СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#2442 18 May 2011 - 11:05
2. Кечээки кунун кандай отту? 
Жакшы суроо экен. Анткени дал кечээ күн мен үчүн өтө маанилүү жана кызыктуу болду.
Таң эрте Тамга айылында ойгонуп, көп өтпөй жолго чыгууга даярдандык. Саат 9да Барскоонду аралай Кумтөр кени казылуучу жайга көтөрүлүп бара жаттык. Мага айрыкча карагайлуу капчыгай, жолду бойлой аккан дарыя жана шаркыратма жакты. Бир аздан кар жаай баштады. Ал эми Кумтөргө келгенибизде кар бир топ эле экен. Бийиктиги 4500 метрге чейин жеткен бул аймакта мага окшош кан басымы төмөндөр кичине дискомфорт сезсе керек. Анткени алтынды ылгап алуучу фабрикага киргенде бир аз башым айлангандай болду. Андан ары карьерга бардык. Тоону эңшерип салышыптыр. Мындан кийин фабрикадан чыгуучу таштанды көлүнө алып барышты. Көл дегеним, чынында аябай чоң экен, анын ичинде цианид деген белгилүү зат да бар. Ушуну менен тур аяктады.
Ии, баса норвегиялык окумуштуулар да жүрүштү биз менен... Алар менен сүйлөшүп көп нерселерди билдик. Кызыктуусу Роза Отунбаеваны чынында сыйлашарын айтышты. Мен Кыргызстандын ичине салыштырмалуу, чет өлкөлөрдө ажобуздун кадыр-баркы жогорку экенин угуп калчумун. Норвегияда эң көп айлыкты врачтар менен мугалимдер аларын айтышкан окумуштуулар "силердечи" деп сураса, "президенттин баласы болсоң, байсың" десек күлүштү. Кеч жол чыгып, түн оогондон кийин гана ысык Бишкек шаарына келип калдык...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#2443 18 May 2011 - 11:12
3. окуган кесибин боюнча иштейсинби?
4. иштеген жумушун озуно жагабы?
5. Окендер "служба- службой, дружба-дружбой" деп айткандай, иш куну буткондон кийин жумуш жонундо коп ойлоносунбу?
4. иштеген жумушун озуно жагабы?
5. Окендер "служба- службой, дружба-дружбой" деп айткандай, иш куну буткондон кийин жумуш жонундо коп ойлоносунбу?
Ibi victoria,ubi Concordia.
Бактылуумун. ..
Бактылуумун. ..
#2444 18 May 2011 - 13:04
3. окуган кесибин боюнча иштейсинби?
- Ооба. Журналистика факультетин 2009-жылы аяктагам. Бирок иш тажрыйбамды 2-курстан баштаган элем.
4. иштеген жумушун озуно жагабы?
- Өтө жагат. Кээде ашыкча эле жакшы көрүп кетем.
5. Окендер "служба- службой, дружба-дружбой"
деп айткандай, иш куну буткондон кийин жумуш жонундо коп ойлоносунбу?
Көп ойлоном. Жок, дайыма ойлоном. Түшүмө чейин кирет, элестет...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#2445 18 May 2011 - 19:06
Саламатсыңбы Адальс!!
! Толуктап жазам деп жатып, жанагы жазгандарымды өчүрүп алдым эле.
- Мен жаңы форумга киргенде, сенин жазган посторуң башка форумчулардын жазгандарынан өзгөчөлөнүп, айырмаланып турар эле. Ичимен акылдуу кыз экен деп, койгом. Кийин журналист экениңди да, билдим. Эгерде сыр болбосо, акылдуулуктун рецептеринен бөлүшө кетпейсиңби?
- Бул кесипти тандоого эмне түрткү берди эле?
- Жан дүйнөңдүн сырдашы ким?
- Эң толковый кыргыз журналисти деп, кимдерди айтаар элең?
- Эң кызыктуу, сен алган интервью? Кайсы саясатчыдан алган интервью эле, эмнеси менен эсте калган?
- Дүйнөлүк саясатчылардын ичинен кимден интервью алганды каалайт элең? Эмне үчүн?
- Бир нерсеге жиниң келгенде, тарс-тарс дароо чыгарып аласыңбы же ичиңе сактап жүрүп, бир күнү жарыласыңбы? Мүнөзүңдү билейин дегем да.
- Сен сыйлаган саясатчы? Эмне үчүн?Деги эле, биздин өлкөдө алар барбы?
- Өзүңдү профессионалдуу журналист деп, эсептейсиңби?
Адам баласы оз бактысынын устаты!
#2446 18 May 2011 - 19:57
Оууу, элдин баары акылдуу дептир го, мен жокто айтышса болмок, тамаша. Чынында, соонун жансын, акыл десен акыл, он десен он к-ой, коп коркомдоп жибердим окшойт.
Эн эле кыжырына тийген суроо барбы? Адамчы?
салгын келген.
Журналистсин, эмнени жазсам деп ойлонуп журосун, мажбурласа турган жеринден жазып кете аласынбы же "тормоз" тебесинби?
Бир эле нерсени эске салып коеюн
, качан убаданын отоосунон чыгасын?
Эн эле кыжырына тийген суроо барбы? Адамчы?
Журналистсин, эмнени жазсам деп ойлонуп журосун, мажбурласа турган жеринден жазып кете аласынбы же "тормоз" тебесинби?
Бир эле нерсени эске салып коеюн
#2447 18 May 2011 - 20:03
Саламатсыңбы Адальс!!
! Толуктап жазам деп жатып, жанагы жазгандарымды өчүрүп алдым эле.
- Салам. Ошол карайлап эле таппай калбадымбы. ..
- Мен жаңы форумга киргенде, сенин жазган посторуң башка форумчулардын жазгандарынан өзгөчөлөнүп, айырмаланып турар эле. Ичимен акылдуу кыз экен деп, койгом. Кийин журналист экениңди да, билдим. Эгерде сыр болбосо, акылдуулуктун рецептеринен бөлүшө кетпейсиңби?
- Чоң рахмат. Акылдуу кыз экен деп айтканыңарга төбөм көккө жетти. Антпесе, бул форумда мени эмне деп гана аташпаган. Көк бет, айтканыңды бербеген кандай тажаалсың , туууй, сен деген ажаан турбайсыңбы дегендер да болгон.
Анан акылдуу болуунун рецеби бар экенин деле билбейт экенмин. Тамаша. Болгону силерге менин көз карашым, оюмду билдирген постторум жакса керек. Анткени мен 99 пайызга чын жүрөктөн жазам. Өзгөчө жаңы киргенде баарын берилүү менен баштаар элем го, чиркин... Анан рецепт дейбизби, же башкабы, өзүмдүн бекем карманган ЭРЕЖЕМ бар. Ошонун негизинде гана жашайм. Керек болсо, ошол эрежеме карап, дос күтөм, иштейм, китеп окуйм, тамак жейм дегендей... Ашыкчаларынын мага кереги жок. Себеби максаттарыма жетүүмө тоскоол кылышы мүмкүн.
- Бул кесипти тандоого эмне түрткү берди эле?
- Менин атам чоңойгуча хирург болосуң деп, кулагыма миң жолу куйгандан тажачу эмес. Эсимде кичинемде аяш аталар үйгө келип калганда, кайда ойноп жүргөнүмө карабастан, чакыртчу. Анан мен залга киргенде, атам досторуна карап мактана: Кызым айтып койчу, ким болосуң дегенде, мен тартынбай ХИРУРГ болом деп кайра чуркап кетчүмүн.
Кийин убакыттын өтүшү менен котормочу болгум келип жүрдү. Бирок англис менен түрк тилин үйрөнүп алгандан кийин бул каалоо жоголуп кетти. Ии, баса, боевик, триллер, детектив, хоррор жанрындагы баардык нерселер менин хоббим. Андыктан өспүрүм-максималист чакта киллер болууну да ойлоп жүрчүмүн. Бул үчүн атайын китептен көрүп жаа жасаганмын.
Анан ошол... Мектеп аяктаган курак. Үйдүн чоңу болгондуктан, менин кесибим жөнүндө дискуссия кудайдын куттуу күнү, кечки тамактын башкы темасы! Атам Медакадемияга дейт, апам жок, каржы жагына барсын деп чыгат. Анан экөө урушат. Ал жетишпей жаткансып, кичинекей бир туугандарым кошулуп алат.
А мен болсо алардын айтканын кулактын четинен кетире бердим. Бир күнү отурдум дагы мен "эмне кыла алам", "эмне кыла албайм" деп жазып чыктым. Анан жазуу мага көбүрөөк жакын болчу. Анын үстүнө ошол кезде КООРТтун Апта деген чыгарылышын жана НТВнын аналитикалык программаларын калтырчу эмесмин. Документтерди алдым дагы, Чокчолой баатырчасынан ЖОЖго өзүм эле тапшырып салгам. Мындан кийин ваң-ваңды айтпай эле коеюн... Кыскача ушул...
- Жан дүйнөңдүн сырдашы ким?
- Эч ким. Тилекке каршы, менде ишенүү сапаты дээрлик жокко эсе.
- Эң толковый кыргыз журналисти деп, кимдерди айтаар элең?
- Журналистика деген бул өтө жоопкерчиликтүү тармак. Сөз менен согуш баштап, кайра элдештирип койсоң болот. Кыргыз журналистикасы азырынча өткөөл мезгилде деп ойлойм. Анткени мен баары бир түпкүлүгүмдө эл аралык стандарттарды туу туткан журналистикага ыктай берем. Мисалы, азыркы журналисттер материалында элди эмес, кандайдыр бир саясатчынын кызыкчылыгын жогору коет. Албетте, бул каражат маселесине да байланыштуу.
Ысымдарды айтуудан алысмын. Бирок жогорудагыдай эл аралык стандарттар (тең салмактуулук*) менен жазган журналисттердин баарын сыйлайм.
- Эң кызыктуу, сен алган интервью? Кайсы саясатчыдан алган интервью эле, эмнеси менен эсте калган?
- Ар бир материал мен үчүн кызыктуу жана өзгөчө. Саясатчылардан баштасак, биринчи жолу Феликс Куловдон алгам. Бул кишинин мага жөнөкөйлүгү жана маданияттуулугу жаккан эле. Бирок көбү бул кишини жактыра беришпейт. Бир жолу Камбар-Ата ГЭСтери жөнүндө аналитика даярдап калып, аябай убара болдум. Же терминдерин жакшы түшүнбөйм. Мына ошондо парламентте депутат болгон Роза Отунбаева ушул темага байланыштуу көп сөз айта баштаган. Кабинетине барсам, колу бош эмес экен. Анан күтүп калдым. Бир маалда чакырды. Ушул киши менин материалымды уккандан кийин жакшы тематика экен деп, көп жардам берген. "Бул-ал" эксперттерге кайрыл деп да жиберди. Чын дилинен кол кабыш кылганына ыраазы болгомун. Анан бул киши менден сурап коет "сен грипп эмессиңби" деп... Анткени чочко тумоосу жүрүп жатканда...))) "Жок" десем, ал "мага ооруганга болбойт, убакыт жок..." деген. Көп өтпөй, чындап эле ооруганга убакыт да жок деген адамдын анык себеби табылып калды. Анда ким ойлоптур?
Экс-депутаттардан Улугбек Ормонов, Кубанычбек Исабеков кишиликтүү адамдар. Журналисттер менен жакшы иштешчү. Анан өзүн "жылдыз" сезип кеткендер да жок эмес. Бирок бул өзүнө эле зыян.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#2448 18 May 2011 - 20:04
- Дү йнө лү к саясатчылардын ичинен кимден интервью алганды каалайт элең ? Эмне үчү н?
- Жорж Буш - анткени террорчулуктун гүлдөп-өскөн доору ушул экс-президентке байланыштуу айың кептерден улам...
- Хиллари Клинтон -сыйлаганым үчүн...
- Хамид Карзай - no comment.
Андан тышкары, качандыр бир мезгилде шарт түзүлүп калса, Газа тилкеси, Израиль, ТүштүкАфрика республикасы , Куба, Япония жана Кореядагы лидерлер жөнүндө жазгым келет. Анткени өз казаныбызда кайнай берген да жакшы эмес, мага геосаясат да өтө жакын.
- Бир нерсеге жиниң келгенде , тарс- тарс дароо чыгарып аласың бы же ичиң е сактап жүр үп , бир күн ү жарыласы ңбы? Мүн өзүңд ү билейин дегем да.
- Ал кимге ачууланганыма жараша.Эгерде мага жакын адам болсо, анда төрөлгөнүнө бушайман болору анык. Анткени мүнөзүмдү беш колдой билип туруп, жиниме тийсе, өзүнөн көрсүн... Жок дегенде, бир-эки ай эсинен чыккыс кылам...)))
Анан мени билбегендер үчүн нервимди коротпойм. Коротуу үчүн аларды татыксыз деп түшүнөм.
Негизи мүнөзүм аябай татаал. Муну мойнума алам.
- Сен сыйлаган саясатчы ? Эмне үчүн ?Деги эле, биздин өлкөд ө алар барбы?
- Буга чейин айтылгандай, мен эч кимди жаман да көрбөйм, жакшы да көрбөйм. Анын ичиндей сыйлайм, жек көрөм деген сезимдер да жок. Адамбыз баарыбыз жаңылышабыз. Топтоп келген эмгекти кичинекей адашкан катачылык жууп салат. Бул саясатчыларга да байланыштуу. Кыскасы ушундай...
- Өзүң дү профессионалдуу журналист деп, эсептейси ңби?
- Жок. Мен азырынча канаты чыгып калган балапан-журналистмин . Тамагыма чуркай алам, колдон келсе, тартып алам. Эне тооктун ичинде жылуу орун алууга да чамам жетет. Жаз келип калбадыбы... Жер казылганда, ылдыйды көздөй качкан сөөлжанды да кармаганга кудуретим кичине жетип калды. Азырынча ушул гана...
Адальс, иштериң
е ийгилик! Сенден кызыктуу темаларды, постторду, жаңылыктарды күт
өб
үз.
- Суроолор кызыктуу экен. Чоңрахмат! Сага да ийгиликтер!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#2449 18 May 2011 - 20:18
Оууу, элдин баары акылдуу дептир го, мен жокто айтышса болмок, тамаша. Чынында, соонун жансын, акыл десен акыл, он десен он к-ой, коп коркомдоп жибердим окшойт.
- Ошону айтсаң... А так, кубанып алдым эле да...))) Сага да рахмат, бекер эле...
Эн эле кыжырына тийген суроо барбы? Адамчы?
Кыжырыма тийген суроо... барган сайын... чала тааныш, ал эмес апам деле "эмне жаңылык" деп башташат. Бул мен кандаймын деги... бул кызыктырбай калды окшойт... Негизи бул журналисттер үчүн баналдуу көрүнүш го, доске...
Анан өткөндө күлдүм... өлүп калсам дагы... өзүм үчүн өзүм репортаж кылсам керек... Эльвира каза болгондо, мына адамдар чындап ыйлады, мына булар жыргап сүйүнүштү, тырым-пырым, бла-бла депчи... өкүнүчтүүсү муну уже башка дүйнөнүн адамдары угуп калышат...)))
Ии, анан бир коооойгууум келген адамды да жакшы билесиң. Билип туруп сурай бергениң жакпады да, ээх...
Журналистсин, эмнени жазсам деп ойлонуп журосун, мажбурласа турган жеринден жазып кете аласынбы же "тормоз" тебесинби?
- Эми биздики баягы эле да. Баягы, баягы, баягычы? Мажбурласа сага окшоп дароо жазып кетишим кыйын. Бирок жыйынтыгында жазасың. Андыктан "тормоз" тээп калам деген моменттер болот.
Бир эле нерсени эске салып коеюн
- Төөнүн куйругу жерге тийгенде... А так, качан бошорумду деле беш колдой билесиң, бир күнү кол кармашып алып, анан кайра кол кармашып чыгып, ошол жакка барып келели ээ?
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#2450 18 May 2011 - 20:30
Салам Адальсвардс!
Баары окейби? Сага суроом деле жок дечи негизи. Ошентсе да учурда мен үчүн актуалдуу болуп жаткан 2 нерсе тууралуу сурайын деп чечтим. Туура түшүнөсүң деген ойдомун. Таак...
-Кумириң ким? (Мурда бул сөздү көп айтып, колдонуп жүрсөм да маанисин түшүнгөн эмес экенмин. Акыркы жылдары түшүнүп кумир туттум)
-Эркиндик деген эмне айтчы? (No comment)
Рахмат! Ийгилик!
-Кумириң ким? (Мурда бул сөздү көп айтып, колдонуп жүрсөм да маанисин түшүнгөн эмес экенмин. Акыркы жылдары түшүнүп кумир туттум)
-Эркиндик деген эмне айтчы? (No comment)
Рахмат! Ийгилик!
Интернет - это большая помойка
#2451 18 May 2011 - 20:41
Оууу,
улуу-урматтуу адальс сахнда экен да. Эл катары мен да мени кызыктырган суроону узата кетсем...
1. Сенин өзүңдү бир калыпта алып жүрүшүңө аябай баа берем. Сыры эмнеде, ыя?
2. Бакыт сен үчүн ....
3. Сага карьера маанилүүбү же жеке жашоо?..
4. Неге адамдарга көп ишене бербейсиң? Аябай көңүлүңдү калтырган учурлар болду беле?
Азырынча ушул...

Сабырдын түбү - сары алтын.
#2452 18 May 2011 - 20:56
Салам Адальсвардс!
Баары окейби? Сага суроом деле жок дечи негизи. Ошентсе да учурда мен үчүн актуалдуу болуп жаткан 2 нерсе тууралуу сурайын деп чечтим. Туура түшүнөсүң деген ойдомун. Таак...
Салам. Баары жакшы. Сурооң жок болсо да, кур калтырбай, таштап кеткениңе рахмат...)))
-Кумириң ким? (Мурда бул сөздү көп айтып, колдонуп жүрсөм да маанисин түшүнгөн эмес экенмин. Акыркы жылдары түшүнүп кумир туттум)
- Кумирим жок. Бирок кандайдыр бир сапаты жаккан адамдар (көбүнчө саясат жана журналистика чөйрөсүндөгүлөр) бар. Бирок аларды "пир тутуп" алуудан кыйла алысмын.
-Эркиндик деген эмне айтчы? (No comment)
Рахмат! Ийгилик!
Рахмат! Ийгилик!
- Менин "больной" темам го... Айтып отурса көп нерсе, бирок... Эркиндик бул - НОНСЕНС! Аны кыялы чексиз, жомокто жашап жүргөн демократтар ойлоп таап алган. Жөнөкөй алганда, эч качан эркиндикке жетишүү мүмкүн эмес. Ал үчүн башка планетага барып эле жашабасаң...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#2453 19 May 2011 - 01:44
"Бысмылда"
деп клавиатураны басып баштайын.
Байкасам, жоопторунуз олуттуу, салмактуу, козго корунуктуу. Кеп адиси экенсиз. (Журналистти ушинтип озунчо кыйын болуп которуп койгондогум). Жакшы-ы. Сизден мурдагы бул теманын автору чакырган инсан же тоотпогондугубу же ага жч ким кызыкпагандыгыбы иши кылса бир себеп менен бул тема анча онукпой жаткан эле. Сиз келип гулдоп кетиптир, дагы моонот буткончо жакшы эле баарлашуу болот болсо керек деген ойдомун. Эми, чоё бербей, суроо берейин. Негизи мен бергенде опурталдуу суроолорду берчу элем. Бирок, бугун жон эле мындай, баналдуу суроолордон эле берейин, бадалдуу эмес.
Суроо ошол сиздин жазган жоопторунуздан улам эле пайда болду:
"Уч максат" деп жазып кетипсиз, не максат алар, эгер сыр болбосо?
Сыр сактоого кандайсыз?
Жашоодогу ишенимдерге же кандайдыр бир конумушторго бекемсизби, дегеним, илимий жана орус тили менен айтканда, насколько вы консервативны?
Акыркысы: Озунуздун суроолорго жооп беруу моонотунуз буткондо кайсыл форумчуну бул жакка (аренага же рингге) сунуштайт элениз?

Contra vim mortis non est medicamen in hortis
#2454 19 May 2011 - 10:21
Оууу, улуу-урматтуу адальс сахнда экен да. Эл катары мен да меникызыктырган суроону узата кетсем..
Сенин өзүңдү бир калыпта алып жүрүшүңө аябай баа берем. Сыры эмнеде,ыя?
Сенин өзүңдү бир калыпта алып жүрүшүңө аябай баа берем. Сыры эмнеде,ыя?
- Улуу-урматтууну жөн элекойбопсуң да...)))
Калп айтпачы, йооооу... Биркалыпта деле эмесмин го. Мисалы кечээ көрдүң ээ? А так, чындап эле көбүнчө бир калыпта жүргөнүм чын... Бироккызганбай эле кой...))) Анткени жашымдан эрте картайып алгамын
2. Бакыт сен үчүн ....
- Жылуу коломто. Атасы, апасы жана балдары бир столдо. Кыскасы, мен үчүн жомок. Бирок аткарылып калчу күндөр дабардыр...
3. Сага карьера маанилүүбү же жеке жашоо?..
- Азыр сага окшоп эле, жумуш көп убакытты ээлеп калат. Мындан улам азырынча жеке жашоо экинчи планда калып кеткен го... Өз убактысы менен баары ордуна келет. Сөзсүз!
4. Неге адамдарга көп ишене бербейсиң? Аябай көңүлүңдүкалтырган учурлар болду беле?
Азырынча ушул...
- Балким, сен айткандай учур болгондур. Көп ишене бербейм эмес, негизи эле таптакыр ишенбейм. Мен өзүмө гана ишенем!..
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#2455 19 May 2011 - 10:44
Салам Адальс!
Мага жоопторун аябай жакты.
Азаматсын!
Сага ийгиликтерди каалайм!
Суроолорум деле жок, бирок салтты бузбай бере кетейин.
Сен учун жашоонун кызыгы эмнеде?
Мага жоопторун аябай жакты.
Азаматсын!
Сага ийгиликтерди каалайм!
Суроолорум деле жок, бирок салтты бузбай бере кетейин.
Сен учун жашоонун кызыгы эмнеде?
Салам Финкажан... Эсимде, биринчи ушул темада жооп жазып жатканда, сен "мен негизи суроо берчү эмесмин, бирок жоопторуң жагып калып, дебютумду баштоону чечтим" деген сыяктуу пост калтырган элең... Аябай толкунданып алгам да, ошону окуп...
Мен үчүн жашоонун кызыгы бул - кечээги күнүмдөн бүгүнкү күнүмдүн окшош болбогондугу жана эртеңки күнүм андан да кызыктуу болот деген ишенич! Балким, ошондуктан журналистикага келген чыгармын. Анткени мага күнүмдүк окшоштуктар укмуштуудай тажатат.
Мисалы, бир-эки ай бою бир убакытта көчөгө чыгып, жумушка келип жүрдүм. Маршруткада менин сумкама окшош баштык көтөргөн эже бар. Ал да мен түшкөн аялдамадан түшөт. Киев көчөсүнөн Чүйгө басып бара жатканда күндө музыкалык инструмент көтөргөн корей кызын көрөм. Жумушка жакындап калганда дайыма эки орус кыздын таң эртеден чылым тиштеп турганына күндө карай берүү мени тажатып жиберди. Мен эмне кылдым? Биз жактан келчү маршрутканы өзгөрттүм. Он мүнөт кечирээк чыкчу болдум. Мен басып келген жолдун экинчи тарабы менен басып келем... Тантырап койдум окшойт. Бирок мен ушундаймын.
Аябай бат тажайм, баардык нерсенин өзгөрүп туруусун жакшы көрөм...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#2456 19 May 2011 - 11:01
"Бысмылда"
деп клавиатураны басып баштайын.
Байкасам, жоопторунуз олуттуу, салмактуу, козго корунуктуу. Кеп адиси экенсиз. (Журналистти ушинтип озунчо кыйын болуп которуп койгондогум). Жакшы-ы. Сизден мурдагы бул теманын автору чакырган инсан же тоотпогондугубу же ага жч ким кызыкпагандыгыбы иши кылса бир себеп менен бул тема анча онукпой жаткан эле. Сиз келип гулдоп кетиптир, дагы моонот буткончо жакшы эле баарлашуу болот болсо керек деген ойдомун. Эми, чоё бербей, суроо берейин. Негизи мен бергенде опурталдуу суроолорду берчу элем. Бирок, бугун жон эле мындай, баналдуу суроолордон эле берейин, бадалдуу эмес.
Байкасам, жоопторунуз олуттуу, салмактуу, козго корунуктуу. Кеп адиси экенсиз. (Журналистти ушинтип озунчо кыйын болуп которуп койгондогум). Жакшы-ы. Сизден мурдагы бул теманын автору чакырган инсан же тоотпогондугубу же ага жч ким кызыкпагандыгыбы иши кылса бир себеп менен бул тема анча онукпой жаткан эле. Сиз келип гулдоп кетиптир, дагы моонот буткончо жакшы эле баарлашуу болот болсо керек деген ойдомун. Эми, чоё бербей, суроо берейин. Негизи мен бергенде опурталдуу суроолорду берчу элем. Бирок, бугун жон эле мындай, баналдуу суроолордон эле берейин, бадалдуу эмес.
- Рахмат. Халва жакшы жасалыптыр. Түшүнбөй калдыңызбы? Омар Хаямдын айтуусу боюнча, мактоо бул - тагдырдын халвасы. Андай нерселерге алданбаган дурус...)))
Суроо ошол сиздин жазган жоопторунуздан улам эле пайда болду:
"Уч максат" деп жазып кетипсиз, не максат алар, эгер сыр болбосо?
"Уч максат" деп жазып кетипсиз, не максат алар, эгер сыр болбосо?
Жок, сыр эмес.
1. Жашоомо... (кырсыгы аз, тынчтыгы көп)
2. Жумушума... (журналист-аналитик деңгээлине жетүү)
3. Жеке өзүмө байланыштуу. .. (буюрса, өмүр берсе, 40тан ары чакан гүл бакча, же таттуу токоч жасоочу ашкананын кожойкеси болгум келет)
Сыр сактоого кандайсыз?
- Сыр биринчи булактан экинчиге көчтүбү, демек ал сыр эмес. Өзүм сырды сактоочуларга караганда жайычууларга кирем. Албетте, тамаша!..))) Айтып көрүңүзчү, качанкыга чейин сактай алар экем?
Жашоодогу ишенимдерге же кандайдыр бир конумушторго бекемсизби, дегеним, илимий жана орус тили менен айтканда, насколько вы консервативны?
- Ишеним, көнүмүш деген мен үчүн жок. Демек, консервативдүүлүк менин табиятымда жашай албайт.
Акыркысы: Озунуздун суроолорго жооп беруу моонотунуз буткондо кайсыл форумчуну бул жакка (аренага же рингге) сунуштайт элениз?
- Финка.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#2458 19 May 2011 - 12:31
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#2459 19 May 2011 - 16:05
adalsvards пиривееттт
1)нигиниздин кыскача баяны.....
2)аватарыныз эмнени тушундуроотт. ...
3)подписиниз мнеге орусча......
p.s эртен даа келемм....
1)нигиниздин кыскача баяны.....
2)аватарыныз эмнени тушундуроотт. ...
3)подписиниз мнеге орусча......
p.s эртен даа келемм....
чын журоктон баарибирр...
.
#2460 21 May 2011 - 13:56
Мен суроомду форумдун супер активисткасы саясат жагын семичкадай чакан жана ошол Саясат жана коом бөлүмүнүн акими. Корей сериалдарын күйөрманы жана корей ашканасынын кулинары Адальска суроолорду берип кетет элем.
1. Көптөн бери берейин деп жүргөн суроо Эмне себептен корей сериалдар жагат, жана биздин кыргыз жигиттерине корей сериалдарындагы каармандардын кандай сапаттар жетишпейт?
2. Кайсы жерлик болосуңар?
3. Саякатка кайсы мамлекетке же шаарга баргыңыз келип кыялданып журөсүз?
4. Кыргызстандын келечеги кандай болот деп ойлойсуз?
P.S Урматым менен Программер(Нурлан)!

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.

Супер-Инфо
super.kg
видео