Саламацыздарбы!
Мен сиздерден сурайын деген нерсем бар,мүмкүн болсо жооп алалсам жакшы болот эле.Менин бир жеңем азыр түрмөдө,2жылдын жүзү болду,ал 9 жылга эркинен ажыраптыр.Агабызды бычак менен сайып өлтүрүп салыптыр,мен алыста болгондуктан көп нерсени жакшы билбейм.Бирок агабыздын кыялын сонун билчүмүн,жеңем жакшы акылдуу эле адам болчу ,эмне болуп кеткенин да түшүнбөй турам 3айлык баласын азыр ежелерибиз карайт.Жеңебиз томолой жетим өскөн жөнөкөй жароокер адам.Агабыз чынын айтканда арак көп иччү,сабаганы туугандарга эле эмес жалпы айылга маалым болчу.Азыр баары жеңемди жек көрүшөт.Түрмөсүнө бармак түгүл каргап шилеп,кыскача айтканда эч кимдин уккусу да келбейт,мен андайды каалабай жатам жеңем байкуш деле атайын өлтүргөн жок,агабызды аябай сүйчү мен баарына күбөмүн.Мен жакында барсам үйдөгүлөргө айтпай жеңеме барсамбы деп жатам бирок кантип барышты билбейм,документ керекпи?же биринчи эмне кылыш керек,байкуштун ата эне,бир туугандары да жок?жардам берип койгулачы,биринчи жолу ушундай нерсеге кабылып жатам.Мен акырын адресин алам,түз эле кирип барсам киргизеби же ???????
Түрмөгө кантип барса болот? Барган кишини киргизе береби?
#2 04 June 2011 - 13:43
Аялдардын турмосу Пригородный жакта экенин уккам, бирок кантип баруу керек экенин билбейт экенмин
#3 04 June 2011 - 14:44
Аялдар учун кандай экенин менда билбейм. Бирок, мен барып жургондо паспорт менен эле барчымын. Барасын, кимге келгенди, свиданкага заявление жазып эле кире берчубуз. Биз в основном чай менен тамеки алып барчубуз.
#4 04 June 2011 - 15:34
Кимдин түрмөгө баргысы келип калды экен десемчи?Жеңем менен кантип көрүшсөм болот дебейсиңби?
Жыландын баласында түшкүлүк кылбасын.Ал эми жолугушууга келсек,паспортуңду алып эле бара берсең болот.Строгий режим менен кесилбегендир жеңен.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#5 18 June 2011 - 19:14
№2 aialdar koloniasy prigorodnyida jaigawkan. Aeroportko ketip jatkan tarapta. Biwkektegi firmanyn taksileri biliwet. A barganda janynyzda passport boluwu kerek, jana 4ontokto ki4ine birdeme boluw kerek.Ak4anyz bolso bat ele svidanka uiuwturup jiberiwet. griftin kop dele keregi jok, antkeni i4inen baary bir alyp koiuwat. Blok tameki,4ai, anan noli4ka ak4a bolso bergeniniz on, ozu bilgendei katyp alat da unomdop koldono beret.
#6 18 June 2011 - 20:19
Турмого кимдин баргысы келип кеткен экен десе.Мен таптакыр башкача тушунуп алыпмын
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#7 29 June 2011 - 12:10
Ex a9ldar turmogo tushboi ele jon jurso bolo .
Jashoo keremet, erkemden bashka ne kerek
#9 09 September 2011 - 02:49
Саламацыздарбы!
Жазгандан да уялып жатам,бардым Кыргызстанга бирок жеңеме жете алган жокмун ар кандай шартка байланычтуу финансы жактан эмес албетте,балдары чоңойуп жатышат бирок эне деген эне да,мен барсам кызы МАМА деп алдымдан чыкса аябай жаман болдум(боорум ооруганынан ыйлап да алдым)сүрөттөрү бар бир күнү жүктөйм.Жеңем байкушту бошотуптур башында,өзүн өзү сактады деген статия менен биздин туугандар жөн турбай акча берип соттотуп салышыптыр жиним келип жатат чынында туугандарыма,
эки баланын убалы жецин деп кайра жеңемди каргап жатышат.Мени болсо баскан турганымдан бери аңдып туруп алышты,анын үстүнө да ден соолугума байланычтуу көбүнчө доктурда болуп жаттым.Азыркы күндө жеңеме жакшы гана адвокат керек болуп жатат,айылдагы үй каза болгон байкемдики негизи эки балага калыш керек жана жеңеме дагы,бирок ал үйдү башка туугандар алган жатат,байкуш жеңем эптеп чыксам балдарымды алам да кетем деп жатыптыр,ал байкуш кайда барат же туугандары жок,мен байкуштун колумдан эч нерсе келберин билип турам кантип жардам берем.Жакшы эле даярдангам барам деп,балдарынын сүрөтүн,видиолорун жана башка керек нерселерин бирок кармалып калдым мен да ушакчылардын азабынан,анан башкаларга таштап келе бердим барып койгула деп,эми жакшы адвокат таап эле жардам кылбасам.Жардам бере тургандар болсо жакшы болмок.
#10 19 March 2012 - 20:37
ОО жараткан,эмне кылам жардамымды бере албай же түрмөсүнө бара албай түбөлүк арманда калам деп ойлогон эмесмин.Баардыгын башкача элестетип,балдарынын бактысына бир күнү эркиндике чыгат деп ойлогом.Эмнеге жеңе?Эмнеге балдарыңды ойлогон жоксун муунуп жатканда,балдарың сенден үмүтүн үзбөй күтүп жаткан да эми атасы да апасы да жок калышты,балдарыңды көргөн сайын жүрөгүм кантип чыдап жашайм.Жаткан жериң жайлуу болсун!
#11 14 May 2012 - 16:07
Кудайым озу кечирсин куноолорун!
Ал байкуш да чыдабай кетти го, таянаар тоосу жок.
Ата-энесинин омурун балдарына берсин, жетим кылбай багып алгыла жакшылап...
Ата-энесинин омурун балдарына берсин, жетим кылбай багып алгыла жакшылап...
#13 22 May 2012 - 21:13
мен да биринчи эле темасын окуганда денем "дир" деп чочуп кеттим. Анан тексти мазмунун окуганда тушундум. Бешене тагдыр демекчи,баары кудайдын жазганыдай болот.
#14 22 May 2012 - 21:23
Окунучтуу жаткан жери жайлуу болсун,балдары аман-эсен чонойуп кыргыз элине жараган жигиттерден болсун!!

Супер-Инфо
super.kg
видео
















