Бул темада кыргыздардын ата бабадан өткөн кеңештер.
Кечээ бир китепти окудум ал Темиркул Наматовдун- Пайдалуу кеңештер китебин.
Ата бабадан өткөн кеңештер экен.
Мындай деп жазылыптыр бул китепте.
Кимде ким "Адам" экен деген бийик наамга ээ болгусу келсе, анда ал баштапкы ирээт Кудай берген өз табиятына терең баруусу керек жана ал өзү адам болуп таануу керек. Ошондо ал макулуктардын артык жаралгандыгын билет.
Аны билгенде адамгерчиликти адилчиликти билет. Муну билген каада салттын маанисин билет, аны билсе ар намысты билет, демек өмүрдүн түбү урмат сый экенин билет. Мына ушундай касиеттерге ээ болгон адамды биз Нарктуу адам дейбиз.
Жаңы күндүн алдында жакшы ой ойлоп, илгери үмүт кылып,асыл максаттарды коюу менен таңды тозсоң,таң менен таза ырыскыны аласың. Ырыскы деген адамдын дене боюн курчаган чыичый таза мээр (аура) болот. Ырыскысы бар адамга кырсык да жамандык жолобойт. Арам ой, кара мүртөз максаты бар ичи бузук адамды күңүрт мээр курчап баскан турган жериңе көлөкө түшүрөт.
Изгилик Кудай жалганган тазалык, ыйман иш болгондуктан ар адамдын дээр зээнинде. чңкая турганы шарт.
Кыргызда сөз бар
"Пенденин оозундагы-Кудайдын кулагындагы, пенденин дилиндеги-куданын санаасындагы" .
"Дилиңде болсо-тилине чыгат, тилинден чыкса Кудай угат"-дейт кыргыз.
Ошондуктан дилиңди тазарт, кесир сүйлөбө. Калп айтып ырысыңды кеспе ,ооздон жаңылган турбайт-деген кеп бар.
Нарктуулукту калыптаар экинчи сапат акыл,дээр жана зээн.
Ошо сапатарды нарктуу адам пайдалана билиш керек.
Адамдын адам экени алты нерседен билинет:
1. Көрүнгөн чоочун адам менен ырайымдуу сүйлөшүп танышса
2. Адамга тилегени жакшылык болуп жмандык ойлобосо.
3. Колу март келип ажаат ачып турса.
4. Душман тууган деп экиге болбөсө.
5. Урушса да, ырайымга келип турса.
6.Тилинен жаман сөз чыкпай тили ширин болуп турса-сый кадыр билсе.
Төрт нерседен сактан :
Көздөн, кекиртектен, тилден жана жүрөктөн.
Төрт күл мүнөз төмөнкүчө бүтөт.
Өжөрлүк-уятка
Жеңилдик-өкүнүчкө.
Заар тил-өчөштүккө.
Жалкоолук-басырынууга.
Адамдын бактысы төрт нерседен болот.
1.Татыктуу аялда
2. Кайрымдуу балдарыңда
3. Жакшы жолдошунда
4. Мекениге кошкон үлүшүңө.
Үч түр адамдар бейишке барбайт:
1 Ата-энесине ак койгон(жериген) бала
2. Ичкиликке жана башка жаман нерселерге баш оту менен берилген адам.
3. Жасаган жакшылыгын жана кайыр садакасын-милдет кылуучу адам.
Ачууну-токтолук менен, жамандыкты жакшылык менен, битирдикти марттык менен, жалганды чындык менен жеңе бил.
Кимди эмне бузат?
Косөмдү-битирлик
Аялды-абийирсиздик
Калган элди-калп бузат.
Адамдын төрт түрү бар:
Билбегенин- билген адам.
Билбегенин- билбеген адам
Билгенин-билбеген адам
Билгенин-билген адам.
Адамдын акмактылыгынын үч далили бар.
1. Тебекерчилик
2. Көйрөндүк
3. Маңыроолук.
Жаш өспүрүмдүн келечегине чоң таасир берүүчү үч нерсе болот
1. Ал баланын коюлган атына байланыштуу.
2. Ал баланын тегине байланыштуу
3. Жаштайынан баштап эр жеткеге чейин ага берилүүчү ар кандай баталарга байланыштуу.
Лидер боло турган кишинин мүнөзүн белгилөөчү факторлор
1 Эркинин күчтүүгү
2. Акылдуулугу
3. Интелектуалдык кызыкчылыктардын кеңирилиги.
4. Маектешүу учурунда өзүнүн сүймөнчүлүктү пайда кыла билүүсү.
5. Өзүнүн жактоочуларына талап кое билүүсү
6. Эске тутуп калуу өзгөчөлүгү.
Мына ушундай пайдалуу кеңештер достор.
Өз ой пикириңерди жазып койсоңор ушул темага байланыштуу.
Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 03 Апрель 2011 - 18:55