Суперстан: Жүрөктөн чыккaн ырлaр. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары

#781 Пользователь офлайн   Romantic   20 Март 2011 - 21:14

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Кечир мени.

Эриндерим атынды алсыз шыбырап,

Элесинди талып тиктеп жалдырап.

Эрким келди унутууга озунду,

Ээнсиребейм эми жалгыздыкта талаалап.



Билгин келсе, мен эми башкамын,

Бакыттын сапарына аттандым.

Билем, капа болосун тунжурап,

Бирок мен жолуман кайтпаймын.



Керемет, табышмактуу махабатым,

Кечир мени, боло албадым ардагын.

Кэмен болуп, устундогу толкуган,

Келечектеги боло албадым сырдашын.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#782 Пользователь офлайн   Romantic   20 Март 2011 - 21:16

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Бакыт.

Мээримдуунун сынагына баш ийип,

Мезгилдерди барактадым мен бийик.

Моонотум каккылап саналуу жебесин,

Мээнетсиз калтырчудай кол тийип.



Арзыбас дунуйону артка таштадым,

Акыл менен акыретти тандадым.

Алдыга умут калчап тугонбой,

Айкурун окчоп, уулу сапарга аттандым.



Искеп бактылуулуктун жытынан,

Изденип, жетеленип бараармын.

Ишеним тамчыдай болсо да,

Ийгилик жандап, бактым табаармын.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#783 Пользователь офлайн   Romantic   20 Март 2011 - 21:17

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Тагдыр.

Тагдырдын татаал майданында,

Тамчылап кесем толгонсуйт.

Таалайым таппай жалганда,

Табышмак кылып койгонсуйт.



Саргайып азып онумдон,

Саптарым курбум санаалаш.

Сарандап шамы омурдун,

Саатымдын жебеси талаш.



Элендеп умутум изденет,

Эшигин каккылап убакыттын.

Энсетип куйут жетелеп,

Эзелки суртуму бакыттын.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#784 Пользователь офлайн   Romantic   20 Март 2011 - 21:18

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Кол жээги.

Колду жээктейм кечинде,

Кобук бурккон кезинде.

Козум тушуп теренине,

Копкок тусу бетинде.



Кызуу арзууга батышып,

Кыз жигиттер сейилдейт.

Кайык минип кээ бироо,

Калактап колду изилдейт.



Айдын нуру жаркырап,

Кол бетине чагылат.

Ажарына бироо суктанып,

Кеткиси келбей олтурат.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#785 Пользователь офлайн   Romantic   20 Март 2011 - 21:20

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Ысык колум.

Ысык колум менин берметим,

Кечир мени копко келбедим.

Аалам кесип журсом да,

Ар дайым журогумдо келбетин.



Сагынычым айтып эркелеп,

Сага келип дайым учурашам.

Сырларды терендеп катасын,

Сезсен ошол учун сырлашам.



Кутконсуп сен да мени келет деп,

Кучагын жайып тососун.

Кубаныч болоп толкундап,

Кубалап жээкте ойнойсун.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#786 Пользователь офлайн   Romantic   20 Март 2011 - 21:25

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Атаке.

Басканын бийик жол болуп,

Байлыктын жибин байладын.

Баркка албай балким адаштын,

Бар жогун билбей баландын.



Мээримин токпой тартынып,

Мезгилин отоор улгайып.

Мен мeн####н учурун айланып,

Келээр бекен бир кайтып.



Айла барбы эми билбеймин,

Аргасыз башым ийбеймин.

Ар намыс жолум бууса да,

Амандыгын гана тилеймин.



Бар болгун дайым оорубай,

Бактылуу болуп доолотун.

Булооно дайым керексин,

Билгин! Барында моонотун.



А балким сен да ичтен сызасын,

«Атаке» деп, менден укпаганга.

Айыбым учун кечирээрсин,

Акыркы каным муздаганда.


Билдирүүнү түзөткөн: Romantic: 20 Март 2011 - 21:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#787 Пользователь офлайн   Sadaga   21 Март 2011 - 11:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 323
  • Катталган: 09 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 04:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жер шаары :)

Апакеме........
Сагындым ардагым сени ,
Бооруңа кысып койчу мени.
Зар болот жаным сенин үнүңө,
Тар болот мен үчүн бул дунуйө...

Алыстан эңсейм карааның,
Көрүнбөйт деги жамалың.
Бул дүйнө сенсиз амалсыз,
Кайрылып келсеңчи капасыз...

Жалгыздык менен достошуп,
Сырымды ачам боздошуп.
Нөшөрлөп жааган жамгырдай,
Төгүлөт баары чачылбай...

Үнүмдү катып ыйласам,
Жүрөгүм токтоп калгандай.
Көзүмдү ачып карасам,
Болбойт эч эле каалагандай. ..

Алдаймын кээде өзүмдү,
Сооротуп жаш баладай.
Жашырып болгон ыйымды,
Сактаймын элесиң алтындай..... ......

Билдирүүнү түзөткөн: Sadaga: 21 Март 2011 - 11:05

Bud' moim 4udom,stanu tvoei me4toi...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#788 Пользователь офлайн   USSR   22 Март 2011 - 13:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бузулган жандүнүйөм ...
Эскилиги жедеп жетип
кыйч куйч эткен эшик сымал жандүйнөм ...
Келди дагы ! сүйүү деген куруучу -
мен ошого сүйүнөм ...
Жасап берет не бир түркүн гүлдесте
Сезимдердин күйүп бүткөн күлүнөн !
***
Токточу ...ойготпочу түшторүмдөн ...
Ачпагын көздөрүндү ...көтөрбө кирпигиңди ....
Байланып жип -аркансыз
Аруузат ушул жанга ,жүрөгүм , илиндиңби?
Карап коюуп кар аралаш
Маанайына эшиктин
ачпа көзүн ...тыңша мени ...
Шыбырымды эшиткин ....
Кайда жүрдүң ..мынча күттүм ....
Эмне мынча кечиктиң ???
***
Сагынган жүрөк ...саналуу жүрөт ...
Эстесем сени ...жаз келип жандүйнөмө
Бакытка толкуп ...жылмайып күлөт ...
Жылаажын коңгур үнң
жалжылдап каректериң -
Жашоомдо кубат берчү Ай жана Күнүм !
Жолугуп корушууго
чайналып эрким жетпей
Кулап бир кочуп барат ....эскирген дүйнөм бүтүн ...
Сен учкан бийиктикке
Канатым күчү жетпей
Алсыздыкка моюн сунуп турам бүгүн ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#789 Пользователь офлайн   USSR   22 Март 2011 - 13:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Учам сага ... учуп келем ...
үмүт менен жан адамга байкатпастан сүйүп келем ...
Жеталамбы ...жетсем экен ...
А эгер орто жолдон куласамчы ? чаң аралаш жерди көздөй ...
Бүркүт сымал канатына ок жеген ...
Эрким жетпей бул жолумдан тайгылсам
Адашсам тагдыр кыйма -чиймесинде
Айткыла аруу жанга ,жазып алсын атымды
Ага жетпей кулагандар , аска сымал урагандар
Озу гана окуй алчу тизмесине ...
Жазсын мени эн алдыңкы катарга ,
Шоола болом тан жаныдан атаарда ...
Нуру болом мээрим чачкан төбөдөн ,
Уйкусунун тынчтыгы учун
Жуз кайталап дуба кылам ,
Ал аруужан тун уйкуга жатаарда ...
Аз эле , коп нерсени сурабаймын ...
Бирөө эле -эңсегеним ,самаганым
Алтын менен тарыхта жазылганча
Баарынан да артык мага -
өчпөс болуп түбөлүккө ,
Аруужандын жүрөгүндө калганым !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#790 Пользователь офлайн   USSR   22 Март 2011 - 13:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Боз мунарык ...жашоо озу боз туман
Камырындай бул турмуштун жуурулам ....
Издер коп ...жамгыр жууган ...кар баскан
Адамдар коп ...эстен чыккан унутулган ...
Кополоктой шам чыракты тегеренген
Кайсы куну журогуно тутулгам ?
Кутом сени ...ичимден мин туйшолуп
Чыккым келбейт бул ырахат -туткундан ....
Ушул суукта куйобу от ,
Сага деген сезимимден -учкундан ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#791 Пользователь офлайн   USSR   22 Март 2011 - 14:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыялкеч көңүлүмдү
Жароокер сенин күлкүң тушап жыкты ...
Айталбай жүдөп жүрөм
Ичиме катып улам
Жүрөктө сагынычты ..ичте букту ...
Жылмаюуң эстен кетпей
Кыйкырсам үнүм жетпей ...
Мелтирейсиң
Душманга моюн сунбас бекем чептей ...
Бүт күчүм жумшап сага
салсамбы миң бир түркүн тактикага ?
Турмуштук теорияны колдонуп практикада ?
Жашыруун ички дүйнөң
Айсбергдей көрүнбөгөн ,арктикада ...
Сүрөтүң чиймелеймин
Эсептеп саамайыңдын ар бир талын ,
