Кимдир бирөө биздин ажатыбызды ачканды же кимдир бирөө биздин суранычыбызды аткаргандыр же сөзүбүздү эки кылбагандыр же бир жакшылык кылгандыр. Бардык эле убакытта "Рахмат"
деген сөздү айта бербейбиз. Албетте, бар андай адамдар, кичинекей жакшылык кылсаң да ыраазычылыгын айтууну унутпаган. Бирок, өзүбүз өткөндү таразалап, ойлонуп көрсөк кээ бир адамдарга же бир окуяларга, кубулуштарга,
нерселерге ыраазычылык билдирбей тымпыйып кала бериппиз.
ЭСТЕП көрөлү!
Келгиле, бир ыраазычылык билдирели!
ЫРААЗЫЧЫЛЫК билдирип коёлу! Кимге болсо да, КЕЧ болсо да..
#2 17 April 2011 - 18:33
Ыраазычылык билдирүүгө татыктуу болгон адамдар менде көп эле... Бирок ошону узун сөз кылып жазуунун кереги барбы? Менин оюмча, жок! Алар милдет жолу менен эмес, чын дилинен жардам беришкен, колдоо көрсөтүшкөн,
жол тандоого багыт тандашкан...
Бир гана аларга: "Рахмат аздык кылат, болгону өмүр бою карыздармын"
дегим келет.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#4 17 April 2011 - 21:10
Ыраазычылык билдирүүгө татыктуу болгон адамдар менде көп эле... Бирок ошону узун сөз кылып жазуунун кереги барбы? Менин оюмча, жок! Алар милдет жолу менен эмес, чын дилинен жардам беришкен, колдоо көрсөтүшкөн,
жол тандоого багыт тандашкан...
Бир гана аларга: "Рахмат аздык кылат, болгону өмүр бою карыздармын"
дегим келет.
Мунуңузга кошулам! Демек, "сизде сыйга сый, сыр аякка бал" бар экен!. Ал жакшы.
Бөлкө нан барбы?
#5 17 April 2011 - 23:06
Мен өзүм жөнүндө айта турган болсом - менде ыраазычылык билдире тургандарым көп эле экен, бирок, мен эринбей эле жазып коёюн, мен, албетте, билемин алардын бул жакка кирип окубасын. Болгону - менин жазгандарымды окуган башка замандаштар өздөрүнүн абалдарына салыштырып,
өздөрүнүн ыраазычылык билдирүү карызынан кутулуп же кутулбаса да кайсы бир адамга жакшы сезим калтырат чыгар...
Биринчиден , мени инфузерия-туфелька же личинка же маймыл кылып койбой адам кылып, адамдардын ичинен тоо-ташка же ададын мүчөлөрүнө же болбосо кайсы бир жаныбарга сыйынтып, кор болгон абалда калган же таптакыр ишенимсиз калтырбай мусулман кылып койгон Жаратканыма миң мертебе шүгүрчүлүк! Бул ыраазычылыкты ар дайым айта жүрүү керек деп ойлойм.
Экинчиден , мени ушундай даражага жеткирип, багып чоңойткон ата-энеме ыраазычылык билдирем.

#6 17 April 2011 - 23:26
Үчүнчүдөн
, мени ар дайым колдоп, кеңештерин айтып турган бир туугандарыма
!
Төртүнчүдөн , менин кандай гана иттик сапаттарымды билип көрүп туруп ошол жаман сапаттарыма көз жуумп койгон ДОСторума ыраазычылык билдирем!
Төртүнчүдөн , менин кандай гана иттик сапаттарымды билип көрүп туруп ошол жаман сапаттарыма көз жуумп койгон ДОСторума ыраазычылык билдирем!
Бөлкө нан барбы?
#7 17 April 2011 - 23:30
Бешинчиден
, мен бул форумда кайсы бир жерлерден эрежеден тышкары иштерди кылганымды көрбөмүш болуп коюп жаткан аким, супермодераторлорго,
анын ичинен Мирана эжекеге (мага жагыватат) ыраазычылык билдирип кетем. (Мунум бая, радиого чалып "менин биринчи саламым силердин жамаатка"
дегендей эле болуп кетти окшойт).
Анан, алтынчыдан , 2005-жылы 24-мартта Ала-Тоо аянтын канга боёбой тыынч эле Кыргызстандан чыгып кеткен Аскар Акаичке чоооооң рахмат! Көрсөңөр айтып койгула, накта жигитчилик кылыптыр, качып кетсе да.
Ошо, бүттүм окшойт, ыраазычылыгымды билдирип.

#8 18 April 2011 - 10:59
Аны мен бул жерге катарлап жазып бербейм, себеби буто элек. Рахмат деген соз озу улуу, кочодогу бейтааныш эле адамга, кичинекей нерсеге билдирген рахматын канча сооп алып келет, конул которот, кудурети канча! Рахмат тигиге буга деп кыска айтууга бетим барбайт. Качандыр бир кочодон саат айткан бир адам калып кетсе, абиримдин астында куноокор болуп калам. Айта бермекчимин,
ал эми укканга кудайым жеткирсин...
Окуганыздар учун рахмат...
Окуганыздар учун рахмат...
#9 18 April 2011 - 12:34
Биринчи кезекте АЛЛАХка бул дүйнөго жаратканына.
Ата энеге багып чоңойткон үчүн ыраазычылык билдирем.
Бир туугандарыма ыраазычылык билдирем.
Өзүмдүн досторума ыраачылык билдирем.
Бизге тарбия берген мугалимдерди унутпашыбыз керек, мектептеги универдеги аларга дагы ыраазычылык билдирем.
Бардыгына рахмат.

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#10 18 April 2011 - 13:20
Ээ, айтмакчы мен шефке ыраазычылык билдирүүнү унутуп калыпмын да! Ал, албетте кыргызча билбегендиктен бул жакка кирип окубайт деле. Бирок, баары бир билдирип коёюн.
Мен жумушка дайыма кечигип барганыма эч нерсе дебегенине ыраазымын да! Менин шефимдей шеф, ачыгын эле айтайын - Жок!
Мен жумушка дайыма кечигип барганыма эч нерсе дебегенине ыраазымын да! Менин шефимдей шеф, ачыгын эле айтайын - Жок!
Бөлкө нан барбы?
#11 18 April 2011 - 16:47
Форумдун программисттерине
. Маекти жөнгө салып коюшуптур.Азаматтар!
Бөлкө нан барбы?
#12 18 April 2011 - 17:04
Мени бул жарык дуйного алып келген,менин эн кымбатым Атам менен Апама ыраазылыгымды омур бою билдирем,ак сутун актаганга аракет кылам.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#13 18 April 2011 - 20:23
Жатаканада бирге жашаган кыздарга... Ушунчалык колдоп турушат. Бир мейизди 12ообуз болуп жеп жашап жаткан учурубуз. Бир туугандай эле болуп калдык, жакшылык-жамандыкта жардамын аяшпайт. Коп-коп ыраазычылык билдирем!
..
#14 19 April 2011 - 01:23
Meni ushu darajaga jetkirgen ,ata-eneme yraazychylygymdy bildirem...
Alystyk arabyzdy bolup turat,
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
#15 19 April 2011 - 16:28
Мен ата-энеме мин мертебе ыраазымын!
!! Мага тарбия берип чойоткондоруна.
Атама, ботинкасы жыртылгыча чуркап журуп, ЖОЖго откозгондугуно.
Ата сизге аябай ыраазымын!
!! Тайэжеме, студент кезимде уйуно жашаткандыгына.
Тайжездеме,
ушул жумушту таап бергенине. Анан дагы шефке, анткени ал уникум кишиден мен, коп нерсени уйрондум и уйронуп жатам. Баарынарга терен ыраазымын!
!!!
P.S. Озумо.
P.S. Озумо.
Адам баласы оз бактысынын устаты!
#17 19 April 2011 - 17:39
Бөлкө нан барбы?
#18 22 April 2011 - 21:07
Мен эң жакын досума ыраазычылыгымды билгизем.Тажаткан сууроолорумду берип башын ооруцам да "ой тажаткан жоксуз"-деген жообуна аябай ыраазы боло берем.Негизи арабызда ушундай адамдар бар экени,мени гана эмес жалпы форумчуларды кубандырат.
Рахмат сизге дагы 10000жолу.
#19 07 May 2011 - 19:06
Мындан 70 жыл мурда башталган Алааматта Мекен учун канын- жанын аябай салгылашып Улуу Женишти алып келген Аталарга ыраазычылык!
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#20 07 May 2011 - 21:20
Улуу Ата Мекендик согушта фашизмге каршы күрөшкөн Баатырларга таазим кылам. Жалаң эле согуш ардагерлерине эмес, ошол алаамат учурунда жашаган баардык инсандарга ыраазычылык билдирем. Чыныгы Баатырларга түбөлүк даңк!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео