Суперстан: Монолог. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (978 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...

#941 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   17 Апрель 2011 - 03:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

автобуста бара жатып, бир нерсе жетишпегендей сездим...уюкфонум жанымда...саатым дагы...эстедим. ..
тамакта да, сабакта да,уктасам, турсам, көчөдө, үйдө...сени эңсеткен, сени эстеткен эң акыркы нерсем жоголду...ошол күндөн тартып, чоочун адамга айланыпсың, сен жөнүндө жазбай да калыпмын. чоочун эле эмес, сендей адам жоктой сезим пайда болду...кызык, ошол нерсе эле кармап турган окшойт, биринчи сен жоголдуң, сенден кийин ал жоголду...тагдырдын кокустугун кара, башканын колун кармап кеткениңди уккан күнү аны дагы жоготуп алдым. тагдырдын кокустугу ...деги тагдыр менен кокустуктун чогуу жазылышы туура эмес го, тагдыр деген мурдатан бешенеге жазылган болсо анан кантип анын кокустугу болсун...тагдырым сен экениңе ишенгем, бирок кокустукка айланып кеттиң...ошол үчүн сени тагдырымдын кокустугу деп койдум...мага кокустук болсоң да, башканын тагдыры болчу...бар тилегим, бир тилегим ушул эле...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#942 Пользователь офлайн   adalsvards   17 Апрель 2011 - 10:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Эң жаман жери өзүңдү түшүнбөй калуу болсо керек... "Мени эч ким түшүнбөй жатат" деп даттангым да келбей калды. Эмне каалап, кимди күтүп, кай жакта жүрүп, качан келип, кандай сезип - билбейм, мунун баарынан кабарсызмын. .. Жазды жаман көрөм, ал мага эч качан жакшылык алып келген эмес... Бул жаздан деле өзгөчө нерсе күткөн эмесмин, бирок жылдагы эле көрүнүш. Бирок жалгыз бир жаңылыкка кубанычтамын. Жакшы бир достуу болдум. Болгон арманымды айтып салчу адам таптым. Рахмат, сага жаңы досум... Чоң рахмат...
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#943 Пользователь офлайн   adalsvards   17 Апрель 2011 - 11:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Жар кырында турам мен кол сунуп...

Сезимдерди канчалык четке какпа, жүрөктү кандай денеңден бөлүп салуу мүмкүн эместей эле, аны да ары таштай кетүүгө болбойт экен... Досторум менен отуруп калганда, өз ара тамашалашып калабыз, жыйынтыгы баарына белгилүү болгондой жеке фронттун темасы менен аяктайт. Алар мени "темир жүрөктүү" , же "болоттой эрктүү" деп айта берүүдөн тажашпайт дагы... Бирок чын-чынына келгенде андай сапаттын кыпындай күкүмү жок менде... Башымдан өткөн бир окуя чоң сабак берген. Ошол кайталанбасын деген ниетте "темир зоотту" кийгенге туура келет.

Акыркы эки айда көп нерселер болуп кетти. Азыр мунун баарына өзүмчө талдоо жүргүзүп жатам. Азыркы адамдар жырткыч сыңары. Алсыз болсоң, тебелеп, үн катпасаң жеп деле кетишет эмеспи. Мен конфликттен алыс болууга аракет жасайм. Анткени ызы-чуу менин табитимде эмес. Эгерде кимдир бирөө мага үстөмдүк кылгысы келсе, жөн гана бир кадам аркага жылам. Ушундай ыкма менен жашап келгенмин. Өзүнүн убакыт-сааты жана шарты келгенде, бир кездеги артка кеткен бир кадамды алга эки кадам таштоо менен чыгарып алам.

Бирок бул сапар үстөмдүк кылчулар көбөйүп кетти окшойт. Аркага ага да, буга да бир кадам жыла бердим. Кадамдын чеги болбойт экен, жарга кептелдим. Анын жаракасында турам. Эгерде дагы бирөө мага орун бербей, басып келсе, кулап кетем го дегем. Кечээ бул нерсе кайталанды. Эч ким мага жолун бошотуп бергиси келбей калыптыр. Балким ошого татыктуу чыгармын. Байкоосуздан ал алга карай жылды, менин аны менен күрөшүүгө алым калбагандыктан, аргасыздан артка жылууга туура келди. Жардын кырынын эң кырына жылдым. Эми кадам да керек эмес, болгону кичине катуу шамал... Анан мен ары көздөй кулап кетем... Тилекке каршы аңдан чыгуу кыйын болуп калат. Бирок айла жок. Эч ким мага жардам берүүчү колун сунбай отурат. Же алардын саны азбы? Жаратканга миң рахмат, жакшы бир адам жөнөттү. Бирок ал жардын кырынан ары жылдырып кетүүгө кудурети жетпей отурган кези... Сабырдуу болсоң, күтө турарсың... Мен албетте кайра күчүмө келем, кудуретим кайтат. Болгону менин алдымда калкалап туруучу чеп болуп берчи, убактылуу гана... Эч ким мени ары көздөй ыргытпай турсун... Мен сөзсүз жакшы болом. Мени кыпындай аябай, көңүлүнө алып калабы деп ойлонбогон адамдардын көп өтпөй ары жылууга туура келет. Убактысы да келип калды окшойт. Анткени дүйнө ошондой жаралган, жаз келет, кийин жай келет, анан күз менен кыш, бирок баары бир кайра сөзсүз жаз келет.

Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 17 Апрель 2011 - 11:11

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#944 Пользователь офлайн   Nurjanka   17 Апрель 2011 - 14:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 523
  • Катталган: 28 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 08 Июл 2014 14:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош. Азырынча Москвада

Эх суйуу мынчалык татаалсынсың сенин учун , аягың жок бирде тикен, бирде жай сенин ушул татаал жолуңду басып өтүү мынчалык кыйын. Эгерде сүйүп калуу ушунчалык кымбат, сүйүү көз жашы ушунчалык ачуу экенин билгенимде эч качан эч кимди суймөк эмесмин. Кана менин балалык сезеимдерим, кыялдарым бир кездеги тынч, бир калыпта согуп жаткан жүрөгүм азыр тыбырчылап бир гана адам үчүн согуп ал гана үчүн жашайт эх сүйүү мени мынчалык кыйнайсың деги канчалык сага талпынсамда жетпейт күчүм, кечир мени алсыздыгым үчүн сен үчүн гана соккон жүрөгүмдү неге билбейсиң билсең да баары кеч болду жаныма келбейсиң сүйбөсөңда көңүлүмдү көтөрүп коюнуун ордуна таштап кетиң ташбооор тагдырдын жолуна. Балким башкасыдыр сенин бактың эй жараткан сүйгөнүмө кошпосоң неге жараттың.
Сен кеттиң мен да сага карабадым кош бол деп коштошууга жарабадым болгон өкүнүчтөн өксүп ыйлап бир топ өзүмдү-өзүм дабаладым. Билем азыр сага да жеңилэмес жалгыздык сенин теңиң эмес кыйлага сени кыйнап ойго салат саргайтып сагындыргаң ошол элес. Көз алдымда сени менен акыркы жолу бирге болгонум кыйнап бүттү, тажап бүттүм сени гана ойлогонум кантейин кимге барып айтайын дардымды!
Эй жараткан дагы деле кайтарып бер, сүйүүмдү, махабатымды!
Баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#945 Пользователь офлайн   EmMiR   17 Апрель 2011 - 14:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 880
  • Катталган: 12 Январь 11
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2012 10:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Талашсыз, бир караганда Монолог темасына окшоп кеткен жагы да бар экен. Бирок, жакшылап карап, окуп, ой жугурткон адамга бул тема менен Монолог темасынын айырмасы кыйла экендиги корунот. Ал тургай табышмактуулугу, сырдуулугу менен ал темага караганда "оорураактай" го?.

Албетте, ар кимдин озунун журогундо жургон, башкага батынып айта алгыс ойлору, сырлары болот эмеспи. Анын сынарындай, меники деле бар! Болгондо да канча? Бирок, мен башка бироого айтуудан дайыма кармалып келгем, алигиче кармалып келем. Мумкун, бир куну ошол тосмо жарылаттыр? Мумкун ошол бир учурда жан дуйнону буюктуруп турган ой-санаалар эркиндикке чыгаттыр? Бирок, азыр ал кез эмес экендигин билемин..

