Салам достор,бул теманы ачканымдын себеби мен озум бул маалыматты кеч уктум,азыр болсо дайыма жаңылыктарды окуп турам.Башында комп кармаганды билчү эмесмин ошондуктан баардык нерсени кеч уксам керек.Колуман келишинче кудайга жалынып жаттым,элимдин амандыгын.Сиздерде да ар кандаи ой сезимдер болгондур жаза кетзениздер?
7-апрелде ким кайда эле? Суук кабарды кимден уктуңуз жана эң биринчи сиздин багытыныз?
#2 05 April 2011 - 09:46
Жумушта жалгыз эле отургам, кабинетимде терезе жок болгондуктан сыртта эмне болуп атканын этибар албай эле саат 15:00 дорго чейин отура бериптирмин шефим чалып алып "оозунду ачпай кет уйуно" демейинче...
анан дагы эн кызыгы шефим "мен бироону живерип ийем, машина менен жеткизип коет" десе сыпаа ондонуп "жооок, рахмат озум эле кетем" деп отказ кылып койгонумчу.
..каадаланып шашпаааай, козу-башымды боеп, сулууланып алып кочого чыксам...бетим жаманчылыкты корбосун "просто ужас" болуп атыптыр, Сокулук тараптанжелектерин жеееелбиретип алып машиналар зууулдайт, маршрутка эмес "М" жок...маршрутканы коооой смертник таксисттер да жок экен
балээ баспадыбы деген боюнча жоо баса бердим...басып баратсам орустар айтмакча "чем дальше, тем страшнее"
боло баштады анан кудай жалгап бир такси келаткан экен тоссом 350 сом дебеспи демейде 60 сом менен жетчу жерге...акчам санасам 100 сомго да чыкпайт экен...анан таксист менен суйлошуп алган акчасын уйго жеткенде бергем...
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#3 05 April 2011 - 10:35
Этият жаным алтысындагы тополоң болгондо эле бир жамандыкты сезип 7синде көчөгө чыкпай үйдө жаткамын...
Илгери 2005-жылы кызуу кандуулук мененби, же системаны өзгөртүүгө ишенимим зор экендигинен уламбы, март революциясында алдыңкы катарда кыйкырып жүрдүм эле..
Илгери 2005-жылы кызуу кандуулук мененби, же системаны өзгөртүүгө ишенимим зор экендигинен уламбы, март революциясында алдыңкы катарда кыйкырып жүрдүм эле..
#4 05 April 2011 - 10:44
07.04.2010
Ага чейин бир жумушка чакырып калышып, дал 7-апрелде биринчи жолу жаңы жумушту көрүү үчүн келгем. Агенттиктердин сайттарын улам жаңылап отурдум, анткени ошол күнү митинг болорун билчүмүн. Саат 12лерде абал курчуп баштагандан тарта астейдил кеңседен чыктым дагы, Ак үйдү көздөй жөнөдүм. Бара жатканымда катуу үндөрдү угула баштаганда ушунчалык шашылып чуркап бара жатам, бир нерседен кур кала тургансып... Анан Ак үйдүн жанындагы Профсоюздар үйүнө жеткенде тааныш журналистке жолугуп калдым. Экөөбүз элди күзөтүп коюп турабыз. Улам штурм болуп, кайра элди артка сүрөгөндө биз да кошо жылып коюп жаттык. Саат төрттөрдө Ак үйдү парк жагы менен айланып, Тарых музейинин жанына келип токтодук. 15-20 метр ары жакта 5-6 кишинин тобу турган. Бир мезгилде эле бирөөсү жерге кулап түштү. Эмнегедир көзүнөн кан ага баштады. Анын тегерегиндегилер кыйсыпырга түшүп, аны алып кетишти. Мен ошол убакытка чейин октун баары чыныгы экенине түк ишенген эмесмин жана кабыл албадым дагы... Мага чалгандар "чындап эле атып жатабы" десе, мен "жок ай, резина ок менен" деп коем... Өзүм атып жаткансып...
Бештерде абал тынчый түшкөн. Анан эски жумушумдун кеңсесине келсем, "интернет иштебей калды" дешти. Терезеден "Бетаны" басып алууга аракеттенгендерди көрүп, ушунчалык жаман болуп кеттим. Ал жердегилер менен бир аз талкууга түшүп, "бүгүн түнү менен Ак үй алынарын" уктум. Кайра ал жерден чыгып, Ак үйдү дагы бир айланып жаңы жумушка өтүп келдим. Көчөдө принтер көтөрүп келе жаткан адам кубана "Парламентти басып алдык" деди. Бул жетиге жакын окуя болчу. Кийин үйгө келдим. Бирок отура албай койдум. Сыртта өлкөнү тагдыры чечилип жатса... Жарым саат аралыгында эски жумуштагы жакшы кесиптешим чалып калып, "жүрү" дегенин уга кошо жөнөдүм. Бирок Илбирске келгенибизде октун жааган үнү жана тапырап чуркап келе жаткан элди көрдүк. Бул сегиз менен тогуздун ортосу болчу. Анын үстүнө караңгы кирип, жамгыр менен кошо күн кыйла суук эле. Киев менен Совет көчөсүнүн кесилишине чыгып бара жатканыбызда, бир топ эл Плазаны көздөй агылып кетишти. Анан "кой, тынч үйгө жетип алайын" деп, апамдын урушуп "ультиматум" кое баштаганынан сызып жөнөдүм. Бирок ал күн уктай албай коюп, таң атпай 8-апрель күнү Парламентке келгемин.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#5 05 April 2011 - 15:45
Кыргызстанда емес елем интернеттен көрүп алып аябай жаман болгом.Тынчылык еле болсо екен деп кудайдан тиленип отургам үйдө, ал тополондун болгонуна да билинбей бир жыл өтүп кетти.
Люблю свою пампушку и её папу тоже:)
#6 05 April 2011 - 16:17
Бизде борборчолук кан тогулгон жок да. Жумушта отургам. Биштеги бир досум 6сы куну чалып эртен митинг болот, эшикке чыкпа деген. болбой эле жумушка келген элем. бир кезде чалып алып кет уйуно башталды деди. анан коп отпой эле Фари чалды. атышкандары угулуп, кабинетимден чыкпай отурсам байкем келим алып кетти. калганын телевизордон кордум.
Кыргызымдын чыныгы патриотумун!
!!
#7 05 April 2011 - 16:18
Биз 6-апрель куну таласта болуп жаткан нерселерди угуп, Таластык достор чогулуп бир досубуздун уйундо болгонбуз. Туну менен Таластан бизге кабар келип турду. 7-апрель куну эртен менен бир досубузду Мадина базары тарапка тыштап андан сон жумушка отуп кеттик. Ошол куну биз Акипресске саат 13.00 до Пресс-конференция бардык. Кабардино-Балкарияга барып эн башкы сыйлыкты утуп келген учун бизди чакырышты эле. Биз менен чогуу бийчи кичинекей кыздарыбыз да бар эле. Пресс конференциянын ортуосунда ызы-чуу башталды акипрессте.
Биздин оюбуз балдарды кантип уйуно жеткиребиз,
Сейтекке жеткенче ата-энелерге чалдык. Ар бир ата-энени кутуп балдарын оз колубуз менен тапшырдык. Сейтек балдар борбору борбордук аянтка жакын болгондуктан бизге баары угулуп турду. Телевизордон жакшы маалымат бербегендиктен биз чыдабай аянтка бардык. Оз козубуз менен коруп, элге аралашып Ак уйго жакын бардык. Каза болгондорду оз козубуз менен кордук. Мен соткага болгон нерселерди тартып жаттым, Ак уйдун устундогу снайперлерди да тарттым. Бир бурчта 5-6 киши снайперлерди кантип алып салсак деп катуу талкуу жургузуп жатышыптыр,
мен дагы аларга кошулуп талкууга кириштим. Тарых музейинин устуно чыгып атыш керек деп айттым, мага мылтык берсенер мен ата аламын деп айтсам, алар мени караааап туруп- чон кыз азыр атуучуларды табаыз деп коюшту. Мен ичимден: "Жаль",
деп койдум. Анткени мен озумо ишенген учун ошол сунушту киргизген элем, анткени мен убагында стрельба боюнча чемпион элем. Бир топ убакыт журдук. Анан дагы туну менен шаарды тегеренип журдук, анткени менин улуу балам улуттук гвардияда кызматта эле, ал учун абдан корктук, уйдо отуралбай ал нарядда болгон жерден кете албай журдук.Балам уйго кеткиле деп урушса, биз уйдобуз деп коебуз ага калп суйлоп...кыскасы ал кунду Кудайым мындан ары биздин башыбызга салбасын.Мындан ары жерибизде кан тогулбосун,
ата-энелер балдарын жоготуп сыздабасын.
Тынчтык болсун!
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#8 05 April 2011 - 18:40
Sizderdin jazganinizdardi okup kadimkidei denem zirkirep,sizder menen kowo owol jakta jurgondoi boldum.Kudai saktasin uwundai jaman nerselerden,bir jil otso da ke4ee bolgondoi sezilet.Emi mamleketibiz onolup ketse eken.
#9 05 April 2011 - 19:35
Менин институтум плошадга жакын жайгашкадыктан.
Бирок ошол күнү эртерээк тарап кетип калгам анда баары тынч болчу.
саат 10:30. Андан кийин көп өтпөй эле. Башаламандык башталды. Чүй Алматинский кесилишинде. Мен анда Чуй проспетинде болчумун.
Иним жоголуп кетип ошо инимди издеп жүрдүм. Плошадь жакта экен.
Алыстан карасам бардыгын аткылай баштады. Акүйдүн үстүнөн илбирстин үстүнөн.
Канчалык кан төгүлүп жатты. Жөн эле коркунучтуу.
Аяктан плошадьга акүй жакка барганда,атышуу башталды, атышуу акүйдү алгыча уланды окшойт. Түнү да аябай угулуп жатты.
Анан түнү боюу мародерство болуп жатты. Эртеси чыксаң баары талкаланган.
Сөз менен айта албайсың. Жөн эле кошмар.

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#10 05 April 2011 - 22:49
Мен Подмосковьеде болчумун.Жумушта орустар айтып калышты.Согуш болуп жатат Кыргызстанда деп.Аябай шок болду.Маанайым чөгүп эч ким менен сүйлөшпой каңырыгым түтөп жүрдү.Кыргызстандын тыччылыгын тиледим Кудайдан.Элибизге аманчылык алардын ичинде бала-чакама,
уй-бүлөмө тынччылык тиледим.Аябай жаман болот экен.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#11 06 April 2011 - 14:24
Мен кундогудой эле жумушта болчумун. Демедегидей эле форумдун чанын чыгарып жаткам. Дос балам чалып Бишкекте эмне болуп жатат дегенинен Дизильге кирип оозум ачылып калыптыр. Убакыт убакыт менен кирип Бишкекте тузулуп жаткан кырдаал менен танышып жаттым. Саат 14-00 до шеф келип жумуштан кетеберсенер болот деп уруксат берди. Начальниктин машинесине тыгылып алып уйго жонодук. Кунумдук транспорт графикти озгортуп, ызы чуу болуп жаткан Ала-Тоо аянтынан алыс отконго аракет кылдык. Тобо ошол кунку пробканы айтпа. Борбордук болуктон военный машиналар, жарадар болгон жоокерлерин алып чыгып баратканын коруп жакамды кармандым. Чындыгында эле кырдаал абдан оор экен деген ой биринчилерден ойго келе баштады. Уйго жетип козду телевизордон албай калдым. Бирок ошол куну болгону МТВ гана тартып жатты и то Майкл Жексондун концертин берип туруп алды. Кун баткандан кийин борбордук болуктон жардыруу менен ок атуунун добуштары биз жашаган жака жете баштаганда,
бут документтерди топтом, керектуу боюмдарды камдап коелу деген пикирди уйбуломо киргизем деп бир сыйра кулкуго калдым.
#12 08 April 2011 - 15:48
Бизди да сабактан эрте таратып кетирген, бирок биз уйго барбастан площадка барып коруп келели деп барганбыз балдар менен. Бирок барганда тып тынч болчу, анан башталбады.
... элдер келди жайнаган, атышуулар башталды... биринчи жолу кордум ошондо, аябай жаман болду!!!
Кечке чейин журдум площадта. Уйго келип теледен көрүп өзүм коркуп кеттим!!
!
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#13 11 April 2011 - 16:23
уктап жаткам.. кошмар түш көргөндөй эле болдум. Чынын айтсам ошол кундон бери аз уктачу болдум.
#14 11 April 2011 - 17:13
Мен жумушта болчумун. Туштон кийин офистеги оргтехникаларды бут жыйнап ташып баштадык. Анан кетип бара жатсак кайра чакыртышып имаратты кайтаргыла (мородерлордон) деп эркек сотрудниктерди калтырып коюшту. Ошондо 5 сутка жумушта туногонбуз.
Профессия не определяет личность человека
#15 14 November 2011 - 13:28
7-апрелде мен окууда болчумун башатала электе. Сабак бүткөндө бизди дарбазадан кое бербей атышты. Эл өтүп баратканда бизди да чыгарып ийишти. Байкасам студенттердин көбү Юр.Академияга кирип кетиптир. Мен эл менен кошо жүрдүм, анткени маршрутка жок болчу. Пр. Чүй - Калык Акиевден миң бир түн деген жака чейин жөө бастым. Үйгө кечирээк келдим. Мен келгенде апам ыйлап атыптыр. Мени көрүп сүйүнүп кетти.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#16 21 December 2011 - 15:40
Мен Сахалинде болчумун,орустар оппасынан тушту эле ошондо шылдындап азыр оздорунун башына келип отурат ко.Москвадагы ызы-чуу.
#17 03 March 2012 - 18:54

Супер-Инфо
super.kg
видео