Урматтуу форумчулар.
ЗАГСтан катталбагандарга нике кыйган молдолорго штраф деген нерсе айтылып кабыл алынабы?
Бул нерсеге мен негедир түшүнбөй калдым. Ислам дүйнөсүндө эң орчундуу каралган маселе, бул маселени талкуу кылуу үчүн белгилүү бир ээ болуу керек болгон, башкача айтканда фыкх илиминин адиси болуп туруп анан караганы уруксат эмеспи.
Эмнегедир бул маселе боюнча эч кандай билимге ээ эмес жүз жыйырма адам отуруп чечим чыгарып коюшу.
Бул биринчиден дин иштерине кийлигишүү,
экинчиден, бир гана мусулмандарга тийешелүү болгондугу үчүн дискриминация болуп эсептелбейби?
сиздердин пикириңиздер кандай?
Никеге тыюу салуу! Же бийликтин дин иштерине аралашуусу.
#2 29 April 2011 - 14:52
Ие де, каерде антип тыюу салышты?
Анда жарандык никеде (гражд.брак) жашоонун куну туулуптурго? Ансыз да шылтоо табылбай турганда...
Бирок кандай болуп калат? Муну диний кысым катары кабыл алынабы? Же?
Анда жарандык никеде (гражд.брак) жашоонун куну туулуптурго? Ансыз да шылтоо табылбай турганда...
Бирок кандай болуп калат? Муну диний кысым катары кабыл алынабы? Же?
#3 29 April 2011 - 14:59
айтканында калет жок, негизининен мусулмандарга карата чектоо деп да тушунсо болот, бирок юридикалык жактан алып карасак, молдонун никеси да ЗАГСтын так эле озу да, ошондуктан молдолорго (баарына эле эмес бирок, сен айткан фыкх илимине ээ болгон айрымдарына) да ЗАГСтын мумкунчулукторун беруу шарт, башкача айтканда ЗАГСтан каттоодон отуп жаткандагы документти,
молдолорго да бекитип беруу керек, жана мындай куболук бере турган молдолор ар бир шаарда бироо эле болушу керек ...
менимче иштин баары мусулмандарды дискриминациялоодо эмес, мусулмандар менен чогуу иштешкенден коркуп жатышат, тем более биздин мамлекет лайык тактап айтканда "дин менен мамлекет башка башка" деген статуста ... кыскасы баарын эле саясатташтырып салышты, эми болсо очередь динге келип жетти, эх тушунуксуз ...
менимче иштин баары мусулмандарды дискриминациялоодо эмес, мусулмандар менен чогуу иштешкенден коркуп жатышат, тем более биздин мамлекет лайык тактап айтканда "дин менен мамлекет башка башка" деген статуста ... кыскасы баарын эле саясатташтырып салышты, эми болсо очередь динге келип жетти, эх тушунуксуз ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#4 29 April 2011 - 15:56
Assalamu aleikum. Bul masele tuuraluu muftiyattyn oi pikirin tomonku wiltemeden okup je keniri videodon koro alasyzdar.
http://www.muftiyat. ...emid=43&lang=ru (tekst)
http://www.muftiyat. ...emid=49&lang=ru (video)
http://www.muftiyat. ...emid=43&lang=ru (tekst)
http://www.muftiyat. ...emid=49&lang=ru (video)
#5 29 April 2011 - 17:11
Мен:
1. ЗАГС,- андан кийин гана
2. Молдонун никеси,- деген эрежени колдойм. Анткени биз мыйзамдуу республикада жашайбыз.
1. ЗАГС,- андан кийин гана
2. Молдонун никеси,- деген эрежени колдойм. Анткени биз мыйзамдуу республикада жашайбыз.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#6 29 April 2011 - 19:01
Мен:
1. ЗАГС,- андан кийин гана
2. Молдонун никеси,- деген эрежени колдойм. Анткени биз мыйзамдуу республикада жашайбыз.
1. ЗАГС,- андан кийин гана
2. Молдонун никеси,- деген эрежени колдойм. Анткени биз мыйзамдуу республикада жашайбыз.
Эми айтыңызчы, Кыргыз Республикасында дин бийликке, бийлик болсо динге көз карандыбы?
Жок, көз каранды эмес деп жазылган.
Ошону менен бирге дашы айта кетчү нерсе бар. Дин кызматкерлерине мамлекет тарабынан айлыктөлөнүп берилеби? Жоок, такыр төлөнбөйт, анда эмне үчүн Дин кызматкерлери мамлекетке өзүнүн иши боюнча жооп бериши керек? Молдолор муфтиятка жооп берет, эгер мындай жобону киргизем десе, депутаттар эң оболу муфтият менен макулдашышы зарыл.
Нике, бул толугу менен Ислам дининин маанилүү шарттарынан бири, жана ар бир мусулман нике кыйдырмайынча аял кылам деген адам менен бирге болууга мүмкүн эмес. Ошондой эле светтик (светский) мамлекетте жашайбыз, башкача айтканда ар ким мамлекетибизде каалаган динди тутунууга эрктүү, жана анын жоболорун аткарууга да өзү эрктүү.
Бул деген, мусулман болуу үчүн мамлекеттен уруксат алып анан болосун деген нерседей эле. Күбө келтиргенди мамлекеттик каттоодон өтпөстөн кабыл алган адам белгилүү өлчөмдө штраф төлөйт дегендей эле.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#7 29 April 2011 - 19:06
Мен:
1. ЗАГС,- андан кийин гана
2. Молдонун никеси,- деген эрежени колдойм. Анткени биз мыйзамдуу республикада жашайбыз.
1. ЗАГС,- андан кийин гана
2. Молдонун никеси,- деген эрежени колдойм. Анткени биз мыйзамдуу республикада жашайбыз.
Ушундай чечимди кабыл алуудан мурун Мусулмандар Дин Башкармалыгы менен макулдашуусу керек, себеби дагы бир жолу айтпйын мамлекет динден, дин мамлекеттен көз каранды эмес деп жазылып турат конституцияда.
Кыргызда сөз бар эмеспи, тоок сойсо касап сойсун деген. Адис эмес инсандардын менин ишенимимди башкаргысы келгенге мен толугу менен каршымын.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#8 29 April 2011 - 22:22
Мага мамлекет молдонун колундагы токочун талашып аткандай эле таасир калтырып жатат бул дурацкий
мыйзам.
Бөлкө нан барбы?
#9 29 April 2011 - 22:30
Мага мамлекет молдонун колундагы токочун талашып аткандай эле таасир калтырып жатат бул дурацкий
мыйзам.
Мага да ошондой сезилди да. Башка толгон токой маселелер турган динге кийлигишпей эле койушпайбы. Динди муфтият өзү чечсин.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#10 05 May 2011 - 11:21
2-3 аял алып жүргөндөр кантет эми? Мурун го нике кыйдырып жашашчу эле, эми жөн эле ойнош болуп жашай беришет да ээ? Ошол эле депутаттар,
бизнесмендер,
б.а. "крутойлор"
?
```
#12 05 May 2011 - 13:32
Эми баланы отургузуу жөнүндө мыйзам кабыл алышсын. Мисалы мынча миллиметрден кыска кессе штраф. Мынча жаштан кечигип кестирсе - штраф.
```
#13 05 May 2011 - 13:41
Исламга болгон кысымды байкай албай турам.... Нике кыйдыргың келеби-мыйзамды сыйла- ЗАГСтан каттоодон өт. Бул эмне, дискриминациябы?
#14 05 May 2011 - 13:58
Христиандардын чиркөөгө барып венчание кылганын да кошуш керек анда. Еврейлердин синагогага барганын, буддистерди баардык диндерди айтыш керек болчу. Православдарга ошондой шарт койе алышабы? Жок. Эртен эле биздин динге кийлигишип атат деп кыйкырык чыкканда, далай баштар ыргыйт кызматтан.
В тюрьме столько не сидят, сколько вы в интернете…
#16 05 May 2011 - 14:42
Baary butup emi islam dini kalyptyrby iaa??? Biyliktegilerge: " Ozunordun koroonordo oinogula4y!!!
Kokustap kalyp jurbogulo je jumuwunar jakpai jataby??? Jakpai jatsa aitkyla,bat ele almawtyryp koiobuz, jana silerdin da ordunardy taap berebiz!!!
Eskertuu!!!
Esiner barda, eteginerdi jyigyla!!!
Unutpagyla!!!
Islamdy kan4alyk kystyrlagan saiyn, owon4oluk ku4 alat!!!
#17 05 May 2011 - 14:44
Исламга болгон кысымды байкай албай турам.... Нике кыйдыргың келеби-мыйзамды сыйла- ЗАГСтан каттоодон өт. Бул эмне, дискриминациябы?
Нике кыйдырбастан ЗАГСка турууга уруксат бар, себеби биз "светтик" өлкөдө жашайбыз. Нике кыйдыруу бул менин өзүмдүн чечимин, кыйдырбасам деле болот (Мен бул нерсени Кыргызстандын мамлекеттик системасына таянып айтып жатам, Ислам дининин шарияты боюнча болсо нике кыйдыруум шарт). Ал нике кыйган Молдолорго айлык Муфтият тарабынан төлөнүп берилет жана мамлекеттик башкаруу системага эч кандай тиешеси жок. Көз каранды эмес. Ошого эч кандай кийлигишүүгө акысы жок. Анан бул жерде бир гана мусулмандарга айтылып жатат, башка диндин өкүлдөрүнө тийешеси жок. Бул деген Ислам динин кысымга алуу болуп эсептелинет.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#18 05 May 2011 - 14:47
Жарандык никеге, көп аялдуулукка каршы көрүлгөн аракет окшойт да.
Кечиресиз байке, анда формулировкасы башкача болушу керек. Көп аял адууга тыйуу салынат деп закондо белгилеш керек, Ислам дининин иштерине кийлигишпей.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#19 05 May 2011 - 15:11
Нике кыйдырбастан ЗАГСка турууга уруксат бар, себеби биз "светтик"
өлкөдө жашайбыз. Нике кыйдыруу бул менин өзүмдүн чечимин, кыйдырбасам деле болот (Мен бул нерсени Кыргызстандын мамлекеттик системасына таянып айтып жатам, Ислам дининин шарияты боюнча болсо нике кыйдыруум шарт). Ал нике кыйган Молдолорго айлык Муфтият тарабынан төлөнүп берилет жана мамлекеттик башкаруу системага эч кандай тиешеси жок. Көз каранды эмес. Ошого эч кандай кийлигишүүгө акысы жок. Анан бул жерде бир гана мусулмандарга айтылып жатат, башка диндин өкүлдөрүнө тийешеси жок. Бул деген Ислам динин кысымга алуу болуп эсептелинет.
Koldoim dosum! Tuura aitasyn,bul jerde musulmandarga kysym kilip(lohovaitetip ) jatywat. Birdi koruwot go...
#20 05 May 2011 - 15:28

Супер-Инфо
super.kg
видео
















