Корком
Өмүрдөн коркпойм,
Төгүндөн корком айтылчу.
Элимден коркпойм,
Жеримден корком сатылчу.
Байлыктан коркпойм,
Напсиден корком ачылчу.
Жарыштан коркпойм,
Намыстан корком басылчу.
Сүйлөөдөн коркпойм,
Тилдерден корком атылчу.
Сулуудан коркпойм,
Уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан коркпойм,
Достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм,
Ыймандан корком качуучу.
Акыры келип,
Аягым бүтсө басуучу,
Өлүмдөн коркпойм,
Көрүмдөн корком жатуучу.
Өмүрдөн коркпойм,
Төгүндөн корком айтылчу.
Элимден коркпойм,
Жеримден корком сатылчу.
Байлыктан коркпойм,
Напсиден корком ачылчу.
Жарыштан коркпойм,
Намыстан корком басылчу.
Сүйлөөдөн коркпойм,
Тилдерден корком атылчу.
Сулуудан коркпойм,
Уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан коркпойм,
Достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм,
Ыймандан корком качуучу.
Акыры келип,
Аягым бүтсө басуучу,
Өлүмдөн коркпойм,
Көрүмдөн корком жатуучу.
p.s.
супер.кг сайтындагы медиа-порталга анын ырларын жүктөп койсоңор жакшы болот эле

Супер-Инфо
super.kg
видео














