Суперстан: Улуттук суусундуктар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Ашкана сырлары
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Улуттук суусундуктар кыргызымдын улуттук суусундук, ичимдиктери

#1 Пользователь офлайн   Альбина   27 Июль 2009 - 12:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 644
  • Катталган: 27 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Авг 2014 01:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Турция. г. Мармарис

Иконки сообщения 

Жакында менин чет олкодон жакын таанышым келип, "Шоронун" суусундактарын ичип коруп эстен кеткис даам татыганын айтты. Улуттук суусундуктардан бозону, максымды, чалап, уй кымыздан суусунубуз канганча ичип, жакшы пикирлерин калтырды. Ооба, сыймыктандым. Бирок рецебин сураганда кээ бир суусундуктардын кантип жасалаарын билбейт экенмин. Оордук келтирбесе бозону, уй кымызды кантип жасаарын айтып коесуздарбы? Сиздерден сураныч.

Билдирүүнү түзөткөн: Альбина: 27 Июль 2009 - 12:31

Жашоо кызыксыз болуп бара жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   arhidey   27 Июль 2009 - 15:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Эх Албина эже кымызды билбедимго, мен жарманы жакшы билем.Буудайды талкалап,жанын чыгарып,кумдай кылып жок ундай кылып ии адашыпмын бир аз иригиреек кылып,сууга кайнатып устуно айран (кислый малако) кошуп косонуз соонун жарма пайда болот.Бозону болсо куручтун майдасынанЭ, анан буудайдан да кылса болот.Мага келсениз соону кылып жсап берем ;)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Kolyan   28 Июль 2009 - 13:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 20 Февраль 09
  • Соңку аракети: 29 Май 2017 13:43
  • Телефон:0611
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:г.Бишкек

КЫМЫЗ СУПЕР :unsure:
Профессия не определяет личность человека
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Альбина   28 Июль 2009 - 13:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 644
  • Катталган: 27 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Авг 2014 01:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Турция. г. Мармарис

кымызды кантип сакташат болду экен? Оло даамдуу болуп калат экен го.
Жашоо кызыксыз болуп бара жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Kolyan   28 Июль 2009 - 15:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 20 Февраль 09
  • Соңку аракети: 29 Май 2017 13:43
  • Телефон:0611
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:г.Бишкек

Цитата

кымызды кантип сакташат болду экен? Оло даамдуу болуп калат экен го.


Кымызды кышкыга деп чаптап коюшат, чапталган кымызды ичсен ваахххх, кышкы суукта.
Профессия не определяет личность человека
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Альбина   28 Июль 2009 - 15:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 644
  • Катталган: 27 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Авг 2014 01:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Турция. г. Мармарис

Урматтуу Кольян! "Чаптап" - мааниси кандай? Кантип чаптап коюшат? Дубалгабы?

Билдирүүнү түзөткөн: Альбина: 28 Июль 2009 - 15:31

Жашоо кызыксыз болуп бара жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kolyan   28 Июль 2009 - 16:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 20 Февраль 09
  • Соңку аракети: 29 Май 2017 13:43
  • Телефон:0611
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:г.Бишкек

Цитата

Урматтуу Кольян! "Чаптап" - мааниси кандай? Кантип чаптап коюшат? Дубалгабы?


:crazy-girl: ... Мисалы: флягага кымызды куюп алмадан салып туруп оозун жаап бекитип коюшат.(мен ушундай жолун коргом). Азыр кадимки эле баклашкага куюп погребке салып коюшат. Анан ичип кор аябай кучтуу болуп калат.

P.S. Кеч куздогу кымызды чапташат, анткени ошол убакта кымыз кучуно кирет. Баклашкага чапталган кымызды этияттап ачпаса...
Профессия не определяет личность человека
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   ona   30 Июль 2009 - 16:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 004
  • Катталган: 10 Март 09
  • Соңку аракети: 05 Сен 2023 14:21
  • Калаасы:Кыргызстанымда жашайм

Уй кымызды уйдун сутуно суу кошуп аны кадимки кымызга (ачыткы) аралаштырып абдан коп убакыт аралаштырып чалып туруу зарыл... анан тунго коюп коюу керек, ошондо ал ачыйт,анан иче берсе болот... бирок так эсимде жок уйдун суту бышырылабы же чийкилейби. ..
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Альбина   30 Июль 2009 - 18:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 644
  • Катталган: 27 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Авг 2014 01:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Турция. г. Мармарис

Цитата

Уй кымызды уйдун сутуно суу кошуп аны кадимки кымызга (ачыткы) аралаштырып абдан коп убакыт аралаштырып чалып туруу зарыл... анан тунго коюп коюу керек, ошондо ал ачыйт,анан иче берсе болот... бирок так эсимде жок уйдун суту бышырылабы же чийкилейби. ..



Мисалы 3 литр сутко канча кымыз кошот?
Жашоо кызыксыз болуп бара жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   ona   31 Июль 2009 - 13:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 004
  • Катталган: 10 Март 09
  • Соңку аракети: 05 Сен 2023 14:21
  • Калаасы:Кыргызстанымда жашайм

3 литр сутко суу дагы кошулат,1 литр кымыз жетсе керек...мен аныгын тактап келейинчи...
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Лиана   27 Сентябрь 2009 - 08:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 720
  • Катталган: 18 Май 09
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Уй кымыз жасоодо суу кошулбайт кымызды коронго деп койот азыраак гана кошот .Кымызды негизи сабаада же чаначта ачытат эгерде ал буйумдар жок болсо флягада да ачытса болот .Кымызды бишкек менен бышат ,Бишкек деген бул арчадан жасалган кымзды аралаштыруучу буйум .

Бозону болсо жугорунун , куручтун, арпанын унунан жасашат .
Жугоруну ондуруп угут жасап талкалап кургатып анан жугору арпа же куручтун унун сууга чылап койот .Кийин чыланган ун ачыганда угутту кошот да бир кун койуп койот .Андан кийин марлиден откоруп суу кошуп суусундук даярдашат .
Кызганыч адамда эки нерсени жаратат.Суйууну жана жек корууну...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   maksi   12 Октябрь 2009 - 11:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Дагы кандай улуттук суусундуктар бар. Мен чалапты жакшы көрөм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Acia   27 Июль 2010 - 21:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 490
  • Катталган: 24 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 25 Янв 2019 17:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Негизи кымыз кымыздай даамдуу болуу учун даярдоочу идиш сабаа болуш керек. Сабаа-бул жылкынын же топоздун терисинен жасалат.Чанач -бул майда жандыктын терисинен жасалат(койдун, эчкинин).Сабаа менен чаначты ыштайт.Арча тутуну менен.Даяр болгон идиштерди сары майды ысытып туруп майлайт. Кымызды ачытуу учун Kolyan айткандай чапталган кымыздан 3литрге 7-10л саамал сутту(жылкынын жаны саалган ачытылы элек суту) кошуп аралаштырат. Коп аралаштырыш керек.Аралаштырбаса сапаты жакшы болбой ирип калат.бир аз суу кошот 500мл.Койдун куймулчагы, куйругу(майы) кошсо(марлиге туйуп) даам берет,жана бир ууч кара мейизди марлиге туйуп салат.Коп жолу аралаштыруу абзел.1суткадан сон кымыз ачыйт. Биз базардан алып ичкен кымыздарга кобунчо уйдун сутун,суу кошуп,кастрюляда жасап сапатын кетиришет.Ал чыныгы нак кымыз деп эсептелбйт. Нак кымыздын даамы башкача болот.

Кымыздын курамы; организмге пайдалуу протеин, амин кышкылдарынын 26 туру, 17 гидролизденген белоктук амин кычкылдары, 28 турлуу микроэлементтер, коптеген витаминдер, тритерпеноидтар, аденозин, трифосфат, стероид, жыныс гормоны, кортикалдык буйрок устундогу бездин гормоны, коптогон алкалоид, альдегидтер, децил спирти бар..

Бир сутка сакталган кымыздын курамында-1, 75% спирт
Бир жумалык жана андан коп сакталган кымыздын курамында-4, 5% спир болот экен.

Кымыздын даарылык касиеттери;

Туберкулезго, ашказан жарасына,бактерияга каршы(бактерицидный), ич откокко,рак клеткаларынын осуусун азайтат ,кандын(гемаголобин, лейкоцит) кобойтот экен,бойрок, боор ооруларына жана коптогон нерв ооруларына дабаа экен.

Билдирүүнү түзөткөн: Acia: 27 Июль 2010 - 21:42

Элимде тынчтык болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Aydashka   20 Июнь 2011 - 13:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

КЫМЫЗ КАНТИП ЖАСАЛАТ?
Бээнин сүтү – кымыздын негизи. Ошол саалган сүттү кымызга айланткан азык – көрөңгө (ачыткы). Кыргыздар кымыз жасоо тажрыйбасында көрөңгөнүн эки түрүн колдонуп келишет.

