-Билем, сен экзамендердин баарын бешке тапшыргансың. Бирок жашың бар болгону 15 ке келиптир. Мыйзам боюнча 18 жашка толгон гана жарандар студент боло алышат. Мен сенин маселең боюнча Москвага министрликке кат жөнөттум. Сен азыр айылына кете бер, ата-энеңе жардам берип өз жумуштарыңды жасап тур. Министрликтен оң жооп келсе биз сени сөзсүз чакыртабыз, -деди.
Боз улан саамга ойлоно түшүп, макул деп башын ийкеп чыгып кетти.
**********************************************************************************************************************************************
Согуштан кийинки жылдары элет жериндеги турмуш өтө машакаттуу болчу.Согуштун жаракатын айыктырып, кампаларга дан толтуруу үчун эл жапа тырмак керелден кечке эмгек менен алп урушкан мезгил эле. Эркектердин саны азайып кеткендиктен, кары жашы дебей, бала чака дебей тегиз жумуш жасашат. Жээрде кашка аттын үстунө чыканактай болуп конгон Арзымамат эки жагына бидон артынып, илкиген атты улам камчылап тоодон тушуп келе жатты. Анын мойнуна колхоздун табелчилик милдети тагылган эле. Кунугө бир маал, жайыттагы уйлар саалган соң, сүттү колхоздун кампасына жеткирүү милдети да анын мойнунда. Айылга жакындай келгенде анын алдынан чымын -куюн тушүп чуркаган Апиза тосуп чыкты. Колуна ак конверт кармап алыптыр.
-Аке, аке! Сүйунчү! Сизди окууга алышыптыр, мынакей кат келди,-деди.
Ошентип оозунан сары сүтү кете элек жаш улан бакыйган жогорку окуунун жайынын студенти болуп калды. Боюнун кичинелигине карабай сабак окуу жагынан дайыма алдыда жүрду. Зээндүүлүгунөн улам берилген материалды тез эле өздөштүрүп алчу. Ал турсун группалаштарына жардам берип, эсеп чыгаруунун жолун аларга да түшүндүрүп берет.
************************************************************************************************************************************************
Арадан жылдар өттү. Окууну ийгиликтүү аяктаган Арзымамат алыскы тоо койнундагы Үлгүлүү мектебинде мугалим болуп иштеп калды. Үйлөнуп бала -чакалуу болуп эмгегинен баар тапты. Ошол мезгилдин негизги сыйлыгы болгон "Жигули" машинасын кезексиз сатып алуу укугуна да ээ болду (бирок, кийин дал ушул машинасы карьерасына кедергиси тиерин анда сезген эмес эле).
80-жылдары партиянын чакырыгы менен чарбалык жумушка тартылды. Кой чарбасы болуп саналган совхоздо бөлүмунүн башкаруучусунун милдетин аткарып иштей баштады. Советтик доордогу ураан чакырыктардын баардыгы эмгектин темпин тездештирүүгө арналып, алдыга карай гана үндөөр эле. Ошондой чакырыктардын бирөөсү жүз баш койдон эки жүз козу төл алабыз деген чакырык болчу. Дал ушул чакырык Арзымаматтын партиялык карьерасына чекит коерун анда эч ким билген эмес. Совхоздун короо сарайларында багылган койлор метис породасында болуп, койлор көбунчө жасалма жол менен уруктандырылчу. Төл маалында совхоздун активдери планды аткарыш учүн короо сарайларына түнөп калышчу. Тоюттун жетишсиздигинен, сарайдагы сыздан улам туулган козулардын көпчулүгү телчикпей жатып эле тез күндө көз жумушчу. Мындан улам төл маалында отордогу койлорду кароо үчүн бир эле чабан менен жана жардамчысынын күчү жетишпегендиктен бул ишке сакманчылар да тартылчу. Алынган төлду сактап калуу өзунчө эле өндүрүштүк чоң компанияга айланчу. Жасалма жол менен уруктандырылгангабы же башка себептенби, айтор алынган төлдү 100 пайызга сактап калуу иш жүзундө мүмкүн эмес болчу.
Бир жолу кезектеги партиялык чогулушка шашып бара жаткан Арзымамат өзүнүн “Жигулиси” менен байкоостон райкомдун секретарынын "УАЗ"ын обгон кылып өтөт. Заседания башталган соң райкомдун секретары Вагинур Талипов мындай дейт:
-Арзымамат Калдыбаевич, сиз жетектеген бөлүмдө койдун төлү жүзүнө 105 тен ашпады. Менин байкашымча сиз машинаны жакшы айдайт экенсиз. Трассада саатына 120 километр ылдамдыкка да жеткире аласыз. Койдун төлүн неге ошол денгээлге жеткире албайсыз?. Бүгүндөн баштап сиз жумуштан бошодуңуз дейт.
Ошол советтик доордо да бийликте чоңдорго, партиялык төбөлдөргө кошомат кылуу өкүм сүрүп турган болчу. Чындыгында Арзымаматтын жумуштан алынуусунун негизги себеби чарбалык ишти уюштура албаганынан эмес, райкомдун секретарынын машинасынын номурун тааныбастан, шосседе ага жол бошотпой кайра алдыга озуп кеткендиги болгон.
Бирок, партиялык жумушта чоң карьера жасай албаганы менен өзү сүйгөн педагогдук кесибине кайра кайтканына сүйунүп, ал тармакта көп жылдар бою узүрлүү эмгектенди.
Билдирүүнү түзөткөн: vais: 16 Апрель 2011 - 20:31