USSR (10 Апрель 2011 - 10:26) жазган:
Баш аягы 13 көчөт отургузуптурмун. ... Албетте кыздар жардам берип жатышты... Анын ичинен бир көчөттү Kirgizshaaга, бирин operalediге, эки көчөттү карындаштарым Maika жана MIRlive эркетайларга атап койдум.... Ошентип аманат карыздан ашыгы менен кутулуп жаным жай алып калды....
Кэчээ мен таанышкан форумчулардан:
Стратег байке... өлө сонун байке экен.... Сырдаштык, сыралаштык)))
takeshbek... Силерди кантип тааныйм деп коркуп жатты эле, буюрса форумдун активисти болчу жигит экен...
Фамиел эжем... Ноокаттык бул эжекем жумуштун майын чыгарат экен... Күрөк көтөрүп барган жападан жалгыз форумчу) бул эжем иштегенде жигиттер биякта эле калып кетишти.. Уят болот жигиттер)
deer деген бийкеч эски форумчулардан экен, анча аралаша албай жүрдү... Татынакай кыз экен, мага жакты))
ошентип беш бармагын жедик да таркадык.... өзүбүздүн кичинекей банда менен бул окуяны кафелердин биринде майладык)) Баса, Ananaika, мен сизди такыр башкача элестеткем, "наезжать" эткен болсом кечириңиз.)
п.с. Уюштуруучуларга чоң алкыш, Супер инфо азаматсыңар!
Бирде мактап, бирде урушуп ошончо адамды иштеткен бригадирша Аечка эжекеге рахмат! Аял болсо да баарыбыздан көп иштеген Фарида эжеме чоң рахмат, сиз менен таанышканыма кубанычтамын.