Күзгү кымыздын үрпүн чогултуп көрөңгө даярдашып, аны ышталган чаначтын түбүнө сакташат. Жаз келип, бээ саанга киргенде ошол үрптү кайнатылган жылуу сууга эзип, үстүнө саамал куюп, 2-3 күн ачытып, көпкө бышып, кымызды көрөңгөлөп алышат.

Көрөңгөнүн экинчи түрүн тоңдурма кымыз же тоңдурма көрөңгө деп коюшат. Аны кышкы же кеч күздөгү кымыздан алып, муздак жерге сактап же тоңдуруу жолу менен даярдашат.

Кымызга сүт менен көрөңгөдөн башка кымыран же жылуу суу кошулат. Сабадагы көрөңгөнүн үстүнө табы кайткан сүт куюлган соң бир сааттан ашуун бышып, жылуу ороп коюу керек. Бул саамал делет. Кымыз жетилип, куяр кезде дагы бышуу зарыл. Кымыз канчалык көп бышылса, ошончолук жагымдуу, сиңимдүү жана даамдуу болот. Кымыз 8-10 саатта жетилет. Эгер көрөңгөсү көп болсо, анда 2-3 саатта эле табына келип калат.

КЫМЫЗДЫН ТҮРЛӨРҮ


Ууз кымыз – эрте жаздан жайдын толуп турган убагына чейин даярдалган кымыз. Кымыздын бул түрү элдик медицинада ар кандай ооруга даба катары бааланат. Анткени бээлер ууздан арыла элек, чөп жашаң кез. Ууз кымыз ошого жараша таттуу келет.

Жайдын толугу менен күзгө чейинки кымыз гүл кымыз деп аталат. Муну кээ бирөөлөр кызыл кымыз деп да коюшат. Чөп муун алып, гүлү төгүлүп, күчүнө келип турган убакта даярдалган бул кымыз күчтүү келет.

Чөп бышкан күздөн кышка чейин даярдалган кымыз сөөк кымыз же шырылдаң деп аталат. Бул учурда байып бараткан бээнин сүтү коюу келип, кымыран көбүрөөк кошулат. Сөөк кымыз коюу, күчтүү жана ток болот.

Кымыз жасалуу жолуна карата да ич ара бөлүнөт.
Бал кымыз байтал бээнин сүтүнөн жасалат. Анын диеталык жана дарылык касиети күчтүү.

Саамал кымыз – ачый элек кымыз.

Тунма кымыз – эң күчтүү кымыз. Балга чайкап, мейиз кошуп 3-5 күн ачытса, ичкиликке тете болуп чыга келет.

Чайкаган кымыз. Жакшы ачыган кымызга бал кошуп чайкап, саамал кошуп көпкө бышат.

Ачыган кымыз. Жакшы бышыл­ган жаш кымызга саамал, ак чүпүрөккө жанчылган мейиз, набатты түйүп, чаначтын түбүнө салып бир нече күн ачытат. Мындай кымыз кадырлуу меймандарга, тойлорго арналып жасалат.

Кымыздын малдын сүтүнө карата төө кымыз (төөнүкү), уй кымыз (уйдуку), көөрчөк (кой-эчкиники) деген түрлөрү да бар.

Кымыз көрөңгөлөнгөн күнүнө карата бир нече түргө бөлүнөт.
Бир күндүгү жаш кымыз, эки күндүгү күчтүү кымыз, үч күндүгү өткүл кымыз деп аталат.

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 20 Июнь 2011 - 13:45

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Romantic   20 Июнь 2011 - 14:49

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Kymyz men u4un e4 almawtyrylgyz suusunduk!!! Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Aydashka   24 Июнь 2011 - 04:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

ЖАРМА

Керектелүүчү азыктар: Суу – 4-5 литр, Талкан – 200-300 грамм, Суу май – 1 аш кашык, Ун – 1 аш кашык
Туз татымына жараша
Жарма – талкандан жасалган суусундук. Талкан – арпа, буудай же жүгөрүдөн куурулуп, жаргылчакка же тегирменге кесек тарттырылган акшак. Кылкан, улпагынан арылтуу үчүн талкан эленип алынат.
Жасалуу жолу:
1 аш кашык унду майга кууруп, суу куясыз. Кайнаарга жакын бөлтөк кылбай талкан салып, бир аз коюу болгончо бир калыпта жагылган отто кайнатып бышырып аласыз. Бышкан жармага ак ( айран, сүзмө, сүт) катыктап, суусундук катары иче берсеңиз болот.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Камал   07 Октябрь 2011 - 05:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 04 Февраль 11
  • Соңку аракети: 02 Июн 2020 08:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

«Күндүзү кымыз, түнү кыз, күжүлдөгөн эр кыргыз» деп «Манаста» айтылгандай, элибиз кымызды жүзгө кызыл жүгүртүп, денеге күч-кубат берген дарылык касиети бар суусундук катары илгертеден барктап-баалап келишкен. Бүгүн «Мен кыргызмын» форумунда №1-улуттук суусундугубуз кымыз жөнүндө соз кылалы. (мен тапкан маалыматтар томонкудо).. ..

КЫМЫЗ ТУУРАЛУУ


*
Бээнин сүтү ирибейт. Андыктан андан айран жасоого болбойт.
*
Сүт болжолдуу түрдө бишкек менен 700-1000 ирет бышылат.
*
Кымыздын өңү бээлердин жеген чөбүнө жараша кызгылтым (Арпа, Ак-Сай тарапта), агыш (Суусамырда) болот.
*
Элибизде бээ байлаган үйгө кайрылбай кетүү, көрмөксөнгө салуу баба салтын билбегендик, үй ээсин жана өзүн сыйлабагандык деп эсептелет.
*
Кулундар байланган желени аттоого болбойт. Анткени кымыздын башаты желеден башталат.
*
Учурда 1 литр кымыздын баасы 60-70 сом. Бээнин сүтү 100-150 сом.

ТАРЫХ БАРАКТАРЫНДА. ..
Кымыз жөнүндөгү эң байыркы маалымат Игнатьев жылнаамасында кездешет. Анда «князь Игорь Северский тоолуктардын туткунунан аны кайтарган жоокерлер кымыз ичип уктап калганда качып чыккан» деп жазылат. 1245-жылы айтылуу Батый хан князь Галицкийди кымыз менен сыйлагандыгы жөнүндө да маалымат бар. Белгилүү европалык саякатчы Марко Поло 13-кылымдын экинчи жарымында Орто Азияга жасаган саякатынан кийин кымызды ак шарап деп жазып калтырган.
Ал эми орус окумуштуусу В.Даль 1843-жылы кымыздын организмге пайдалуу экендигин байкап: “Кымыз ичти муздатат, жаныңды жыргатат. Аны бир жума ичсең денеңе кадимкидей күч-кубат кошулуп, өзүңдү сергек сезип, ден соолугуң чыңалып, эки бетиңе кызыл жүгүрөт. Эгерде кымызга көнүп алсаң, бөлөк ичкиликке эч көңүлүң тартпайт”,- деп айтканы бар.

КЫМЫЗ КАНТИП ЖАСАЛАТ?
Бээнин сүтү – кымыздын негизи. Ошол саалган сүттү кымызга айланткан азык – көрөңгө (ачыткы). Кыргыздар кымыз жасоо тажрыйбасында көрөңгөнүн эки түрүн колдонуп келишет.
Күзгү кымыздын үрпүн чогултуп көрөңгө даярдашып, аны ышталган чаначтын түбүнө сакташат. Жаз келип, бээ саанга киргенде ошол үрптү кайнатылган жылуу сууга эзип, үстүнө саамал куюп, 2-3 күн ачытып, көпкө бышып, кымызды көрөңгөлөп алышат.
Көрөңгөнүн экинчи түрүн тоңдурма кымыз же тоңдурма көрөңгө деп коюшат. Аны кышкы же кеч күздөгү кымыздан алып, муздак жерге сактап же тоңдуруу жолу менен даярдашат.
Кымызга сүт менен көрөңгөдөн башка кымыран же жылуу суу кошулат. Сабадагы көрөңгөнүн үстүнө табы кайткан сүт куюлган соң бир сааттан ашуун бышып, жылуу ороп коюу керек. Бул саамал делет. Кымыз жетилип, куяр кезде дагы бышуу зарыл. Кымыз канчалык көп бышылса, ошончолук жагымдуу, сиңимдүү жана даамдуу болот. Кымыз 8-10 саатта жетилет. Эгер көрөңгөсү көп болсо, анда 2-3 саатта эле табына келип калат.

КЫМЫЗДЫН ТҮРЛӨРҮ
Бээлер чыңыртып кулун байлаган чын курандан (март айынан) тартып кеч күзгө чейин саалат. Кымыз жыл мезгилдерине карата ууз кымыз, гүл кымыз, сөөк кымыз деп бөлүнөт.
Ууз кымыз – эрте жаздан жайдын толуп турган убагына чейин даярдалган кымыз. Кымыздын бул түрү элдик медицинада ар кандай ооруга даба катары бааланат. Анткени бээлер ууздан арыла элек, чөп жашаң кез. Ууз кымыз ошого жараша таттуу келет.
Жайдын толугу менен күзгө чейинки кымыз гүл кымыз деп аталат. Муну кээ бирөөлөр кызыл кымыз деп да коюшат. Чөп муун алып, гүлү төгүлүп, күчүнө келип турган убакта даярдалган бул кымыз күчтүү келет.
Чөп бышкан күздөн кышка чейин даярдалган кымыз сөөк кымыз же шырылдаң деп аталат. Бул учурда байып бараткан бээнин сүтү коюу келип, кымыран көбүрөөк кошулат. Сөөк кымыз коюу, күчтүү жана ток болот.

Кымыз жасалуу жолуна карата да ич ара бөлүнөт.
Бал кымыз байтал бээнин сүтүнөн жасалат. Анын диеталык жана дарылык касиети күчтүү.
Саамал кымыз – ачый элек кымыз.
Тунма кымыз – эң күчтүү кымыз. Балга чайкап, мейиз кошуп 3-5 күн ачытса, ичкиликке тете болуп чыга келет.
Чайкаган кымыз. Жакшы ачыган кымызга бал кошуп чайкап, саамал кошуп көпкө бышат.
Ачыган кымыз. Жакшы бышыл­ган жаш кымызга саамал, ак чүпүрөккө жанчылган мейиз, набатты түйүп, чаначтын түбүнө салып бир нече күн ачытат. Мындай кымыз кадырлуу меймандарга, тойлорго арналып жасалат.
Кымыздын малдын сүтүнө карата төө кымыз (төөнүкү), уй кымыз (уйдуку), көөрчөк (кой-эчкиники) деген түрлөрү да бар.

Кымыз көрөңгөлөнгөн күнүнө карата бир нече түргө бөлүнөт.
Бир күндүгү жаш кымыз, эки күндүгү күчтүү кымыз, үч күндүгү өткүл кымыз деп аталат. Үч күндөн өткөн соң кымыз какырым даамданып калат. Мындай кымыздан илгери арак тартышкан.

КЫМЫЗДЫН КАСИЕТИ
Кымыз – дарылык касиети бар суусундук. Анын курамында жеңил сиңчү белоктор, майлар, углеводдор, спирт, сүт кислотасы, минерал туздары, С, В, А витаминдери бар. Алар тамак сиңдирүүнү жакшыртып, кандын көбөйүшүнө көмөктөшөт. Бээнин сүтүндөгү майлуулук да башка малдыкына караганда аз жана өтө пайдалуу. Ошондой эле йоддун саны да өтө жогору. 100 грамм бээнин сүтүндө 95-100,
уй сүтүндө 25-30 пайызды түзөт. Ошондуктан бээ сүтүндөгү май бүртүкчөлөрү ичеги-карынга тез сиңип, канга айланып пайдалуу холестерин болот.
Бээ сүтүнүн башка сүттөрдөн айырмасы – анын курамында кант жана лактоза көп болгондуктан, ачыганда спиртке айланганында. Ал кан тамырларды кеңейтип, ашказан бездеринин иштешине жакшы жардам берет. Бээнин сүтү бардык эле убакта пайдалуу. Айрыкча бээлер жаңы тууган убакта сүтү жаш, кымызы да жеңил келип, кан басымын жогорулатпай, боор, өпкө, өт жана ашказандын, нерв системасынын, дем алуу органдарынын иштешине өтө чоң таасир тийгизет.
Кымыздын эң чоң касиети – иммунитетти бекемдеп, жугуштуу оорулардан сактаганында. Кымыз менен кургак учуктун бардык түрлөрүн, аз кандуулук, өнөкөт бронхит, итий, гастрит жана башка ооруларды дарылоого болот. Аны такай ичкен адамдар узак жашаары айтылып келет.
Жылкы бруцеллёз, кургак учук, кара өпкө, кара сан деген оорулар менен эч качан оорубайт. Ошондуктан анын сүтүн саап бүтөр замат сүзүп иче бергенге болот. Ал эми июлдун экинчи жарымынан тартып чөп бышып баш алып, мал семирип, үркөр чыгып калган кезде кымыз көп кишиге, өзгөчө кан басымы жогору, жүрөгү начар адамдарга жага бербейт.

КЫМЫЗ ЖАСООДО КОЛДОНУЛУУЧУ БУЮМДАР
1) Чанач – кымыз куюучу идиш. Ал эчкинин, кийиктин туюк сыйрылып алынган чылгый терисинен жасалат. Ал көчүп-конууда, жол жүрүүдө канжыгага байлап алууга өтө ыңгайлуу. Чаначты мезгил-мезгили менен ыштап, майлап турса, андагы азык көпкө сакталат.
2) Көнөк – шириден тигилген идиш. Ага бээ саалат, кымыз куюлат. Аны убагы менен ыштап турса, көпкө урунулат.
3) Көөкөр – шириден ышталып, бычылып тигилген кымыз куюлуучу идиш. Орточо көөкөргө 4-5 литр кымыз батат.
4) Саба – кымыз ачытылуучу шири идиш. Ал жылкынын, төөнүн, уйдун терисинен жасалат. Жакшы иштелип, жакшы ышталган сабанын сыртынан кымыз кылкылдап көрүнүп турат жана даамдуу болот.

Жизнь не остановилась, все вокруг живут, радуются жизни, веселятся, а я не знаю как мне себя вести.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Октябрь 2011 - 09:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

" КЫМЫЗ ТУУРАЛУУ. ДАРТ ДАБАСЫ – КЫМЫЗ" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   ekyshka09   10 Октябрь 2011 - 00:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Мен максымды жакшы жасайм кобуруп-жабырып менин колуман жакшы ачыйт. Жасалуу рецеби :
Талкан-200граммдай мен коз олчом менен жасап конгом,
койдун майы( тон май)- 2 чон кашыктай
ун- куурганга 3-4 чон кашык, ачыткыга 2-3 чон кашыктай.
суу- 3 литрдей
ачыткы-максым(100 гр) жок болсо шородон ачытса болот
Жасалышы- мискейди кургактап отко кактап кургагандан кийин койдун майын салабыз.Май эрип ысыганда ундан 3-4 кашыктай салып кууруйбуз.Кызарганча кууруп суу куябыз( айта кетчу нерсе ундун ордуна талкандын озун да кууруса болот). Суу кайнап баштаганда талканды чалгыч менен болток калтырбай абдан чалып сууга салып бышканча кутобуз. Талкан даамы чыгып бышканда отту очуробуз. Жарма жылымык болуп муздаганча кутобуз. Тузду жарма жылуу болгондо гана кошуш керек ысык кезинде салынган туз жарманын онун бузуп кара жарма кылып жиберет. Туз максымдын ачышында чон роль ойнойт.Туз кем болуп калса да максым ачыбай койушу мумкун. Даамдап коруп кичине откурурок болсо жакшы болот. Бышкан жармага ачыткыны куйуп,ун чалып (болток кылбай)аралаштырып, устун жаап жылуулап койобуз. 6-8 сааттан кийин буркулдап ачыган максым даяр. Оной, суу ичкенче жасап корсонор ток да, суусунун да канат. Мен ысык май токоч менен максымдан жутуп алып жайдары жумуш бутургонду жактырам.Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 10 Октябрь 2011 - 00:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   azamat1992kg   08 Ноябрь 2011 - 23:16

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Куурма чай

Курамы:
Чай – 10 гр., сүт – 200 гр., суюк каймак – 50 гр., ун – 30 гр., суу – 300гр., туз – 1гр.

Жасалышы:
Чайды фарфор чайнекте демдейбиз. Алгач аны ысык суу менен чайкап алып анан гана чай салабыз. Кайнак сууну чайнектин үчтөн бир бөлүгүнө чейин куябыз. Үстүн сүлгү менен жаап коебуз.

Унду казанда (же сковородкада) тынбай аралыштырып ачык күрөң түстүү болгуча отко коебуз. Даяр демделген чайды идишке куюп, кайнатабыз. Кайнагандан кийин үстүнө сүт, суюк каймак, ун жана тузду кошуп дагы бир жолу 3 мүнөтчө кайнатабыз.




Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ашкана сырлары
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Авг 2025 22:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: