Суперстан: Жүрөктөн чыккaн ырлaр. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары

#841 Пользователь офлайн   USSR   13 Май 2011 - 05:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ысмың менен жылдыздарды аташаар
А мен болсо
Жылт деп өчкөн бир учкун...
Көз ирмемге жарк деп жанып,
Түбөлүк
Карегиңде болгум келди мен туткун....
Жалп дей түшөм
Жалындын өчүп билиги...
Карегимдин нуру качып
Билинбестен өлүүбү же тирүүбү...
Көөдөй кара туңгуюкка кабылганда
Капканга түшүп
өз бутун кемирген карышкырдай
Жүрөгүм чамынганда. ..
Көз көрүп, көөдөн көрбөй
Көкүрөк көр турмуштун
Жолундагы таштарга чалынганда. ..
Тумчугуп жандүнүйөм жарык таппай
Бир үзүм шоола издеп жалынганда. ..
Күз айынын коңур таптуу нуру сымал
Көзүңдүн кереметин сагынганда. ..
Тумчугуп сени таппай
Туурадан тайып дүйнөм кулап жыгылганда. ..
Айтчы кантем?
Кандай арга кыламын?
Мен да билбейм...
Суроолор көп...
Жообун таппай турамын...
Күз жыттанган аруу кыз
Болдуң го сен
Түгөнбөгөн жыргалым да, кууралым....

Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 13 Май 2011 - 05:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#842 Пользователь офлайн   Janyla   15 Май 2011 - 10:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Акыркы кат

Менин сага эн акыркы жазганым,
Бул катта бар ичте толгон арманым.
Махабатты,сезимдерди оорутуп,
Сага жаздым очпос арман каттарын.

Жалындады эт-журогум чогунда,
Калтырады жалтыр муздун тонунда.
Эркелетип,суйуп менин бетимден
Калп муноздуу кысчу беле бооруна.

Катты жаздым сыя кылып канымды,
Жанга уйдум кусалыктуу дартымды.
Жалдырадым кайрылчы деп мен сага,
А сен болсо карабадын артынды.

Сен куйгуздун аран турган жанымды
Кеч билерсин бирок менин баркымды.
Келбесен да бир озумо кайрылып,
Окуп койгун бул акыркы катымды.

Бизде очуп,суттой таза ак суйуу
Бирибизге жетпей эми жан куйуу.
Бул жашоодо кайчылашып отсок да,
Кай бир жерден жолугарбыз бир куну.

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#843 Пользователь офлайн   DoctorVOROBEI   16 Май 2011 - 00:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 003
  • Катталган: 03 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 19:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аалам

Апаке, каалап келем кулгонунду.
Жанымда жаркылдап жургонунду.
Алтыным деп ырдап жаш кезинде,
атамды жумуштан кутконунду
Атакем суктанып сага келет.
Туболук жомок кылып айтып келет.
Балдарым акыл эстуу болсо экен деп,
акыл насаат создорун айтып берет.
Коп жыл бою оорудун бул турмушта.
Апаке, оорубачы мен суранам.
Апакем айыкса деп кокусунан,
мен умут менен жашап келем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#844 Пользователь офлайн   USSR   16 Май 2011 - 15:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жылдыздай жандың көктө
Жеталбай кол сермедим
Жан ооруп жүрөк даабай турдум көпкө....
Мен сенден алыс калдым
үзүлбөй үмүт кыйнап
Карааның кичинерип, мен сенден алыстадым... .
Жиндидей жер чапчыган
Жүрөктү тынчыталбай
Сооротом, болбойт, кыйналып мен жанчылам...
Бир күн бүтөт...бүтөт баары
Эскирет күздө түшкөн
Дарактын жалбырагы... .
Сенсиз кантем...
Жалгыз соккон жүрөккө барбы дары?
Эх менин сезимдерим
Ээсин таппай ээнсиреп
Күздө түшкөн жалбырактай
Сапырылат... кызыл-сары.. . эски баары...
Анан кантем? Кимге барып ыйлайын?
Жүрөгүмдөн кетпей жатсаң
Күз даамданган
Күз жыттанган айчырайым... .айдайым...

Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 16 Май 2011 - 16:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#845 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   18 Май 2011 - 02:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Акыркы айткан сөзүң
Көңүлдү оорутса да
Жек көрүүгө толгон көзүң
Жүрөктүн үшүн алып коркутса да
Томсоргон, супсак өңүң
Жүдөтүп, чочутса да

Колуң кармап, жүзүңдөн аяр сылап
Белиңден бек кучактап, тартып кынап
Ошол күнү таптакыр кетээриңде
Дагы бир ирет эркелетким келген эле...

Оттой жанган сезимдер өчсө дагы
Негедир ушул каалоом өчпөй калды...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#846 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   18 Май 2011 - 02:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

(мурдагы ырдын уландысы болуп калды...)

Түгөнүп сүйүү, өчсө да сезим
Орундалбай калып кеткен бир тилегим
Тынчтык бербей, тынчымды алып
Дагы бир жолу келгенин эркелетким
Ырга айлантып айткым келип бир өзүңө
Жазып койгом, жагымдуу бир жаз түнүндө

Ошол түндө
Алгачкы ирет
Кирдиң түшкө
Жанымдасың,
Кыналып кучактайсың
Көзүңдү алып качып
Тик багып карабайсың
Сөз айтсам
Үн катып унчукпайсың
Кылыктанып,
Кыйнап кайра, уктатпайсың
Жүзүңдү ары буруп
Көрсөтпөй уяласың

Байкоо салсам
Түрүң бардай
Азыраак таарынгандай
Солуктап ыйлагандай
Кыжаалат боло бердим
Себебин биле албай

Түшүмө неге кирдиң
Же мени ойлодуңбу...
Же кайра баргының деп
Жараткандын аян берип койгонубу...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#847 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   19 Май 2011 - 18:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

арналып бирок
айтылбай калган
азырга чейин
аздектеп каткан
түшүмө кирип
түйшөлтүп жаткан

түн уйку бербей
тынчымды алып туйлатып жаткан
жамгырлуу кечте
чаңкатып дагы, суусатып жаткан
жаз келсе дагы
жашылданбай кууратып жаткан
кыжаалат кылып
ар күнү мени сумсайтып жаткан
бир ооз сөз бар
бекитип каткан...а балким арман...
бир ооз сөз бар
арналып сага, айтылбай калган...

көрсөтпөй көмүскөдө
сактаган көкүрөктө
айтылбай калып кеткен бир ооз сөзүм:
“өмүр бою сүйөөрүм сен
жол карап күтөөрүм да жалгыз өзүң!!! ”

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#848 Пользователь офлайн   Aleesia   29 Май 2011 - 00:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 11 Март 11
  • Соңку аракети: 08 Сен 2019 12:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Өзүмда билбейм

Suiu suiuu kandai sonun
Suiup korgon bilip koisun
Sagynyp alysta jurgon
Suigonum menin aman bolsun
Suidum seni jurogumdon
Sende barby suiuu degen
Suiboson meni sagynaar belen
Suiuu uchun yr chygaryp
Ssslanyp kalbasam eken
Suiuundu aityp koichu
Kutup seni jurom degen.

Jashoo keremet, erkemden bashka ne kerek
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#849 Пользователь офлайн   USSR   31 Май 2011 - 15:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мынакей, жанымдасың
Жамгыр жууган аба менен
Саамайыңдын жыты келип...
Демейкидей жарык чачып жалжыйдайсың. ..
Шарт кучактап ийе жаздап
Бекем кысып жүрөгүмө
Шыбырап сүйлөгөндү эңсеп каалап
Турамын өзүмдү мен араң кармап....
Кокустан тийип кетсем колдоруңа
Жымырап бүт денемди сүйүү каптап,
Селт эте чоочуп кетем
Же сөзүмдүн дайыны жок,
Анан кантем?
Туштарапка чачыраган
Ойлорумдун айыбы жок....
Убакыт мынча кыска!
Тигине,
Сенин күткөн автобусуң
Селт дедире жандүйнөмдү чоочутту го
Тарс жабылган эшиктердин добушу...
Дөңгөлөктөр чимирилип
Сени менден ала качып
Алыстап узап барат...
Кеттиң сен...
Кыял-максат, жомокторго аралашып
Бейтааныш бир дүйнөнү беттей карап....
А мен калдым...
Карегимдин тереңине батып калган кусалык
үмүтсүз чарчап калган ойлор менен курчалып....
Сен кеттиң...
Сени менен аба кетти сен жыттанган...
Эң акыркы тамчыларын жанталаша жутуп-жутуп
Кала берди бир сөлөкөт улутунган....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#850 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   04 Июнь 2011 - 18:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Аптаптуу жайдын
Бир күнүндө өзүңдү таптым
Кубаныч бүтпөй күлүмсүрөп
Өзүмчө эле бактылуу жанмын
Жаныңда болгум келип
Сагыныч күчөп, кусага баттым

