Салам достор!
Биздин керемет Ысык-Көл облусубузда Тоң районунда Киностан борбору ачылат экен.
Бул чечимди ЖК депуттары колдоп чыгышыптыр.
Эми көпчүлүк кино тасмалар Тоң районунда тартыла баштайт экен.
Биздин мамлекетебизде өзүбүздүн мини Голливудубуз болот экен.
Ой-пикирлеринерди жазып койсоңор.
Ысык-Көлдө Тоң районуна Киностан борбору ачылат экен. Ким кандай ой-пикирде
#2 08 April 2011 - 18:21
Эгер "голословное обещание"
болбосо эң жакшы идея деп ойлойм. Акыр-аягы маданиятка да көңүл бура башташкан экен да.
#3 08 April 2011 - 18:25
«Киностан» эркин экономикалык аймагынын жайгашуучу орду катары Тоң районунун тандалып алынгандыгы мыкты чечим. Анткени, ал жердеги элдин этнографиялык өзгөчөлүктөрүн,
керемет жаратылышын кино картиналарда колдонуу өтө ыңгайлуу» - деп оюн ортого салды Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Осмоналиев «Парламент» радиосунун түз эфири аркылуу. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай,
анын пикиринде «Киностан» эркин экономикалык аймагы тууралуу маселеде каражат быйылкы 2011-жылдын бюджетине кирбесе дагы, июнь айындагы бюджетке болгон толуктоолор мезгилинде караштырылыш керек.
«Кино индустрияны мамлекеттин камкордугуна алуу аракеттери Жогорку Кенештин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетинде зор шыктануу менен каралып, жактырууга ээ болду. Ошондой эле адилет сын пикирлердин дагы орун алгандыгы дурус нерсе»,- деп эсептейт депутат.
«Киностан» деп аталган эркин экономикалык аймак тууралуу долбоордун даярдалгандыгы - бул маданиятты алдыга коюунун мыкты үлгүсү болот,- деген пикирин көрүнүктүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров да «Парламент» радиосуна курган маегинде билдирди. Ал мындай демилгени кубаттап жаткан Жогорку Кеңеш депутаттарына ыраазычылыгын айтты.

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#4 08 April 2011 - 23:04
Апрелдин аягына чейин эч кимге ишенбеим деп сөз бергем да,европага визасыз каттагандан кийин.
#5 09 April 2011 - 15:20
Ишке ашып калса жакшы болмок ,колдун кереметин "Боз салкын "кино тасмасынан коруп аябай суктангам.
#6 10 April 2011 - 20:34
Аябай жакшы идея экен , эми ишке ашырышса эле болду ,биздин да озубуздун голивудубуз болот экен да
#8 21 April 2011 - 02:54
Egerde 4yn bolso, tatiktyy tandalgan...Keremet jer.
YMYT bolboso, jurok jarylmak...

Супер-Инфо
super.kg
видео