Бирок боюнда бар аялдардын 3 айга чейин аппаратка түшүүсү бөбөккө зыян бериши мүмкүн, магниттик талаа күчтүү болгонү үчүн денесинде металл барлар (мис. буту сынып ага темир койуп койгон болсо, же жүрөктүн согушун камсыздап түрган батареясы бар адамдар), татуировкасы бар адамдардын MRI аппаратына кирүүлөрү кооптуу.
MRI аппаратында жата турган жери болот. Ошол жерге жаткырып аппараттын ичине алып кирет, ичи абдан эле тар. Сүрөткө тарта турган жерди кыймылдатпай жатуу керек. Эгер мээни тарта турган болсо анда кыймылдабай тургандай кылып баштын эки жагынан таяп туруп үстүнөн байлап койот. Тартуу иштери орточо эсеп менен 15 мүнөттөн 45-75 мүнөткө чейин созулат. Бул учурда кулакка жагымсыз үндөр угулуп баштайт, үндүн катуулугу MRI дын магниттик талаасынын күчүнө (Tesla) жараша өзгөрүүсү мүмкүн. Жагымсыз үндөр да өзгөрүп турат....балким мындан да жагымсыз үн жок болсо керек
MRI сүрөттөрү ар тараптуу тартылат...үстүртөн, капталдан, алдынан, сол-оң жактарынан. ...кыскасы баардык тарабынан ар түрдүү кылып тартып берет. Мисалы, мээ MRI ында 200гө чукул сүрөткө тартат...
Кыргызстанда бар же жок экенин билбейт экемин...мындан 3 жыл мурда жок эле...
MRI аппаратынын сүрөтүн да жүктөп койоун десем сүрөт жүктөлбөй койду.

Супер-Инфо
super.kg
видео











