Суперстан: Экс-вице-премьер Азимбек Бекназаров СУПЕР-ФОРУМДА - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • > Атактуулар Суперстанда
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Экс-вице-премьер Азимбек Бекназаров СУПЕР-ФОРУМДА

#41 Пользователь офлайн   Азимбек Бекназаров   28 Март 2011 - 15:32

  • Экс-вице-премьер министр
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 24 Март 11
  • Соңку аракети: 01 Апр 2011 18:39

Просмотр сообщения moi lev (28 Март 2011 - 10:21) жазган:

Сизден "Мегаком" тууралуу сурагым келет. Бул компанияны улутташтыруу кезинде сиз укук коргоо органдарынын Куратору элениз. Азыр улам бироо кожоюн болуп чыгып жаткан 51 пайыз боюнча алдамчылык, кєз боемочулук кылган дегендердин арасында Раушан Рыкунова аттуу аялдын ысымы коп айтылууда. Ал мурунку журналист Роза Качиева экени да маалым болду. Менин суроом, БЭКтин тизмесинде алдынкы орундарда ушул Раушан Рыкунова кызы Жибек менен жургон. Демек, ал аял менен бир командадасыз. Ушундан улам Азикебиздин да "Мегакомдогу" махинацияларга тиешеси бар гоооо деген ой эрксизден жаралат экен. Сиз кандай ойдосуз?

Чындыкты айтып коюу керек. 2-3 кундун ичинде Мегаком, АУБ, Тундук электрону минтип жибербейлиби деген адамдар келген. Бирок андай рейдерликке жол бербедик. Ал эми Рыкуновага келсек, мен партияда болгондо ал тизмеде жок болчу. Мегаком боюнча азыркы талашып жургондордун баары мага келишкен. Аларга мен Айдар менен Максимге буюрбаган, анан силерге буюрабы деп жолго салган болчумун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   info   28 Март 2011 - 15:45

  • Генерал
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Администраторы
  • Билдирүүсү: 904
  • Катталган: 14 Август 06
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 23:48
  • Калаасы:Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 402 (Исанов көчөсү менен кесилиште)

Маектен бир үзүм...



Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: DSC04248.JPG
  • Прикрепленное изображение: DSC04254.JPG
  • Прикрепленное изображение: DSC04264.JPG
  • Прикрепленное изображение: DSC04285.JPG

Мезгилден артта калбаңыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   aminali   28 Март 2011 - 15:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

lATIN TAMGASI MENEN JAZILGANDARGA JOOP JOKPU?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   azalove   28 Март 2011 - 16:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 321
  • Катталган: 30 Январь 07
  • Соңку аракети: 24 Фев 2021 20:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Суперстанга кош келипсиз А.Б.Анаркулович!
Менин суроолорум:
1. Жашоодогу максатыныз?
2. Кыргызга таандык сапаттарды атап берсениз.
3. "Бакиевдердин мулку улутташтырылат" деп аткансыздар, ошо тууралуу айта кетсениз.
4. Динге мамилениз?
5. Жашоого кайра келдиниз дейлик, кайсы кесиптин ээси болмоксуз?
6. ”Эл назарынан калуу” дегенден коркосузбу?
7.”Эркек убадага бек болот” дешет. А сизчи?
8. Сизче олкобузду кыйын кырдаалдан алып чыга ала тургандарды атап берсениз.
Жоопторунуз учун алдын-ала чон рахмат, сизге бекем ден-соолук, узун омур, иштеринизге ийгиликтерди каалайм!
Эн мыкты сот-абийирибиз! (Н.И.Гнедич)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Азимбек Бекназаров   28 Март 2011 - 16:10

  • Экс-вице-премьер министр
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 24 Март 11
  • Соңку аракети: 01 Апр 2011 18:39

Эмнеге кызыгасыз?
Азыр китеп жазып жатам. Болгон окуялардын башында жургомун, ошондуктан тарыхка бурмаланбай калтырууну максат кылгам. Коп деле бош убактым жок. Боло калганда айылга барып турам, мына эртен да кетип жатам. Кыргызстандын тоолорун кыдырганды жакшы кором.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Азимбек Бекназаров   28 Март 2011 - 16:11

  • Экс-вице-премьер министр
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 24 Март 11
  • Соңку аракети: 01 Апр 2011 18:39

Материалдык байлыгыныз барбы?
Айылда жана шаарда уйум бар. Мындан башка материалдык байлыгым деле жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   MIRlan   28 Март 2011 - 16:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Адахан Мадумаров менен кандайсыз? Сиздин оюңуз ушул кишиге кандай?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   temu   28 Март 2011 - 16:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Саламатсызбы? Менин суроолорум:
1. Мамлекетибизди онугуу жолуна тушуруш учун биринчилерден болуп кандай иш аракет кылганыбыз он?
2. Араб дуйносундо болуп жаткан эл менен бийликтин кагылушусуна политик катары сиздин коз карашыныз (Айрыкча Ливия мамлекети боюнча)? Аларга кимдер кызыктар деп ойлойсуз?
3. Туштуктогу июнь 2010 жылкы окуяларына кимдер куноолу деп белгилейсиз? Турсунбек Акун башчысы болуп тузулгон комиссиянын Ош окуясы боюнча берген отчету канчалык денгелде акыйкатка туура келет деп ойлойсуз?
4. Бакиев бийлиги кулап ал инсандын айланасындагылар бийликке келбейт деген ураан менен чыккан политиктер кайра эле айткан создорун унутуп мурдагы эле бийликтегилер менен иштешип жатканына сиз кандай коз караштасыз жана бул боюнча кандай пикирдесиз?
temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   info   28 Март 2011 - 17:46

  • Генерал
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Администраторы
  • Билдирүүсү: 904
  • Катталган: 14 Август 06
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 23:48
  • Калаасы:Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 402 (Исанов көчөсү менен кесилиште)

Урматтуу форумчулар, Азимбек Анаркулович сиздерден жана (0312) 32-33-27 телефон номерине, 1050 кыска номерине түшкөн суроолордун баарына жооп берди. Кээ бир суроолор кайталангандыктан, баарына бир жооп берүүгө туура келди. Убакыттын тардыгына байланыштуу берилген суроолор диктафонго жаздырып алынган, жакынкы аралыкта суроолоруңуздарга жооп аласыз. Ал эми Азимбек мырзага суроо берип жетишпей калгандар, дагы да болсо собол узатсаңыздар болот, убактысы менен жооп берүүгө даяр.


Мезгилден артта калбаңыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Narynbek   28 Март 2011 - 21:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Азимбек Анаркулович! Сизге бир суроо Кыргызстан оңолобу деги?Оңдоо үчун кандай чаралар көрүлүп жатат?
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   zhoomart   29 Март 2011 - 09:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 689
  • Катталган: 23 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 23:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Просмотр сообщения Азимбек Бекназаров (28 Март 2011 - 15:18) жазган:

Кыргыздын пейили бузулушу деп айтуу деген создун мааниси терен. Буга биринчиден Компартия куноолуу, динсиз жана кудайсыз тарбия берип койду. 90-жылдары Ельцин каалагандай коз карандысыз боло бергиле десе, ар бири оз алдынча болуп кетти. Саясий куроштун жыйынтыгында окумуштуу адам президент болуп калды. Ал коп катачылыктарды кетирди, анын бири Кыргызстандын жерин Кытайга кармата берди. Азыр жаштарга кайрылат элем: Келечек силердики! Кармашып журуп омурубуз отуп кетти. Откон апрель окуясында да жаштар каза болуп кетти. Андыктан жаштар катуу болушу керек, шайлоодо акыркы 20 жылдан бери жургон саясатчыларга добуш берип коюшту. Парламенттик система Кыргызстандын келечегине шарт тузду. Анткени бул система биздин менталитетибизге жакындык кылат.





келечек жаштардын колунда дейсиз.жаштар эмес анча-мынча атагы чыккан кыргыз атуулдарыбыз (кыргыз элин,жерин ойлогондор) бийликке жетпей олуп кетип жатат.жаштар кантип барат ал жакка.биздин бийликке ким келишин жылдап-жылдап эле чечип коюшат.анан калп эле элдин алдына койгон болуп,эл шайлады,эл тандады кылып коюшат.
жообунузга каяша жазып койгонумдугум үчүн кечирим сурайм.
сизге дагы да болсо ийгилик каалап кетем!

Билдирүүнү түзөткөн: zhoomart: 29 Март 2011 - 09:27

Баарынарга бакубат жашоо болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   aminali   29 Март 2011 - 18:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.


zhoomart public/style_images/ master/user_popup.png men sizdin sozunuzdu koldoim.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Shah   30 Март 2011 - 00:27

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 11 Март 11
  • Соңку аракети: 01 Окт 2019 17:48
  • Телефон:0773139645
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Улуу кыргыз журту

Баардык суроолорго канааттанган жокмун, Курч суроолордун бирине дагы жооп бербептир! !!
Айга Кунго жетип турат кулачым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Shah   30 Март 2011 - 00:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 11 Март 11
  • Соңку аракети: 01 Окт 2019 17:48
  • Телефон:0773139645
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Улуу кыргыз журту

Дагы эле ушул киши озун суттон ак кылып корсотуп койуптур, Эл чындыкты суйлогон адамды жакшы корот, эки жуздуу адамды эч качан жактырган эмес.
Айга Кунго жетип турат кулачым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   aminali   30 Март 2011 - 17:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Menin suroomo joop aldim azatiktan,bul kiwi bilikte emes turbaibi kolunan kelbeit eken,biliktegiler ka4an kelet boldu eken Superge?Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Азимбек Бекназаров   31 Март 2011 - 10:51

  • Экс-вице-премьер министр
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 24 Март 11
  • Соңку аракети: 01 Апр 2011 18:39

Просмотр сообщения Aske (25 Март 2011 - 11:38) жазган:

Менин бир гана суроом бар Азимбек Бекназаровго

Айтсаңыз эмне үчүн эс алууга чыгып кеттиңиз? чоң кызматтын бирөөсүнө олтурсаңыз болот эле да.



Сөзүбүзгө турушубуз керек. Кыргыздын саясатчыларынын элге жек көрүнгөнү, эл бийликти ушунчалык сыйлабай калганынын себеби элди алдаганыбыз, сөзүбүзгө турбаганыбызда. Саясаттан “мен кеттим” деп коштошуп чет өлкөгө кетип калгандар деле кайра келип жатышпайбы. Кечээ күнү эле кыргызды уурдап-тоноп, килейген завод-фабрикаларды алып алгандар деле кайра элге барат да, апапакай болуп калп айтып тура берет. Ошондуктан мен ушундай максат койдум. Убактылуу өкмөт жаңы, легитимдүү бийлик келгенде кайсы гана партия болбосун бийлик берип, “мамлекеттик кызматтан кетебиз” деген сөзүмө турдум. Бирок президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан сунуштар болуп жатат, “болду, 3 ай эс алдыңыз, али кыргызга керексиз, карый элексиз, жашсыз, иштеп бериңиз” деген. 7-апрелдеги курман болгон 90дой баланын жылдыгы өтмөйүнчө кызматка келем дегеним моралдык жактан жол бербейт. Анткени биз революциянын башында турганбыз. Бизде түздөн-түз ушул балдарды аттыртып коёлу деген ой болбосо да, революцияда турган үчүн моралдык күнөөбүз бар, аны моюнума алам. Экинчиден, 7-апрелдеги сот иши аягына чыкпай жүрсө, биздин кызмат талашканыбыз адамгерчиликке жатпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Азимбек Бекназаров   31 Март 2011 - 10:54

  • Экс-вице-премьер министр
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 24 Март 11
  • Соңку аракети: 01 Апр 2011 18:39

Просмотр сообщения shasi (28 Март 2011 - 13:41) жазган:

Азимбек Бекназаров:күн: ысымдуу инсанды жарыкка адып келген аял ким болду экен деген суроо жаралды, менде. Апаўыз тууралуу айтсаныз, балакай кезинизде жомок айтып берчу беле?





Апамдын түбү Кудаярхандарга барып такалат. Кудаярхандын заманында Наманганда Кедейбай датка деген болгон. Менин апам ошол Кедейбай датканын төртүнчү кыбырасы болуп кетет. Абдан олбурлуу , балбан, бетке сүйлөгөн аял эле. Айылдагылар датка деп койчу. Мындайча айтканда, аялдардын атаманы эле. Өмүрү өткөнчө саанчы болуп жүрдү. Атам чабан, уйчу болчу. Апама караганда жоош, кудайдын берген моомун кишиси эле, 82 жашында каза болду. Апам болсо мен камалгандан баштап азабымды тартып жүрүп көзү өтүп кетти. Өлөрүндө “балам, саясатыңды койчу, жөн эле кесибиң менен иштеп тиричилик кыл. Анткени сен бетке айткан акыйткатчылдыгың менен бийликте жүро албайсың, бийликте арамзалар, куулар жүрөт” деген эле...

Билдирүүнү түзөткөн: Азимбек Бекназаров: 31 Март 2011 - 10:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Азимбек Бекназаров   31 Март 2011 - 11:00

  • Экс-вице-премьер министр
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 24 Март 11
  • Соңку аракети: 01 Апр 2011 18:39

Просмотр сообщения Асылжан (28 Март 2011 - 15:22) жазган:

Азимбек байке, саламатсызбы? Иштериңизге ийгилик, өзүңүзгө ден соолук каалайм. Сизди теледен көргөндө абдан сүрдүү көрүнөсүз, туугандары, айрыкча кичинекей балдар сүрдөп көп сүйлөшпөсө керек деп ойлоп кетем. Чындыгында эле ушундайбы же үйдө неберелерге жомок айтып балпайган чоң атанын ролун да аткарасызбы?



Рахмат, жакшы сөзүңүзгө. Менин мүнөзүмбү? Ороймун, өзүмдүкүн бербейм. Кыргызча айтканда, бетке чабармын, ошондуктан көп адамдарга жага бербейм.

Билдирүүнү түзөткөн: Азимбек Бекназаров: 31 Март 2011 - 11:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Азимбек Бекназаров   31 Март 2011 - 11:11

  • Экс-вице-премьер министр
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 24 Март 11
  • Соңку аракети: 01 Апр 2011 18:39

Просмотр сообщения zhyldyzka (25 Март 2011 - 17:39) жазган:

Саламатсызбы, азыр бардык соттор иш тушсо эле,акчасыз адамды адам катары корбойт, адам олуп атабы баары бир, олтургон адамды деле акча берсе ак кылып чыгарып коюп жатат, сизущул системада иштеп кеттиниз, ушул жагын бир карадынызбы жана ушундайларга каршы кандай чамаларды кордунуз.



Бул деген бир күндө эле жокко чыгара турган иш эмес. 20 жылдан бери сот органдары ушундай акыбалга келип калган. Мына ошол коррупциялык мамлекет деген же акчаң болуш керек, же таанышың болуш керек. Муну жокко чыгаруунун бирден бир жолу деп биз парламенттик өлкөгө келдик да, эки революция жасап. Анткени үй-бүлөлүк башкаруу болгондо соттор да бир үй-бүлөгө кызмат кылып, же баласына, аялына же кызы менен тил табышып алып каалаган ишти кылат дегендей. А парламенттик системада эгерде бир партия бирдеме кылса, экинчи партия чукуп чыгып андайга жол бербейт. Муну коррупцияны өзүнөн өзү ооздуктоо деп түшүнсөк болот. Ошондуктан парламенттик системанын өзү сиз айткан проблеманы чечүүгө өбөлгө түзөт.

Экинчиден, соттор ачыктыкка өтүш керек. 2006-жылы менин демилгем менен сот присяжный киргизилген. Ага сотко кошулуп 9 же 11 адамдан турган өкүлдөр катышат. Айыпкер күнөөлүбү же жокпу мына ошол адамдар аныктайт, ал эми сот эгер күнөөлүү деп табылса мыйзамда көрсөтүлгөн жазаны берет, күнөөлүү эмес десе, актоо өкүмүн чыгарат. Биз ушуга окшогон реформаларды тезирээк бүтүрүшүбүз керек.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Азимбек Бекназаров   31 Март 2011 - 11:18

  • Экс-вице-премьер министр
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 24 Март 11
  • Соңку аракети: 01 Апр 2011 18:39

Просмотр сообщения Жаку (28 Март 2011 - 10:26) жазган:

Саламатсызбы, Азимбек Анаркулович, сиздин бир маегинизде: "Мен ар дайым эл менен болуп келгем. “Азимбек, туруп бер” дегенде, эл башында туруп бердим. Тарыхый мезгилдин талабына жараша керек болсом, кызмат кылгандан качпайм. Бирок сунуш болбосо, азыркы парламенттен барып кызмат сурап жалдырабайм. Эгерде сунуш түшүп калса, колу­ман келер-келбесине карап көрөм" деген элениз, андан бери айлар отту, озунуз айтмакчы, "Азимбек, келип иштеп бер" деп бийликтегилер кызмат сунушташтыбы?
Учурда эмне менен алексиз саясаттын даамын татып калгандар жон жатпайт эмеспи.
Дагы бир суроо саясаттан сырткары, чарчап-чаалыканда конулду кантип жазасыз?
Ичимдикке кандайсыз?
Сыртынан багып караган адамга аябай сурдуу коруносуз, озунузго муноздомо бере аласызбы?


Сиздин сурооңузга жогоруда жооп бердим, бирок кошумчалап кетсем.
Ош окуясы, ички-сырткы душмандардын каршылыгына, өлкөдөгү кырдаалга карабай УӨ максатыбызды аягына чейин аткардык деп ойлойм. Бизди урушуп жатышпайбы, “кайра эле бакиевчилер келип отуруп алды” деп. Биз аларды “сен Бакиевдин кишисисиң, шайлоого келбейсиң” деген жокпуз, укубуз да жок. Албетте, өкүнүчтүү. Кечээ күнкү эле аткаминерлер кайра келип, борттон сыртта калган адам катары бизге деле оор тийип жатат. А кызматтан четтедим деп өкүнбөйм. Анткени кызмат, байлык - колдун кири. Эң негизгиси, элге жакшынакай заман, жаңы бийлик келип кызмат кылсын деген тилегибиз баарынан жогору болду.

Учурда башта айткандай, китеп жазуу менен алекмин. "Аксы ыйы -улут кайгысы" деген китебим чыккан. 2005-жылдын мартынан коалициялык өкмөт түзүлгөнгө чейинки доорду камтыган китепти күзүндө бүтүрөм. Анан, албетте, президент менен кээде жолугуп сунуш-пикиримди, кеп-кенешимди айтып туруудамын.

Чаалыкканда тоого чыгам, Хан Теңирден баштап Баткен тоолоруна чейин чыгып эс алам, эгер бош убакыт тапсам.

Ичимдикке орто элемин, шартына жараша ичем.

Билдирүүнү түзөткөн: Азимбек Бекназаров: 31 Март 2011 - 12:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Атактуулар Суперстанда
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 20:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: