А мен болсо
Жылт деп өчкөн бир учкун...
Көз ирмемге жарк деп жанып,
Түбөлүк
Карегиңде болгум келди мен туткун....
Жалп дей түшөм
Жалындын өчүп билиги...
Карегимдин нуру качып
Билинбестен өлүүбү же тирүүбү...
Көөдөй кара туңгуюкка кабылганда
Капканга түшүп
өз бутун кемирген карышкырдай
Жүрөгүм чамынганда. ..
Көз көрүп, көөдөн көрбөй
Көкүрөк көр турмуштун
Жолундагы таштарга чалынганда. ..
Тумчугуп жандүнүйөм жарык таппай
Бир үзүм шоола издеп жалынганда. ..
Күз айынын коңур таптуу нуру сымал
Көзүңдүн кереметин сагынганда. ..
Тумчугуп сени таппай
Туурадан тайып дүйнөм кулап жыгылганда. ..
Айтчы кантем?
Кандай арга кыламын?
Мен да билбейм...
Суроолор көп...
Жообун таппай турамын...
Күз жыттанган аруу кыз
Болдуң го сен
Түгөнбөгөн жыргалым да, кууралым....
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 13 Май 2011 - 05:02