Суперстан: Кадимки денедеги кал рактын белгисиби? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Дерматология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кадимки денедеги кал рактын белгисиби? Кыргызстанда калды текшерген адистер барбы?

#21 Пользователь офлайн   DoctorVOROBEI   30 Май 2011 - 21:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 003
  • Катталган: 03 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 19:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аалам

Просмотр сообщения Takeshbek (30 Май 2011 - 20:17) жазган:

Калды 4 жол менен алып таштаса болот:
  • хирургиялык ыкма менен ( Бул скальпердин жардамы менен ишке ашат)
  • куйгузуу ыкмасы ( азот суюуктугу менен)
  • электрокаогулация жолу менен ( электричество менен)
  • лазер менен ( хирургиялык лазер менен же бууландыруу жолу менен)
Ушул жолдор менен алдырса болот.
Ал учун хирургиялык адистерге же дагы аты аталып кеткен жерлерге барып сурасаныз. Эн жакшы денгээлде айтып берсе керек!

Сулуунун корку калда бар дегендей неге алып таштаганга шашасыз же кандайдыр бир симптомдор байкалып жатабы???
Эгер калыңыздын өңү өзгөрүлүп же формасын жоготуп, кычышып, кандайдыр ооруусу байкалса, кроветечение болуп калса, анда сөзсүз адистерге кайрылып кеңеш сурап анан аркысында көруш керек. Бул может меланома ( тери рагы) болуп калышы ыктымаал).
Кайсыл жерде калды алат пока я понятие не имею!!! билсем сөзсүз келип эле жазам!!!

Мына жазса болот экен го. Онолот деген ушул. Маалыматына рахмат. Менде да кал бар эле, чондугу алакандай, кай жерде экенин сураба ээ?))) Негизи эле кыйын жигитсин да ушу сен)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Narynbek   30 Май 2011 - 21:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Эч коркпо карындашым. Алар текшертсе текшерте берсин.Азыр догдурга барсаң соо жериң калбай оорукчан болуп чыгасың.андан көрө Кудай ден-соолук берсин.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Elit   10 Ноябрь 2011 - 19:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

Саламчики! Урматтуу Такешбек абдан соонун маалымат алдык, менин бир суроом бар ГЕМАНГИОМА деген дагы калга киреби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Aydashka   31 Январь 2012 - 22:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

"Кал" демекчи,кал тууралуу кызыктуу маалымат таап алдым:
Денесинин жок дегенде бир жеринде калы жок адам болбосо керек. Калдар адамдын тагдырын, мүнөзүн, эмнеге жөндөмдүү экенин айтып турат. Муну кантип билсе болот? Эң жөнөкөй. Кал денеңиздин кайсы бөлүгүндө жайгашканына көңүл буруңуз да, төмөнкү макалага көз чаптырыңыз.
Сүрөт
Бетте
Көзгө жакын жайгашкан кал адатта тагдыры тайкы аялдарда болот.
Маңдайдын так ортосундагы кал ээсинин максатка умтула билгендигинен, бийликке жетүүгө аракет кылгандыгынан кабар берет.
Чекенин оң жагындагы кал эрксиз, башканын таасирине тез берилип кеткен адамдарда болот.
Оң кашынын жанында калы бар адамдар адатта түгөйүн эрте табышат. Алардын сүйүүсү чогуу жашагандарына канча жыл болсо да муздабайт.
Сол каштын жанындагы кал - ийгиликсиз нике. Мындай адамдар акылына караганда сезимине көбүрөөк ишенишет. Бирок, түгөй тандоодо катачылык кетиргенин өтө кеч түшүнүшөт, ошентсе да уясын бузуп, башка жактан бакыт издеп кетүүгө күчү жетет.
Кулактагы кал - акыл менен ойлонбой иш кылгандык.
Оң жаактагы кал бактылуулукту убада кылат. Мындай адамдарды жашоосунда ийгилик коштоп жүрөт жана ал никеде да бактылуу болот.
Сол жаактагы калдын ээсине жашоосунда көп кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келет. Ал такай күрөшүү үстүндө жүрөт.
Ооздун айланасындагы кал мүнөзү жакшы адамдарга таандык. Ал айланасындагы адамдарга ар дайым жакшылык тилеп турат, боорукер.
Мурунунда калы бар адамдын келечеги кең, жашоосунда көптөгөн саякаттар болот. Мындай адамдардагы кандайдыр бир күч башкаларды өзүнө тартып турат.
Ээкте жайгашкан калдын ээси жолдуу болот. Кандай иш баштабасын ийгиликке жетишкен мындай адамдар өзгөчө күч жумшабай эле байып кетүүгө жөндөмдүү.

Моюнда
Моюнунда калы бар адамдар жаш кезинде көп эмгектенгенге аргасыз болушат. Ага жөн эле эч нерсе келбейт, бардык нерсеге өз күчү менен жетип, жашоонун тепкичтерине өзү көтөрүлүүгө тийиш. Анткен менен жаш кезиндеги бул эмгегинин үзүрүн карыганда көрөт. Негизинен чыгармачыл адамдар болушат. Мындай адамдардын фантазиясына суктанып, талантына таң берүүгө болот. Бирок, алар билген нерселерин "сатууга" жөндөмсүз келишет, болбогон айлыгы менен жөнөкөй жашоого көнүшкөн. Бир кийимин үстүнөн түшүрбөй бир канча сезон кийе беришет. Өтө кыялкеч болгондуктан, айымдарга гүл тартуулагандан ырахат алышат.

Аркада
Аркадагы кал - ээсинин өтө берилгендигинен жана чынчылдыгынан кабар берет. Алар аябай эмгекчил келишет. Үй-бүлөсүн аздектеп, балдарынын жетишкендикте жашоосу үчүн колунан келгендин баарын жасайт. Бир эле убакта төрт жумушта иштей алат. Анысы аз келгенсип балдарынын сабагын караганга да, идиш жууп, үй жыйнаганга да жетишет. Мындай айымдар жумуштан жолдуу болгону менен сүйүүдөн дайым эле жолдуу боло беришпейт.

Ийинде
Сол ийинде же оң ийинде экенине карабай бул жерде жайгашкан кал турмуштагы кыйынчылыктар, оор жумуш тууралуу айтып турат.

Көкүрөктө
Эркектердин оң жак көкүрөгүндөгү кал анын өзүнө өтө ишенгендигин тастыктайт. Мындай эркектер өзүнүкү туура эмес экенин билип турушса да мелдешип, анысын далилдөөгө даяр. Алар тагдырдын ар кандай сыноолорун баштарынан өткөрүшөт. Болуп көрбөгөндөй байып, атак-даңкка жетишип, анан күтүлбөгөн жерден жарды болуп калышы мүмкүн.
Эгер кал сол көкүрөктө болсо, мындай адамдардын өмүр бою иштери жүрүшүп, бактылуу болушат. Бирок, аларда чечкиндүүлүк жана максатка умтулуучулук жетишсиздик кылат.
Оң жак көкүрөгүндө калы бар аялдар - эң мыкты энелер, алар көп балалуу болушат.
Эгер аялдын эки көкүрөгүнүн ортосунда калы болсо, ал күтүлбөгөн жерден байып кетет.

Курсакта
Эгер аялдын киндигинде калы болсо, аны ийгиликтүү нике күтүп турат. Эркектердеги мындай кал байлыкты билдирет. Бирок, денесинин бул бөлүгүндө калы бар адамдар өзүмчүл, ач көз болушат.

Белде
Эгер бул эркек болсо, белдеги кал анын апасына көз каранды экенин билдирет. Апасы ар бир кадамын көзөмөлдөйт. Эгер анын тандаган жубайы апасына жакпай калса, баласы менен ажыраштыруу үчүн ал баарына даяр. Денесинин бул бөлүгүндө калы бар эркек өз алдынчалуулукка ээ болбогондуктан, аялын экинчи апасы катары кабыл алат жана ага бардык жерде баш ийет.
Ал эми аялдар үчүн белдеги кал анчалык деле жакшы жышаан эмес. Мындай айымдардын көпчүлүгү турмушка кеч чыгышат.

Колдо
Колдогу кал эркектерде да, аялдарда да өзүнө ишенбөөчүлүктү билдирет. Мындай адамдар сүйүүсүн эч качан биринчи билдиришпейт, анткени, баары бир жолум болбойт деп ойлошот. Ачык сүйлөшүүгө баргандан көрө кыйналып жүрө берүүнү тандашат. Ошентсе да бул адамдарды жашоодо ийгилик коштойт.

Манжада
Жакшы эмес белги. Мындай кал ээсинин уурулукка жана алдамчылыкка жөндөмдүү экендигин айтып турат.

Жыныс органында
Аялуу жеринде калы бар айымдар гений төрөйт, эгер гений болбосо, сөзсүз таланттуу балдарды жарыкка алып келет. Ал эми эркек эч качан акчага муктаж болбойт.

Бутта

Тизелердин же кызыл ашыктардын ортосундагы кал шалаакылыкты, кенебестикти жана жалкоолукту билдирет.

Тизеде
Оң тизедеги кал бактылуу никеден кабар берет. Мындай адамдардын жубайлык жашоосунда олуттуу маселе жаралбайт.
Эгер сол тизеде кал бар болсо, ал шашмалыгынын зыянын көп тартат. Мындай адаты үчүн көп өкүнөт. Бирок, анын ички дүйнөсү таза, ак көңүл жана башкаларга боорукерлик кыла билет.

Кызыл ашыкта
Кызыл ашыктардын кайсынысында жайгашканына карабай, бул жердеги кал кылдаттыкты билдирет. Аялдардагы мындай кал энергиянын жана жөндөмдүүлүктүн күбөсү. Мындай аялдар күчтүү, оптимист, эмгекчил жана көз карандысыз болушат.

Таманда
Оң тамандагы кал саякатка болгон сүйүүнү кабарлап турат. Эгер сол таманда кал болсо, ал адамдын дүйнө таанымы жана ой жүгүртүүсү кенен болот.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Likvidator   31 Январь 2012 - 23:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Айдашка сенин жазгандарын дал келип жатат мага.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Aydashka   31 Январь 2012 - 23:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Просмотр сообщения Likvidator (31 Январь 2012 - 23:15) жазган:

Айдашка сенин жазгандарын дал келип жатат мага.

Мен болсо скоро билинбей байып кетишим мумкун экен,так что жакшы дос боло бер... :crazy-girl:
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   MaRmeLaDka   01 Февраль 2012 - 11:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 130
  • Катталган: 01 Июль 09
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2019 20:16
  • Жынысы:Аялзаты

Менин байкашымча акыркы күндөрү моюнумда, бетимде калдар көбөйүп кетти. Бирок Кудай сактасын, андай жаман белгилери жок деле. Жакында атымды Калбүбү деп коюп алсамбы деген да ойго келип кеттим :crazy-girl: . Бирок баары бир көрүнүп коюш керек эле бир :батан:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   solnyshko   01 Февраль 2012 - 12:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

е мооое каяктагыны айтпагылачы рак,же дагы бир нерсе деп....Бул Кудайдын бергени да...кээ бир адамдарга аябай жарашат,(мисалы магаСүрөт,суйөм да бетимдеги калды)....Бирок мен да бир жолу көргөм телевизордон. .ошол калды(каякта жайгашканына карабай)кечке эле кармап,тырмап, же дагы башка нерселерди кылса,ал деген ордунан козголуп,бара- бара чоноюп, ракка айлана баштайт экен.....Анан бут денеге таркап,последствиеси жаман болот.....и анан дагы операциянын жолу менен калын алдыргандардын кийинкиси жаман болушу мүмкүн...Себеби кал дагы дененин бир кииииичинекеееей мүчөсү болуп эсептелет... .анын дагы өзүнчө бир орду бар....Ошого Достор,табияттан берилген калды,урматтап, жинин келтирип,ар нерселерди кылбай,шүгүр деп жашагыла.... Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: solnyshko: 01 Февраль 2012 - 12:09

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   ANELKA   11 Февраль 2012 - 07:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 253
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2018 21:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аравия!

бул темага кантип кирип калганымды да билбей калдым. денедеги кал менен беттеги калдын айырмасы болсо керек ээ? ачыгын айтсам бетимде 7,8 кал бар, абдан коп! калдарбай же калдарбек дешсечи, анан да мен элдин жузун кароодон уяла берчумун, калы коп экен же тиги бул деп соз кылабы деп? мен да коп жолу ойлонгомун, калды алдырып салсамбы же тим койсомбу деп? бирок Аллахтын жаратканына каршы чыгуу , алдырып салып, жок кылуу бул куноо экенин укканымдан кийин тим болгонмун. кееде жакындарым, досторум: сулуунун корку калда бар, сенин калдарын озуно жарашат деп сооротуп коюшчу. ал эми бул теманы жана билдируунорду окуп алып коркуп олтурамын. эмне кылсам?... :(
Сулуудан коркпойм, уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   kipchak   11 Февраль 2012 - 14:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 871
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 08 Сен 2014 23:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалал-Абад

а мен эс качан акчага муктаж болбойт экем...йес! !! :dance2:



"First think then speak."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   ELTYN   25 Февраль 2012 - 14:15

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 389
  • Катталган: 12 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 29 Фев 2012 13:16
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения aminali (29 Май 2011 - 19:16) жазган:

Салам достор,мен бул теманы ачканымдын себеби жакында эле денедеги кал жөнүндө ар кандай нерселерди угуп ишенгсем да ишенгим келбей сиздерден да кеңеш суроону чечтим.Италиада тааныш бир эже калын текшертип алдырып салды,анткени ал ракты алип келүүчү кал экен.Бул жерде баары тең калдарын текшертип тураушат экен,билинбей кичинекей нерсе чоң оорунун башаты дешет.Чынын айцам мен мурда такыр уккан эмесмин кал ушундай татаал оорунун башаты деп,сиздердин ойуңуздар кандай бизде барбы кал текшерген лабараториялар?


Бул болбогон кеп кантип калда рак болсун!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Таллас   25 Февраль 2012 - 19:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Айдашка эже, тапкан маалыматыңыз менен бөлүшкөнүңүзгө ыраазычылык. Мен да куру келбей өз оюмду кошоюн. Менин оюм, кээ бирлер алдын-ала билип тургандай, "Ии, ооба, ошондой" эмес, "Э, кайдагы? Мындай эме жок" деген таризде болмокчу..

Сөз жок, кал - бул адамдын көркү. Эгер өз ченеминде болсо. Ошондуктан "Сулуунун көркү калда бар" деген макалдын дайым эле туура чыга бербесин да эске алуу керек. Өткөндө бети-башы, денеси бүт эле калган оронгон бир адам тууралуу даректүү тасма көрдүм. Ал байкуштун колун кал басып кеткендиктен ачып жуумп, тамак дагы иче албайт экен. Таиландыбы же Сингапурбу, айтор, ошол жактын жараны экен. Анан ал тууралуу өлкөнүн башчысы билип калып аны айыктырууга дарыгерлерге буйрук бериптир, кыскасы, акыры дарыгерлер ар кайсы усулдарды колдонуп анын калын кетиришти. Айтайын дегеним, кал деген ар дайым эле сулуулуктун көркү боло бербей тургандыгы тууралуу. Бирок, аны айтканым менен, өзүмдүн деле дене-башымдын ар кайсы жерлеринде кал деген эме бар экенин жаза кетейин. Бала кезде уялып тартынчумун, кийин, байкасам, бул деген менин өзгөчөлүгүм окшойт да )). Неси болсо да, ушул жерден бая ар кимиңер эле сүйүп айтчу макалыңарга дал келип калды: "Сулуунун көркү калда бар" деген. ))

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Таллас   25 Февраль 2012 - 19:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Кал алдыруу боюнча

Группада бир орус бар эле. Анын калдары көп болучу. Көбүн эсе башында эле. Анан 3-курста ал медицина жолу менен алдырып салган. Менин жеке оюм: эгер кал кандайдыр бир деңгээлде ден соолукка коркунуч туудурса алдырып эле салган оң го? Бирок, негизи, Исламда Аллах Таала берген келбетке нааразы болуп сулуулук үчүн өзгөртүү (каш терүү, сурма кошуу ж.б.) жактырылбайт. (дагы тактоо керек..) Ал эми ден соолукка зыян келтирсе, албетте, сөз жок алдырса эч нерсе деле болбойт.


... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Таллас   25 Февраль 2012 - 19:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Калдын тагдырга же мүнөзгө тийгизген таасири

Ушул тууралуу жазгандар таарынбасын, бирок, мен айтып коюшум керек: Бул тууралуу айтылган да жазылган да нерсе баары одоно айтканда - туфта эле.

Түшүндүрөйүн: кайсы бир калдын дененин кайсы бир жеринде жайгашкандыгынан адамдын бактылуу же бактысыз, бай же кедей, никеде ийгиликтүү же ийгиликсиз болоору жөнүндөгү нерселерге ишенип алуу.. бул адамдын изги, диний ишенимдерине шек келтирет. Анткени, бактылуулук же бактысыздык андай нерселер менен ченелбейт. Кимди Аллах кааласа бактылуу кылат, кимди кааласа бактысыз кылат. Бул Аллахтын өкүмү жана каалоосу.

Мен бир мисал менен чектелейин.

Мисалы, жогордо жазылган боюнча

Цитата

Оң кашынын жанында калы бар адамдар адатта түгөйүн эрте табышат. Алардын сүйүүсү чогуу жашагандарына канча жыл болсо да муздабайт.
экен да,

Цитата

Сол каштын жанындагы кал - ийгиликсиз нике. Мындай адамдар акылына караганда сезимине көбүрөөк ишенишет.
экен. Анан да буга кошумча

Цитата

Оң жаактагы кал бактылуулукту убада кылат. Мындай адамдарды жашоосунда ийгилик коштоп жүрөт жана ал никеде да бактылуу болот.
Жакшылап абай салган кишиге, ушул "эрежени" ойлоп тапкан адам өзүнө-өзүкаршы чыкканы айкын болот.

Калган мисалдарын тим эле коёюн.

Мунун баарын мен күзгүнү карап туруп жаздым.

Ошондуктан "Кулагымда калым бар: эми, мен келесоосунбу? " - деп кейибей эле койгула.

Болгону муну, калды тек гана "сулуулук белгиси" деп кабыл алып коё бергиле.Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 25 Февраль 2012 - 19:43

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Таллас   25 Февраль 2012 - 19:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Анан менин бир байкаганым, калдын үстүнө чыккан түк (сакал) өтө тез өсөт. Жанындагы кошуналарынан озуп кетет бат эле.. Сүрөт
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   orbitka   25 Февраль 2012 - 19:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 715
  • Катталган: 16 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 18 Июн 2017 22:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Ммммда жогорудагыларды окуп коркуп да кеттим эй, анткени менде да ийнимдин сол жагында, колумда да кичинекей кал бар,алдыруу жонундо ойлонбоптурмун, тескерисинче кубанып калчымун, жарашыктуу деп айтып калышканда. Ал эми жанагындай жоромолдорго ишене бербейм негизи...
Апакем менин кымбатым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   lapyska   14 Март 2012 - 00:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 23 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 03 Мар 2013 01:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Kyrgyzstan

Мен менен калдын айырмасы барбы же экоо бир элеби?
Чтобы добраться до источника, надо плыть против течения. Станислав Ежи Лец.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   azamat1992kg   23 Март 2012 - 12:28

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения lapyska (14 Март 2012 - 00:55) жазган:

Мен менен калдын айырмасы барбы же экоо бир элеби?

Экөө бир эле го? Бирок мең жаш өткөн сайын чоңоет, а кал ошол бойдон эле калат болуш керек. Бул менин жеке оюм боюнча.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   kalen9001   14 Июнь 2015 - 12:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 230
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 17:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Борбор

Кал демекчи... Атым ушуну чечмелейт, торолгонумдо он бутумда билерик кал болгон экен, ошондон улам бул кал "эн" болуп калсын дешип Кален койушкан экен. Менимче зыяны жок табиятынан калын болсо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   madina.87   14 Июнь 2015 - 14:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Менин кызымдында жамбашында ай сыяктуу ийилген калы бар.Окуп алып коркуп кеттим,андай оорудан кудай сактасын.
Чылпагын алам деп,козун оюп алыптыр болбой эле тим коюш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дерматология
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 17:03

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: