Урматтуу замандаш!
Эгер сиз чет тилдерин үйрөнгүңүз келип жүрсө...тил курстарына барууга шартыңыз туура келбесе, анда төмөндөгү программалар сиз үчүн!
1. Rosetta Stone тил үйрөтүү жана үйрөнүүдө мамлекеттик уюмдарда, эл аралык уюмдарда, фирмаларда,
Тынчтыкты сактоо уюмдарында,
NASA (National Aeronautics and Space Administration) ж.б. эң кеңири колдонулган программа. Бул программанын өзгөчөлүгү чет тилди эне тил катары үйрөтүүсү. Жалпысынан англисче (American&British),
арапча, кытайча, орусча, түркчө, латынча, испанча ж.б. болуп 30 тил пакети бар. Ар бир тил 3 баскычтан турат. Программада жок деген нерсе жок десек да болчудай. Интернеттен тапса болот, бардык тил пакеттерин түшүрүүнү каалагандар torrent аркылуу түшрсөңөр жакшы болот. Жалпы 30 ГБ жакын. А бирок өзүңүз үйрөнүүнү каалаган тил пакети менен setup дискин түшүрүп алсаңыз да болот. Бул үчүн rapidshare, hotfile, ж.б. торбеттерден караңыз.
2. Tell me more 4 баскычтан турган программа (англисчеси).
Грамматика,
диалогдор, видео файлдар, тесттер, сканворддор ж.б. камтылган. Микрофондон сүйлөгөндө сөздү канча пайыз туура сүйлөгөнүңүздү көрсөтүп турат жана тыбыштарды туура чыгарууну үйрөтөт. Англисче, арапча, испанча, кытайча ж.б. 9 тил пакети бар.
3. Eurotalk жогорудагыдай эле өзгөчөлүктөргө ээ. 125 тил пакети бар. Кызыгы, бул программада КЫРГЫЗ ТИЛ пакети да орун алган.
4. English Plus эгерде сиз түрк тилин билсеңиз жана англис тилин үйрөнүүнү кааласаңыз,
бул программаны карап көрүңүз. Программа 12 баскычтан турат жана англисче-түркчө сөздүгү бар. Жогорудагы өзгөчөлүктөр бул программада да орун алган. Негизинен сөз байлыгын кеңейтүү жана эркин сүйлөөнү үйрөтүүгө багытталган.
ЧЕТ ТИЛДЕРДИ ҮЙРӨНҮҮ! компьютердик программалардын жардамы менен
#2 28 March 2011 - 15:16
мм... жакшы экен. Ошол программалардын кай жерде турганынан шилтеме берсениз, балким, биз деле сабатыбыз жоюлуп бир аз "парадигма"
"экосистема"
деген сыяктуу создор менен тантырап болсо да суйлоп калаттырбыз?
..
Бөлкө нан барбы?
#4 28 March 2011 - 17:11
Керектуу программа экен,уйронуш керек эле убакытты откорбой.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#5 28 March 2011 - 18:40
мм информация бергениниз учун рахмат, бирок ошол сайттардын адрестерин кошуп жазып койсонуз жакшы болмок екен.
Люблю свою пампушку и её папу тоже:)
#6 28 March 2011 - 20:27
Үйронүш керек экен!Тил билген жакшы кор болбойсун эч жерде.Өнөр алды кызыл тил дейт эмеспи.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#7 28 March 2011 - 23:08
Урматтуу колдонуучулар!
Бул программаларды интернетте издөө аркылуу көптөгөн торбеттерден таба аласыңар. Орнотууда жана колдонууда кыйынчылыктар болсо жардам беребиз...
#8 29 March 2011 - 18:09
жакшы экен. Бирок Интернетке такай кирип турууга мумкунчулуктору жоктор кантип уйронушот?
#9 29 March 2011 - 18:10
Алма быш, оозума түш деп жашагандардын оокаты кылыпсыз. Жөн гана программанын аталышын жазып койсоңуз, окугусу келген адам google' ды беш аңтарса да таап, көчүрүп алаар беле бул колдонмону.
..? Кичине болсо да аракет кылышсын да "билим алуу ийне менен жер казгандай"
дечү беле...? Анан дагы сырткы ресурстардын дарегин форумга жайгаштыруу эрежелерге да жооп бербечү эле дейм да...
SUPER.KG - МААЛЫМАТ-МААНАЙШАТ ПОРТАЛЫ
#10 29 March 2011 - 18:43
Алма быш, оозума түш деп жашагандардын оокаты кылыпсыз. Жөн гана программанын аталышын жазып койсоңуз, окугусу келген адам google' ды беш аңтарса да таап, көчүрүп алаар беле бул колдонмону.
..? Кичине болсо да аракет кылышсын да "билим алуу ийне менен жер казгандай"
дечү беле...? Анан дагы сырткы ресурстардын дарегин форумга жайгаштыруу эрежелерге да жооп бербечү эле дейм да...
Кечиресиз... колдонуучуларга пайдалуу маалымат болсун, каалоочулар үйрөнүшсүн деген эле максатта жазгам. "Ички булактарда" бул маалыматтар жок болгондугу үчүн сырткы булактардан шилтеме берүүгө туура келди. Өзүңүз көргөндөй эле, кээ бир колдонуучулар шилтеме сураганынан эле жеңилдик үчүн жазып койдум. Көп колдонуучулар оң пикирин билдиргендигин жана жайгаштырылган шилтеменин реклама максатында эмес экендигин менен эске алуу менен бирге теманы ачык калтырууңузду суранып кетемин...рахмат! !!
#11 29 March 2011 - 18:50
жакшы экен. Бирок Интернетке такай кирип турууга мумкунчулуктору жоктор кантип уйронушот?
Программалар интернетсиз эле иштейт. Компьютер болсо эле жетет. Интернет программаны түшүрүп алуу үчүн эле керек.
#12 30 March 2011 - 11:48
Алма быш, оозума түш деп жашагандардын оокаты кылыпсыз. Жөн гана программанын аталышын жазып койсоңуз, окугусу келген адам google' ды беш аңтарса да таап, көчүрүп алаар беле бул колдонмону.
..? Кичине болсо да аракет кылышсын да "билим алуу ийне менен жер казгандай"
дечү беле...? Анан дагы сырткы ресурстардын дарегин форумга жайгаштыруу эрежелерге да жооп бербечү эле дейм да...
Эскертүүңүз эске алынды. Шилтеме өчүрүлдү.
#13 01 April 2011 - 18:31
Алма быш, оозума түш деп жашагандардын оокаты кылыпсыз. Жөн гана программанын аталышын жазып койсоңуз, окугусу келген адам google' ды беш аңтарса да таап, көчүрүп алаар беле бул колдонмону.
..? Кичине болсо да аракет кылышсын да "билим алуу ийне менен жер казгандай"
дечү беле...? Анан дагы сырткы ресурстардын дарегин форумга жайгаштыруу эрежелерге да жооп бербечү эле дейм да...
Эскертүүдөн кийин жалпы эрежелерди окуп чыктым. Ал жерде 4. ж) ушул сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга...тыюу салынат деп жазылыптыр.
1. Бул жерге берилген шилтемелер менен super.kg курамы жагынан бири бирине таптакыр эле окшошпойт.
2. Шилтемелер жарнама максатында берилген эмес болчу.
Почтага шилтеме сурап көп адам кайрылганынан улам, (эгер жалпы эрежеде көрсөтүлгөндөрдү туура эмес түшүнүп албаган болсом) уруксат болсо шилтемелерди жайгаштырсам кандай болот. Кызыккан колдонуучулар шилтемелерди бул жерден эле алышса жакшы болоор беле...жооп жазып койууңарды өтүнөм...
#14 04 April 2011 - 19:38
Shiltemelerge jetekchilik tarabynan uruksat berildi!!!
Rosetta Stone koldonmosun tomonku shiltemeden tushuro alasyzdar
http://super-warez. n...an-british.html
Rosetta Stone koldonmosun tomonku shiltemeden tushuro alasyzdar
http://super-warez. n...an-british.html
#15 04 April 2011 - 19:44
#16 04 April 2011 - 22:26
Анлимит инети барлар ушуларды КГ сайттарга жайгаштырып туруп анан шилтемесин бул жакка таштап койгулачы Карап королу.
Бөлкө нан барбы?

Супер-Инфо
super.kg
видео













