Суперстан: Монолог. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (978 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 48
  • 49
  • 50
  • 51
  • 52
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...

#981 Пользователь офлайн   Aidanek   02 Май 2011 - 23:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 524
  • Катталган: 19 Январь 11
  • Соңку аракети: 11 Сен 2020 19:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Казань

А бирок сен сезбедин мени...

Сага болгон тунук сезимди...

Сага арналган суйуумду сен ....

Тушунбодун кантейин эми....


Карегин жылдыз болуп жанып турса,


Журогум сагынып,зарыгып куса...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#982 Пользователь офлайн   meerime   03 Май 2011 - 00:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 017
  • Катталган: 14 Август 10
  • Соңку аракети: 02 Янв 2018 21:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан,Бишкек

Kun otkon saiyn jurogum muzdap baratkandai...Ushu boiuncha suukta jalgyz kalgym kelbeit ,jurogum birotolo muz bolup tonup , taptakyr eeribei kaluusunan korkom .Men da bir kelgen jashoodo oz baktymdy taap baktyluu jan bolgum kelet..Sen dep sokkon jurogumdu birotolo senden alystatkym kelet..Birok sensiz jashoonu elestetish kandai kyiyn ekenin bilsen kana..
Alystyk arabyzdy bolup turat,
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#983 Пользователь офлайн   meerime   03 Май 2011 - 00:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 017
  • Катталган: 14 Август 10
  • Соңку аракети: 02 Янв 2018 21:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан,Бишкек

Atyndy kaira kaira kaitalaimyn,
Alystasyn bilem birok,jalbyramyn.
Janyma kel,altynym de bashtagydai,
Sagynych jurogumdu orttop jatat...
Alystyk arabyzdy bolup turat,
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#984 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   03 Май 2011 - 00:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Бала кездеги кыялдарым, эс тарткан сайын өзгөрүлүп, окуучу кездеги кыялдарымдын көпчүлүгү орундалгансыптыр. ..студент учурда кыялдар менен максаттар аралаш жашап келди көөдөндө...студенттик жашоо бүткөн күндөн тартып, башаламан жашоо башталган, кыялдар жок, максаттар дагы...жөн гана жашоо үчүн күрөшкөн бир жан....аз убакыттын ичинде жашоомдун башка нукка бурулуусу менен, кайрадан максаттардын шооласы көрүнө баштады....күн өткөн сайын ал максаттар бири бирине чие байланып, дал эле жөргөмүштүн желесиндей абалга келди....конкреттүү максаттарга айланды....булардын баары, бир гана улуу максатка жетүү үчүн окшойт эле...умтулуп жүрүп, жыгылып-туруп, көңүлүм кирдеп, көөдөнгө так түшүп, чарчап калыпмын....а азырчы....эч нерсени ойлонгум келбейт, бир гана кыялым бар, максат эмес....кайрадан балалыктын байоо кыялдарына кайткым келет....балалыктын эркиндигине. ...балалыктын эркин ой жүгүртүүсүнө. ...балалыктын аруулугуна. ..тазалыгына. ...кайрадан баргым келет...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#985 Пользователь офлайн   DoctorVOROBEI   03 Май 2011 - 08:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 003
  • Катталган: 03 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 19:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аалам

Час пик... Оо, кудай, час пик убагындагы коомдук унаалар.. Бүгүн жарым саатка кеч ойгондум, бети чала-була жууп нымдап сүртүп алып жумушка жөнөдүм. Багы жокко, дагы жок, Даймлер Бенц лимузиним жок, шоферду өкүртө сөктүм. Арманым кудайга жетти окшойт, лимузиним бурчтан калдырап чыга келди... Оо, кудай! Байкуш Даймлерим, Германиядан келгенине өкүнүп жүрсөң керек, бышык экенсиң деп да ойлонуп ийдим. Экстрим. Ушу парашюттан секирип, альпинизм менен, автогонкага катышкандарды түшүнбөйм, адреналин керек болсо, час пик маалында, биздин жолдордо маршруткага эле түшүшсүн, өмүр өткөнчө адреналин жетет. Темадан бурулдум окшойт... Келди анан менин личный лимузиним, терезелеринен чыккан жамбаштар, айдоочунун үстүндө отургандар. .. Эх, өлсөм өлүгүм чыгар деп тостум, эшиикти ачсам эле, көзүм жамандыкты көрбөсүн, түрлүү куйруктар... Жамандын ою жаман деген чын белем, "Вот истинное лицо нации" деп да ойлоп ийдим... Тыгылып атып кирсем, кашайып эшигим жабылбайт, Эй, байке, түртүп жаап койчу деп айдоочу кыйкырды эле, эшикте турганы болгон күчү менен, алынбаган өчү бардай жапты... Бир мужЫктын аркасына чаптала бердим, тааныштарым корбосо экен деп тиленип да ийдим))) Поза "Лотоса" ... Бир бутум артын бирөөнүн аласында, бир бутум бирөөнүн бутунун тебелеген... Жашоомо наалат айтып келатып, тык токтодум, бир колум кайда? Аялдамада калып калдынбы кайраным? Жок, мына. Башка денемдин бөлүктөрүнө караганда,эки кыздын мягкий жерлеринен, жылуу жумшак жер таап алыптыр, уялып кетип, кайра мейличи, жок дегенде сен комфортабельно барчы деп ж өн койдум... Эсиме түштү, жаш кезде 7-8 кыз балдар менен бир машинеге тыгылып алып, "Байкеее, кочкалар менен айдачы" деп суранган маалдар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#986 Пользователь офлайн   Strateg   03 Май 2011 - 09:28

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бүгүн бүтүрбөсөм жумуштарды. Күндө эле эртеңкиге кала берип көбөюп да кетти, биринин үстүнө бири үйүлүп... :treaten: ...
... Же биротоло 10 майдан баштасамбы? :)
```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#987 Пользователь офлайн   supernurgazy   04 Май 2011 - 11:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 675
  • Катталган: 08 Март 08
  • Соңку аракети: 16 Фев 2017 15:21
  • Телефон:Жазып алгандардан сурасаз!
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас!

Бар бололу түгөнбөйлү курдаштар,
Узак узак узак болсун бул сапар!
Кылым бүтүп, бул дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар!

А. Осмонов!
Отунбаевага таазим!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#988 Пользователь офлайн   admin_media   04 Май 2011 - 11:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 746
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:...

Монологду күндөлүккө айландырган, 2-3 соз жазып койгон адамдарды банга айдайм!Сүрөт
SUPER.KG - МААЛЫМАТ-МААНАЙШАТ ПОРТАЛЫ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#989 Пользователь офлайн   Арина   05 Май 2011 - 10:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 488
  • Катталган: 07 Октябрь 09
  • Соңку аракети: 30 Июл 2018 16:35
  • Жынысы:Аялзаты

Түштөрүм бейтынч... Бирок жан-дүйнөдө бакубатчылык. .. Же мен байкабай жатамбы, балким байкоо жүргүзүүдөн тажагандырмын. .. Эң маанилүүсү эч ким капа кылбасын, ал үчүн айрымдар менен сухбатташууну чектедим...
Эбак эле боштук ээлеп, баары күйгөн...
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#990 Пользователь офлайн   USSR   06 Май 2011 - 03:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

-Билесиңби эмнеден тажадым?
-Болгоолоп турам... А эмнеден?
-Жок, сен ойлогондой эмес... Таппадың.... Жан дүйнөнүн кыйкырыгынын жаңырыгына кулак төшөгөндөн тажадым....
-ии... Жаман экен анда.... А тиги, неме... Жоопсуз сүйүү кандай болот?
- Ылайым андайга жолукпа.... Сүйүүң дайыма жооптуу болсун.... жоопсуз экен деп сүйүүдөн баш тартууга болбойт.... Сүйүү деген сүйүү да.... Тигиндей же мындай деп кантип бөлөсүң жаным... ("жаным" деп ичимден айттым да )...
Уйкусуз түн... Жоопсуз сүйүү... Баары аралашкан... Адашкан.... Жакшы тур жаным...(ичимден айттым кайрадан...) эртең угузуп эле айтат окшойм....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#991 Пользователь офлайн   ХАНЗАДА   06 Май 2011 - 15:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 04 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 22 Окт 2013 14:27
  • Жынысы:Белгисиз

Мен бир гана нерсе айткым келип турат. Ооба, менин мунозум ушундай. Кээде буркан-шаркан тушсом, кээде агымым жайлап калат. Бекеринен буркан-шаркан тушпойм, качан гана какшык, калп, адилетсиздик болгондо аны андай эмес, мындай деп айтканым учун, буркан-шаркан болуп, курулдоп суулар агып, чагылгандар чар-чурт болот. Мен качан жайдары болом, конулум ток, ошол кишиге ичтен ыраазы болуп, адилеттуу, чын эле акылга салган, туура сын айтылган, туура создо кун чайыттай ачылып, кокто бир да сур булут жок болгондо. Адамды сыртынан карап муноздоп болобу, ичнен нени ойлоп, нени туюп, нени сезгенин ким билип коюптур. Чычалабайм, онойлук менен, бирок коодонумо таштай тийсе, ичиркентип ийсе гана оюмду жар салам. Андыктан, сен мындайсын, тиги мындай деп айткандарды жек кором. Мени озум да уйронуп буто элекмин, башкалар эмес. Керек болсо, ата-энем, бир тууганым да мени толук уйронуп буто элек. Так что, орустардын "Давай поженимся" аттуу корсотуусундогу обу жок ак чач астрологго окшоп, отуруп алып менин мунозумо, адамдык сапатыма шек келтирип, мыскылдоого, артымдан эмес, козумчо айтууга эч кимдин акысы жок. Бугункусундо коз жумдум, алдындагы тамагы аш болсун деп, эмкисинде тамагы аш болбой турмак какап соок такалгандай болот. Ошо.... нервимди коротпоюн дейм, бирок башта айткандай мен озумду толук уйронуп буто электе башканын мага муноздомо койгонун которо албайм, кабыл да кыла албайм. Ар бир киши озун билсин, ким экенин. Анда жок сапат менде бар, менде жок сапат анда бар.

Билдирүүнү түзөткөн: ХАНЗАДА: 06 Май 2011 - 15:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#992 Пользователь офлайн   AnGelina   06 Май 2011 - 16:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 26
  • Катталган: 25 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 07 Янв 2017 17:33

Мени акылдуу кызсың, баарын таразалап иш кыласың деп көп айтышат. Ооба, бул сөз чын болуш керек. Анткени бир нерседен катуу иренжигим келбейт, ошого адамга толук ишенмейинче абайлап алыстан мамиле кылам. Жаныма жолоткум келбейт. Өткөндө бирөө "сен акылдуу кызсың, бирок эч кимге өзүңдү ишенип тапшыра албайсың. Жаныңа адамды жолоткуң да келбейт" деп айтты эле. Ошондон кийин ойлонуп калдым, чын эле ошондой окшойт. Эч кимге ишенбей калгам... Эми акылдуу кыз акылынан да тайып баратат окшойт... Акылдан тайганда да кечээ акылыма каршы иш тутуп, жүрөгүмө аргасыздан баш ийип бир кадам артка карай кадам шилтедим. Жүрөгүм кадимкидей уйгу-туйгу.. . Артка кадам жок экенин билсем да кайра эсин жоготкон өспүрүм кыздай кайра-кайра өзүмө жүз жолу сөз берсем да кайта берем... Бүгүн ал адам байланышканда кайра оюмдан кайтып кеттим деп койдум. Ал да ушинтип оюмдан кайттым деп жүрө бер деп койду. Мени канчалык кыйнаганыңды билсең эгер...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#993 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   07 Май 2011 - 05:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Асманымда ай тутулуп, "сен" деген жылдыз өчкөн күндөн тартып, кайра бир жанаар бекен, жарыгын чачаар бекен...деп күтүп жүрдүм. Качан гана алыстап качканыңды, түн киргенде жарык чачпай, күн менен батканыңды, окуганда жазганымды, жек көрүп жатканыңды. ..билгенден кийин, негедир мендеги күтүү "бир тамчы шүүдүрүмдүн кара тагы" сымал бозоруп барып жок болгонсуйт. ..өзүмдү ыңгайсыз сезип жүрөм, сенден мага ушул эле сезим калыптыр...муну да бир күн "оңдоймун" деп ойлойм, түздөбөскө адамдык сапатым жол бербейт (жаман адам деп ойлосоң да, "ыңгайсыздыкты" оңдоого жетээрлик адамгерчиликке ээмин...)

Мындай жыйынтык кимге керек эле? деген суроо пайда болду...мага керек эмес болчу, сага да кереги жоктур деп ойлойм...анда кимге керек болду экен...деги ошол адам ким болду экен...эстей албадым эч эле...кимдир бирөөлөрдүн чырагына май тамызып кете берди...ортобузда эмне калды дейм да...менде ыңгайсыздык, сенде болсо жек көрүү...бул эки сезим бири бирин толуктабайт го, экөө эч качан "компромисске" келип "коалиция" кура алышпайт...эх карачы саясатташкан коомдун таасирин...

жашоо өз нугунда уланып келет...кээде кайгырып, кээде кубанып келем...эртеңдер эч качан түгөнбөйт, эртеңден бир күн мурда мен бүтөөрмүн... бүгүн бүтпөгөн жумушка күн батса күйүнүп, эртең да күн бар деп, таң атса сүйүнүп жашап келем..."эртеңки" күндөн баарын күтөм...сенден башка...айтканыңдан кайтпаган адатың бар да...мындан кийин "жаман адам эмесмин" деп актанбайм... "мени жек көрбөчү" деп суранбаймын дагы...өзүн таразалап алаарсың, же турмуш өзү тактап койоор учуру келгенде...
турмуштан өз ордуңду таап кеткениңе эле кубанып олтурам...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#994 Пользователь офлайн   USSR   07 Май 2011 - 10:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Темселеп араң жүргөн жаным жаанда калдым. Атасынын өчү бардай жамгыр бир куят төбөдөн, тамчылар атасынын кунун алып жаткансып эле сабап жатты... Мен жамгырды жакшы көрчү эмес белем? Кайсы күндөн баштап "оппозиция" болуп калганымды такыр эстей албай койдум.... өзүмө ушунчалык чөгүп кеткен окшойм... Тартып алчу киши жок, этегимди бекем бууп акырын кыймылдай берейин... Баягы эле бирде алыстап бирде жакындаган маяк.... Же биротоло чөгүп кетпедим... Башка жакка сүзүп кетейин десем-ортодо көзгө көрүнбөгөн жип бар... Аны кыя чабууга балтам да жок, балтам болсо да алым жок... Жакшы тур, айланып кайра келем... Дагы бир жолу жамгыр жааганда...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#995 Пользователь офлайн   Isabell   09 Май 2011 - 02:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 866
  • Катталган: 20 Январь 11
  • Соңку аракети: 02 Сен 2019 07:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Барнаул

Сенин бүгүнкү жаңылыгынды укканда үстүмдөн оор таш түшкөндөй еле болду.Билесиңби, сага баары жакшы дегеним менен, жүрөгүмдүн түпкүрүндө кандайдыр бир ойлор жей берчи.Сенин мурунку жашооң менен азыркы жашооңдун айрымасын көргөндө,өзүмдү ушунчалык күнөөлөүү сезип, еч ким жок жака качып кетким келчи.Бирок, башкасынан качсам дагы, өзүмдөн,ойлорумдан кача албай койдум.
Сен еми жаңы жашоого кадам таштадың,мындан кийин ең бактылуу адамдардын бири болосуң деп ишенем. Сен үчүн бүгүн ушунчалык кубандым, кубанганымдан ыйлап дагы алдым ( көптөн бери ыйлай елек болчум,бугумду чыгарып алдым десем дагы жанылышпайм):) но я плакала от счастья. Ушу убакытка чейин кабарлашпаганыңдан ойлодум еле, сени навсегда жоготум екем деп.Бирок,сенин бүгүнкү звоногун, айткан жаңылыктарыңдан кийин менин ички дүйнөмдө кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгондой сезилди, на душе так спокойно, светло. Күндө келип жемелеп жеп ийчүдөй болгон ойлор бүгүн жок, кутулдум дагы окшойт и всё ето благодаря тебе. Сен башкачасын, боорукерлигиң, түшүнүктүүлүгүң менен көпчүлүктөн айрымаланып турасың, жаңы баштаган жашооңда жалан жакшылыктар коштоп жүрсүн,сага чын жүрөгүмдөн бакыт каалайм.

Люблю свою пампушку и её папу тоже:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#996 Пользователь офлайн   Асылжан   10 Май 2011 - 11:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 04 Май 10
  • Соңку аракети: 20 Дек 2021 21:08
  • Жынысы:Аялзаты

Эмнегедир бугун арманымды, жок, арман деле эмес, айланамда болуп жаткан нерселерди Сени менен болушкум келди. Баарыбыз Кудайдын, жаратылыштын кенедей бир жандыгыбыз. Бирок ар бирибизде чоон-чоон сыр, кубаныч, суйуу, кайгы-мун бар. Мени бир нерсе бир жылдан бери кызыктырып келет же андан да коппу, билбейм... "Дарактын жумшагын курт жейт" дегенде баарыбыз "байкуш дарак" десек керек. Бирок дарак бактылуу, ал канча жыл бир орунда жылбай турат, канчасына колокосун, канчасына жылуулугун тартуулайт, эми келип бироолордун тоютуна айланат. Ал эми курт ал дагы бир кор пенде экен чиркин, курсагын тойгузам деп катууларына тиши отпой, баягы жумшагына келет экен да жей берет экен, ал деле жашоо учун курош жургузсо керек деп ага да боор ооруйт. Адамдарга келсек, мен дарактай болгум келет, бирок эч кимдин мага тиш салуусуна жол бербейм. Анткени мен Адаммын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#997 Пользователь офлайн   Арина   10 Май 2011 - 12:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 488
  • Катталган: 07 Октябрь 09
  • Соңку аракети: 30 Июл 2018 16:35
  • Жынысы:Аялзаты

көңүлүм куунак... ой-бай, мага жыргалчылык эми келди... жөн эле баары мага жайдары көрүнүп, сүйлөгөндөрү жылуу сезилип... кыскасы... ооба, чегип алдым... тамаша... бирок айдын он беш караңгы күнү бүтүп, эми жарык сааттарга убакыт келди өңдөнөт... :78:
Эбак эле боштук ээлеп, баары күйгөн...
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#998 Пользователь офлайн   serche   13 Май 2011 - 19:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 24 Февраль 11
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 19:51
  • Жынысы:Аялзаты

Бир жигиттин каты


Түпкүрүнөн жүрөктүн,
Тереңинен көңүлдүн...

деп сыздап ырдагандарды мурдатан шылдыңдап күлгөн шок жаным, сени көргөндөн соң шайыр, көңүлдүү жигиттен ойлуу, токтоо жигитке айланганымды өзүм да сезбей калыпмын. Сенин ажарлуу, айдай болуп жаркыраган жүзүңдү алгач көргөнүмдө айдын кызына теңеген элем. Анткени карагаттай көздөрүң, чийме кашың, үлбүрөгөн жумшак эриндериң, кундуз чачың, скульптор чегип жасагандай жүзүң менен айдын кызы болууга татыктуусуң!
Сенин бул сапаттарың эч качан ыр жазбайм деген намыскөй жүрөгүмдү жибиткенин мындан бил:

Олтурамын тоодой ойлор кучагында,
Махабаттын чынжырдаган тузагында.
Жүрөк чиркин жапжаш эле болуп туруп,
Термелип ак сүйүүнүн ыргагында.

Кара көз, узун кирпик, жибек чачың,
Жан-дүйнөмдү эргитчү жылмайганың.
Үлбүрөгөн эриндериң арттырат да,
Ашыктыктын алоолонгон жан кумарын.

Күлө багып, келчи жаным жан жыргата,
Жүрөгүмдү жылытчу нуруң чача.
Болчу жаным жүрөгүмдүн ээси сен,
Мен сүйүүмдү арнайын аста-аста...

Сени көргөндөн бери түн уйкудан азып, башымда ойлор тумандап, түмөндөгөн суроолор жаралып, а бирок бирине да жооп таппай жаным кыйналганым сезээр бекенсиң? Аттиң, сүйүүнүн мынчалык таттуулугун, азаптуулугун сүйбөгөн инсан билбесе керек...
Бул жалганда жакшылыктан үмүт үзбөй, үмүттөнүүнү, кыялданууну билгендигибиз үчүн "АДАМ" деген ыйык сөзгө ээ экендигибизди унутпастан жашап келдим, жашап жатам, жашай да бермекчимин.

АНТКЕНИ, БУЛ ЖАШООДО СЕН БАРСЫҢ!..

Сүйүүсүн арнаган ...



Билдирүүнү түзөткөн: serche: 13 Май 2011 - 19:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#999 Пользователь офлайн   AnGelina   18 Май 2011 - 11:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 26
  • Катталган: 25 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 07 Янв 2017 17:33

Жарылбасам болбойт. Ичимде арманым толуп кетти. Ушунчалык кыйналып кеттим. Баарын ичимде сактап жургондон тажадым. Сени унутаалбай эсим эки эмес торт болуп, жылдар жылдарга айланып жатат. ушунчалык сезимим кучтуу беле, канчалык конулумду калтырган иштер болсо да айланып-тегеренип башым айланып сага токтолом. Айланамдагы эч ким козумо корунбойт же сен жашоомдо пайда болсон мурунку обидаларым кармап сага шанс бербейм. Сени да кыйнап жиберем. Жакшы эле сени менен ачыкчасына суйлошойун деп чечтим эле, дагы не судьба болуп калды окшойт. Менин СМСим керек учурда сага жетпей калыптыр сенин актанып айтышынча... Кайра оз оюмдан кайтып кеттим, намыс кучтуу да болбой эле. Биринчи шаг кылбай калайын... Озум да кыйналдым, кээде сени да кыйнап коем, пайда болуп кайра жок болуп. Просто... сага болгон кучтуу сезим жана кучтуу намыс деген эки нерсе биригип, мен ортодо чайналып жатам, ал аз келгенсип сен да менден откон гордыйсын. Билбейм, чайналып буттум акыр... :капамын:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1000 Пользователь офлайн   Miraida93   18 Май 2011 - 13:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 15 Апрель 11
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2021 10:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алай/Гулчо

    Кайдан келди? неге келди? келбей эле койсо, жолукпай эле калсак болбойт беле? Тагдыр экен жолугушуп калыптырбыз дейин десем....кайра неге ажыратты бизди? Озумо-озум суроо берип чарчадым....окуудан да жашоодон да конул калды... бул суроолордун жообун таба алат бекем...кантип? каерден? 

    Конулсуз кундор отту, тундор отту.....   Кунум отуп, жашоом уланууда, сага болгон сагынычым кундон кунго кучоп баратат....кокурогумду бошотуп, кыйкырып-кыйкырып ыйлагым келет....сен экообуз жургон жолдон жуз жолу журуп да сени таба албай койдум.... 

Кайдасын азыр кайдасын? Тагдырдан таптан табылгам....Азыр каерде, эмне кылып журот?  Кимдин колун кармап, кимге суйуусун арнап журду экен? Бир жолу болсо да мени ойлоп койду бекен? Тугонбогон суроолор.....

Озунду бир коргондо ашык болуп,

Суйгонмун куйуп жанып алоолонуп,

Жуз буруп сен башкага кеткен кундон,

Журомун соолуп калган гулдой болуп!!! !!

Билесинби суйуудон жанылганмын,

Озунсуз жашоого кабылганмын,

Жалынып келээринди кундо самап,

Билесинби туболук сагынаарым. ...


I'm not forcing u but if u agree could we be a friend? A good friend?

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (978 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 48
  • 49
  • 50
  • 51
  • 52
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Авг 2025 09:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: