Уч кундон бери жамгыр тынбай тогот…мен дагы уч кундон бери ооруйм, конулум чогуп, кусалык ансайын ырбай берип, дабасын таппай келем. Мен жамгырды ушунчалык кутчумун…сезимимди тазартаар деп ойлочумун, ал кайра мени кайгы- мунга ороп кетти. Сени келип кетти деп айтышты…бирок мага жолуккандан качыпсын, уйго чейин келипсин…бирок эшигимди какпастан кайра кетипсин…Мен кээде озумдон сурайм, кай жеримден мен сага жаздым экен? Мен жон кана сени суйуп журдум…сенин кулкунду, назиктигинди,
сенин мага болгон аруу сезиминди..сен мени эч нерсе сезбейт дедин…жок жаным, мен сезгендей эч ким бул дуйнодо сезбестир…
Макул, мен ката кетирдим…сен аны билип туруп, мени аядын, мени тыштап кетпедин, мага бир соз айтпадын…ошол сенин таза сезиминди мен эми билип, туюп жатам..бирок кеч болуп калдыбы…билбей турам жаным… Эми сен каяктасын, жан эркем, каяктасын?
Эстейсинби сен экообуздун биринчи жолугуубузду….
Менин азыркыга чейин эсимден кетпейт, ошондогу сенин кулкун...топ кыздардын ичиндеги эн жылдыздуусу сен элен…сахнадагы сенин кылыктанып суйлогонун,
кулгонун, басканын…дегеле.
..мен сени бир коруп суйуп калгам…Досторумдун баары мени шылдындашып,
кулушуп…
ошол эле убакта, экообузго куштар болушуп…эх-
х…бактылуу балалык, биринчи суйуум…
Маданият уйунон чыгып бара жатып сени коруп калдым, жанына басып келип:
- Саламатсызбы чон кыз? - менин атым Мурат. Сиз менен таанышсам болобу?
Ошондо сен каткырып кулуп, - жок, болбойт чон жигит,- деп басып кеттин.
Ошол барабар, менин оюмда сен болдун...окуудан абдан начарлап, сабакка да коп барбай калдым.
Бир куну уйдо отурсам,-мектептер ортосунда сынак болот, даярданганга аз эле убакыт дешип, чурулдап классташтарым келип калышты.Менин конулум суз эле, акыркы убакта бир нече концерттен баш тартып койгом, бул жолкусунда шарт эле макул болдум…анткени шаардык бут мектептер катышмак, мен сени кором деп шашкалактап,
сынактын баардык туруно жазылып алдым. Сен дагы мектепте активистка экенинди билчимин, сен ал сынакка созсуз катышмаксын.
Ошентип сынак куну да келип калды, ал куну мен озумду башкача сезип, жуунуп, таранып, кузгунун астында бир топ убакыт турдум…кузгудон сени кордум..акыркы сенин каткырып кулуп, мени менен таанышпаганынды айтып турганын мага кадимкидей корунуп турду…Мен озумо ошондо соз бердим: «Эмне болбосун, мен сени менен бугун таанышам…болбосо мен Мурат эмесмин», деп жылмайып, анан чыгып кеттим.
Маданият уйундо окуучулар, ата-энелер укмуш коп, аран кирип, сахнанын артына отуп озумдун классташтарымды издеп журуп сени кордум, сен мени байкабадын…мен акырын басып келип:
-Салам, чон кыз, мен Муратмын. Сынакка даярдыгынар кандай?
А сен:
- Салам, мен сенин Мурат экенинди билемин, дагы бир жолу айтыштын кажети жок..
- Кайдан билесин?- деп, мен шашкалактап кеттим.
- Озун айткансын, унуттунбу?- деп, сен жылмайдын.
- Аа, кечирип койчу, мен кээде ушундай унутчаакмын… Сенин атын Зирек экенин мен да билем…
Сен ошондо кулуп жибердин, ушунчалык чын дилинден кулдун...мен сенден козумду албай карап турдум.
- Менин атым Зирек эмес, мен Айзирекмин.
-Мына, таптымбы? «Ай» ды алып койсо «Зирек» болуп калатта,- деп мен дагы кулдум.
Экообуз бир топ суйлошуп турдук, анан ар ким озунун мектебинин кийине турган жерине кеттик. Мен Айзирек экенинди сени коргон биринчи куну эле билип алгам, бирок озун айтсын деп абдан ошол кунду кутчум эле, мына…бугун ошол кун келди…мен бугунку койгон максатыма жеттим, деп озумду мактап койдум, эми сынак, сынакка даярдык коруш керек…
Ошол сынактан кийин сени уйуно жеткирейин десем, сен апан, синдилерин менен экенсин, мен алыстан кана силердин артынардан басып уйунорго чейин узаттым.
Досум экообуз гитара чертип отуруп, бир ой келди мага…Мен кат жазып, досумдан берип жибере турган болдум. Ал катты мен уч кун жаздым окшойт…мен орус класста окугандан кыргызча суйлой да алчы эмесмин, кат жазыш мага абдан кыйынга келди..болду-
болбоду деп, мен катымды орусча жазып досумдан жонотуп жибердим, эки барак толтуруп, озум жазган ыр саптарын кошуп, кооздоп, гул кошуп берип жибердим. Мен жообун шарт эле ошол куну алып келет десем…жок андай болбоду…бир жума куттум, анан чыдабастан досумду кайра суранып, сенин уйуно жибердим. Келди досум…колунда бир барак…ал барактын ичинде…бир эле сап: « Мен сени менен дискотекага барганга макулмун». Мен окуп алып, абдан суйунгонумдон,
баракты кармап алып секире берипмин, анан досум экообуз копко каткырдык, бир убакта эсиме келип,- качан барабыз, ал айттыбы?- ал эми досум болсо мени тан калып карап, - мен сурабадым дейт. Кайрадан кулдук бир топко. Эми качан бараарыбызды сураш учун, кайрадан кат, кайрадан бир жума жооп кутмой…ошондо мен баарына макул болчум…Мен сени менен дискотекага качан бараарыбыздын жообун алганча, сен 16 жашка толдун, мен 17 жашка карадым. Толук 8 ай кат жазмай, жооп кутмой….Кийин дискотекага да бардык, киного барганга да убакыт таап жаттык, мектепте акыркы жыл..сен жалан бешке тапшырып экзамендерине суйунуп жатсан, мен экзамендеримен 3 алып сенин кубанычынды тен болушуп жанында журдум. Сен мени экзаменге даярдап бекер эле убактынды коротуп журдун…ал жон эле шылтоо эле, кундо сенин жанында, сенин суйлогонунду угуп, сени менен кошо каткыруу мен учун чон ырахат эле.Ошондо сен менин жаныма жакыныраак келгенинде абдан жытынды искегим келчу, кучактап алып, эч жанымдан чыгаргым келчи эмес. Эсиндеби…мектеп менен коштошуу …анан бутуруучулор кечеси болуп..ошол куну мен сени биринчи жолу жузундон суйдум эле…Ошондогу суйунуч, калтыроо сезими менен курчалган алигиче менин эсимде…Балалык менен коштошкон кун эле…алдыда коптогон пландар..жашоодогу сынак…баары алдыда эле.
Мына…ошодон бери кыйла убакыт отту..экообуз окууну да бутурдук, уйлондук…бала остурдук…кыйынчылыкты,
суйунучту…баарын тен болуштук… Убакыт учкан канатту сымал зымырап ушул тапка алып келди бизди…
Эсиндеби...дискотекадан сага бир жигит тийишип, сени ыйлатып койгону…мен сени дискотекага киргизип коюп...озум сыртынан карап журчу элемго…сен бийлегенди жакшы корчун, а мен дискотеканы абдан жаман корчумун…бирок дайыма сенин жанына досторумдун бироосун жансактагыч кылып койчумун… Бир убакта досум чуркап келди..Айзиректи «послеармейский» бир бала ыйлатып койду деп, биз анда 10 класста окучу элек, мектепти бутоорубузго 3 айдай калса керек. Мен тиги баланы чакыртып алып, анан паркта тун бир убакка чейин келтектешмек болду эле...балдар эки жаат болуп болунушуп… «послеармейские» анан «до»…мурда ушинтип айтышчу эле. Армияда кызмат отоп келгендердин баары озулорун укмуш «герой» сезишчу. Эртеси чон стадиондо кайра эле ошолор менен жолугушуу болуп, 200 дон ашык бала мени колдошуп, чон уруш болду эле. Шаарыбызды дунгуроткон уруш болгон, «эжекенин кызын таарынтып коюшуптур, мышык козду ыйлатып коюшуптур»,
деп мектеп буткучо соз журуп турду. Сени мышык коз дешип биздин мектептин балдары айтышчу эле…сенин коздорун карангыда жылтырап турчу…ошодон улам, ошол ат сага жабышты да калды. Канча балдар менен мушташтым, кайра достоштум сенин талабынды талашып…кандай бактылуу кундор эстесем… Бутуруучулор кечесинде сени дискотекада ыйлаткан бала ала качам деп, ал учун канча сар-санаа болдум. Мен ошондо сезгендей досторумду кайтартып, баардык нерсеге даяр болгула дегем, анткени сени андыгандар коп болду…сенин жанында кулуп жургонум менен, оюмдун баары сыртта болуп жатты , улам досумдун сурайм тынчсызданып…Корсо.
..мунун баары буйрук экен, мен сени биринчи коргонумдо эле, Кудайым сени мага, мени сага буйруптур.
Эми…сени издеп, сагынып келем..каяктасын,
жан эркем, каяктасын? Сенин кай тарапта экенинди билбей, сенин таарынычынды кантип жазаарымды билбей санааркап турам…сагынычым менин жазган каттарымда ..дептердин саргайган барактарында калды… сенин кадыр-баркынды мен билбедим.Кусалуу жаз кундордун бир кунундо…..качанкы бир жоготкон кундорумду кайра келип калабы деп шугур кылып журом.. Айзирегим менин каралдым…жанымдын эркеси, жан биргем менин, жаншириним….
келчи мага….кутом сени…асылым.
.
Сагынычым менин.... Кусалык журокту эзип, жаныбызды коерго жер таппай калган учурда....
#2 23 Апрель 2011 - 20:27
Ойлонто турган, ада уктап жатканда ойгото турган чыгарма,ээ?
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#3 23 Апрель 2011 - 20:52
Журокту эзет го.

О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#4 23 Апрель 2011 - 21:55
Sonun eken maga da ollo jakty uktap kalaiyn dedim uikum kelip jatkanymda.
Jashoo keremet, erkemden bashka ne kerek
#5 23 Апрель 2011 - 22:34
Жакшы чыгарма болуптур!
Калемиң курчуй берсин.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#6 23 Апрель 2011 - 22:35
Ойлонуп туруп калыпмынго бир саамга!!
! Капырай мен ошол чыгармада жашап жаткандай эле болдум!!
!!
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#7 23 Апрель 2011 - 23:29
#8 24 Апрель 2011 - 00:22
Бул кимдин калемине таандык ыя???
Жакшы .....
Жакшы .....
Кара эшек минген мен дагы өлөм... Кара мерс минген сен дагы өлөсүң!!!!
#11 24 Апрель 2011 - 02:20
Menin bir jakyn dosumdun jashoosunan alyngandai eken..........
Ar nerseni ubagynda sezbegenibis, bizdin eeeen chon jashoodogu jogotuubus....
Ar nerseni ubagynda sezbegenibis, bizdin eeeen chon jashoodogu jogotuubus....
#12 14 Июнь 2012 - 04:05
Bul bir adamdyn turmuwunan alyngan chygarma.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#14 14 Июнь 2012 - 05:29
#15 14 Июнь 2012 - 11:11
Анара эже сонун бирок мен чыраманы Эртен ойлономдун уландысы деп ойлоп койдум,куоосунун каты,сыяктанды аялынын аты Айзирек экен го?
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#16 14 Июнь 2012 - 11:36
Туура тушундунор,
janymai да менин нигим, "сагынычым менин" жана "мен бул жонундо эртен ойлономдун"
каармандары бир адамдар.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#17 14 Июнь 2012 - 13:32
ии башым айланды да,кыйнабай эле бириктирип коюнузчу,анан уландысы
,эрке да болуп кеттим сизге.

Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#18 14 Июнь 2012 - 13:50
Ой Аечка эже сиз чындап эле жазуучусузго.
..Учурдан пайдаланып суроо берип кетсем..Автордук китептер чыгаруу ниетиниз барбы?же уже чыкканбы?Мумкун болсо жалпыга айтып кетсениз..Мен сизден жаны чыгармалардан кутуп калам...
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#19 15 Июнь 2012 - 23:06
Берилуу менен окудум.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#20 16 Июнь 2012 - 13:42
Чынын айтайын,баштан-
аяк эч нерсе түшүнгөн жокмун. Мен бир окуганда эле түшүнүшүм керек эле... Бир жеринде окууну да бүттүрдүк,үйлөндүк,
бала өстүрдүк деп жүрөт...? Баш жагында сен аны билип туруп,мени аядың,мени таштап кетпедиң,мага бир сөз айтпадың... ж.б...
Эми сен каяктасың,жан эркем,каяктасың?
Сени келип кетти деп айтышты...
бирок мага жолуккандан качыпсың... ж.б....
Аяк жагында - эми... сени издеп,сагынып келем... каяктасың,жан эркем,каяктасың?
Буларга эмне болду эле...? Үч сыйра окудум... Капа болбоңуз автор,чыгарма кызыксыз,түшүнүксүз,
супсак!




