Суперстан: Никеге тыюу салуу! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Никеге тыюу салуу! Же бийликтин дин иштерине аралашуусу.

#41 Пользователь офлайн   DoctorVOROBEI   06 Май 2011 - 01:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 003
  • Катталган: 03 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 19:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аалам

Просмотр сообщения EmMiR (06 Май 2011 - 00:58) жазган:

Леголас, жазгандарын ушунчалык лаконичный болуп.. мен байкуш тушуно албай убара..

Док, бир карын майды бир кумала чиритет.. Сиз ушу кумалакты карап эле бутум чыгарганынызга жол болсун?.

Деги эле. азыркы олкодо болуп жаткан ушундай дурацкий кадамдар жана Германия дегеле батыш олколорундогу мусулмандардан коркуу сезими же искусстволук турдо.. душман кылып жон жаткан адамдарды бири бирине кайраштыруу. . АКШнын шектуу кадамдары дагы бир балээнин башталып жатканынан кабар бергенсийт.

А тануулоо боюнча,.. бу озун баштап алып.. же муну танда же тигини танда деп.. анан кайра мага оодара салганын сенин дагы бир тушунуксуз опреацияларын болуп кетти окшойт. Мен деле имхо деп койойунчу тан кору десе.

данк жана дунк (!)


мен бир эле кумалакты айтканым жок))) коп кумалак бир карынды чиритет болуп атканын коруп айтканым))) тигини же муну танда дегеним да, бул оз оюмду тануулагандык эмес, бул болгону кандай мамлекетте жашап атканын, конституция баарына бирдей кабыл алынганын, светское государство болгондон кийин, биринчи мыйзамды тандайбы же шарыятка карайбы ошону билейин дегеним))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   USSR   06 Май 2011 - 02:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения legolas (06 Май 2011 - 00:48) жазган:


"Досум сен кол чатыр (зонтик) жаса, дайыма кол чатыр жаса, бир гана кол чатыр жаса" (башка эч нерсе жасаба).

Кол чатыр жасап күн өткөргөн уста, жазган ырын текшертүү үчүн Шекспирге алып баргандагы алган жообу.

Кандай ой менен жазганыңды түшүнүп турам, бирок бул икаябы,притчабы(ишигылып ушундай бир нерсе) бул талкуулардын фонуна коошпой калды.... "кол чатыр устасы" элем деп "ыр жазбай коюу" бул жеткен акылсыздык. Шекспир да айтат десе эле айтып койгон экен да!

Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 06 Май 2011 - 02:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   USSR   06 Май 2011 - 02:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Окуп чыктым... Зерикпей... Кээ бир динчилдердин ой жүгүртүүсү кооптондурбай койбойт. Чочубагыла, атеист же христиан же теңирчи же кришнаид эмесмин. Жамы кыргыз өзүн мусулман эсептегендей эле мусулманмын. Болгону чала мусулманмын. Кыргыздардын көпчүлүгү(дээрлик баары) мен сыяктуу эле "чала" мусулман. Айтайын дегеним мындай. Дин жөнүндө сөз козгоордо туугандар, Кыргыз Республикасы бар экендигин, анын Башмыйзамы ж.б. мыйзамдары бар экенин унутпасаңар. Мыйзамга баш ийбей шарият менен жашагысы келген адам тээтиги ислам мамлекеттерине көчүп кете берсин. (укугу бар ошентишке) Болбой эле мыйзамды көзгө илбей шарият мыйзамдарын бетке чаба берсе-бул чектен чыккандык. ИДУ, Вахабисттердин позициясы ушундай беле?? Ошо, туугандар. Талашты токтотолу, мыйзамды сактайлы, ыйманыбызды таза кармайлы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   06 Май 2011 - 03:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

ИДУ, Вахабизмдин Ислам түшүнүгү менен башкаларды да ошондой кароого болбойт го...Ислам түшүнүгү ар бир аймактын климаттык өзгөчөлүктөрүнө, мусулмандардын жашоо образына, көчмөн же отурукташкандыгына, Исламга чейинки ишеничтерине ж.б. жараша ар башкача калыптанган. Мына ушундай факторлордун негизинде Ислам көптөгөн мазхабтарга жана агымдарга бөлүнгөн. Кыргыздардын арасында жалпысынан фыкхта (укук) Ханафий, итикадда (ишенич/теологиялык система) Матуридий агымдары кеңири таралган. Булар салттык Ислам деп аталат (мурдатан калыптанып калган). Ал эми мамлекет, дин, плюрализм, эпистемология ж.б. жөнүндө Абу Ханифа менен Матуридинин эмгектеринен карап көрсөк, салттык Ислам ишеничибизди дагы да терең түшүнүүгө болот. Абу Ханифага таандык деп эсептелген беш даана диний эмгек азыркыга чейин муундан муунга өтүп келди. Өзгөчө Матуриди көптөгөн маселелер боюнча жазган. Анын "Китабу-т Тавхид" жана "Тавилату- л Куран" аттуу эмгектери бизге чейин жетти. Салттык Ислам ишеничибиздин негиздери болгон жогорудагы эмгектерде берилген пикирлер менен ИДУ, Ваххабизмдин окуусун бир кароого таптакыр эле болбойт. Деги эле, ИДУ саясий партия да, саясий партия менен мазхабтын айырмасы бар...оболу салттык Ислам ишеничибиздин негиздерин үйрөнсөк деп ойлойм. Муну менен бирге эле ар түрдүү көз караштагы "дин аалымдарыбыз" да көбөйгөнүн танууга мүмкүн эмес. Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан тартып ар түрдүү багыттагы агымдар да кирип келишкендиги маалым. Алардын ортосунда да көптөгөн пикир келишпестиктер жок эмес. Улуттук статистикалык комитеттин мындан 7-8 жыл мурдагы маалыматына карасак, калктын 84 пайызы өздөрүн мусулманбыз деп эсептейт экен. Бирок, булардын баардыгы бирдей көз карашта деп айта албайбыз. Алардын арасында көпчүлүгү мусулман болгону менен, дин менен көп деле иши жоктор, ар түрдүү көз караштагылары бар, экстремисттик маанайдагылары ж.б.. Бул айырмачылыктарды да эске алуу менен Кыргызстандагы жалпы мусулмандарга баа берүү адилеттүү болбой калат го.

1. Дин тарапкери болгон колдонуучуларга оболу салттык ишеним тууралуу кеңири маалымат алууларын;
2. Коомдогу диндин ролуна маани бербеген колдонуучуларга динди социологиялык феномен катары изилдеген эмгектерди окуп койууларын сунуш кылам. (Темага жазганыңарга караганда мамлекет-дин мамилеси кызыктырат деген ой менен...)

Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 06 Май 2011 - 03:25


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   USSR   06 Май 2011 - 07:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Kirgizshaa (06 Май 2011 - 03:19) жазган:

1. Дин тарапкери болгон колдонуучуларга оболу салттык ишеним тууралуу кеңири маалымат алууларын;
2. Коомдогу диндин ролуна маани бербеген колдонуучуларга динди социологиялык феномен катары изилдеген эмгектерди окуп койууларын сунуш кылам. (Темага жазганыңарга караганда мамлекет-дин мамилеси кызыктырат деген ой менен...)

Досум мени кайсы группага кошосуң, муногу китеп деп авторун жана атын айтып койчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Romantic   06 Май 2011 - 16:35

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Bul jerde e4 kim zakondu tebelegen jok,bolgonu musulmandarga bolgon biylik tarabynan kysym jonundo soz bolatat. Myizamga takap korkutup, urkutpoi ele koigula.Korkup butkonbuz ebak! Myizamdy buzgan e4 kim jok,baardygy myizan 4eginde.Silerdin myizamdy siylap jatkanda ,siler da ALLAnyn myizamyn syilagyla!!! Kudaidyn aldyna barganda kantip joop beresiner???


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   USSR   06 Май 2011 - 17:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Romantic (06 Май 2011 - 16:35) жазган:

Bul jerde e4 kim zakondu tebelegen jok,bolgonu musulmandarga bolgon biylik tarabynan kysym jonundo soz bolatat. Myizamga takap korkutup, urkutpoi ele koigula.Korkup butkonbuz ebak! Myizamdy buzgan e4 kim jok,baardygy myizan 4eginde.Silerdin myizamdy siylap jatkanda ,siler da ALLAnyn myizamyn syilagyla!!! Kudaidyn aldyna barganda kantip joop beresiner???

Мыйзамдар (Алланын да, мамлекеттин да) баарына бирдей, "силердин" , "биздин" деген түшүнүк болбоо керек! Мыйзамдар (Алланын да, мамлекеттин да)- коркутуп-үркүтүү үчүн эмес, сактоо үчүн жаралган. Динге болгон кысым башкача болот, бул жерде болгону ислам динине гана карата теңсиздик болуп калгандай. Молдолор үчүн эле эмес, поп священник ж.б. дин кызматкерлери үчүн да дал ушундай эрежени киргизүү керек деп эсептейм. Жок дегенде көп аялдуулук, жарандык нике дегендер азаймак.
п.с. ЗАГСтан каттоосу жок кыйылып жаткан никелерди мыйзам чегинде деп эсептесен, анда билбейм, сен үчүн "мыйзам" деген түшүнүк башкача маанини берсе керек.

Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 06 Май 2011 - 17:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   amantur   06 Май 2011 - 17:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Просмотр сообщения USSR (05 Май 2011 - 20:45) жазган:

исламда көп аял алууга уруксат берилген, а бирок мыйзам боюнча андай кыла албайбыз! Ошондо эмне кылыш керек??? Динди карманабызбы же мыйзамга баш ийебизби??? Мамлекет менен дин бөлөк деп какшап жатканыбыз менен бир тандоого барышыбыз керек го??? Мисалы, Амантур, сен бирден ашык аял алат белен?


Мен илгери да бул суроого жооп бергенмин, сиз ачкан темаңызда.


Мен бир эле аял алууга ниетим бар, бирок коомдогу социалдык абал ошону талап кылып жатса балким аялымдын уруксаты менен алмакмын, эгерде чындап ошол нерсе керек болсо.

Исламда экинчи аял алуу үчүн биринчи аялдын уруксаты керек. Ошондой эле эгерде мыйзам экинчи аял алууга тыйуу салып жатса мен алмак эмесмин, себеби Исламда уруксат бергени менен буйрук берген жок көп аял ал деп, бирок мамлекет тарабынан чочконун эти желинсин деген мыйзам кабыл алынса албетте баш иймек эмесмин.

Исламда эки аял алууга буйрук берилген эмес, мыйзамда эки аял алганы тыйуу салынып жатса мен албаймын.


Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Programmer   06 Май 2011 - 17:23

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

2008 жылы аз жерден депутаттар ушул көп аял алуу мыйзамын кабыл ала жаздады Бакиев убагында.
Азыр эми булар эмне кылып жатканы. Молдолорго штраф койгонго кандай акысы бар.
Мен чынында түшүнбөйм булардын чечимдерине жана колдобойм.
Саясатчыларда ыйман жок.
Элде ошол саясатчыларга ишеним жок.
Бул депутаттар эл үчүн бир дагы мыйзамды кабыл алган жок.
Бир мыйзамы Путинге чокунун атын ыйгарып
анан Биолабораторияны курууга уруксат берип,
Дагы желекти алмаштырабыз деп чыкканы.
Эми анысы бүтүп кыларга иш таппай молдолорго асыла баштады.
Кыскача биздин саясатчыларга сөз жок.

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 06 Май 2011 - 17:25

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   amantur   06 Май 2011 - 17:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Просмотр сообщения DoctorVOROBEI (05 Май 2011 - 21:20) жазган:

хехе, менин жазганыма калыс караган адам гана түшүнбөсө... Биз диний, шарыят жолу менен жашаган мамлекетте жашабайбыз. Биз биринчиден мый3амга баш ийебиз, андан кийин ислам, ыйман жолун карайбыз. Тушунсон, тушун, тушунбосон ИМХО.

EmMIR Мырза, бук менин оюм, мен эч кимге тануулабайм. ..))))


Мен сиздин пикириңизди түшүндүм. Бирок сиз өзүңүз ошол динди мамлекеттен ажырата албай жатасыз. Биринчиден мен бир кыз менен сүйлөшүүгө толук укугум бар, туурабы? Ал менен уктоого жана башка нерселерди аткарууга ал кыздын макулдугу менен болсо биздин мыйзамга жараша менин укугум бар, башкача айтканда каалаганымды кылам, кааласам ал кыз менен бирге жашашым мүмкүн, жакшы көрөм да, бирок ЗАГСтан өтпөсөм, биз балалуу болсок ал бала мыйзамсыз төрөлгөн бала болуп эсептелинет, башкача айтканда менин аталык укугум жок болот. Кааласам өтөмүн ЗАГСтан, кааласам кийинчереек, башкача айтканда каалаган адам менен жашаймын, каалаган убакыттка каалаганым менен болом. Бул нерсеге кошуласызбы? Биздин мыйзам бул нерсе каршы боло албайт.


Эми динди карайлы, мен христиан болсом, церковьго барып венчание кылсам ал венчание экөөбүздү МЫЙЗАМ алдында бизди үйлөнгөн деп эсептебейт, биздин мыйзам боюнча башка миңдеген обряддарды өткөзүүгө укуктуумун, себеби бул менин тандоо (Албете эгерде ошол Дин же секта катталган жана Кыргызстанда иш жүргүзүүгө укуктуу болсо) Бул обряддар, эч кандай мыйзамга тиешеси жок. Мен нике кыйдырсам, мен бул менен мыйзамдуу үйлөнгөн болуп эсептелбейм, жана бул обрядды өткөрүүгө эч ким тоскоол боло албайт себеби биздин конституцияда андай тыйуу жок. ЗАГСтан катталгыча биз мыйзамдуу ұйлөнгөн болуп эсептелбейбиз жана эгер мен кааласам жана кыз кааласа экөөбүз бирге жашагны укугубуз бар, туурабы, нике кыйдырабызбы же кыйдырбайбызбы бул биздин укугубуз. Динди мамлекетке аралаштыруунун кереги жок. Ошондо хаос башталат. Мамлекет динден тышкары деп каралып жаткандан кийин аралашуунун кереги жок. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, анда мамлекет свеьский болбой калат.


Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   amantur   06 Май 2011 - 17:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Просмотр сообщения DoctorVOROBEI (05 Май 2011 - 21:50) жазган:

Стратег байке, мен динден отказ бергин деген жокмун. Болгону ар бир инсан кандай мамлекетте жашаганын билсе. Ушул законду колдогонумда, эгер кабыл алынса, кыздарыбыздын укугу корголот белеби деген эле ниет... Ушу жашка келгени, абдан коп кордум, ала качып келип эле нике кыйгандарын. Чала молдо дин бузар дегендей, азыр биздин молдокелердин 80% сабатсыз, арак ичип алкаш болуп журуп эле молдо болгондор. Мейли дейт элем, эгер озун таза алып журсо, мына алыс кетпейин, озумдун эле жашаган жеримди алсам, таксырлар келет, бутунун, колунун, кийимин кири беш эли. Ошолор, ислам динин тазалыка ундорун билбей, кантип нике кыят? Эгер, ушул мыйзам кабыл алынса, чыныгы билимдуу молдокелер калат беле? Ошол эле ой.


Мусулман болуугамамлекет зордоп жаткан жок.


Молдолордун проблемаларым муфтият чечсин, кээ бири сабатсыз дегенге кошулам, бирок муфтият указ чыгарбадыбы, нике кыйуу үчүт сертификат алына турган болот, жана сертификат алуу үчүн аттестациядан өтүш керек, Муфтият өзүнүн иштерин оңдоп жатат. Эч кандай указ чыгарбады го ЗАГСтан өткөндөргө нике кыйылбайт деген, өзүнүн ишин аткарып жатат, эмне үчүн мамлекет киришет диндин ишине?

Ошондой эле ачык эле айтамын ошол жүз жыйырма депутаттын көпчүлүгү сабатсыз деп, ага деле көңүл бурулбайбы. Тоок сойсо касапчы сойсун демекчи, Дин иштерин дин өкүлдөрүнө койуп берсин.


Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Programmer   06 Май 2011 - 17:44

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Просмотр сообщения amantur (06 Май 2011 - 17:38) жазган:

Мусулман болуугамамлекет зордоп жаткан жок.


Молдолордун проблемаларым муфтият чечсин, кээ бири сабатсыз дегенге кошулам, бирок муфтият указ чыгарбадыбы, нике кыйуу үчүт сертификат алына турган болот, жана сертификат алуу үчүн аттестациядан өтүш керек, Муфтият өзүнүн иштерин оңдоп жатат. Эч кандай указ чыгарбады го ЗАГСтан өткөндөргө нике кыйылбайт деген, өзүнүн ишин аткарып жатат, эмне үчүн мамлекет киришет диндин ишине?

Ошондой эле ачык эле айтамын ошол жүз жыйырма депутаттын көпчүлүгү сабатсыз деп, ага деле көңүл бурулбайбы. Тоок сойсо касапчы сойсун демекчи, Дин иштерин дин өкүлдөрүнө койуп берсин.




amantur туура жазасың молдолордун көйгөйлөрүн муфтият чечкени туура.
Парламент эмес. ЖК дин жакка кийлигишпей эле койсун.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   amantur   06 Май 2011 - 17:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Просмотр сообщения USSR (06 Май 2011 - 14:06) жазган:

Мыйзамдар (Алланын да, мамлекеттин да) баарына бирдей, "силердин" , "биздин" деген түшүнүк болбоо керек! Мыйзамдар (Алланын да, мамлекеттин да)- коркутуп-үркүтүү үчүн эмес, сактоо үчүн жаралган. Динге болгон кысым башкача болот, бул жерде болгону ислам динине гана карата теңсиздик болуп калгандай. Молдолор үчүн эле эмес, поп священник ж.б. дин кызматкерлери үчүн да дал ушундай эрежени киргизүү керек деп эсептейм. Жок дегенде көп аялдуулук, жарандык нике дегендер азаймак.
п.с. ЗАГСтан каттоосу жок кыйылып жаткан никелерди мыйзам чегинде деп эсептесен, анда билбейм, сен үчүн "мыйзам" деген түшүнүк башкача маанини берсе керек.


Эгерде нике кыйып жана ЗАГСтан өтпөсө, мыйзамда ал граждандык нике(брак) болуп эсептелинет. Молдолорго айып (штраф) салуудан алдын граждандык бракка тыйуу салуу керек. Ушуга кандай карайсыз, мен каршымын толугу менен диндердин иштерине кийлигишүүгө, эгерде граждандык никеге тыйуу салып туруп анан венчание жана никяхка ЗАГСтан мурун өтүүгө тыйуу салса туура болмок. Эгер граждандык брактарга тыйуу салса, ЗАГСтан өтпөстөн нике кыйдыруу да мыйзамсыз болуп калмак, жана бул маселени чечүү үчүн дароо муфтият указ чыгармак, ЗАГС жок нике кыйбагыла деген. Себеби азыр граждандык бракка тыйуу салбастан никеге тыйуу салуу бул ачык эле динди кысымга алуу болуп эсептелинет.

Билдирүүнү түзөткөн: amantur: 06 Май 2011 - 17:52

Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   USSR   06 Май 2011 - 18:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Туугандар, дин мамлекеттен ажыратылган деген принципти карманып такыр эле бөлүп салганга болбойт го? Кыргыз Республикасынын аймагындагы диний уюмдардын эркин иш алып баруусуна мамлекет Башмыйзам аркылуу камсыздап жатат го. Анан кандайча муфтиятка мамлекеттин тиешеси жок, же тескерисинче, мамлекетке муфтияттын тиешеси жок болуп калат? Ошондуктан, кээ бир жерлерде чогуу кызматташканга туура келет. Мисалга алсак, сертификаты жок туруп нике кыйган молдолорду ашкерелеп, жазасын бергенге мам.органдардын чоң жардамы тиймек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   amantur   06 Май 2011 - 18:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Мамлекет динге киришпеши керек. Биринчиден бул өтө кооптуу. Анча мынча диний экстремисттер күч алат.

Мисалга мынча молдолорго штраф сала турган болсо, бул нерсени өзүнүн пайдасына иштете турган адамдар да табылат. Мусулмандарга бийлик кысымжасап жатат деп эл көтөрүлүп кетиши да ыктымал. Дин каттоодон өткөн. Жана мамлекеттин мыйзамдарына жараша иш алып барат. Бирок мамлекет белгилүү бир динге карата мыйзам кабыл алуусу туура эмес, молдолорго штраф салуу бул демек мамлекеттин динге байланыштуу болгонун далили болот.

Түшүндүрө албай жатам , түшүндүрүш кыйын. Мамлекет светский болгондон кийин мындай мыйзам кабыл албаш керек


Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   amantur   06 Май 2011 - 18:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Просмотр сообщения USSR (06 Май 2011 - 15:03) жазган:

Туугандар, дин мамлекеттен ажыратылган деген принципти карманып такыр эле бөлүп салганга болбойт го? Кыргыз Республикасынын аймагындагы диний уюмдардын эркин иш алып баруусуна мамлекет Башмыйзам аркылуу камсыздап жатат го. Анан кандайча муфтиятка мамлекеттин тиешеси жок, же тескерисинче, мамлекетке муфтияттын тиешеси жок болуп калат? Ошондуктан, кээ бир жерлерде чогуу кызматташканга туура келет. Мисалга алсак, сертификаты жок туруп нике кыйган молдолорду ашкерелеп, жазасын бергенге мам.органдардын чоң жардамы тиймек.


Анда жок дегенде муфтият менен макулдашышы керек да, туурабы, дин каттоодон өттү, жана мамлекеттин мыйзамдарына жараша иш алып барып жатат, бирок мамлекет тарабынан белгилүү бир динге карата мыйзам чыгарышы дискриминация эмей эмне. Анан дагы бир жолу жащып кетейин дин өкүлдөрүнө штраф салышы бул туура эмес, себеби ал жумушту аткарганга мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп берилбейт.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   06 Май 2011 - 20:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Дин чөйрөсүн жөнгө салууга мүфтияттын күчү жетеби, оболу ошол жөнүндө ойлонолу. Диний сабаттуулукту жоюуда мамлекеттин жардамы болбосо экстремисттик маанайлардагы түшүнүктөрдүн жайылып кетүүсү мүмкүн.
Мыйзам боюнча айта турган болсок, бул нерсени көзөмөлгө алуунун пайдасы да бар болсо керек. Жок эле дегенде жашы жете элек жаш кыздардын мажбурлоо жолу менен күйөөгө берилүүсүнүн алдын алууга болоор беле. Бул маселени ЖК эмес мүфтият көтөрүп чыкса, өздөрү көзөмөлдөсө, мындай талаштар болбос эле. Демек, бул түшүнүктү алгач дин кызматкерлерине түшүндүрүү керек го дейм...Дин мамлекеттен ажыратылган деген "ураан" түшүнүк маселени чечүүнүн жолу эмес...таптакыр ажыратуу мүмкүн да эмес, дин менен мамлекеттин "чек аралары" да конкреттүү такталган эмес. Динге "коомдук чындык" катары карап баа берүү керек го. Мыйзамдар коомго кызмат кылбагандан кийин анын кимге кереги бар, мыйзамдар жашоо шартка, коомдун талабына, ж.б. карап өзгөртүлүп туруусу керек, ошондой эле, Исламдын негизги принциптери менен мазхаб догмаларын ажырата билүү керек...Ошондо гана орто жолду тапса болсо керек деп ойлойм.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   amantur   06 Май 2011 - 21:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Просмотр сообщения Kirgizshaa (06 Май 2011 - 17:24) жазган:

Дин чөйрөсүн жөнгө салууга мүфтияттын күчү жетеби, оболу ошол жөнүндө ойлонолу. Диний сабаттуулукту жоюуда мамлекеттин жардамы болбосо экстремисттик маанайлардагы түшүнүктөрдүн жайылып кетүүсү мүмкүн.
Мыйзам боюнча айта турган болсок, бул нерсени көзөмөлгө алуунун пайдасы да бар болсо керек. Жок эле дегенде жашы жете элек жаш кыздардын мажбурлоо жолу менен күйөөгө берилүүсүнүн алдын алууга болоор беле. Бул маселени ЖК эмес мүфтият көтөрүп чыкса, өздөрү көзөмөлдөсө, мындай талаштар болбос эле. Демек, бул түшүнүктү алгач дин кызматкерлерине түшүндүрүү керек го дейм...Дин мамлекеттен ажыратылган деген "ураан" түшүнүк маселени чечүүнүн жолу эмес...таптакыр ажыратуу мүмкүн да эмес, дин менен мамлекеттин "чек аралары" да конкреттүү такталган эмес. Динге "коомдук чындык" катары карап баа берүү керек го. Мыйзамдар коомго кызмат кылбагандан кийин анын кимге кереги бар, мыйзамдар жашоо шартка, коомдун талабына, ж.б. карап өзгөртүлүп туруусу керек, ошондой эле, Исламдын негизги принциптери менен мазхаб догмаларын ажырата билүү керек...Ошондо гана орто жолду тапса болсо керек деп ойлойм.


Байке

Мен сизди терең урматтаймын

Сиздин постторуңуздан билим деңгээлиңиз байкалып турат.

Туура, бул убакка чейин муфтият тарабынан чаралар аз көрүлгөн, бирок учурда муфтиятта реформа жүрүп жатат, мамлекеттик реформага караганда диний реформа бир топ эле узакка созулушу маалым, себеби инсандар өзүнүн диний көз карашын өзгөрүтүүсү кыйынга турат. Ошол эле учурда, азыр, дин маселесине мамлекеттин түздөн түз аралашуусу бир топ чатактарга алып келиши мүмкүн. Учурда муфтият өзүнүн аракет жасап абалды оңдоого жана ошол мусулман элдин ишеничин актоого аракетин кылып жатат, мамлекеттин киришүүсү бул нерсени бузуп коюшу толук ыктымал.

Ошондой эле биздин депутаттарыбыздын чечиле турган толкон токой маселелери турганда, дин маселесине киришүүсү туура эмес. Билим берүү системасы, дарылоо секторлору эле бир топ өзгөрүүнү талап кылат. Ошолорго көңүл бурушса жакшы болмок. Ошондой эле башка маселелер депуттарга ишенимди жоготууга себеп болду, мисалга Путин чокусу болуп аталышы.

Бишкекти Манас кылгысы келгени, ошондой учурда Ала Тоо аянтын Манас кылабыз дейт. Байракты алмаштырабыз дейт.

Балким туура дегендер чыгар бул нерселерди бирок ушул жогорудагы айтылгандарга мамлекеттин күчү жетеби?

Пайдалуу болобу. Мамлекеттик симоликаларды алмаштырсак андай символиканын баркы кетип жатпайбы. Кызыл түс болбойт дешет, сиз учурда Түркиядасыз, алардын желеги да кызыл түстүү, бирок алар неге алмаштырышбайт? Өлкөдөгү болуп жаткан нерселерди байракка шылтат коюш бул ачык эле жоопкерчиликтен качыш. ошондой эле байрак алмашса дүйнөдөгү бүт элчиликтерде байрагы алмашат. Документтер, автоунаа номерлери, кызматкерлердин документтери, баарын алмаштырууга туура келет. Бизде ошол нерсеге каражат барбы? Эгер бар болсо ал акчаны билим берүү системасын оңдоого жумшаса болбойбу?

Эгер молдолорго штраф салына турган болсо аны муфтият салыш керек, болбосо элде нааразычылык пайда болот.

Балким сиз айткандай элди ойлоп иш кылып жатышкандыр бирок андай учурда да муфтият менен бир ооз сүйлөшүп алып иш кылса туура болмок.





Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   SOLITARY   06 Май 2011 - 22:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 196
  • Катталган: 15 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 20 Июл 2020 09:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жер Планетасы

аиии антсе жарандуу жашап жаткан жубайлардын эч кандай моралдуу, граждандуу укугу жок болуп калат го. Башын баштагандан кийин аягына жеткирсе болду эми.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Strateg   06 Май 2011 - 23:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ушул мыйзамдын кабыл алынышы менен 2-3 аял алгандар албай калабы? :) Болуптур молдолор никесин кыйбай койду. Официалдуу эмес молдолор кыйып коет. Андайлар көп бизде. Айрымдар болсо никесиз эле жашай беришет. Коом тазарып калдыбы? Мүмкүн ушул мыйзамды кабыл алуусу, бул тескерисинче биздин өлкө ислам өлкөсү болуп баратканындадыр? Коомду тазартыш керек деп, эмки мыйзам менен ойношторго тыйуу салышат. Мисалы ким ЗАГСка барбай туруп жатып койсо, штраф, же 100 балак согончокко. Мына сага шариаттын мыйзамдары. Так что ислам үчүн күйүп бышып аткандар, бул мыйзам тескерисинче силердин кызыкчылыгыңарда. Мамлекет менен дин бириге баштады.
```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 01:00

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: