Үрөйдү учурган үч күн
#1 24 Сентябрь 2010 - 15:15
- Алло, сиз Бишкекке такси заказ кылган белеңиз?
- Ооба...
- Сиз менен убадалашкан айдоочу жумушу чыгып калгандыгына байланыштуу, сизди мен жеткире турган болдум. Жолго кечке маал, күн салкындаганда чыгабыз, камданып туруңуз.
- Макул, - деп трубканы койдум.
Эгер ошол күнү алдыда мени кандай окуялар кутүп турганын билсем, мумкүн сапарга чыкпай үйдө калып калмакмын...
Кокусунан пайда болуп калган бош убакытты текке кетирбеш үчүн кагаздарымды карай баштадым. Жарым жылдыктын жыйындыгы боюнча отчеттор, акыркы даярдалган долбоордун эсеп – чиймелери... айтор, кагазга көмүлүп эле калгам...
Бир мезгилде жер силкинип, шыптагы люстра шылдырап ары – бери кыймылдай баштады... Ошол саатта Жер Эне да шаарда бир алаамат башталарын сезгендей булкунуп алды го...
#2 24 Сентябрь 2010 - 15:23
#3 24 Сентябрь 2010 - 15:24
Көрсө жолдун ортосунда бараткан велосипедчен киши, алдындагы чыга калган машинанын фарасынан көзү уялып, оңго бураарда биздин машинага урунуптур. Өзүбүзгө келе түшүп, жабырланган адамды издей баштадык. Велосипеди жолдун четинде жатканы менен ал адамдан дайын жок эле... Оюбуз жамандыкка келип, машинанын дөңгөлөгүнүн түбүн кайра – кайра карайбыз. Кыйладан кийин гана ал кишини оң жактагы чуңкурда калың чөптүн арасынан таптык. Машина катуу ылдамдыкта келатып велосипедтин арт жагын сүзгөндө, инерция менен үстүндөгү кишиси 10 метрдей араллыкка учуп кетиптир. Жарым сааттай эс-кушун билбей жатып, колдорун -көкүрөгүн ушалап массаж кылгандан кийин араң өзүнө келди. Тез жардамды чакырып ооруканага жеткизгенибизден кийин дагы МАИ кызматкерлерине түшүнүк кат жазып, бир топко кармалып, анан жолубузду башка машинада уланттык.
#4 24 Сентябрь 2010 - 15:29
Радиодон жана Интернет булактарынан Оштогу тополонду тастыктаган маалыматтарды алган соң, жумуштарымды тезирээк бүтүрүп, үйгө кетүүгө шашылдым. Министирликтин кызматкерлери да ал-жайды туура түшүнүп, долбоорду тез арада экспертизадан өткөрүп беришти. Жумуш күнү аяктаган соң маршруткага чыгып Ошко өтчү унаалар токтогон жайга жөнөдүм. Ош базарына жете берээрде алды жактан кыйкырык – сүрөөн угулуп, топтошкон адамдар жолду тороп калышты. Маршруттун айдоочусу артка бурулуп, башка жолго салып айланып өтүүгө аракет кылды эле, ал жактан да жоон топ адамдар жол тосуп турушкан экен. Айдоочу биздин баарыбызды жолдун ортосуна түшүрүп салып, артын көздөй зуу койду. Колумдагы кийим – кече, жол эмеректери, кызматтык кагаздар салынган сумкага кошуп, “Ноутбук” ту көтөргөн бойдон жолдон четтей баштадым. Ошол мезгилде алардын салмагы 1 тоннадай эле сезилди. Жолду ээлеп, ээ – жаа бербей толкуп келе жаткан топтун максаты эмне экендиги белгисиз эле... Бир гана “Кыргыз ... намыс” деген сөздөр кулакка жаңырып атты. Алардын арасында масы да, соосу да, таяк -таштар менен куралдангандары да бар эле. Менимче, ошол тунү Бишкек уктаган жок, сиренасын бакырткан автомашиналардагы жоокерлер толпаны таркатып, таң атканча шаарды патрулдап журушту...
Билдирүүнү түзөткөн: vais: 24 Сентябрь 2010 - 15:29
#5 24 Сентябрь 2010 - 15:36
Машина токтогон жерде биз көбунчөсү сыртка чыкпай ордубузда калып атканбыз. Ушундай учурдун бирөөсүндө баатырсынган бир сары жигит келип:
- машинада өзбектер барбы? – деп сурап калды. Жок деп жооп бергенибизге алымсынбай жанагы өзбек түспөл жигитти сүйрөп калды, түшчу жерге деп. Мен сары жигиттин колунан кармап, ал Куршабдык кыргыз экенин, кекечтенип сүйлөөрүн жана Чүйдөгү туугандарына кызылча чабышып келатканын айттым. Жигит эми мага асылып кетти: - А сиз байке, эмне үчүн машинадан түшпөй атасыз, биздин сходкаларга катышпайсыз? – деп Сходка” деген жаргонунан улам жигит “черныйлардын” өкүлү экенин түшүнүп калдым дагы, биздин айдоочубуз “сходкалардын” баарына катышып атат, биз көпчүлүк кандай чечим кабыл алса, ошону аткарабыз деп ачуусунан кайтарып койдум. Бирок көп өтпөй ошол жерде турган бардык адамдарга жакын жердеги военный частты карай жүрүүнү буюрушту. Көрсө, ал жерде курал -жарак сурап, эгер беришпесе тоноп алышмак экен. Муну уккандан кийин мен айдоочуга талап койдум : - Колоннанын артында калып, башка жакка бурулгунуң - деп. Өзүбүздүн армиянын куралын тартып алыш деген ойго келбеген жорук эле.
#6 24 Сентябрь 2010 - 15:47
Бул окуяны көргөндөн кийин андан ары жалгыз жарымдап жол жүрүүгө даай албай, жүргүнчүлөрдун баары токтоп калышты. 1-2 сааттын ичинде эле трассага 200-300 машина топтолуп калды. Кызыктуусу, ошондо мамлекеттик маанилүү трасса деп эсептелген “Ош – Бишкек” жолунда бир дагы форма кийген күч органдарынын өкүлү жок эле. Шашке ченде үстүбуздө вертолет пайда болду. Элде үмүт пайда болуп, көздөр жандана баштады. Бирок.... учактагылар бизди көрүп туруп деле эч бир реакциясыз Жалалабатты көздөй учуп кетти. Күндүн ысыганы, жол азабы, курсактардын курулдаганы таасир этип, топтолгон эл бир жерге тура албай жатты. Каны кызуу анча – мынчасы таяк – таш менен Топурак-Белдеги “буктурмага” чабуул коебуз десе, айрымдары акыл – эс менен иш туталы, мылтыктын огуна бекер “жем” болобуз деп аларды токтотуп жатышты. Кайсы бир моментте “буктурма” тараптан Джип машинасы келип ичинен граждандык кийим кийген эки киши түштү. Топтошкон эл: -Силер кантип аман өтүп келдиңер, сырыңарды айткыла деп аларды орошту.
Экөөнүн бирөөсү оруска окшошуп кетет экен: -Мен орус болгонум үчүн кое беришти,- деди эле, анын сүйлөгөн акциентинен улам орус эмес экендиги билинип калды.Ошондо ал орус эмес улуту өзбек экендигин мойнуна алып ички иштер кызматында иштерин билдирди. Муну уккан эл аларды ал жерден кетирбестен демилгени колго ала баштады. Ал кишини, анан анан аксакал жүргунчүлөрдөн эки-үчөөбүз кошулуп, буктурмадагылар менен сүйлөшүү жүргузгөнү бармай болдук. Сампа деген пахта заводдун тушунда жардын үстундө пост коюшкан экен. Биз аларга 200-300 метр жетпей токтодук. Айдоочу жерге тушуп, куралыбыз жок дегендей ишара берип, кол жоолугун булгалады. Башын ак жоолук менен орогон бирөөсү ордунан көтөрүлуп, шериктерине “атпагыла “ деп буйрук бергенден кийин, кыйкырып сүйлөшө баштадык. Биз жөн -жай бараткан жүргүнчүлөрбүз, эмне үчүн аткылап өткөрбөй жатасыңар десек, алар : -биз бала чакабызды коргоп атабыз, 2 жигитибизди шалы отоп жүргөн жеринен эле бирөөлөр атып кетишиптир, - деп түшүндүрүштү. Эгер курал- жараксыз болсоңор, 500 метр дистанция менен бирден келгиле, машиналарды текшерип таза болсо өткөзүп жиберебиз дешти.
Билдирүүнү түзөткөн: vais: 24 Сентябрь 2010 - 16:21
#7 24 Сентябрь 2010 - 15:54
-Анда артка айда, төгүп салалы бир жерге, аны табышса тирүү өткөзбөйт,- деп артка бурулдук. Негедир бизди көрүп ошол жердеги 200-300 машинанын баары артты карай качып жөнөдү... Биринен бири жол талашып. Көрсө, менин сүйлөшүүгө барып анан артка кайтканымды көргөндөр “сүйлөшүү” ийгиликсиз аяктады деп ойлошуптур. 5-6 км. жүрүп, бир дөңдү айланганыбыздан кийин багаждагы коробканы арыктагы сууга ыргытып, артыбызга кайттык.
Эл кайра чогула баштады. Айдоочуга айттым: - Элди сен экөөбүз “паникага” түшүрдүк, эми экөөбүз биринчи болуп жол башташыбыз керек деп ошол жерден телефонду сууруп чыгып (заряды аз эле калган экен...), эң жакын гана адамдарыма чалып, сыртымдан сыр билгизбей жакын арада үйдө болоорумду айтып, ичимден болсо билгизбей алар менен коштошуп жаттым. Чынында алардын үнүн акыркы жолу угуп жаткан болушум да мүмкүн эле...
#8 24 Сентябрь 2010 - 16:06
Вайс ага ар бир адамга жеткиликтүү болгондой жазыптырсыз, кино көрүп аткандай эле болдум..
Билдирүүнү түзөткөн: andormeda: 24 Сентябрь 2010 - 16:10
#9 24 Сентябрь 2010 - 16:09
Сапарлаштарыбыз менен телефон номер алмашып, бирдеме болсо белги беребиз деп макулдашкан соң алгачкылардан болуп буктурманы көздөй бет алдык...
#10 24 Сентябрь 2010 - 16:34
#11 25 Сентябрь 2010 - 21:09
#12 28 Сентябрь 2010 - 12:37
Бизди жардын үстүнөн башына топу кийген мойлоочон киши мылтык кезеп токтотту. Уч – төрт киши чуркап келип, машинаны тинтип киришти. Фейс – контролду кадимки эле жыгач таяктар менен жүргүзүшсө да профессионалдуу түрдө иштешип, машинанын булуң – бурчтарын, килемчелердин түбүнөн бери тинтип чыгышкан соң алдыга жүрө бер деп ишара кылып, дагы эки - үч пост барлыгын эскертишти. Өрттөлгөн машиналардан тизилген баррикаданы айланып өткөн соң 200 метрдей жүрүп, бак – дарактын арасында топтолгон адамдарга туш болдук. Алардын көпчүлугүн өспүрүм балдар жана аялдар түзүп, куралсыз болгону менен, негедир көздөрү кадимкидей кызарып, адамды жеп жиберчүдөй агрессивдүү турушкан эле. Айдоочуга катуурак айда деп өтүндүк, себеби толпанын ичинде ар – бир кыймыл –аракетти алдын ала билип болбойт эмеспи. Ылдамдыкты көбөйтүп, 100 метрдей узай бергенибизде шоссенин боюндагы тыт дарактардын арасынан мылтыкчан кишилер чуркап чыгып жолду тороп калышты.
Билдирүүнү түзөткөн: vais: 28 Сентябрь 2010 - 12:49
#13 28 Сентябрь 2010 - 12:55
- Ошко, - деп оозун араң кыймылдатты айдоочу.
- Нимога хотик айдаяпсизлар? Бу газандалар бекоридан Ушка кетяпмаган буса керак. Кани, багажни корсатинглар, агар биронта “оружие” топивалсам, кунинглар бутти – деген 20 лардагы спорт курткачан жигиттин түрү өтө ачуулуу эле. Дагы бирөөсү колуна бензин куюлган канистирди кармап машинанын арт жагына өттү.
Машинадагы жүргүнчулөрдүн өңдөрү бозоруп, ооздоруна сөз келбей калды. Ар бир ойлонулбай айтылган сөз, этиятсыз кыймыл ажалга алып келиши мүмкүн эле...
- Туугандар, - дедим – ооба, биз Ошко баратабыз. Биздин ал жакта бала – чакабыз калган, алардан кабатырбыз. Биздин силерге жамандыгыбыз жок, мен домла болуп иштейм. Силердин башчыңар менен сүйлөштүк, алар бизди өткөзүп жибере турган болду.
- Утказганимиздан хеч канака фойда йог..., гүм кылыш керек синиңискийлерди, - деп бурк этти жашыраагы.
Дипломатиялык тажрыйбам жок болсо да ички туйгу менен буларды сестенте турган, келишимге мажбурлоочу соз айтыш керек экенин сезип турдум.
- А манаву нима? –деп алдымдагы сумканы көрсөтүштү.
- Бул ноутбук... Азыр биздин сөзүбүзду баары угуп атышат. Эгер бизге күч колдонсоңор, бул жерге азыр вертолет менен спецназ учуп келет. Анан калса, артыбыздан келаткан 2-3 миң кишинин баарын жок кыла албайсыңар. Туугандар, сабыр кылгыла, силер да бала – чакаңарды ойлогула – дедим.
Ак топучан киши сунган мылтыгын кайра далысына асып саамга ойлонуп калды. Анын чорлуу колдорунан, бырыш баскан пешенесинен улам дыйкан болсо керек деп ойлоп койдум.
- Өтө бергиле, - кол шилтеди ал, – арттагы адамдарга да айткыла, куралсыз болушса биз аларга жамандык кылбайбыз.
Ал жерден жылгандан кийин да 1 - 2 жерден дарактардын арасынан адамдардын карааны көрүндү. Бирок машинаны эч ким токтоткон жок. Биздин суурулуп чыкканыбызды көргөн арттагы машиналар да бириндеп алдыга жүрө башташты.
#14 28 Сентябрь 2010 - 13:11
Куршабка жеткенибизде айдоочу жигит (үйү ошол жерде экен) мындан ары өмүрүн тобокелчиликке сала албасын айтып, ошол жерде калып калды, бир жүргүнчү менен кошо. Эки жүргүнчү болсо Кара –Кулжага жөнөп кетишти. Ошко званок кылсам үйдөгүлөр 2 күндөн бери көчөгө чыга албай, магазин-дүкөндөр иштебей, үйдө ачка олтургандарын айтышты.
Базарчиктен 1-2 түйүнчөк продукта алгандан кийин, попутный машина тосуп Ошко жөнөп кеттим. Куршабдан ары жагы автомашинада кырк мүнөттүк эле жол болчу.
Каарман айылынан өтө бергенде эле Ош кара түтунгө чулганып турганы көрүндү....
Фуркатка кире бериштеги круговойдо эл жык-жыйма экен. Жакын жердеги үйлөрдүн баары чатырап, кызыл жалынга оронуп күйүп жатат. Адамдар бир тобу аламанга аралашып колуна кирген курал менен согушуп жүрсо, бир тобу машинага далдааланып автозаправканын май сактагыч жайынан челек менен бензин сүзүп алышка аракет кылып жүрүшөт эле...Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты дегендей ар ким билгенин жасап жүргөн эл эч кимдин кебин укпайт болчу. Антсе да айрым кишилер блок-пост коюшуп, өткөн-кеткен машиналардын ичин текшерип жатышты...
Кыр – Арыктагы обл. больницага жете берерибизде чуулдаган октун үнүнөн улам эч нерсе угулбай калды. Мен бараткан кызыл Аудинин айдоочусу Жапалак айлынан экен, машинада 12 – 12 жашар уулу да бар эле.
- Байке, бир аз күтө турбайлыбы, балким солдаттар келип жолду тазалап беришээр, – десем кулак салбады.
- Уч күндөн бери токтото албаган бүгүн токтотмок беле. Үйдө катын-балам нан жок, ачка кезээрип олтурушат. Тезирээк аларга продукта жеткизишим керек деп катуу ылдамдыкта айдап жөнөдү. Айла жок, шопурдун баласын арткы сиденьеге жаткырып, алдыңкы орундукка мен отуруп, зуулдаган бойдон учуп жөнөдүк. Машинаны тез ылдамдыкта айдагандын жакшы жери снайперлер мээлеп атууга үлгүрбөй калат экен.
Областной больницанын тушуна жеткенде бийиктиги 10 метрдей келген бетон забордун ары жагынан өздөрү көрүнбөгөн эле адамдар таштар менен койгулап калышты. Бетти кол менен калкалаганыбыз менен мөндурдөй жааган таштар көбүнчөсу үстү жактан учуп келип машинанын төбөсүнө, капотуна тийип жатты. Үч- төрт минутадан кийин Кыргызстан көчөсүнө кирип келдик. Ошол жерден айдоочу башка жакка бурулуп кетээрин айтып, мен тушуп калдым. Берген жол кирени да албастан, “тирүү чыкканыбызга шүгүр” деп шашкан бойдон кетип калды. Ушунчалык шашкан экен, менин жүктөрүмө кошуп өзүнүн да бир түйүнчөк макаронун түшүрүп салыптыр. Чоң көчөнүн боюнда бир топ жүк менен өзүм жалгыз калдым. Зуулдап номерсиз ары-бери өткөн бирин-серин машиналарды эске албаганда көчөдө эч кандай транспорт жок эле. Этаж үйдүн түбүнө коргологон солдаттар жолду тазалоо үчүн БТРди күтүп атканын айтышты. Көчөлөрдүн баары тал-терек, чоң трубалар менен барррикадаланган эле.
Жугүм көп болсо да, эптеп аларды сүйрөгөн бойдон алдыга кадам шилтедим.
Көчөнүн боюнан таяк, арматура менен куралданган жаш жигиттер ары-бери чуркап өтүп жатышты, көбү бетине маска кийип алган. Алар кимдер, максаты эмне-билип болбойт эле. Он минутадай ар кайсы тааныштарыма звонок кылгандан кийин, жакыныраак жерде жашаган бир досум машинасы менен келип үйгө жеткизип койду. Эшикти кыйла такылдаткандан кийин гана ачышты, кудаага шугур, бир- аз жудөп-какап калышканы менен, үйдөгүлөр баары эсен-аман экен...
Аягы
#15 02 Октябрь 2010 - 20:45
http://www.ntrk. kg/i...emid=59&lang=ru
http://svodka.akipress. org/news:57691/
Билдирүүнү түзөткөн: vais: 03 Октябрь 2010 - 12:05
#16 21 Июнь 2011 - 22:20
#17 21 Июнь 2011 - 22:47
чыгарман аябай жакшы жазылыптыр, Кино коргондой болдум
#18 21 Июнь 2011 - 23:59
#19 10 Февраль 2013 - 12:49
#20 10 Февраль 2013 - 13:52
Билдирүүнү түзөткөн: Aelita.atambaeva: 10 Февраль 2013 - 13:53