өзүмө түшүнбөймүн
А бирок ,сезип турам
Жүрөгүмдөн мойнума алам ...
Жалгыз сенсин бар жыргалым ...
Арналып сага гана
Ар бир күлкүм ...бакытымдын ар бир нуру
Түнү менен жазган сырым ...ырларым ...
Мендеги жалгыз үмүт -
Жаңы гана бүчүр алган жаш көчөт ,
Суранаарым -
Бул көчөттү жаштайынан кыйбагын ...
Жашоодо бир илинчек -
Сага деген назик ,аруу ,таза жомок ,
Суранаарым ...
Бул жомокту үзө көрбө ,бузбагын ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#792 Пользователь офлайн   USSR   22 Март 2011 - 14:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Уялып жерди карап
Албырган эки бетин , жалжылдап каректериң ,
Жылмайып карап турсаң
Мен үчүн бул дүйнөнүн жомоктой керемети ....
Аба ырайы кандай сенин ичиңде ?
Жандүйнөңдү аңтарамын көздөрүңө тигиле .
Эчнерсе эмес ...
Карегиңди окуганды үйрөнөм !
Жылмаюуңдун ноталарын жаттаймын ...
Күлкүңдүн кайрыгына төп келчү
Сага арнап ырлар жазып баштаймын !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#793 Пользователь офлайн   USSR   22 Март 2011 - 14:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Күз даамданган ,
Күз түспөлдөш аруу жан ...
Күн нурундай мээримиңе
Тоңгон жүрөк жылынган ....
Сары -кызыл жалбырактай шуудураган
Саамайыңдан сылабадым ,
Жыттабадым эс -мас кылган
Күз жыттанган жытыңдан .....
Жан дүйнонү мемиреткен
Керемет бир каректериң ,
Тереңине чөгүп ,чумкуп
Аралашып жок болгум келет менин ...
Күмүш шыңгыр күлкүңдү канат кылып
Учуп безип кетким келет бул дүйнөдөн ,
Сенин оттой жалыныңа
Айтчы ,
Кимдер гана тутанып
Кимдер гана өрттөй болуп күйбөгөн ?
Арнап аруу сезимдерин
Кимдер гана сени эңсеп сүйбөгөн ?
Күлгө айланган жандүйнөмдү карап туруп
Аргасыздан ойлор келет ... татыймынбы мен сага ?
Мына ошого күймөнөм ....
Күз жыттанган аруу кыз
Кетпе менин дүйнөмөн ...
Сага гана татый алчу
Сүйүүнү мен үйрөнөм !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#794 Пользователь офлайн   USSR   22 Март 2011 - 14:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыштын түнү ...
Жаттым үшүп
Жүрөгүмдө будуң -чаң бүлүк түшүп ...
"Сагындым сизди кичине " деген
Жылмайып айткан бир гана сөзүң
Жаратып толкун ...сезимге дем берген ....
Түн узун ...шашпайм ...уйкуга кол шилтеп
Кыялымда сейилдеймин сени менен ...
Кырч -кырч ...кар шыбыры угулат
Айлана аппак ...жомоктой таза туюлат ....
"Сагындым " деген бир гана сөзүң
үмүттүн отун өчүрбөй улап ....
Сүйүүмдү жасайм ,жаш бала сымал
Ак кардан топтоп ...карлардан курап ....
Сен ушул кышты жактыраарың билемин
Бир ошол үчүн мага да бул кыш
Негедир билбейм ....жагып бир турат ....
Сен сүйгөн мезгил -
Сүйүүдөй аппак ,керемет убак ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#795 Пользователь офлайн   USSR   22 Март 2011 - 14:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Себелеп ак кар жаады ,
Жомоктун аппапакай бүртүгүндөй
Жандүнүйөм ушаланды ак кардын күкүмүндөй. ...
Кышкы таң мынча аруу , мынча таза
Тунуктугу -сүйгөнүмдүн күлкүсүндөй. ...
Сагындым сени бүгүн ,
Кар баскан бул ааламда кыялым сени көздөй каалгый учат ,
Уйкуңа кароол болуп , суктанып терезеңден
Сүйүүм менин -айнектеги аппак бубак .
Темселеп дүйнө кезем , туңгуюктан жолум издеп
Жооп күтүп тыкылдатып терезеңди ,
үмүттүн үзүлбөсү ушул белем ,
үйүңдүн жанбай шамы , негедир кечеңдеди .
үйүңдүн жанбай шамы , ачылбай жашыл пардаң
Күтө берип жардам сурайм жааган кардан .
Жарк этип чыга келчи , жылдызым болуп жанчы
Куткарчы түбү жок түгөнбөгөн азаптардан .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#796 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   23 Март 2011 - 01:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

ЖАҢЫЛАНУУ! !!

Арыш керип чуркай албай
Тушалган аргымактай
Калганда кадам баспай...
Талпынып, канат кагып уча албай
Уясынан түшүп калган балапандай
Жатканда, жалдырап жардам сурай...
Кайырмакка илинген ак сазандай
Аба жетпей...тыбырчылап. ..айла таппай...
Топтолуп, туруп калган балчык суудай
Тамырлардан кан айланбай....
Уюган коргошундай. ..
Токтоордо жүрөк какпай...

Бар күчүм топтоп, чымырканып
Бутума туруп, сүйрөлүп басып
Ызы-чуу түшкөн чөйрөдөн качып
Жаратылыш, тоо койнуна бара жатып
Асманда жаңырган айды көрдүм
Табиятка жашоо берген жазды көрдүм...

Жаздын жыты...жаңырган ай
Жагымдуу сезим берет бир укмуштай
Бүчүрүн байлаган жаш дарактай
Жанчылган жан-дүйнөм да жандангандай
Жазгы жаандан кийинки таза абадай
Көөдөндө да эч бир так калбагандай
Кызык сезим бир башкача...толкунданам
Жаңы эле бул дүйнөгө жаралгандай

Ай менен кошо жаңырамын
Жаз менен бирге жаңыландым
Жаңырган айлуу, жаз кечинде
Жаратканга жалынамын
Мындан кийин эскирбейин. ..жаңылбайын. ..
Жыгылбайын. ..жыдыбайын.. .жанчылбайын...

Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 23 Март 2011 - 08:54


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#797 Пользователь офлайн   Sadaga   23 Март 2011 - 23:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 323
  • Катталган: 09 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 04:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жер шаары :)

Сезилет жүрөгүм алсыз,
Жашабайт го капасыз,
Жан дүйнөмдү таптап,
Өзүмдү салдым каптап.

Жүрөгүм сезбегенсийт,
Бир да сөз айтпагансып,
Тээ бир бурчта отургансыйт,
Сени да көрбөгөнсүп.

Болбос бир жандай,
Жалгыз бир талдай,
Сөз айткым келбейт,
Сыр ачкым келбейт,
Мен жалгыз өзүм гана,
Сезбейм го сени дана...

Балким мен муктажмын...
Балким мен кайгыдамын. ..
Балким мен жөн гана жазгандырмын. ..
Балким мен жөн гана алыстамын...


Себеби көп эмес...
Маңызы маанисиз да эмес...
Бирөө үчүн саналуу ,
Бирөө үчүн капалуу,
Мен үчүн кайгылуу,
Балким убактылуу... ..........
Bud' moim 4udom,stanu tvoei me4toi...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#798 Пользователь офлайн   Romantic   24 Март 2011 - 22:58

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Болгум келет.

Коздорун тике карап,
Колундо мен сузгум келет.
Конулун кок которуп,
Колокон мен болгум келет.

Багына конуп уялап,
Булбулун мен болгум келет.
Башына бек байланган,
Бакытын мен болгум келет.

Тамчыдай сен суусаганда,
Ичкен суун болгум келет.
Тамшанып кубарганда,
Искеген демин болгум келет.

Табылбаган комускондо,
Табышмагын мен болгум келет.
Тагдыр жузун сага бурса,
Таалайын мен болгум келет.

Катылган казал чыгарманда,
Каарманын мен болгум келет.
Кайгырып ыза болгонунда,
Кайратын мен болгум келет.

Жалгыздык бир карангыда,
Жарыгын мен болгум келет.
Жаштыгын откон кезинде,
Жаз кунун мен болгум келет.

Топусуз кыштын кунундо,
Тумагын мен болгум келет.
Тунгуюк айлуу тунундо,
Тумарын мен болгум келет.

Кубалап оюн кулку курган,
Кумарын мен болгум келет.
Кучагын кенен жайган,
Кулачын мен болгум келет.

Кусадар болгонунда,
Кубанычын мен болгум келет.
Кырды ашып азоологон,
Кыялын мен болгум келет.

Олтурп куу энсегенинде,
Обонун мен болгум келет.
Оболоп кулук келген,
Ойлорун мен болгум келет.

Жылытып сенин конулунду,
Жылмаюн мен болгум келет.
Жыты моокум кандырган,
Жыпарын мен болгум келет.

Ышкырып ун сайраган,
Ырларын мен болгум келе.
Ыпыластан ыраак сактаган,
Ыйманын мен болгум келет.

Кайыкта сузсон терендеп,
Калагын мен болгум келет.
Калкып асманда айланган,
Канатын мен болгум келет.

Кутконум Зейнеп сен болсон,
Кукугун мен болгум келет.
Кузгудо кийип жазанган,
Кумушун мен болгум келет.

Аты жокто тагынган,
Алтынын мен болгум келет.
Асыл башта баркталган,
Акылын мен болгум келет.

Жымындап жанган асманда,
Жылдызын мен болгум келет.
Жанында дайым караандап,
Жалгызын мен болгум келет.

Мерездеп журок карарганда,
Мээримин мен болгум келет.
Шектенип ишеним жоголгондо,
Шеригин мен болгум келет.

Дарт басып сен сыркоолосон,
Даваан мен болгум келет.
Дасторкондун коркун ачкан,
Данын мен болгум келет.

Кат жазманды калтырган,
Калемин мен болгум келет.
Кол онорунду корсоткон,
Кооздугун мен болгум келет.

Саптарым сендеп жазып,
Сагынып мен куйгум келет.
Саамайын суйкум сылап,
Садагам сени суйгум келет.

Жаза берсем бутпочудой,
Журогум сендеп согуп келет.
Жаратканым буйруп койсо,
Жанында гана мен болгум келет.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#799 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   25 Март 2011 - 07:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

“Белгисиз маршрутта”
Бараткан айылына
Жол таппай караңгыда
Карайлаган адамдарга...
“Үмүт” болуп жангым келет
Асманда толгон айдай
Жарыгымды чачкым келет...
Кулатпай аска зоодон
Аман алып калгым келет
“Келечек” айылына
Элимди алып баргым келет...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#800 Пользователь офлайн   Takeshbek   25 Март 2011 - 17:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

Жаш жигиттин журогу!! !
Сени суйуп журок сага кызыкты,
катип айтам журоктогу сырымды.
Сезимимди козгой берип элесин,
Сага арнап ырдап чыктым ырымды.

Карайм дайым сенин келээр жолунду.
Кармасам дейм туболуко колунду,
Оо жараткан таазим кылып журойун,
Берип кочу тилегимди, максатымды ойумду.

Сени кутуп отуп жатат кундорум,
Келчи жаным куто берип жудодум,
Кыйалданам учуп жылдыз аралай.
Аяасанчы сени суйгонг жаш жигиттин журогун.

Журок журсо бир журокко ашыгып,
Айталбастан ак суйуусун жашырып.
Кыз журогу сезип аны байкаса,
Жаш жигиттин ойун ишке ашырып.

Мени жаным суйосунбу башкабы?
Сени кутуп коздон ысык жаш тамды,
Айталбаган ак суйуумду сурдонуп.
Ырга жазып бир озуно тартуулады, арнады!! !

Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 23:17

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: