Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#941 17 Апрель 2011 - 03:53
тамакта да, сабакта да,уктасам, турсам, көчөдө, үйдө...сени эңсеткен, сени эстеткен эң акыркы нерсем жоголду...ошол күндөн тартып, чоочун адамга айланыпсың, сен жөнүндө жазбай да калыпмын. чоочун эле эмес, сендей адам жоктой сезим пайда болду...кызык, ошол нерсе эле кармап турган окшойт, биринчи сен жоголдуң, сенден кийин ал жоголду...тагдырдын кокустугун кара, башканын колун кармап кеткениңди уккан күнү аны дагы жоготуп алдым. тагдырдын кокустугу ...деги тагдыр менен кокустуктун чогуу жазылышы туура эмес го, тагдыр деген мурдатан бешенеге жазылган болсо анан кантип анын кокустугу болсун...тагдырым сен экениңе ишенгем, бирок кокустукка айланып кеттиң...ошол үчүн сени тагдырымдын кокустугу деп койдум...мага кокустук болсоң да, башканын тагдыры болчу...бар тилегим, бир тилегим ушул эле...
#942 17 Апрель 2011 - 10:44
Жеңиш - менин тагдырым.
#943 17 Апрель 2011 - 11:06
Сезимдерди канчалык четке какпа, жүрөктү кандай денеңден бөлүп салуу мүмкүн эместей эле, аны да ары таштай кетүүгө болбойт экен... Досторум менен отуруп калганда, өз ара тамашалашып калабыз, жыйынтыгы баарына белгилүү болгондой жеке фронттун темасы менен аяктайт. Алар мени "темир жүрөктүү" , же "болоттой эрктүү" деп айта берүүдөн тажашпайт дагы... Бирок чын-чынына келгенде андай сапаттын кыпындай күкүмү жок менде... Башымдан өткөн бир окуя чоң сабак берген. Ошол кайталанбасын деген ниетте "темир зоотту" кийгенге туура келет.
Акыркы эки айда көп нерселер болуп кетти. Азыр мунун баарына өзүмчө талдоо жүргүзүп жатам. Азыркы адамдар жырткыч сыңары. Алсыз болсоң, тебелеп, үн катпасаң жеп деле кетишет эмеспи. Мен конфликттен алыс болууга аракет жасайм. Анткени ызы-чуу менин табитимде эмес. Эгерде кимдир бирөө мага үстөмдүк кылгысы келсе, жөн гана бир кадам аркага жылам. Ушундай ыкма менен жашап келгенмин. Өзүнүн убакыт-сааты жана шарты келгенде, бир кездеги артка кеткен бир кадамды алга эки кадам таштоо менен чыгарып алам.
Бирок бул сапар үстөмдүк кылчулар көбөйүп кетти окшойт. Аркага ага да, буга да бир кадам жыла бердим. Кадамдын чеги болбойт экен, жарга кептелдим. Анын жаракасында турам. Эгерде дагы бирөө мага орун бербей, басып келсе, кулап кетем го дегем. Кечээ бул нерсе кайталанды. Эч ким мага жолун бошотуп бергиси келбей калыптыр. Балким ошого татыктуу чыгармын. Байкоосуздан ал алга карай жылды, менин аны менен күрөшүүгө алым калбагандыктан, аргасыздан артка жылууга туура келди. Жардын кырынын эң кырына жылдым. Эми кадам да керек эмес, болгону кичине катуу шамал... Анан мен ары көздөй кулап кетем... Тилекке каршы аңдан чыгуу кыйын болуп калат. Бирок айла жок. Эч ким мага жардам берүүчү колун сунбай отурат. Же алардын саны азбы? Жаратканга миң рахмат, жакшы бир адам жөнөттү. Бирок ал жардын кырынан ары жылдырып кетүүгө кудурети жетпей отурган кези... Сабырдуу болсоң, күтө турарсың... Мен албетте кайра күчүмө келем, кудуретим кайтат. Болгону менин алдымда калкалап туруучу чеп болуп берчи, убактылуу гана... Эч ким мени ары көздөй ыргытпай турсун... Мен сөзсүз жакшы болом. Мени кыпындай аябай, көңүлүнө алып калабы деп ойлонбогон адамдардын көп өтпөй ары жылууга туура келет. Убактысы да келип калды окшойт. Анткени дүйнө ошондой жаралган, жаз келет, кийин жай келет, анан күз менен кыш, бирок баары бир кайра сөзсүз жаз келет.
Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 17 Апрель 2011 - 11:11
Жеңиш - менин тагдырым.
#944 17 Апрель 2011 - 14:18
Сен кеттиң мен да сага карабадым кош бол деп коштошууга жарабадым болгон өкүнүчтөн өксүп ыйлап бир топ өзүмдү-өзүм дабаладым. Билем азыр сага да жеңилэмес жалгыздык сенин теңиң эмес кыйлага сени кыйнап ойго салат саргайтып сагындыргаң ошол элес. Көз алдымда сени менен акыркы жолу бирге болгонум кыйнап бүттү, тажап бүттүм сени гана ойлогонум кантейин кимге барып айтайын дардымды!
Эй жараткан дагы деле кайтарып бер, сүйүүмдү, махабатымды!
#945 17 Апрель 2011 - 14:31
Албетте, ар кимдин озунун журогундо жургон, башкага батынып айта алгыс ойлору, сырлары болот эмеспи. Анын сынарындай, меники деле бар! Болгондо да канча? Бирок, мен башка бироого айтуудан дайыма кармалып келгем, алигиче кармалып келем. Мумкун, бир куну ошол тосмо жарылаттыр? Мумкун ошол бир учурда жан дуйнону буюктуруп турган ой-санаалар эркиндикке чыгаттыр? Бирок, азыр ал кез эмес экендигин билемин..
Дагы ким жан дуйносун туйшолткон сезим ыргактарын жазат болду экен?
Билдирүүнү түзөткөн: EmMiR: 18 Апрель 2011 - 03:11
#946 17 Апрель 2011 - 20:43
#947 18 Апрель 2011 - 01:07
Капыстан, сенин ошол бир калыптагы тынч жашооңдун мемиреген абалын бузуп ошол АДАМ пайда болду. Тагыраак айтканда сен анын жашоосунда пайда болдуң. А сен аны башында көп байкай бербедиң. Кандайдыр бир караан жылт эткенсиди, бирок, сен ага көңүл деле бурбай андан ары кадам шилтеп кете бердиң. Бул эми кийиин, бардык нерсе болуп өткөндөн кийин, сен ошол экөөңөрдүн кайыгыңар кесилишкен жолду чагылдырган кадрларды кайра көргүң келип эми тынч болбой калган жашооңдун ленталарын кайра артка түрө баштайсың. Ошондо ал сенин кайыгыңа көз салып турганын сен ал тургай байкабай турганыңды өзүң сырттан карап таң каласың. Кантип эле мен бул учурду байкабай калгам?
Убакыт өткөн сайын ал караан сага жакындай берет. Ушунда жакындап келет, сен аны жакшылап көрөсүң. Караанды даана көргөндө сен ойлойсуң: “Жоок, бул мени менен бир болуучу адам эмес!” Бул ой сага ал адам адамдын кандай болушу керек жөнүндөгү жалпы кабыл алынган түшүнүктөн улам эмес, ал адам сенин кыялыңдагы ишке ашкыс, жомоктогудай образга дал келбегендиги үчүн пайда болду. Сен ал адамды ошондой гана элестетип көнүп калган элең
Бирок, бул адам сен жөнүндө эч нерсе деле билбейт эле. Ал сен жөнүндө билүүгө, сенин жашооңду түшүнүүгө бүткүл дитин коюп унтула баштайт. Капысынан, ал адам сенин жашооңдо көбөйө баштайт. Ал сен ойлобогон маалда, сен ойлобогон жерде пайда болуп, сен ойлобогон маалда сага телефон чала баштайт. Сен анын ушундай көбөйүп кеткенин ушундан байкайсың, телевизор жандыргандан да чочулай баштайсың, азыр жандырсам, анын элеси пайда болот деп.
Бир күнү, досторуң менен кафеде отуруп, саатты карап жатып, жок жерден эле эсиңе ошол адам тушүп кетет. Кайда жүрдү болду экен? Жок болуп кетти го. Чалбай да калды. СМС да жазбай калды. Эмне жөнүндө ойлонуп жүрөт болду экен?. Эмнеге мага чалбай калды?. Жана ушул эле жерден башка бир ой келет: Мен эмнеге ал жөнүндө ойлоп жатам?.. Дал ушул ойду ойлогондон баштап сенин тынч жашооңдо өзгөрүүлөр болуп баштаганын өзүң да байкабай каласың.
(Уландысы, албетте, БАР!)
#948 18 Апрель 2011 - 01:54
Биз чоң курулуштарга ээбиз, бирок биздин кыпындай да сабырыбыз жок, биздин жолдор кенен, бирок, ой чабытыбыз тар.
Көп коротобуз, бирок, баары бир аз. Көп нерсе сатып алабыз, бирок, аз кубанабыз.
Үйүбүз чоң, бирок, үй-бүлөбүз жок. Эң жакшы билимге ээбиз, бирок, акылыбыз андай эмес. Акылыбыз андай болгон күндө да абалды баалай албайбыз. Баалай алган күндө да көйгөйүбүз көп.
Көп сүйлөйбүз, бирок, аз сүйөбүз жана көп жек көрөбүз.
Кантип выживать этишти билебиз, бирок, кантип жашоону билбейбиз.
Жашыбыз өсүп жатат, бирок, оюбуз эмес.
Айга колубуз жетти, бирок, көчөнүн аркы бетине өтө албай жатабыз жаңы кошуна менен таанышуу ушундай оор.
Космостук мейкиндикти багынтуудабыз, бирок, адам көңүлүн дагы эле таба элекпиз.
Чоң иштерди бүтүрөбүз, бирок, жакшы иштерди эмес.
Атомду өзүбүзгө баш ийдирдик, бирок, ой-чабытыбызды эмес. Аны алигиче тизгиндей албайбыз.
Көп жазабыз, бирок, аз билебиз.
Чоң нерселерди пландаштырабыз, бирок, аз нерсеге жетишебиз.
Абаны тазалайбыз, бирок рухубуз чаң басып жатат!
Шашканды үйрөндүк, күтүүнү эмес.
Азыркы доор – бат тамактануунун жана начар тамак сиңирүүнүн, чоң адамдардын жана майда ойлордун, тез баюунун жана кашаң мамилелердин, үй-бүлөлүк кирешенин көбөйүүсүнүн жана ажырашуунун дагы көбөйүүсүнүн, жакшы үйлөрдүн курулуусунун жана үй-бүлө очогунун кыйрашынын доору.
Азыркы доор – кыска аралыктын, начар тарбиянын, бир күндүк мамилелердин, биздин делебени козгогон, бизди тынчтандырган жана бизди өлтүргөн дары-дармектердин доору.
Азыркы доор – башка бирөөгө жакшы кат жазып аны бат жеткире ала турган же аны кетирбей Делейт клавишасын басып өчүртүүгө мүмкүнчүлүк берген доор.
Ошондуктан, келгиле жакшы көргөн адамдарга көбүрөөк убакыт бөлөлү, алар биз менен дайыма бирге боло бербейт!
Келгиле, жакын адамдарыбызга жакшы сөздөрдү арнайлы! Бир ооз сөздөн оозубуз кыйшайып калбайт!
Келгиле, сүйүктүүбүзгө “Мен сени сүйөм”, - деп айталы, бирок, айтаардан мурда ошол сөздү өзүбүз сезели!
Сүйүүгө убакыт табалы, сүйлөшүүгө убакыт табалы, айткыбыз келгенди айтып калалы, балким, бул көз ирмемдер эң бир акыркылардан!
акыл айтып да чарчадым окшойт.
#949 18 Апрель 2011 - 02:11
#950 18 Апрель 2011 - 12:12
#951 18 Апрель 2011 - 12:30

Билдирүүнү түзөткөн: DoctorVOROBEI: 18 Апрель 2011 - 12:31
#952 18 Апрель 2011 - 13:24
Тек тушунбойм, кантип мага жактыныз.
Эч бир жанды тоготпогон кыз элем,
Журогумо кантип ачкыз таптыныз.....
#953 18 Апрель 2011 - 14:25
Тагдырыма жалгыз сизди жазгандай.
Узун тунду уйку корбой откором,
Эмне кылам мени мээнет баскандай...



#954 18 Апрель 2011 - 14:30
А менде тил эмес, журоктун озу жок окшойт

#955 18 Апрель 2011 - 21:17
Жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп.
Жанар тоодой жалын чачкан отуңан
Чыккым келет жанып чыккан таш болуп.
Сүйгүм келет миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет сүйгөнүмө жалынып,
Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.
Көпкөк асман жерге түшсө жарылып,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып,
Ал кыяндан өтөр элем кыйналбай,
Бир көз караш кубатыңды жамынып. А. Осмонов
Билдирүүнү түзөткөн: serche: 18 Апрель 2011 - 21:18
#956 19 Апрель 2011 - 01:34
Bilbeim nege, birok seni sagynbait.
Elesindi alyp salyp typ tamyr,
Emi saga ech ubakta kairylbait!!!
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
#957 19 Апрель 2011 - 15:39
Билдирүүнү түзөткөн: ХАНЗАДА: 19 Апрель 2011 - 15:39
#958 20 Апрель 2011 - 12:22
Адамзат дайым бийиктикке, асманга умтулат. А тамчыларчы? Алар неге жерге шашылат, балким биз умтулган бийиктикте деле биз күтүп эңсеген нерселер жоктур. Болбосо кылымдар бою адам баласы зарыгып жетпей келген, учу кыйыры көрүнгүс асманды, таш боор жерге алмаштырып, ошончо чон тездик менен боюн жерге уруп "өлүшпөйт" эле да. Эми эле айнектен сызылып аккан таза-тунук тамчылар, асфальт менен жуурулушуп, кара сууга айланган сайын менде адамдарга болгон түшүнүксүз жек көрүү пайда болду. Неге мынча кирбиз?! Неге мынча таш боорбуз?! Ыпластыгыбыздан көз ирмемде аруу нерсе кара боткого айланып кетти, балким ал бизден аруулук издеп келгендир а биз андан, ошол аруу нерседен кол чатыр алдында жашынып аткандырбыз. ..
Түшүнбөйм, суроолор көп. Жүйөлүү жооп жок...
#959 20 Апрель 2011 - 14:57