Тапкандай бакытымдын
Тең жарымын
Термелем, толкунданам
Окшотуп мен өзүмө
Сыдырым соккон желге дирилдеген
Жалбырагын, ак кайыңдын

Таң атканда, күн батканда
Миң кайталап жалынамын
“Сени ойлоп таң аткыча, уктабаймын үкүдөй
Келе калчы асылым, көп күттүрбөй
Күйүп барам, сүйүп барам
Алоолонуп, аптаптуу жай күнүндөй...”

Мына ушундай башталышы
Бул дастандын
Көңүлдүң тырмаган жараларын...
Башталышы бир армандын...
Ыр сабында жашаган махабаттын. ..

Сезсем кана...бир учурда
Тирүүлөй тозогуңа күйөөрүмдү. ..
Суу арчадай
Түтөп-быкшып, түгөнүп бүтөөрүмдү. ..
Санаа тартып жапа чегип жүдөөрүмдү. ..
Күтүү менен өткөрөөрүм күндөрүмдү. ..
..................... ...................... ..............
Дегдеп күтүп жүргөнүмдө
Келээр күндү сабырсыз
Жай да өтүп, кирип келди сары күз
Махабаттын жапжашыл жалбырагы
Саргайып, санаа тартып, өңдөн азды
Саналуу күндөрдөн соң
Үзүлүп сабагынан жерде калды...
Жылуу жакка бет алышкан турналардай
Алыстап бара жатты сүйүү дагы...

Махабаттын дастаны да жарым калды
Дагы, дагы көп нерселер жазылбады...
Жоголсо да ал сүйүүнүн караандары
Байкуш үмүт, үзүлбөдү, өчпөй жанды...

Ал ортодо кыш да келип, жарымдады
Чилде суукта дайра тоңуп акпай калды
Сезим муздап, мерез болуп калсам дагы
Кургур үмүт, тоңуп калбай агып жатты...

Кыш чилдеси, кылычын сүйрөй качты
Жаз келип, жаратылыш жашылданды
Жароокерим. ..жаз келиптир сага дагы
Жолуктуруп, эңсеп күткөн бир адамды
Болом деген түбөлүктүү өмүр жары...

Эх..ошол күн...укканымда бул кабарды
Күн тутулуп, асманымда Айым батты
Жер силкинип, кыялдарды бүт кыйратты
Жамгыр төгүп, сел да жүрүп
Чамындыдай агызып бара жатты...

Бут шилтенбей, мас кишидей чалыштады
Көңүлдү да, көкүрөктү оору басты
Зырп-зырп этип, жан ачытып
Жан дүйнөнүн эң ичке тамырлары
Чочугансып, дүк-дүк этип
Коркутуп эт жүрөктүн кагыштары...
Чакыртып таң атаарда тез жардамды...
Жүрөк оору бөлүмүнө алып барды...

Оорукана...көз оору, жүрөк оору...
А меники сүйүү дарты...
Мээримдүү ак халатчан мээрман айым
Оорунун себебин эч таба албады...

Жай келди...таанышкан күн жакындады...
Тагдыр мага сүйүү даамын таттырбады
Сезим тоңуп, үмүт оту өчсө дагы
Улантып жазып келем
Бүтпөй калган ал дастанды! !!
Бекем таңып, сенден калган жараларды
Мактап келем, даңктай берем!!!
Ыр сабында жашап калган махабатты!!!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#851 Пользователь офлайн   Demon   06 Июнь 2011 - 19:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

Бул кылганын журогумду оорутту
Ортодогу суйуу гулун соолутту
Кылыктана кыйшак салып жоолукту
Аттин мага болбой калдын колукту

Кайдан таптын ойго келбес жорукту
Башка адамдан изедгенсип коорукту
Кеттин берип башка адмга колунду
Аттин мага болбой калдын колукту

Корсотомун дегенсип сен кордукту
Таштап кеттин озундогу оордукту
Эркелеген ата-энеме ар дайым
Аттин мага болбой калдын колукту...

Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#852 Пользователь офлайн   KG girl   07 Июнь 2011 - 14:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 274
  • Катталган: 30 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 09:47
  • Жынысы:Аялзаты

Акылды билбейм кантип амалдадын,
Айбан да чыдай алгыз абалдамын.
Жарыкта журсом дагы сага жетчуу,
Жолду таап атаганат бара албадым.

Сокурду солуктатчуу абалдамын,
Сопсонун дунуйомду тамамдадын.
Кетейин биротоло сенден муздап,
Корсотуп койчу мага жаман жагын.
Кыргызымдын чыныгы патриотумун! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#853 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   10 Июнь 2011 - 03:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

"Бош калган жүрөгүмдүн кааналары... "

Кечээ эле толуп турган жүрөгүмдүн кааналары
Бүгүн болсо бош калгансыйт, ачылып каалгалары
Сезилет шамал болсо
Жүрөктүн терезеси ачылганы
Дат баскандай, жагымсыз үн чыгарып
Угулат кыйч-куйч этип жаңырганы...

Жабылбай, терезеси, каалгасы да ачык калды...
Карттангандай, кечээ күнкү канаган жаралары
Бүтөлгөндөй, экиге бөлүп турган жаракасы...
Сүрүлүп жоголгонсуйт, сүйүүнүн кара тагы
Унутуп сагынганды
Мемиреп, тынчтангансыйт жаным дагы...


Кана, кана...
Айтчы мага...
Ар бир кечте, ар бир таңда..
Вулканга окшоп атылчудай оргуп турган
Сымап сымал көлкүлдөп толуп турган
Сүйүү кана...махабатчы. ...
Кайда калды...?
Кызык..кызык. ..
Кайдыгерлик, анан тынчтык
Түшүнүксүз бир жымжырттык
Жүрөгүмдүн кааналарын ээлеп алды...

Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 10 Июнь 2011 - 08:07


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#854 Пользователь офлайн   Romantic   10 Июнь 2011 - 15:52

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Кубанычым.

Сендеп согот бул омурдо журогум,
Сапарлашым сенсин менин суйгонум.
Самаганым жалгыз гана сен болуп,
Сагынычым болду тунук кулгонун.


Жаным.. .Шыбырап кайталап атынды,
Жазамын сагыныч катымды.
Жандуйном кыялга адашкан,
Жараткан берсе экен бактымды.


Кубанамын эстеп эрке мунозун,
Кумарланып тиктейм сенин суротун.
Кубалашып ойнойлучу эркелей,
Кучагыма келчи, сенсиз жудодум.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#855 Пользователь офлайн   Romantic   10 Июнь 2011 - 16:03

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Бар болчу сен, Апаке!

Тогуз ай мени которуп,
Толгоодо нечен кыйналдын.
Алдейлеп уйку корбостон,
Азаптуу тундордо кирпик какпадын.


Бар болчу сен, Апаке эч оорубай,
Балан дайым сен учун балапандай.
Байлыгымсын Ааламда эч табылгыз,
Батанды бер, суранам алакан жай.


Мээримин алып чонойдум,
Мезгилдер отуп, эми соройдум.
Асылым менин Апакем,
Ак сутун актоого токтолдум.

Билдирүүнү түзөткөн: Romantic: 10 Июнь 2011 - 16:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#856 Пользователь офлайн   Romantic   11 Июнь 2011 - 20:54

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Романтик 7

Чачылгандан чачылганга кабылып,
Чыдамы калбай, ичкерип узулгон.
Ачылган ак кагаздын бетине,
Арманын тогуп тушургон.


Туздуусунан дениздин, эриндери жарылган,
Турушу мусапырдай, жолдо кайрылган.
Жузун эстеп, балалыкта изденет,
Журогу которбостон, баарынан айрылган.


Конулу куздогу буркок асмандай,
Коздору тиктеп, арбаганын эч тыйбай.
Жетим калган жанга окшоп,
Жаш тогуп, далдоодо ыйлай, ыйлай.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#857 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   15 Июнь 2011 - 07:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Ай энекем, билсең эгер
Кандай күнгө калганымды
Азаптарга батканымды
Жалгызсырап жатканымды. ..
Алтын энем..алтын энем...
Көзүңдөн жаш куюлуп ыйламаксың
Ботосун таппай калган
Боз ингендей сыздамаксың
Бир бозоруп, бир кумсарып
Чыйралып тамырларың. ..

Мээрим чачкан, мээрман энем
Жокчулукка көкүрөктү тосуп бердим
Токчулукка шүгүр кылып жашап келдим
Баардыгына тагдыр дедим
Сабыр дедим
Жыгылсам кайра турдум, жеңилбедим
Ушул күнгө жетип келдим
Жаман жолдон алыс болдум
Жакшылыкка жакын болдум
Намысымды, абийиримди саткан жокмун
Арам ойду көкүрөккө каткан жокмун
Акмактарга, арсыздарга жеңилбедим
Жыгылбадым, ушул күнгө жетип келдим

Жайдары энем, жароокер энем
Насаатың менен, сөздөрүң менен
Абийирдүү адам болгунуң деген
Кир аралаш селге окшоп акпадым
Башкаларды өрттөбөдүм, жакпадым
Оор тагдырга моюн сунуп калбадым
Чымырканып, күрөшкө бел байладым
Эч бир жанды чалбадым да, жыкпадым
Арамзага жанашпадым, укпадым
Менин энем, мээримдүү энем, мээрман энем
Сага берген убадамды бузбадым...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#858 Пользователь офлайн   KG girl   20 Июнь 2011 - 14:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 274
  • Катталган: 30 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 09:47
  • Жынысы:Аялзаты

Суйбо дедин суйоорумду билип туруп

Суйуп турган журогумду куйуктуруп.

Мейли суйбойм, бирок кантип тушундурчу.

Жалындаган жан дуйномду буулуктуруп.



Суйбо дедин, багытынды буруп туруп.

Суйуктуум деп суйлогонум угуп туруп.

Суук созун кокурокко кадалгансыйт,

Сурдоп турган журогумо канжар уруп.

(ыр меники эмес, бирок ушул ырды силер менен болушкум келдим. кечирээрсинер).



Кыргызымдын чыныгы патриотумун! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#859 Пользователь офлайн   Nuura   21 Июнь 2011 - 19:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 785
  • Катталган: 13 Март 11
  • Соңку аракети: 28 Янв 2022 13:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Катар Доха

Suiom dedin suigonuno ishendim
Altynym jan ech janymdan ketbegin
Suium jurup armanda men ketbeyin
Janym menin suiom seni men dedim.



Кетким келбейт ата-энемдин жанынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#860 Пользователь офлайн   USSR   21 Июнь 2011 - 19:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Түбү жок сансыз ойлор
Жолбун иттей
Жандүйнөмдүн эшигин
Түнү менен тырмалаган. ..
Көрүнбөс көзгө
Бекем жиптей
Көөдөнүмдү көтөрүлтпөй
Байлап, чырмап, тушап алган...
Күндөр өтүп
Тегирменден чууруп түшкөн
Буудай сымал баары тегиз бырчаланган. ..
Жашоо жалган
Катып калган эски нандын
Күкүмүндөй ушаланган...
өмүрүмдү башка бирөө
Жашап бүтүп койгон сындуу
А мен болсо...
Бул дүйнөгө адашып бир
Келип калган сыяктуу туталанам... .
Жамгыр төгөт
Кулак төшөйм ыргагына акырын
Ортобузда талаа, токой
Айыл-шаарлар, эсепсиз көп чакырым...
Качтым алыс
Дагы кайда? Мындан ыраак
Кайда барам? Жетпей туру акылым...
Бир күн келээр
Күз даамданган жытыңды
Жүрөгүмө терең-терең катып туруп,
Күн нурундай желбиреген саамайың
Карегимдин тереңине чөгүп, тунуп,
Бери карап жылмайып
Көкүрөгүм оор үшкүрө улутунуп,
Уктап кетем...
Кош айтышып мени менен жылуулук....
Ага чейин
Күз түспөлдөш көркүң барда,
Күн мээримдүү көзүң барда
Таштап кетпес мени ушул тирүүлүк...
........
Жамгыр дале жаап жатат...
Тажабайт...
Ар бир тамчы ысымыңды
Улам-улам кайталайт... .
Күз даамданган, күз түспөлдөш аруу кыз
Бир басалы? Колчатырды ачыңыз.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 04:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: