Кыргыздын символу болгон ата -бабадан бери, кыргыздын урааны болгон, ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашаган улуу Манас баатырыбызды.
Дагы бир Ата Мекендин "акылдуу"
депутаты Самаковго окшогон Өмүрбек Абдрахманов жаман сөз менен айтыптыр.
Манас жөнүндө мынтип айтыптыр:
Манас деген ким? Ал тиран мыкаачы болгон. Рысбекке окшогон бандит болгон деп айтыптыр ушул Абдрахманов.
Азыртан интернеттен тапсаңар маалыматты,
телевидениедан көрсөңөр болот.
Каяктагы маңкурт мен жалгыз эмес көп эле кыргыз деп жүрөгү соккон бардык кыргыз элине Манас сөгүп салганы бардык кыргыз элин сөккөнгө барабар.
Рысбекти деле жаман аттуу кылбай эле койсо болмок анын көзү өткөндө.
Текебаев туура эмес кылыптыр партиясына эки маңкуртту фракциясына киргизип Абдрахманов менен Самаковду. эмне үчүн Самаковду кошуп койдум ал дагы улуттук символдорду алмаштырам дегени үчүн. Каяктагы болбогон себептер үчүн.
Экөө тең депутат деп аталганга татыксыз.
Билем аларды эл шайлаган эл шайласа да анда алар баарын кыла бергенге ураксытпы.
Манас атабыз жаман аттуу кылып.
Ой пикирлериңизди жаза кетсеңер. Абдрахманов жөнүндө.
- (2 )
-
- 1
- 2
Манас баатырыбызды сөккөн депутат Өмүрбек Абдрахманов Ата Мекен партиясыные депутаты
#2 23 May 2011 - 22:37
Ай сени Programmer доске, Самаковго жармаштың да калдың.
Самаковду маңкурт дегениңе караманча каршымын. Себеби мен билгенден ушул депутат кыргыздын тарыхын, санжырасын,
тегин, нарк-насилин изилдеп, ошолорду кайра жандандырууга далалат жасап келе жатат. Мамлекеттик символдорду өзгөртөлү деген демилгеси да ошол далалатынын бир четидир балким? Анткени тээ абалтан бери бабалар көк асаба көтөрүп келген. Анан сен бул кишини маңкурт дейсиң. Кой да эми.
Тема боюнча жазсам, Абдрахмановду жакшы тааныбайт экемин. Эгерде чын эле жогоруда сен айтып кеткен сөздөрдү жазган болсо, анда кыргыз элинен расмий түрдө кечирим суроосу керек.
Тема боюнча жазсам, Абдрахмановду жакшы тааныбайт экемин. Эгерде чын эле жогоруда сен айтып кеткен сөздөрдү жазган болсо, анда кыргыз элинен расмий түрдө кечирим суроосу керек.
#3 24 May 2011 - 00:17
USSR байке макул Самаковду койдум. Самаковго асылбайм эркекче сөз берем.
Абдрахманов бардык кыргыз элине жаман аттуу болуп жатат. Кантип мындай болсун кыргыз үчүн ыйык болгон Манас баатырды сөгүп.
Айтканы чын болуп турат. Асман пресс гезитине айтыптыр. Интервью берип. Интернеттен дагы тапсаңар болот ал маалыматты. Бүгүн твдан да айтты. Туура айтасыз кыргыз элинен кечирим сураш керек.
Бирок ал тескеринче кечирим сурабайм деп жатыптыр.

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#4 24 May 2011 - 00:27
24 майда митинг болуш мүмкүн Бишкекте ошол Абдрахмановго каршы. Деген маалымат интернетте жүрөт.
Элдер ал депутаттык мандатын тапшырып туруп кечирим сурап Кыргызстан чыгып кетсин деп элдер Абдрахмановго импичмент жарыялаш керек деп чыгып жатышыптыр.
Элдер ал депутаттык мандатын тапшырып туруп кечирим сурап Кыргызстан чыгып кетсин деп элдер Абдрахмановго импичмент жарыялаш керек деп чыгып жатышыптыр.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#5 24 May 2011 - 00:42
Балык башынан сасыйт дегендей Текебаев озу да жакшы киши экенине ишенгим келбейт ,ал эми биз улуу элбиз деп Манас атабызга таянып айтканыбыз чындык,Манас жонундо эч кимдин жаман соз айтканга акысы жок!!!
Айга Кунго жетип турат кулачым.
#6 24 May 2011 - 00:46
24 майда митинг болуш мүмкүн Бишкекте ошол Абдрахмановго каршы. Деген маалымат интернетте жүрөт.
Элдер ал депутаттык мандатын тапшырып туруп кечирим сурап Кыргызстан чыгып кетсин деп элдер Абдрахмановго импичмент жарыялаш керек деп чыгып жатышыптыр.
Элдер ал депутаттык мандатын тапшырып туруп кечирим сурап Кыргызстан чыгып кетсин деп элдер Абдрахмановго импичмент жарыялаш керек деп чыгып жатышыптыр.
Митингге чыкканга ким канча сом толоп жатыптыр дебейимби,бул албетте тамаша бирок митинг деген нерседен алыс эле жашаганга отпосок онукпой калдык го.
Айга Кунго жетип турат кулачым.
#8 24 May 2011 - 09:26
Темада кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбей, талкууну уланталы, ок?
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#9 24 May 2011 - 11:41
Файсбукта бироо эле укмуш жазыватат ушул теманы, жон эле ата-жотосуна чейин согуп. "Бугун 9да митинг кылабыз, келгиле. Манасты коргоп калалы" деп. Анан бироо билдируу жазып коюптур "Абдырахманов антип айткан эмес. Бир басылманы сотко берем, тактагыла, байкагыла"
деп айтты. Курулай которулуш кыла бербегиле деп".
#10 24 May 2011 - 12:07
Учурда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында Манасты колдоо боюнча митинг башталды. Манасчы Ырысбай Исаковдун айтымында, аянтка манасчылар Талантаалы Бакчиев, Замир Баялиев, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов чыгып, депутат Өмүрбек Абдрахмановдун Манас тууралуу айткан сөзү үчүн кечирим суроосун талап кылышууда. «Биздин айтыла турган талаптарыбыз көп эле да, азыр жаңы эле башталып атат. Катышуучулар бир аздан кийин айтышса керек, ошондо белгилүү болот», - деди ал.Манасчынын айтуусу боюнча, ушул тапта митингке катышкандарды саны акырындап көбөйүүдө. Ал жерде манасчылардан башка «Манастын урпактары» коому жана карапайым элден турган бир топ жоон топтор турушат.
«Азыр дагы спортчулардай өңдөнгөн балдар келип кошулушту. Бул жерде турган адамдардын баары Ө.Абдрахмановго нааразы болуп турушат. «Айткандарын танып жатат. Буга чейин эле ушундай сөздөрдү айтып келчү, актанбай эле койсун», деп атышат», - дейт Ы.Исаков.

#11 24 May 2011 - 12:14
EX Kyrgyzym ushak menen jashap kalyptyrbyz (((
Жок эч кандай ушак эмес айтканы чын болуп жатат. Ушак болсо бул теманы түзбөйт элем.
Азыр Абдрахманов актанып жаткан чагы экен мен айткан эмесмин деп. Бирок баарыбызга белгилүү саясатчылардын приему келип туруп бир нерсени кылышат анан кайра эле мен айткан эмесмин кылган эмесмин деп чыгышат.
Ушак болсо элдер мынчалык толкундабайт эле.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#12 24 May 2011 - 12:39
Манас кыргыз элине тынчтык жана биримдик алып келген . Кыргыздын урааны символу. Манасты сөккөнгө Абдрахмановдо эч кандай укугу жок. Бир дагы азыркы саясатчылардан бирөөсү дагы мындай денгээлге чейин түшкөн эмес. Жүрөгү кыргыз деп согуп турса мындай жакка барбайт эле ушул депутат.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#13 24 May 2011 - 14:30
Абдрахмановду аянтка алып чыгып асып коюш керек. Ал эми туунун озгортом дегендерди кетириш керек. Кыргызстанда эмне тууну алмаштыргандан башка проблема жок калыптырбы?
Тууну копчулукко жагат . Анан бир, эки депутатка жакпай калса эле алмаштыра бериш керекпи? Аны алмаштырганда да миллион деген акчалар кетет суудай болуп эле.
#14 24 May 2011 - 15:00
Абдырахманов Бабановдун ишин карап жатат, абийирин мына ачам деп турат. Созду орду менен суйлогон киши кантип ушинтип айтсын, жон эле кара пиар болуп кетти. Кимдин кулагы корунуп турганын политикадан алыс кишиге деле тушунуктуу го дейм!
#16 24 May 2011 - 18:06
ЖК бир таанышым иштейт ошол Ата Мекен партиясында аябай патриот апрель окуясында буттунан ок тийген. Ал мага айтты экөөбүз бүгүн жолугушуп калдык. Айтканы чын дейт. Ошон үчүн өзүнүн партиясындагы кээ бир депутаттар менен айтышканга чейин барышты дейт кечээ. Бүгүн эртен менен гезиттин редакторун чакыртып коркутуп аябай катуу сүйлөшуп жатышты дейт коркутуудан кийин гезиттин корреспонденти жана редактору эмки номерде кечирим сурасын деген ультиматум коюптур алар айла жок макул болушуптур дейт . Баары бир бийлик Абдрахмановдун колунда да ал депутатта актанып чыгып кетет, биздин мамлекетте бир дагы саясатчы жоопко тартыла элек.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#18 24 May 2011 - 23:08
Ошондой оозун көптүрүп сүйлөгөн депутаттарды,
илгеркидей "казыкка"
отургузуш керек!!!
!
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#19 25 May 2011 - 00:10
Манас баатырды сөксө Манас атабыздын арбагы уруп кетсин!
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#20 25 May 2011 - 03:27
Убакыт баарын өз ордуна коет. Абдрахманов ошол сөздү айтканына, чынында, ишене албай кыйылып турам. Көчөдөгү жөн жай жүргөн адам болсо мейли эле. Манасты жарым эс адам гана сөкпөсө, акыл-эси, жөндөмдүүлүгү менен көп бийиктиктерди багынта алган Абдрахмановдой саясатчы адам мындай ишке барат деген ой чындыкка коошпой тургандай. Эмнеси болсо да, бул чуулган баары бир териштирилет,
иштин ачык-төгүнүн ошондо көрө жатаарбыз. Ошондуктан,
кошо дарбый бербейлик замандаш, бирөөнү күнөөлөгөндө асте кылып турсак, негизи бул оңой айыптоо эмес...
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео