өнүккөн деп, ойлойсузбу?
- Сиздин ойунуз боюнча окумуштууларга эмне жетишпейт? Материалдык ж.б.у.с.
- Окумуштуу адамдар, бир башкача «уникум» адам болушат деп койушат, сиз ушуга кошуласызбы? Сиз, дагы ошондой адамсызбы?
- Кумир туткан окумуштуу жана саясатчы адамыңыз?
- Келечекке, жаштарга болгон көз карашыңыз?
- Сүйлөшкөн кызыңыз дагы окумуштубу?
Алдын ала рахмат! Ишиңизге чоң-чоң ийгиликтерди каалайм!
Саламат-лык honey!
1. Бул форумга кирүүмдүн көп эле себеби бар эле (форумдан чыгып кеткенге чейин). Кыргыз коомчулугунда болуп жаткан өзгөрүүлөр, окуялар, аларга болгон көз караштар, калктын аң-сезими, дүйнө таанымы, интеллектуалдык деңгээли, күткөн неселери ж.б. жөнүндө маалымат алып анализ жасоонун эң оңой жолу болгондугу үчүн бул мүмкүнчүлүктү өз деңгээлиме жараша колдонуп көргүм келет эле. Форумдан эч нерсе деле издебейм...издегени, издеп жүргөнүмдү гана билсин дейм...Монолог, жүрөктөн чыккан ырлар, дин жана философия бөлүмдөрүнө кээде жазам. Башка бөлүмдөрдү көп карабайм.
2. Суроону түшүнө алган жокмун....Илимпоз адам менен бизнесмен адамдын кайсыл багытта, кимге ж.б. пайдалуураак экендиги жөнүндө суроону тактап берсеңиз канааттандыраарлык жооп бермекмин.
3. Кыргызстандын "саясатташуу" тармагынан башка кайсыл тармагын өнүктү деп айта алабыз....илим чөйрөсүндөгү өнүгүүнү белгилөө үчүн кайсыл критерийлерди алабыз...Россияны, Кытайды, Американы, Европаны же Японияныбы. ..кээ бир өлкөлөрдө билим алгандардын илимий наамдарын да кабыл албагандыгын кантип түшүндүрүп беребиз...демек, аларга караганда биздин илимибиз абдан өнүгүп кетип, ошол себептүү кабыл албай жаткандырбыз. ..
4. Кыргыз окумуштууларына эмне жетишпейт десең, анда албетте материалдык колдоо. Ал эми жалпы эле окумуштууларга эмне жетишпегендиги жөнүндө болсо, анда ал ар бир адамга карап өзгөрөт го дейм.
5. Окумуштуулардын баары эле "сейрек кездешкен" адамдар дегенден алысмын. Изилдөө үчүн анын усулун жакшылап үйрөнгөндөр жана изденүүнү каалагандар боло алышат деген ойдомун. Ал эми сиз айткан "уникум" адамдын жеке өзгөчөлүгүнө жараша болот го...мисалы, кээ бир адамдардын ой жүгүртүүсү эң жогорку деңгээлде өнүккөн, мындай адамдар илимий изилдөө жасаса, анда албетте ал өзгөчөлүгүнүн пайдасы тийбей койбойт. Өзүмдү өзгөчө адаммын деп эсептебейм, а бирок качандыр бир кезде эске тутуум жана кабыл алуум жакшы болчу деп айта алам (азыр унутчаак болуп калгам).
5. Эч кимди кумир тутпайм. Негизи эле кумир тутуу же фанатизмге каршымын.
6. Келечекке багыт берүү керек...эгер биз өзүбүзгө, келечек муунга ыңгайлуу шарт түзө турган багыт тандай албасак, башка адамдар өздөрүнө ыңгайлаштырып, биздин келечегибизге багыт беришет...." Биз" үчүн жаркын келечек тартуулай турган - жаштар. Жакынкы 5 жыл ичинде жаштардын жаңы агымы пайда болот. Алар өз ара бириге алышаарына көзүм жетпейт...саясаттын курмандыгына айланып кетишээринен корком (бул гипотеза)...ушул маселе боюнча министр мырзага суроо узаткым келди эле кечигип калыпмын...
6. Сүйлөшкөн кызым жок. Ал эми мен окумуштуу боло элекмин да
Жакшы суроолорду берипсиз. Рахмат сизге

Супер-Инфо
super.kg
видео