Дагы ким жан дуйносун туйшолткон сезим ыргактарын жазат болду экен?

Билдирүүнү түзөткөн: EmMiR: 18 Апрель 2011 - 03:11

Бөлкө нан барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#946 Пользователь офлайн   USSR   17 Апрель 2011 - 20:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жүрөктүн үнүн жүрөккө жеткириш ушунчалык оор экенинен кабары жок жүрөк байкуш акыл-эстин темир чеңгелинде калганын сезбей дагы эле убара.... А мейли... бир күнү өзү түшүнсө тынчып калаар....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#947 Пользователь офлайн   EmMiR   18 Апрель 2011 - 01:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 880
  • Катталган: 12 Январь 11
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2012 10:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сен тынч жашоо кечирип жатасың. Ал жашоо сага бирде ачуусун көрсөтсө, бирде таттусун көрсөтүүдө, бирок, баары бир сен жашоо кечирип жатасың, анткени, сен билесиң, баары алдыда экенин. Турмушта эмне болбосун сен жакшы нерселерге жетүүң али алдыда экенине бекем ишенесиң. Жана ошол ишеним сага канат байлап бактылуулук сезимдерин тартуулайт.

Капыстан, сенин ошол бир калыптагы тынч жашооңдун мемиреген абалын бузуп ошол АДАМ пайда болду. Тагыраак айтканда сен анын жашоосунда пайда болдуң. А сен аны башында көп байкай бербедиң. Кандайдыр бир караан жылт эткенсиди, бирок, сен ага көңүл деле бурбай андан ары кадам шилтеп кете бердиң. Бул эми кийиин, бардык нерсе болуп өткөндөн кийин, сен ошол экөөңөрдүн кайыгыңар кесилишкен жолду чагылдырган кадрларды кайра көргүң келип эми тынч болбой калган жашооңдун ленталарын кайра артка түрө баштайсың. Ошондо ал сенин кайыгыңа көз салып турганын сен ал тургай байкабай турганыңды өзүң сырттан карап таң каласың. Кантип эле мен бул учурду байкабай калгам?

Убакыт өткөн сайын ал караан сага жакындай берет. Ушунда жакындап келет, сен аны жакшылап көрөсүң. Караанды даана көргөндө сен ойлойсуң: “Жоок, бул мени менен бир болуучу адам эмес!” Бул ой сага ал адам адамдын кандай болушу керек жөнүндөгү жалпы кабыл алынган түшүнүктөн улам эмес, ал адам сенин кыялыңдагы ишке ашкыс, жомоктогудай образга дал келбегендиги үчүн пайда болду. Сен ал адамды ошондой гана элестетип көнүп калган элең

Бирок, бул адам сен жөнүндө эч нерсе деле билбейт эле. Ал сен жөнүндө билүүгө, сенин жашооңду түшүнүүгө бүткүл дитин коюп унтула баштайт. Капысынан, ал адам сенин жашооңдо көбөйө баштайт. Ал сен ойлобогон маалда, сен ойлобогон жерде пайда болуп, сен ойлобогон маалда сага телефон чала баштайт. Сен анын ушундай көбөйүп кеткенин ушундан байкайсың, телевизор жандыргандан да чочулай баштайсың, азыр жандырсам, анын элеси пайда болот деп.

Бир күнү, досторуң менен кафеде отуруп, саатты карап жатып, жок жерден эле эсиңе ошол адам тушүп кетет. Кайда жүрдү болду экен? Жок болуп кетти го. Чалбай да калды. СМС да жазбай калды. Эмне жөнүндө ойлонуп жүрөт болду экен?. Эмнеге мага чалбай калды?. Жана ушул эле жерден башка бир ой келет: Мен эмнеге ал жөнүндө ойлоп жатам?.. Дал ушул ойду ойлогондон баштап сенин тынч жашооңдо өзгөрүүлөр болуп баштаганын өзүң да байкабай каласың.


(Уландысы, албетте, БАР!)



Бөлкө нан барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#948 Пользователь офлайн   EmMiR   18 Апрель 2011 - 01:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 880
  • Катталган: 12 Январь 11
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2012 10:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Биздин жашообуздун түшүнүксүзү болуп мына булар эсептелинет окшойт:

Биз чоң курулуштарга ээбиз, бирок биздин кыпындай да сабырыбыз жок, биздин жолдор кенен, бирок, ой чабытыбыз тар.
Көп коротобуз, бирок, баары бир аз. Көп нерсе сатып алабыз, бирок, аз кубанабыз.
Үйүбүз чоң, бирок, үй-бүлөбүз жок. Эң жакшы билимге ээбиз, бирок, акылыбыз андай эмес. Акылыбыз андай болгон күндө да абалды баалай албайбыз. Баалай алган күндө да көйгөйүбүз көп.
Көп сүйлөйбүз, бирок, аз сүйөбүз жана көп жек көрөбүз.
Кантип выживать этишти билебиз, бирок, кантип жашоону билбейбиз.
Жашыбыз өсүп жатат, бирок, оюбуз эмес.
Айга колубуз жетти, бирок, көчөнүн аркы бетине өтө албай жатабыз жаңы кошуна менен таанышуу ушундай оор.
Космостук мейкиндикти багынтуудабыз, бирок, адам көңүлүн дагы эле таба элекпиз.
Чоң иштерди бүтүрөбүз, бирок, жакшы иштерди эмес.
Атомду өзүбүзгө баш ийдирдик, бирок, ой-чабытыбызды эмес. Аны алигиче тизгиндей албайбыз.
Көп жазабыз, бирок, аз билебиз.
Чоң нерселерди пландаштырабыз, бирок, аз нерсеге жетишебиз.
Абаны тазалайбыз, бирок рухубуз чаң басып жатат!
Шашканды үйрөндүк, күтүүнү эмес.

Азыркы доор – бат тамактануунун жана начар тамак сиңирүүнүн, чоң адамдардын жана майда ойлордун, тез баюунун жана кашаң мамилелердин, үй-бүлөлүк кирешенин көбөйүүсүнүн жана ажырашуунун дагы көбөйүүсүнүн, жакшы үйлөрдүн курулуусунун жана үй-бүлө очогунун кыйрашынын доору.
Азыркы доор – кыска аралыктын, начар тарбиянын, бир күндүк мамилелердин, биздин делебени козгогон, бизди тынчтандырган жана бизди өлтүргөн дары-дармектердин доору.
Азыркы доор – башка бирөөгө жакшы кат жазып аны бат жеткире ала турган же аны кетирбей Делейт клавишасын басып өчүртүүгө мүмкүнчүлүк берген доор.

Ошондуктан, келгиле жакшы көргөн адамдарга көбүрөөк убакыт бөлөлү, алар биз менен дайыма бирге боло бербейт!
Келгиле, жакын адамдарыбызга жакшы сөздөрдү арнайлы! Бир ооз сөздөн оозубуз кыйшайып калбайт!
Келгиле, сүйүктүүбүзгө “Мен сени сүйөм”, - деп айталы, бирок, айтаардан мурда ошол сөздү өзүбүз сезели!
Сүйүүгө убакыт табалы, сүйлөшүүгө убакыт табалы, айткыбыз келгенди айтып калалы, балким, бул көз ирмемдер эң бир акыркылардан!

акыл айтып да чарчадым окшойт.
Бөлкө нан барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#949 Пользователь офлайн   USSR   18 Апрель 2011 - 02:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мына эми баары бүттү окшойт... Ошол кичинекей жомок сезимдин бир кайрыгына айланып жүрөктүн бир жеринде кала берди.... чертилип бүтпөй калган комуз күүсүндөй... Айтылбай канча сөз калды... Чачыңдын саамайын искей албай калганым сымал жүрөгүм жаздын жытын сезе албай акырын гана ичинен улутуна ийинин куушуруп коет... Адатта тыбырчылап ийчү эле.... улам күн өткөн сайын көнүп баратат... ананчы, адам баарына көнөт... баарын көндүрөт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#950 Пользователь офлайн   DoctorVOROBEI   18 Апрель 2011 - 12:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 003
  • Катталган: 03 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 19:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аалам

Тушунбойм, эскинин жаратын тырмап не кыласын??? Ушунун баары отту кетти го...Азыр менин жашоом башкада экенин эч тушунгун келбеди го..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#951 Пользователь офлайн   DoctorVOROBEI   18 Апрель 2011 - 12:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 003
  • Катталган: 03 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 19:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аалам

адам суйууго жолуккан сайын, ал ар башка сезим...окшош суйуу, окшош сезим эч качан болбойт... ар бир суйуу ар башка.. ар биринде как в первый раз. Ооба, журокто жарат калат, бирок, алар убакыт откон сайын жазылат.Суйуу бул эйфория, бул жан дуйнонун, адамдын жаныруусу... Байкасам, суйгон адам жашоого, адамдарга болгон коз карашы бактылуу, кулмундогон коздору, жылмайган уурту, бийикке алып учкан жан дуйносу башкача болот экен.... мындан артык эмне бар???????? :маскарапоз:

Билдирүүнү түзөткөн: DoctorVOROBEI: 18 Апрель 2011 - 12:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#952 Пользователь офлайн   Miraida93   18 Апрель 2011 - 13:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 15 Апрель 11
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2021 10:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алай/Гулчо

Сизди суйдум жагып калды атыныз,

Тек тушунбойм, кантип мага жактыныз.

Эч бир жанды тоготпогон кыз элем,

Журогумо кантип ачкыз таптыныз.....


I'm not forcing u but if u agree could we be a friend? A good friend?

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#953 Пользователь офлайн   Miraida93   18 Апрель 2011 - 14:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 15 Апрель 11
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2021 10:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алай/Гулчо

Сизди суйдум жашыныздан жазгандай,

Тагдырыма жалгыз сизди жазгандай.

Узун тунду уйку корбой откором,

Эмне кылам мени мээнет баскандай... :жүрөк: :жүрөк: :жүрөк:


I'm not forcing u but if u agree could we be a friend? A good friend?

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#954 Пользователь офлайн   azulya   18 Апрель 2011 - 14:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 153
  • Катталган: 26 Март 10
  • Соңку аракети: 24 Фев 2012 11:40
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Кулакка жакшы угулат экен, "Журоктун тили" деп...
А менде тил эмес, журоктун озу жок окшойт :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#955 Пользователь офлайн   serche   18 Апрель 2011 - 21:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 24 Февраль 11
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 19:51
  • Жынысы:Аялзаты

Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп,
Жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп.
Жанар тоодой жалын чачкан отуңан
Чыккым келет жанып чыккан таш болуп.

Сүйгүм келет миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет сүйгөнүмө жалынып,
Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.

Көпкөк асман жерге түшсө жарылып,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып,
Ал кыяндан өтөр элем кыйналбай,
Бир көз караш кубатыңды жамынып. А. Осмонов

Билдирүүнү түзөткөн: serche: 18 Апрель 2011 - 21:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#956 Пользователь офлайн   meerime   19 Апрель 2011 - 01:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 017
  • Катталган: 14 Август 10
  • Соңку аракети: 02 Янв 2018 21:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан,Бишкек

...Jurogum bashtagydai oorubait,
Bilbeim nege, birok seni sagynbait.
Elesindi alyp salyp typ tamyr,
Emi saga ech ubakta kairylbait!!!
Alystyk arabyzdy bolup turat,
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#957 Пользователь офлайн   ХАНЗАДА   19 Апрель 2011 - 15:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 04 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 22 Окт 2013 14:27
  • Жынысы:Белгисиз

Мен бир жолу монологго даракты сугарбай койсо соолуйт деген онутто жазган экем, азыр окуп ал оюм туура эмес окшойт деп калдым. Дарактар бар, кимдир бироонун суу сурабай табияттын берген жамгыры менен когоргон, жуз жыл жашаган. Дарактар болот алсыз, иймелинки, алар жанындагы чон дарактын колокосундо кун коруп, суу ичкен. Бирок колокосундо журуп тиги дарактан ашып осуп кетпейт деле. Тескерисинче, ал жоголору менен тиги да туп тамыры менен куурайт. Суу куйсо корктонуп, онуно келген бактар коп. Алар да убактылуу коз жоосун алганы менен, бир кун келип картайып, карт даракка айланып, куну кетет. Кээ бир жашыл жалбырактуу даракты айтышат, тубуно туносон олосун деп. Бир теректи айтышат, дартка-дабаа, жанга шыпаа деп. Бироону айтат, тамыры соолуп ич-этин жеп коет экен дегенсип. Арчаны айтат, жыты буркурап, чирибейт да ирибейт деп. Момолуусун айтышат, ар кандай деп. Кыскасы, табияттын кереметине каршы туруп болобу?! Дагы айтам, бурдо дарак, гулдо дарак! Тамырынды терен матыр, кулачынды кенен жай, аалам кооз, магдыра, жашылдан, жашыба, дарак!

Билдирүүнү түзөткөн: ХАНЗАДА: 19 Апрель 2011 - 15:39

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#958 Пользователь офлайн   andormeda   20 Апрель 2011 - 12:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 784
  • Катталган: 14 Май 08
  • Соңку аракети: 26 Окт 2023 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Би City - 3Dвятое царство

Жаздын салкын, эч кандай романтикасы жок, жамгырлуу таңы. Жол боюнда кыдырата тизилген, таң эрте кай жакадыр шашылган адамдар. Ар биринин жүзүндө окулуп бүтпөс китеп барактары чапталгандай терең ойлор, сезимдер жаткансыйт. ..Бирөө шашыла саатын карайт, бирөө эч нерседен санаа жок, текеберлене жамгырга боюн тосот, эми дагы бирөө келе жатат, колунда кол чатыр кармап алыптыр...Кызык, "Адамдар неге жамгырдан жашынышат болду экен?" деген суроону өзүмө берип, жооп таба албай калдым...
Адамзат дайым бийиктикке, асманга умтулат. А тамчыларчы? Алар неге жерге шашылат, балким биз умтулган бийиктикте деле биз күтүп эңсеген нерселер жоктур. Болбосо кылымдар бою адам баласы зарыгып жетпей келген, учу кыйыры көрүнгүс асманды, таш боор жерге алмаштырып, ошончо чон тездик менен боюн жерге уруп "өлүшпөйт" эле да. Эми эле айнектен сызылып аккан таза-тунук тамчылар, асфальт менен жуурулушуп, кара сууга айланган сайын менде адамдарга болгон түшүнүксүз жек көрүү пайда болду. Неге мынча кирбиз?! Неге мынча таш боорбуз?! Ыпластыгыбыздан көз ирмемде аруу нерсе кара боткого айланып кетти, балким ал бизден аруулук издеп келгендир а биз андан, ошол аруу нерседен кол чатыр алдында жашынып аткандырбыз. ..
Түшүнбөйм, суроолор көп. Жүйөлүү жооп жок...

˙·٠•●♥●•٠·˙ Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#959 Пользователь офлайн   Sadaga   20 Апрель 2011 - 14:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 323
  • Катталган: 09 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 04:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жер шаары :)

ushintip aprel' ayi da akyryn bytyp baratat,jakynda jai da kirip kelet.jai mezgili men u4un bul jashoodo dagy bir 4e4imge kelyy4y ubakyt kelet,emne kylsam degen oi menen bashym oorup ketti,baary jakshy jakka 4e4ilse eken,men kaalagandai bolso eken,bar4u jagym da koboyup ketti,al jaktarga sozsyz barysh kerek,korysh kerek al menen jolugush kerek))oshondoi,bara bara jalgyzdyk menen dostoshup algam.oshol menen eer4iship jurom,yidy da sagyndym,mmm eh jashoo turmush,ubakyt u4up ele baratat go artyn karabai)))
Bud' moim 4udom,stanu tvoei me4toi...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#960 Пользователь офлайн   EmMiR   22 Апрель 2011 - 16:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 880
  • Катталган: 12 Январь 11
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2012 10:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бүгүн кайсы маскамды кийсем?..
Бөлкө нан барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (978 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 53 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 53, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Авг 2025 09:43

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: