Суперстан: Кыргыздардын ата бабадан өткөн кеңештер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыздардын ата бабадан өткөн кеңештер. Темиркул Наматодун-Пайдалуу кеңештер китебинен алынды

#1 Пользователь офлайн   Programmer   03 Апрель 2011 - 18:51

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Мурдагы тема тамашалап койгом. Жөн эле силерди текшерип.
Бул темада кыргыздардын ата бабадан өткөн кеңештер.
Кечээ бир китепти окудум ал Темиркул Наматовдун- Пайдалуу кеңештер китебин.
Ата бабадан өткөн кеңештер экен.
Мындай деп жазылыптыр бул китепте.

Кимде ким "Адам" экен деген бийик наамга ээ болгусу келсе, анда ал баштапкы ирээт Кудай берген өз табиятына терең баруусу керек жана ал өзү адам болуп таануу керек. Ошондо ал макулуктардын артык жаралгандыгын билет.
Аны билгенде адамгерчиликти адилчиликти билет. Муну билген каада салттын маанисин билет, аны билсе ар намысты билет, демек өмүрдүн түбү урмат сый экенин билет. Мына ушундай касиеттерге ээ болгон адамды биз Нарктуу адам дейбиз.
Жаңы күндүн алдында жакшы ой ойлоп, илгери үмүт кылып,асыл максаттарды коюу менен таңды тозсоң,таң менен таза ырыскыны аласың. Ырыскы деген адамдын дене боюн курчаган чыичый таза мээр (аура) болот. Ырыскысы бар адамга кырсык да жамандык жолобойт. Арам ой, кара мүртөз максаты бар ичи бузук адамды күңүрт мээр курчап баскан турган жериңе көлөкө түшүрөт.
Изгилик Кудай жалганган тазалык, ыйман иш болгондуктан ар адамдын дээр зээнинде. чңкая турганы шарт.
Кыргызда сөз бар
"Пенденин оозундагы-Кудайдын кулагындагы, пенденин дилиндеги-куданын санаасындагы" .
"Дилиңде болсо-тилине чыгат, тилинден чыкса Кудай угат"-дейт кыргыз.
Ошондуктан дилиңди тазарт, кесир сүйлөбө. Калп айтып ырысыңды кеспе ,ооздон жаңылган турбайт-деген кеп бар.
Нарктуулукту калыптаар экинчи сапат акыл,дээр жана зээн.
Ошо сапатарды нарктуу адам пайдалана билиш керек.

Адамдын адам экени алты нерседен билинет:
1. Көрүнгөн чоочун адам менен ырайымдуу сүйлөшүп танышса
2. Адамга тилегени жакшылык болуп жмандык ойлобосо.
3. Колу март келип ажаат ачып турса.
4. Душман тууган деп экиге болбөсө.
5. Урушса да, ырайымга келип турса.
6.Тилинен жаман сөз чыкпай тили ширин болуп турса-сый кадыр билсе.

Төрт нерседен сактан :
Көздөн, кекиртектен, тилден жана жүрөктөн.
Төрт күл мүнөз төмөнкүчө бүтөт.
Өжөрлүк-уятка
Жеңилдик-өкүнүчкө.
Заар тил-өчөштүккө.
Жалкоолук-басырынууга.

Адамдын бактысы төрт нерседен болот.
1.Татыктуу аялда
2. Кайрымдуу балдарыңда
3. Жакшы жолдошунда
4. Мекениге кошкон үлүшүңө.

Үч түр адамдар бейишке барбайт:
1 Ата-энесине ак койгон(жериген) бала
2. Ичкиликке жана башка жаман нерселерге баш оту менен берилген адам.
3. Жасаган жакшылыгын жана кайыр садакасын-милдет кылуучу адам.

Ачууну-токтолук менен, жамандыкты жакшылык менен, битирдикти марттык менен, жалганды чындык менен жеңе бил.

Кимди эмне бузат?
Косөмдү-битирлик
Аялды-абийирсиздик
Калган элди-калп бузат.

Адамдын төрт түрү бар:
Билбегенин- билген адам.
Билбегенин- билбеген адам
Билгенин-билбеген адам
Билгенин-билген адам.

Адамдын акмактылыгынын үч далили бар.
1. Тебекерчилик
2. Көйрөндүк
3. Маңыроолук.

Жаш өспүрүмдүн келечегине чоң таасир берүүчү үч нерсе болот
1. Ал баланын коюлган атына байланыштуу.
2. Ал баланын тегине байланыштуу
3. Жаштайынан баштап эр жеткеге чейин ага берилүүчү ар кандай баталарга байланыштуу.

Лидер боло турган кишинин мүнөзүн белгилөөчү факторлор
1 Эркинин күчтүүгү
2. Акылдуулугу
3. Интелектуалдык кызыкчылыктардын кеңирилиги.
4. Маектешүу учурунда өзүнүн сүймөнчүлүктү пайда кыла билүүсү.
5. Өзүнүн жактоочуларына талап кое билүүсү
6. Эске тутуп калуу өзгөчөлүгү.

Мына ушундай пайдалуу кеңештер достор.
Өз ой пикириңерди жазып койсоңор ушул темага байланыштуу.

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 03 Апрель 2011 - 18:55

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Nurjanka   03 Апрель 2011 - 22:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 523
  • Катталган: 28 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 08 Июл 2014 14:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош. Азырынча Москвада

Рахмат сизге программер акыл насаат, кеп кенештерди окуп озумо кичине болсо да жакшы сапаттарын алып калдым!! !
Баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Narynbek   03 Апрель 2011 - 22:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

азаматсың Programmer!Адамга тарбия берчү кеңештер экен.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Eliza   03 Апрель 2011 - 23:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 129
  • Катталган: 17 Июнь 08
  • Соңку аракети: 28 Сен 2013 12:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан, Бишкек

Рахмат.
Кеңештер абдан так таамай жазылыптыр. Окууган адамга оң таасир берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   aminali   04 Апрель 2011 - 02:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.


Programmer public/style_images/ master/user_popup.png sizdin temalariniz kiziktuu e,kaidan tabasizСүрөт?


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Programmer   04 Апрель 2011 - 16:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Азыр уландысын жазам.

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 04 Апрель 2011 - 17:02

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Programmer   04 Апрель 2011 - 17:24

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

2 бөлүм
Жашоо-тиричиликтеги жүрүм турумдар тууралуу

Дүйшөмбү, шаршенби күндөрү жаңы үйгө көчпөйт-чыр чатак басылбайт
Бир жакка жөнөөрдө эшигиңдин алдында бир аз отуруп анан чык, барган жериң жакшы кабыл алат.
Корооңдогу бакты кесип сал-анын тилеги жаман болот.
Босогону басып турба-бактын тосулат.
Өзүмдөн улуу адамдан кыя өтпө-назарыңды каласың тилегиңе жетпейсиң.
Эртен менен жаман сүйлөбө-жамандыкты эркелетпе.
Босогодо туруп кол алышып учурашпа андан айрылып калба.
Кишини айланба анын дарты сага өтөт.
Намаз шамда жатпа өмүрүң кыска болот.
Аз тамактанып аз сүйлөөнү адат кыл
Аялын менен балага сыр айтпа.
Ээн жерде түнөп калсаң. айлананы бычак менен чийип кой.
Жаандуу түндө жолго чыксаң жолду болосуң.
Чыканак желке кычышса кайгыга.
Жума күнү жолго чыксаң жолуң болбойт.
Үйгө келе жатып чалынып кетсең кетсе.н жанжал болот.
Колуңду жууганда силкпе-макирө болот.
Итти теппе, итти бут менен жылдырба.
Түн ичинде пол жууба үйсүз каласың.
Күзгү сындырсаң-кырсыкка учурайсың.
Бирөөнүн изин баспа бутуң оорукчал болуп калат.
Баш кийимди ыргытпа кутуң качат.
Ышкырба-акчасыз каласың
Караңгыда тырмак алба отко тыштаба-кырсыкка учурайсың.
Куураган чөптү тиштебе аракетиң соолуйт.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   SexyXaker   04 Апрель 2011 - 17:46

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 76
  • Катталган: 24 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2011 22:13
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ишинер болбосун иттер Пошли все в жопу

Аябай жакты
Эмне учун калган форумчулар жазбайт болбогон темаларга баары тен жаза берет экен.
Маанилүу темага киришпейт экен.
Маанилуу тема аларга кереги жокпу.
Тушунбойм.
Болбогон темаларды жактыра беришет экен.
Мисалы акыр заман 2012 жылы болот деп.
Же биз кыргыздар ушундай бызбы.
Тушунбойм.

Билдирүүнү түзөткөн: SexyXaker: 04 Апрель 2011 - 17:49

Shah сука. Programmer USSR стукачтар. Эркек эмес эле ит
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   uktabas   04 Апрель 2011 - 17:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 156
  • Катталган: 24 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 09 Янв 2022 00:33
  • Телефон:0552622800
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:osh

Ап-бали! Накта кыргыздарга ылайык создор экен! Ушундай пайдалууу нерселерди кобурок жазсанар жакшы болмок форумду корктондуруп (кээ бирлерге окшоп жашоодон тойгонун, туалетке барганын жана бит караганын эле жаза бербей...)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Narynbek   04 Апрель 2011 - 22:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Жакшы сөздөр экен.Менин билишимче Жума күнү көчпөйт жаңы үйгө.Отурукташпай каласың дешчү.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Isabell   05 Апрель 2011 - 00:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 866
  • Катталган: 20 Январь 11
  • Соңку аракети: 02 Сен 2019 07:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Барнаул

Мага окшоп чет өлкөдө жүрөгндөр учун аябай жакшы тема ачыптырсыз чооон раxмат. үйдө жүргөн кезимде Атамдан угуп калчу елем ушуга окшогон кенештерден.
Уйдөн алыс кетип укпаганыма коп болуп калыптырСүрөт
Люблю свою пампушку и её папу тоже:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   anya   17 Январь 2016 - 20:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бул маалыматтарды бир журналдан окуган элем .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   anya   17 Январь 2016 - 20:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ожорлук- уятка калтырат дегенди тушуно албай койдум, ожорлук менен максатына жетесин да туурабы .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   kerakg   18 Январь 2016 - 12:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Просмотр сообщения anya (17 Январь 2016 - 20:24) жазган:

Ожорлук-уятка калтырат дегенди тушуно албай койдум, ожорлук менен максатына жетесин да туурабы .

Ар бир нерсенин эки жагы болот,
өжөрлүк уятка калтырганы, туура эмес болсо да өжөрлөнүп өзүңдүкүн бербей турсаң, ал сени уятка калтырат.
Ал эми жакшы иште өжөрлөнсөң максатыңа жетээрсиң.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   jetinur90   20 Январь 2016 - 01:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Мен бул кишинин чыгармачылыгынан кабарым бар. Ичитардык же мактануу эмес,анын кругозор,билимин озумдукунон кем болсо кемдир ашык баалабайм. Мисалы автор келтирген эле мисалда толтура куроко турбас ырым-жырымдар жатат. Мусулман болгон деп биз талашып аткан Толстойдун бир созу бар; жакшы адамда 2 сапат бар-чынчыл жана эмгекчил. Жаманда 2 сапат бар-жалкоо жана ашкан ырым-жырымчыл. Желкенди да кайгы келет деп тырмабай,уйуно да жанжал болот деп кирбей туруу апендичилик да. Тарыхый роман,санжыраларды коп окуу керек. Кандай керемет кенештер берилгенин окуп,жандуйноно жарык кирип,акылын осот,ой жугуртуун озгорот,адам, эн башкысы кыргыз болосун. Кыргыздай асыл эл болсо кана аттин,оз баркыбызды билбей журобуз да. Теманы Ата-баба насааты же осуяты десенер жарашмак,насаат кенештен,осуят насааттан,хадис насааттан,а аят хадистен бийик турат. Ата-бабан бир чечими бар маселени кенешер,а тарбияда насаат колдонулат кенеш эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   beka1207   27 Февраль 2016 - 22:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 722
  • Катталган: 28 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 19:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения anya (17 Январь 2016 - 20:24) жазган:

Ожорлук-уятка калтырат дегенди тушуно албай койдум, ожорлук менен максатына жетесин да туурабы .

Менимче ожорлук эмес,"куру намыс" уятка калтырат!
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   besha   04 Март 2016 - 02:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 66
  • Катталган: 20 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 31 Окт 2024 10:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ак Монгулуу Ала Тоо

Саламатсыздарбы! Биринчи болум эн маанилуу жазылган, азыркы мезгилдин жаштары, бизге абдан керек. Кунумдук турмушта катачылык кетирбоого жол берет, ал эми келечекте максатына жетууго оболго. Кыргыз тили бай биз озубуз ар бир создун маанисин баалап тушоно бербейбиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   besha   04 Март 2016 - 03:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 66
  • Катталган: 20 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 31 Окт 2024 10:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ак Монгулуу Ала Тоо

Мисалы Манастын жети осуяты. Биз баарыз эле жети осуятын толук билбейбиз, туура мектепте окуганбыз, жаттаганбыз. Ал эми азыркы тапта билесизби? Маанисин чечмелеп айтып бере аласызбы? Бул осуяттар мектепте эле эмес турмушта да керек! Ал эми тема боюнча насаат кошсом. Мен бул сапты суперден окугам: „ Аракеттен- адат, адаттан - муноз,.муноздон- тагдыр- жаралат. Жана дагы „Баардыгы акчам байлыгым аз деп ойлойт , мээнин кемчилигин эч ким ойлобойт.Так мааниси тушунуктуу болуш учун орусчасы „ Все думают о недостатке денег, никто не думает о недостатке ума!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   06 Январь 2019 - 04:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Манастын жети осуятын кече эле башкалар жазган болуш керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 22:30

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: