Никеге тыюу салуу! Же бийликтин дин иштерине аралашуусу.
#22 05 Май 2011 - 15:42
#23 05 Май 2011 - 16:20
#24 05 Май 2011 - 16:25
DoctorVOROBEI (05 Май 2011 - 12:42) жазган:
Доске, капа болбо, корс айтам.
Бул законду кабыл алуу менен бүт проблемалар чечилбейт.
Молдокелер кыздан сурайт, макулсунбу деп, кыздын макулдугусуз нике кыйууга болбойт. Ал нике жараксыз деп эсептелинет.
Андан кийин, эгер бул закон кабыл алынса динди жамынган экстремисстер күч алышы да толук ыктымал
Бир ишти аткараардан алдын ойлонуш керек
Жети өлчөп бир кес демекчи.
Ушул эле нерсе Байракты (мам. символикаларды) Ала тоо аянтын Манас аянты кылууга, Бишкекти Манас шаары кылууга да тийиштүү, өлкөдөтолгон токой проблемалар болсо каяктагы алмаштыруулар менен алектениш болгон иттик. Алмаштыруу менен проблема чечилбейт.
Ойлонуп иш кылыш керек.
#25 05 Май 2011 - 16:40
amantur (05 Май 2011 - 16:25) жазган:

биздин эң биринчи проблемабы3- бул улуттук идеология. Бишкекти Манас деп алмаштыруу иттик болуп калдыбы? Улуттук идеологияны түптөөгө болгон биринчи кадам бул дагы... А диний проблемалар бул ар бир адамдын өзүнүн ишенимине байланыштуу нерселер. Нике кыйдырдыңбы? ЗАГСтан өт. ЗАГСтан өтүп нике кыйдырбагандарга кандай карайт элең?
#26 05 Май 2011 - 16:58
#27 05 Май 2011 - 17:18
DoctorVOROBEI (05 Май 2011 - 13:40) жазган:
Бишкекти Манас деп алмаштыруу менен Бишкектин тургундарынын идеологиясын алмаштыра албайт.
Ал үчүн борбор шаардын атын алмаштырбай, ошол кеткен акчага сапаттуу манас жөнүндө жаш балдарга ылайыкташтырылган китеп чыгарса мына ошол идеологияны түптөөгө жардам болот. Манас деген ысымды ар нерсе койо берип авторитетин да түшүрүп жатабыз.
Идеологияны түптөөгө кадам таштагысы келсе сапаттуу Журнал жана гезит чыгарсын, телевидение жана радиону калыбына келтирсин, элдер кыргыз тилинде толук кандуу маалымат ала алышы зарыл. Айткылачы? Кыргыз тилинде сапаттуу журнал барбы? Ошол орус тилиндеге жалтырак мукабалуу (глянцевый) журналдарды окугусу келет жаш балдар, кайсыл тилде болсо, ошол тилге умтулат.
Диний проблемалар ошол диндин өкүлдөрүнө тиешелүү, мамлекеттик проблемалар мамлекеттин жарандарына тиешелүү. Эгерде Ошол мамлекеттин жараны болгон бир топко тиешелүү жана башка топторго тиешеси жок закон кабыл алынса бул дискриминация дейт.
Нике бул исламдининин маанилүү нерсеси. Башка диндин өкүлдөрү буга эч кандай тиешеси жок. Өзүн мусулман деген адам, шариятка жараша никеден өтүүсү абзел. Бул нерсе Мусулман эместерге эч кандай тиешеси жок жана бул нерсени биздин мамлекетте эч ким таңуулаганы акысы жок. ЗАГСтан өтүп нике кыйдырбаса ал адамдын өзүнүн тандоосу, өзүнүн ишенимине жараша аракет кылат. Үйлөнгөндө ЗАГСка катталуу бул ар бир жарандын милдети, ал менен алардын балдары легилдуу төрөлүшүнө кадам болот. Бирок ЗАГСка катталбаганга молдо күнөлүү эмес. Бул деген мамлекеттик органдардын милдетин Молдолорго жүктөгөн болуп калат.
#28 05 Май 2011 - 17:35
amantur (05 Май 2011 - 17:18) жазган:

сен мамлекетин жаранысыңбы же диний өкүлүсүңбү? Экөөнүн бирөөсүн танда. Ошого жараша талкуу жүргүзөбүз. Экөөнүн бирөөсүн гана танда.
#29 05 Май 2011 - 17:51
DoctorVOROBEI (05 Май 2011 - 14:35) жазган:
Сиз эмне, бул менен ислам дининен чык дегени турасызбы?
Кыргыз Республикасынын жаранымын, ошону менен бирге өзүмдү мусулман деп эсептеймин, жана башка бирөөнүн ушул эки фактты жок чыгаруусуна жол бере албайм.
Мен кыргыз мусулманмын.
#30 05 Май 2011 - 17:57
amantur (05 Май 2011 - 17:51) жазган:
Кыргыз Республикасынын жаранымын, ошону менен бирге өзүмдү мусулман деп эсептеймин, жана башка бирөөнүн ушул эки фактты жок чыгаруусуна жол бере албайм.
Мен кыргыз мусулманмын.
жообуң канаатандырган жок. Дин менен улутту дагы эле айырмалай биле элек экенсиң. Улуттук идеология менен диний идеологияны айырмылай билишиңе тилектешмин.
#31 05 Май 2011 - 23:45
amantur (05 Май 2011 - 14:47) жазган:
исламда көп аял алууга уруксат берилген, а бирок мыйзам боюнча андай кыла албайбыз! Ошондо эмне кылыш керек??? Динди карманабызбы же мыйзамга баш ийебизби??? Мамлекет менен дин бөлөк деп какшап жатканыбыз менен бир тандоого барышыбыз керек го??? Мисалы, Амантур, сен бирден ашык аял алат белен?
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 05 Май 2011 - 23:46
#32 06 Май 2011 - 00:06
Мыйзаам, мыйзаам дейбиз.. ошо мыйзамды ким жазган озу?.. ошо киши озу ошол мыйзам менен иши барбы?..
Мыйзамды бизге окшогон карапайым калктын аткарышын талап кылып оздору мыйзамга тукуруп да коюшпайт. Же Теке братандын видеосуна дагы бир жолу ссылка ыргытышымды каалап турасынарбы?
Же динди танда же жарандыкты танда дегенинер тенирден тескери талап ко?.. Бу, Доктор Воробей, "жок" дегенде озун тушундунбу, кудай жалгагыр, не деп салганынды? .. Жазгандарынды окусам толковый ле адамсын.. бу жазганына тан бердим да.. бовойт да мындай, же актарга кошул же кызылдарга кошул деген. Бир ортосун таап жашап кетели да.. жашоо кызык го акыры. келип.
Билдирүүнү түзөткөн: EmMiR: 06 Май 2011 - 00:08
#33 06 Май 2011 - 00:09
#34 06 Май 2011 - 00:20
EmMiR (06 Май 2011 - 00:06) жазган:
Мыйзаам, мыйзаам дейбиз.. ошо мыйзамды ким жазган озу?.. ошо киши озу ошол мыйзам менен иши барбы?..
Мыйзамды бизге окшогон карапайым калктын аткарышын талап кылып оздору мыйзамга тукуруп да коюшпайт. Же Теке братандын видеосуна дагы бир жолу ссылка ыргытышымды каалап турасынарбы?
Же динди танда же жарандыкты танда дегенинер тенирден тескери талап ко?.. Бу, Доктор Воробей, "жок" дегенде озун тушундунбу, кудай жалгагыр, не деп салганынды? .. Жазгандарынды окусам толковый ле адамсын.. бу жазганына тан бердим да.. бовойт да мындай, же актарга кошул же кызылдарга кошул деген. Бир ортосун таап жашап кетели да.. жашоо кызык го акыры. келип.
хехе, менин жазганыма калыс караган адам гана түшүнбөсө... Биз диний, шарыят жолу менен жашаган мамлекетте жашабайбыз. Биз биринчиден мый3амга баш ийебиз, андан кийин ислам, ыйман жолун карайбыз. Тушунсон, тушун, тушунбосон ИМХО.
EmMIR Мырза, бук менин оюм, мен эч кимге тануулабайм...))))
#35 06 Май 2011 - 00:32
#36 06 Май 2011 - 00:48
"Досум сен кол чатыр (зонтик) жаса, дайыма кол чатыр жаса, бир гана кол чатыр жаса" (башка эч нерсе жасаба).
Кол чатыр жасап күн өткөргөн уста, жазган ырын текшертүү үчүн Шекспирге алып баргандагы алган жообу.
Билдирүүнү түзөткөн: legolas: 06 Май 2011 - 00:48
#37 06 Май 2011 - 00:50
Strateg (06 Май 2011 - 00:32) жазган:
Стратег байке, мен динден отказ бергин деген жокмун. Болгону ар бир инсан кандай мамлекетте жашаганын билсе. Ушул законду колдогонумда, эгер кабыл алынса, кыздарыбыздын укугу корголот белеби деген эле ниет... Ушу жашка келгени, абдан коп кордум, ала качып келип эле нике кыйгандарын. Чала молдо дин бузар дегендей, азыр биздин молдокелердин 80% сабатсыз, арак ичип алкаш болуп журуп эле молдо болгондор. Мейли дейт элем, эгер озун таза алып журсо, мына алыс кетпейин, озумдун эле жашаган жеримди алсам, таксырлар келет, бутунун, колунун, кийимин кири беш эли. Ошолор, ислам динин тазалыка ундорун билбей, кантип нике кыят? Эгер, ушул мыйзам кабыл алынса, чыныгы билимдуу молдокелер калат беле? Ошол эле ой.
#38 06 Май 2011 - 00:58
Док, бир карын майды бир кумала чиритет.. Сиз ушу кумалакты карап эле бутум чыгарганынызга жол болсун?.
Деги эле. азыркы олкодо болуп жаткан ушундай дурацкий кадамдар жана Германия дегеле батыш олколорундогу мусулмандардан коркуу сезими же искусстволук турдо.. душман кылып жон жаткан адамдарды бири бирине кайраштыруу. . АКШнын шектуу кадамдары дагы бир балээнин башталып жатканынан кабар бергенсийт.
А тануулоо боюнча,.. бу озун баштап алып.. же муну танда же тигини танда деп.. анан кайра мага оодара салганын сенин дагы бир тушунуксуз опреацияларын болуп кетти окшойт. Мен деле имхо деп койойунчу тан кору десе.
данк жана дунк (!)
#39 06 Май 2011 - 01:03
#40 06 Май 2011 - 01:09

төмөнкү сөздөргө кошумча эле айтылган экен.
amantur (29 Апрель 2011 - 14:37) жазган:
Эмнегедир бул маселе боюнча эч кандай билимге ээ эмес жүз жыйырма адам отуруп чечим чыгарып коюшу.
Бул биринчиден дин иштерине кийлигишүү, экинчиден, бир гана мусулмандарга тийешелүү болгондугу үчүн дискриминация болуп эсептелбейби?
сиздердин пикириңиздер кандай?
Билдирүүнү түзөткөн: legolas: 06 Май 2011 - 01:12