Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары
#861 22 Июнь 2011 - 18:49
Сагындым мөлтүр кара көздөрүңдү
Сагындым мага арнаган сөздөрүңдү.
Ар мүнөт сагынычтын куусун чертип
Артынан кееде ыйлап журбөймүнбү.
Сагындым узун кара чачтарыңды
Сагындым мага карай басканыңды
Бүгүнда күүсүн чертип сагынычтын
Жүрөктөн өксүп ыйлап жатпаймынбы.
Сагындым бир жылмайып күлгөнүңдү
Ачык маанай сен жайдары жүргөнүңдү
Кездешүү мезгил келип жолугушсак
Эч качан ажырабай журбөйлүбү.
#862 22 Июнь 2011 - 20:31
Суйдум сенин ыймандуунду,
Сырдуу муноз кыялданган.
Суйдум сенин ырларынды,
Саптары сонун жазылган.
Суйдум сенин куйгонунду,
Сыркоолоп калсам жалынган.
Суйдум сенин кулгонунду,
Сезимдерди кайра жашарткан.
Суйдум сенин жандуйнонду,
Акылын журоко байланган.
Суйдум сенин сабырынды,
Ашыгып кутуп сагынган.

#863 22 Июнь 2011 - 20:41
Бул - саптар махабат жонундо,
Байланып эстен кеткис.
Кубанычтын улуу кундору,
Карааны кайра келгис.
Бул- сезимдин азоо шамалы,
Бул- кызыл гулдун жыпары.
Бул- алгачкы эриндердин суйкуму,
Бул- ажыроонун азабы.
Эзелки биздин ынак кундорго,
Эми бир кайрылуу болсо кана.
Салкын желдей сылайт элем,
Саамайындан суйуп суктана.
Бул- журогумдогу суртумун,
Туз татымын калтырат.
Бул- махабат ырларын болсо,
Толкундар обондоп шыбырайт.
Бул- жазган катымды,
Тун аралап окуурсун.
Калеминди алып колуна,
Кайтарып жооп токуурсун.
#864 22 Июнь 2011 - 22:12
Айлуу тун кучак жайып,
Асманда жарык жыбырайт.
Арасында менин жылдызым,
Ажайып мени жалдырайт.
Сен алыста, сагынганымды сураба!
Сенсиз менин кундорум кыскарып,
Тундорум узак саякатка айланды.
Кыялдын кемесине минип алып,
Табышмак дуйносун аралады.
Арабызда чакырымдар узагы,
Азгырыктын арамдын тузагы.
Жана жылдыздардын кучагы.
Шамалдар унунду жаныртып,
Шаштырат кутуу азабы.
Сенсиз жалгыздыкта тунжурап,
Сезимдерим, ойлорум буркурады.
Алыстыктын курч жарында,
Асынган жандуйном кулпуланды.
Коодондогу сезимдерим саналгыз,
Коошоруп озумду озум ыргытам.
Сагындым сени ардагым,
Кут! Барсам кучагыма жылытам.
#865 24 Июнь 2011 - 05:06
Сен гул болсон, ал суу болчу,
Себелеп тамчылары сага толчу.
Сезбедин молтур таза сезимдерин,
Сынган назары сыздаган болчу.
Суу ичпеген гулго окшоп соолуйсун,
Суусаганында гана "суу" -деп, ооруйсун.
Саамайынан сылаган тамчысын тоготпой,
Саргайганда гана зар болуп, жоктойсун.
Суранасын сен, жалбарып Жараткандан,
Сулуулук эмес экен деп баарынан.
Сулууну сулуу кылган суу турбайбы,
Суусуз гулдобойт экен шагынан.
#866 24 Июнь 2011 - 05:22
Копкок асмандан конулун тазаргандай,
Когушунон сезимдер да агаргандай.
Копко куттун, кантсин эми бара албады,
Коздорунду жалдыратып карагаттай.
Кум чайкаган дениздин толкунундай,
Кулпурасын термелип обон ырдай.
Кубанычын боло албаса да мандайында,
Кучак жайып кутосун негедир кыйбай.
Айлар отоор кубалашып жылга айланып,
Азапта отоорсун унута албай кусаланып.
Айыкпаган дартка айланган журогундон,
Атын сен очуроорсун бир куну ызаланып.
Бирок, анын бара албаган себеби,
Бербептир ага Кудайым жебени.
Жабыркаган жаны учуп кыйналат,
Жанында, бирок ал да сендей жалгыз эми.
#867 24 Июнь 2011 - 13:05
Туулган жерим айтылуу саламалик
Эс аламын ар дайым сага барып
Керемет кооз тоолору,токой ташы
Табалбасмын ааламды чарк айланып
Токойунда жемиши жайнап турган,
Канбайм такыр ичкенде тунук сууңан
Көк шибердүү кенен төр жайлоосунда
Эстей берем бала кезди кулун кууган.
#868 25 Июнь 2011 - 01:24
Кылыктанып ойноп эркелеп,
Кыялкеч сенин мунозун.
Кыздардaн болуп жетелеп,
Кызганып мени журосун.
Суйлобой мага уялып,
Сурдоп кызарып куйосун.
Суйлоп берсем бапылдап,
Суйунуп эзилип кулосун.
Тамашаласам мен буулугуп,
Таарынып каласын тултуюп.
Таттуу создорду сага арнасам,
Тиктейт коздорун сузулуп.
Корктум дейм дароо ойлонуп,
Койчу эми таарынба томсоруп.
Каткырасын сен ошондо бир далай,
Кытыгылап койсом ордундан козголуп.
Билдирүүнү түзөткөн: Romantic: 25 Июнь 2011 - 01:25
#869 25 Июнь 2011 - 19:39
Сездиң бекен сагынчымды?
Санаа курчап
Жоготтум го
Түн уйкумду, тынчымды....
Себелеген жамгыр үнүн тыңшоодон
Тажап бүттүм,
Романтика калбады....
Балким жаандын
Мен сыяктуу
Бардыр бүтпөс арманы...
#870 27 Июнь 2011 - 00:09
Кыргыз мага уул, Кыргыз мага ага,
Кыргыз- атам, