Акыркы күндөрдө кээ бир темаларда Исламдын Кыргыздарга таралуусу боюнча, анын окуулары, каада-салттар менен болгон айкалышуусу же келишпестиктери боюнча колдонуучулардын арасында кызуу талкуулар болуп жатат. Төмөндөгү макала кээ бир талаш маселелердин такталуусуна жардам берээр деген үмүттөбүз. Автордун кыргыздардын арасында Ислам дининин таралуусу боюнча да макалалары бар. Кези келгенде аларды таап жарыялайбыз.
..
Талас салгылашуусу жана анын мааниси (Тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев)
Араб халифатынын Орто Азиядагы саясий-экономикалык,
өзгөчө диний таасиринин жылдан-жылга күч алып бара жатышы жана мусулман аскеринин ийгиликтүү чабуулдары Тан империясына (Кытай) геосаясаттык олуттуу коркунучту пайда кылган. Бай жана өнүккөн регион эсептелген Тураниянын кайсыл бир бөлүгүн ээлеп алуу - Тан императорлорунун мурунтан келе жаткан максаты эле. Бул максатты ишке ашырууга 552-жылдан баштап түзүлгөн күчтүү Түрк каганаты, андан кийинки Чыгыш жана Батыш түрк каганаттары,
Экинчи Чыгыш-Түрк (көк түрк) каганаты, Жети-Суудагы Төргөш каганаты жол беришкен эмес.
VIII кылымдын ортосундагы Орто Азиядагы жана Жети-Суудагы эл аралык кырдаал, Төргөш кагандыгынын алсырап, карлук уруу бирикмеси менен атаандашып жатышы Тан империясынын алдына Түркстанга жортуул уюштурууга эң оңтойлуу кырдаал түзүп берген. Анын үстүнө Орто Азиянын басымдуу бөлүгүн ээлеген арабдар бул мезгилде Жети-Суунун чегине келип калган болучу. Бул кырдаалда Тан империясы, анын биринчи министри Ли-Линь-Фу корей элинин тукумунан чыккан Тань империясынын таланттуу генералы, Батыш аймактын (Западный край) башчысы (наместниги) Гао Сяньчжи2 баштаган чоң аскерди Жети-Сууга карай жортуулга аттандырды.
Кытай армиясы көп тоскоолдуктарга учурабай 748-жылы Суябды талкалап, кийинки жылы Чачты (Ташкентти) ээлеп, анын башкаруучусу Мохэдуну туткундап, өлтүрүп салышкан. Ал эми 751-жылы болсо Тан армиясынын айрым отряддары Талас өрөөнүнө чейин басып кирген. Тан бул жерлерде шаарларды, кыштактарды тоноп, элге оор салык салуу менен бирге өздөрү менен кошо түрктөрдүн ак сөөк уругу жана падышалык улуу дөөлөтү аталган ашина түрктөрүнүн урпагы Ашина Сянды марионет каган катары ала келишкен эле.
Ал мезгилде арабдар Мавереннагрдагы көтөрүлүштөрдү негизинен талкалап бүткөн эле. Ошондуктан,
Араб Халифаты чыгыштан каптап келе жаткан Тан империясынын экспансиясына каршы турууну чечти. Анын үстүнө Тараз (азыркы Шымкент) шаарында кытайлардын авангарды менен согушуп жаткан арабдардын азганакай отрядынын башчысы Саид ибн-Хумейд, ошондой эле Чачтын Тан аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн башчысынын уулу Хорасандын акими Абу Муслимден жардам сурап, расмий кайрылышкан болучу. Натыйжада Абу Муслим өзүнүн кол алдындагы йемен арабдарынан чыккан таланттуу аскер башчылардын бири, Зияд ибн-Салихтин башчылыгында ири кошуунду Таласка жиберген. Арабдардын армиясынын курамында ислам динине кирген Мавереннагрда,
Чачта, айрыкча Ферганада турган түрктөрдүн башында Үтөмбек, Туранташ сыяктуу аскер башчылары бар чакан отряды да кошо келген.
Бул кырдаал Гао Сяньчжини Таласка карай кайрадан аттанууга мажбур кылып, анын 100 миң солдаттан турган армиясы Суябдан Чүй өрөөнүнүн түздүктөрү аркылуу Таласка жөнөп кеткен5. Кытай армиясынын курамында Тан империясына вассал болуп эсептелген түрк отряддары, кучалыктар,
кашкарлыктар жана азыраак ферганалыктар да болгон. Алардын саны 30 миңдей болгон делинет булактарда.
Ошентип, 751-жылдын июль айында Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанында8 эки зор армиянын тарыхый салгылашуусу болуп өткөн. Булактарга караганда Талас суусунун эки жээгинде эки цивилизациянын кызыкчылыгын көздөгөн эки зор армия бири-бирине даай алышпай 4 күн турушкан делет. Салгылашуунун тагдырын бешинчи күнү кытайлардын тылынан капыстан сокку урган карлуктар чечти. Жети-Суунун түндүк чектеринде жашап жаткан карлук урууларынын башчысы Жабгу кытай баскынчыларына каршы күрөштөрдө азырынча алсыз болуп, ошондуктан алар арабдарга жардам берүүгө кам уруп жатышкан эле. Карлуктар кытайлардын тылында Талас салгылашуусунун башталышына чейин эле жашыруун чоң кошуун топтоп коюшкан болучу.
Кытай аскеринин тылынан сокку урууда чигилдерден чыккан Ябгу өзү баштап согушка кирген. Капыстан урулган соккудан кытай армиясы солк этип, бирок кытай кол башчылары баш командачы генерал Гао Сяньчжи, экинчи генерал Чжан Лао башаламан түшүп кача баштаган солдаттарды карлуктарга каршы кайрадан катарга тургуза алды. Бирок, ошол мезгилде Талас суусунан араб аскерлери өтө баштап, кытайлардын фронт жагынан чабуулга кирди. Гао Сяньчжи өзү да кармашка аралашууга мажбур болгон. Арабдардын ири аскер башчыларынын бири ибн-Саббахты,
арабдар тарабында согушкан Туранташты өлтүрүүгө жетишкени менен кытай аскерлеринин тагдыры чечилип калган болучу.
Натыйжада Тан империясынын армиясынын таш-талканы чыгып, алардан 50 миң жоокер каза таап, 20 миңи колго түшкөн. Гао Сяньчжи бир аз гана отряды менен качып кетүүгө үлгүрдү. Кытай армиясынын ири генералдарынын бири Чжан Лао туткунга түшүп, төргөштөрдүн баатыры Байташ Тегин курман болгон. Тарыхый маалыматтарга караганда чачыла качкан кытай жоокерлеринин азыраак гана бөлүгү Ысык-Көл ойдуңунан ары өтүп, Кучага (Аньси) жете алган, көбү тоо-таштын арасында өлгөн делет. Кыргыз элиндеги “кытай, кытай кырылгыр, кырк дөбөгө жыйылгыр” деген тарыхый макал мүмкүн ошол окуяны чагылдырып тургандыр...
751-жылы болгон Талас салгылашуусунун тарыхый мааниси зор. Анткени, анын натыйжалары Борбордук Азияда жашаган түрк элдеринин кийинки кылымдардагы тагдырында алардын этно-маданий өнүгүүсүнүн багыттарын биротоло аныктап, ислам цивилизациясынын нугуна бура алган. Талас салгылашуусунун тарыхый маанисин бир нече белгилерге бөлсө болот.
Биринчиден,
салгылашуунун жыйынтыгы Тан (Кытай) империясынын Кыргызстандын аймактарына болгон саясий экспансиясын жана “Күн чыгыш” өлкөсүнүн Борбор-Азиянын ички иштерине кийлигишүүсүн15 миң жылга чейин токтоткон.
Экинчиден, Араб Халифатынын да аскерий жортуулдары токтоп, ушул окуядан кийинки жылдары түрк элдерин ислам динине киргизүү жараяны негизинен тынчтык-миссионердик жолго багыт алган. Кыргыз элинин “мусулманчылыкты тажиктер менен сарттар (өзбектер) кылычтын мизи менен, ал эми кыргыздар өз макулдугу менен алган” деген ылакап сөздүн кайсыл бир деңгээлде чындыгы бар экендигин кийинки кылымдардагы окуялар ырастап турат.
Үчүнчүдөн, бул окуя бүтүндөй Орто Азия элдеринин кийинки тагдырына Ислам цивилизациясынын андан ары өнүгүшүнө жол ачып берди. Эми, 120-130 жыл мурун калыптана баштаган араб цивилизациясынын өнүгүшү саясий-согуштук мүнөздөн социалдык-маданий жана руханий багытка трансформациялана баштады. Чынында эле Хорасанды, Мавереннагрды,
Фергананы жана Чачты каратуу негизинен араб жоокерлери тарабынан шаарларды, айыл-кыштактарды талап-тоноо,
жергиликтүү тургундарды кулдукка алуу, каратылган аймактарга чоң суммадагы алык-салыктарды салуу, административдик-
аскерий түзүмдөрдү уюштуруу менен коштолсо, эми Кыргызстандын жана Казахстандын аймактары Араб халифатына административдик бирдик катары кирбестен, ислам динине өтүүчү субьект катары гана эсептелип калган. Ошону менен бирге араб цивилизациясынын руханий баалуулуктары жаңы кыртышка сиңип, андан ары өнүгүүгө багыт алган.
булак: http://barakelde.org/
muras/news:219
Талас салгылашуусу Ислам дининин Орто Азияга таралуусундагы мааниси
#2 12 May 2011 - 22:08
Орус тилинде ссылкалыр бар бекен? Анткени жакында госэкзамен по истории Кыргызстана
Орус тилинде окугандыктан кыргызча кыйналып калат экенмин. Рахмат...конул буруп койгонузга
#3 12 May 2011 - 22:28
http:/
/www.forum-eur...82%D0%
B2%D0%B0/ Бул жерде Талас салгылашуусу жөнүндөгү кытайлык тарыхый булактардан . Орус, англис тилдеринде.
#4 12 May 2011 - 23:04
Рахмат Кыргызшаа досум, Талас салгылашуусу жөнүндөгү маалыматты кыргыз тилинде илгендигиң үчүн.
Албетте, бул салгылаштын тарыхий мааниси өтө зор, Орто Азиянын эле эмес, жалпы эле дүинөлүк тарыхта чоң бурулуш жасаган окуя экенин моюнга алам. Кытай цивилизациясы менен араб цивилизациясынын дал ушул биздин аймактарда тирешүүсү, жана ошол окуядан кийин кытайлардын батышка, арабдардын чыгышты көздөгөн экспансиясы токтогону- тарыхий чындык. Бирок, ошону менен исламга таянган согуш аракеттери токтогон эмес да. Айрыкча Моголистан империясынын доорунда. Билдирүүңдүн башында "исламдын кыргыздарга таралуусу" деп белгилеп кетипсиң, 751-жылдары кыргыздар бул согушка аралашкан-аралашпаганы белгисиз. Балким ал учурда Орто Азияда эмес, тээ Алтай-Енисей аймактарында жашашкандыр? 711-жылы Барсбек-каган түрк каганатынын аскери менен согушуп Саян тоолорунда өлгөнүн эсепке алалы.
Кыргыздарга исламдын аралаша башташын мен орто кылымдарга, т.а. 15-кылымдан 17-кылымга чейинки убакытка туура көрөт элем. Анда деле жарым-жартылай гана өтүшкөн. Исламдын кыргызга жемиштүү жана ийгиликтүү (тынчтык жолу менен) сиңе башташы негизинен кокондук кожо-шайык ж.б. миссионерлердин аракеттери менен камсыз болгон деп эсептейм.

#5 13 May 2011 - 00:39
Кыргыздардын арасына таралуусу дегенден максат, дал ошол согуштан кийин болгонун эле айткым келген. Ал эми 751-жылы Кыргыздардын кайсыл жерде жашаганы тууралуу так маалыматым жок, бирок Караханийлер убагында Кыргыздардын жашагандыгы анык. Деги эле башка бир темада да жазып кеттим эле, ал жерде балким дата көрсөтүлбөй калгандыр. Селчук мамлекети менен Византия императорлугунун ортосунда болгон согушта Караханийлерден (ал эми Караханий мамлекетинин 942-1212 жж. жашагандыгын да эстен чыгарбоо керек...) 30 миң Кыргыз жардамга келген жана жеңишти камсыздоодо негизги ролду ойногон. Бул согуштарда дин негизги факторлордун бири болгондугун эске алсак, анда Кыргыз жоокерлеринин мусулман мамлекетке жардамга келүүсүн алардын да мусулман болгондугу менен түшүндүрмө берилсе (ал гана эмес, согушка катышкан Кыргыздар "каапырларды өлтүргүлө"
деген ураанды да айтышкан экен, мусулмандар гана "каапыр"
(арапчасы "каафир"
) деген терминди колдонушат.
..), тарыхый-илимий чындыкка жакын болоор беле. Бул боюнча Асыкбек Оморовдун
"XI кылым. Византия империясындагы согуш. Кыргыз баатырлары"
аттуу макаласынан окуй аласың (Көк асаба гезити, 25.05.2010 жана 08.06.2010 сандары). Бул, жогорудагы "кокон хандыгынын кожо-шайыктардан"
мурда эле тынчтык жолу менен таралгандыгын тактайт... Ошол Кыргыз жоокерлеринин урматына султан Орхон Гази тарабынан 1331-жылы күмбөз тургузулган.
Бул күмбөз азыркыга чейин Туркиянын Изник шаарына жакын жерде сакталып калган. Демек, Кыргыздардын жок эле дегенде 9-кылымда мусулман болгондугун айтууга толук негиз бар. Бул жогоруда сен айтып өткөн 15-17 кылымдарда аралаша баштаган деген гипотезаны жокко чыгарат (бул гипотезанын аргументтерин да айта кетсең жакшы болоор эле).
#7 13 May 2011 - 03:19
Ай досум, нигиме тийишип жатканыңбы бул? )))
12-кылымда Ал-Марвази "Табайи-ал- хайване" деген эмгегинде "кыргыздар мусулмандар менен коңшу жашап калышкандан кийин өлгөндөрдү өрттөбөй жерге көөмп калышкандыгы" тууралуу жазат.
О.Караев өзүнүн "Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулистан. Образование кыргызского народа"(Бишкек, 1995-ж.) деген эмгегинде (46,50-бб.) мынтип жазган: Мухамед ибн Валинин жазганы боюнча Сатук Абдулкерим хан (караханид ханы) жана Туглук Тимур (Могулистан ханы) ислам динин кабыл алышкандан кийин динди мамлекеттик деп жарыялашып, бийликтерин чындоо максатында кол алдындагы калкты күч менен динге киргизе башташкан. Караевдин ошол эле китебинде Мухаммад Хайдар жана Абу л Газинин айткандары боюнча бир эле күндө динге 160 миң киши киргизилгендиги айтылат. Могулистан башчылары канчалык аракет кылса да ийгиликке анча жетишпей, калктын көпчүлүк бөлүгү "язычник" (которо албадым ушул сөздү) бойдон кала берген.
Хайдар Дуулати "Тарыхи-Рашиди" (Алматы, 1999-ж,перс тилинен которулуп, толукталган 2-басылышы,10- бет) деген китебинде мындай дейт:
"Могулистан мамлекетинде ислам динине киргендер негизинен отурукташкан калк болгон. Жети-Суу жана Тянь-Шань аймактарын жердеген көчмөндөр язычник бойдон кала беришкен. Кыргыздар болсо 14-15 кылымдарда дал ушул аймактардын катаал шарттагы тоолуу жерлерин мекендешкен, могол урууларынан кыргыздардын курамына дуулат, кушчу, керейт, канлы, баргы, монгол, меркит, булгачы ж.б.уруктар кирген. Ислам динин кабыл албай койгонунан улам,Мухаммад Хайдар кыргыздардын башка элдерден таптакыр өзгөчөлөнүп турганын баса белгилейт жана 1517-жылда болгон Султан Сейиддин кыргыздарга болгон жортуулун "каапырлар" менен болгон ыйык согушка теңеген. Кыргыздар мусулман коңшуларына кандай күндү көргөзсө, Султан Сеид андан эки эселеп ошону эле кыргыздарга көргөзгөн."
Мухаммад Хайдар дагы минтип жазат:
"Кыргыздар могол хандарына баш ийбей коюшуп, моголдордон бөлүнүп калышты. Моголдор болсо ислам динин кармангандардын катарын толукташып, а кыргыздар "язычник" бойдон кала беришти." (Караевдин жогорку аты аталган китебинен)
Ошентип, Кыргызшаа досум, эгерде сен айткандай кыргыздар исламды 751-жылдан кийин эле кабыл алышкан болсо, андан берки ушунча узак убакытта эмгиче толук түрдө исламдашып бүтмөк. Жок дегенде тажик, өзбек, ооган, түрк элдериндей болуп. Ал эми селжуктар менен Византияга каршы кыргыздардын да согушкандыгынын себеби жөнөкөй эле болушу мүмкүн. Караханийлердин мамлекетинин курамында болгондуктан бул жөн гана бийлик ээсине баш ийүү деп эсептесек да болот. Анын үстүнө кыргыздар согуш дегенде ичкен ашын жерге коюшчу, балким ошол канындагы "согушчул" адат айдап баргандыр аларды Византияга. (Бекеринен мусулман тарыхчыларды кыргыздарга "Могулистандын жапайы арстандары" деп ылакап ат коюшпагандыр. ) "Каапырларды өлтүргүлө" деп ураан таштаган деген сөзүң жылмаюуну жаратты, чын.))) Кечээги эле 19-кылымда орустарга каршы газаватта Абдылда-бек да мынтип кыйкырбады эле.))

#8 13 May 2011 - 13:59
"Каапырларды өлтүргүлө"
деп кыйкыргандыгын ойумдан чыгарып айткан жокмун жана да идеологиялык максатта талкуу кылуудан алысмын. Аргументсиз жазуудан алыспыз...Бул сөздөрдү Стамбулда архивден алган экен...СССР тарыхынан дегеним нигине тийишкендигим эмес, ошол учурда жазылган тарых китептеринде негизинен 15-17 кылымдарда келген деп айтылат. Кыргыздар Исламды 751-жылы кабыл алган деген жокмун, ошол жылы болгон согуштан кийин дегим келген. Абдылда - бектин орустарга каршы "газаваты"
жөнүндө айткан экенсин, ал жерде "ураанга жылмайуудан"
оболу "газаваттын"
маанисин карап көрсөң, күлүп да жиберишиң мүмкүн. Ал эми Кыргыздардын Ислам динине өтүүсү боюнча көп изилдөөчү азыраак айырмачылыктар менен бирге жогоруда жазылган көз карашта. Б.а. такталган маселе катары карайм. Султан Сейиддин жортуулун Исламга киргизүү катары эмес, башкача өңүттөн да кароо керек...ал эле эмес, араптар да өз ара дин үчүн согушуп турушкан...бул жерде башка факторлор да бар...алар узун сөз болуп кетчүдөй. Эгер бул темаларга ушундай эле кызыгуу болсо, анда "идеологиялык тарых" менен "илимий тарыхты"
бөлүп карооң керек болот. Ар бир жазылган китеп, тарыхты болгондой чагылдырбайт.
..деги эле тарыхтан баштоо керек болот анда...
#9 13 May 2011 - 14:07
Анан жогорудагы көз карашты мен айткан жокмун, аны бул маселе боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн профессор жазды...бул тема жеке изилдөөлөрүмүн арасына кирбейт. Автордун көз карашын гана колдойм, ошол эле.
Талкууну улантуунун кажети деле жок го дейм. Модерлер теманы жаап койосуңарбы.
Талкууну улантуунун кажети деле жок го дейм. Модерлер теманы жаап койосуңарбы.
#10 13 May 2011 - 15:08
Тема жабылганча чейин бирдеме кыстара коеюн!)) "Газават"
тууралуу. Абдылдабек жана башка ошол кездеги кыргыз бектери отурукташкан элдер, кыпчактар менен биргеликте алгач ордого каршы чабышкан. Кокондогу динчилдердин таасиринен улам бул көтөрүш оруска каршы "газават"
деген боектор бериле баштаган. А чын-чынына келгенде, Абдылда бек сыяктуу кыргыздын мыктылары бул күрөштө улуттук көзкарандысыздык,
аталардын жерин баскынчылардан коргоо мүнөзүндө катышканын баса белгилегим келет. Бул менин жеке оюм жана тарыхый маалыматтарды келтире албайм. "Газават"
деп кыйытма мааниде атайылап айттым эле, бул сөздүн маанисин жакшы эле билем.)) Ал эми "жылмаюу"
сага эмес, жогорку эмгекти жазган тарыхчыга багышталган болчу. Талкуу боюнча, иливой тарыхчынын көз карашын талкууга алууга болот, илим-билимдик базасы жок болгон күндө да биздики да "көз караш". Ал эми убакыттын тардыгы, бул башка кеп. Менде мисалы көбүрөөк, ошондуктан пайдалуу инфо (макала, трактат, очерк) болсо, сунушта, жандилим менен азуумдун жетишинче кемирүүгө даярмын.
#11 13 May 2011 - 15:22
Кызыктуу маалыматтар жазылыптыр.
.. Бирок келтирилген тарыхый булактардын көпчүлүгүнө ынанбайм. Анткени белдүү тарыхчылардын көбү 1900-жылдан 1960-70-жылдарга чейинки изилдөөлөрдүн көбү саясий кызыкчылыктын эсебинен бурмаланып жазылганын мойнуна алып келишет.
Ал эми диний маселеге келсек, мен кытайлардын тарыхый булагынан окуган маалыматым боюнча...аябай жакшы эсимде калган бир өзгөчөлүгү бар... "кыргыздар кайсы бир диндин өкүлү деп айтууга болбойт" деп жазылган. Мындайча айтканда, көбүрөөк жаратылыш кубулуштарга болгон ишеним басымдуулук кылат деген өңүттө берилген. Негизи эле кыргыздардын эчендеген кылымдар бою башка улутка сиңип кетпей, Кытайга окшогон улуу империянын коңшусу болуп жашап келүү бекеринен эместир. Анткени биздин элди канчалык башка бир өзгөчөлүктөрдү тез өздөштүрөт деп айтышпасын, баары бир канда калып кеткен эч кимге окшошпогон жактарын оңой менен сатпайт. Ошол эле дин маселеси боюнча дагы...

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#12 13 May 2011 - 15:52
Темага түздөн-түз тиешеси бар факттардан.
Маалымат үчүн.
Тагдырдын тамашасы дейбизби же кандай атасак болот, ошол согуштан кийин жеңилген кытай аскербашысы Дуан Жиуши көрсөткөн эрдиктери үчүн генаралдык наамга көтөрүлүп, аскердик сот болуп дайындалган. Ал эми арабдардын колбашчысы Зияд ибн Салих жыл айланбай ордо кутумдарынын кесепетинен башы алыныптыр. Жашоо кызык негизи.

#13 13 May 2011 - 16:03
Талас тууралуу. "Талас салгылашуусу"
деген ат менен дагы бир салгылашуу тарыхт белгилүү. Бул беттеш б.з.ч. 36-жылда болгон. Баягы эле жаны тынбаган кытайлар бул ирет 40 миң аскери менен хунну шанүйү Чжичжинин 3000 аскерин талкалаптыр.
Саны жагынан 13 эсе (!) көптүк кылган аскерге каршы чыккан хуннулардын эрдиги таң калдырат.
#14 13 May 2011 - 16:12

Ушул салгылашуу болсо керек эле... Сөөктөр көмүлбөй калып кеткен экен... Кузгундарга жем болуп, далай өлүк кор болгон деп, кайсы бир чыгармада жазылган эмес беле?
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#15 03 September 2012 - 14:42
Талас Салгылашуусу болгондо Кыргыздар Энисей тарапта жашашчу бул салгылашуунун Кыргыздарга эч тиешеси жок! Бул салгылашуу Арабтар Кытайлар анан Карлуктардын ортосунда болгон салгылашуу.
Анан Ислам дини ошол мезгилде тарай баштаган эмес анткени Арабтар басып алуу саясатын жургузгон Динди жайылтууну эмес.
#16 03 September 2012 - 14:46
Ушул салгылашуу болсо керек эле... Сөөктөр көмүлбөй калып кеткен экен... Кузгундарга жем болуп, далай өлүк кор болгон деп, кайсы бир чыгармада жазылган эмес беле?
Ал Талас Салгылашуусуна чейинки болгон окуя азыркы Жалал-Абад облусундагы Сафед Булан деген аймакта болуп откон бирок бул туурасында так маалыматтар али каттала элек

Супер-Инфо
super.kg
видео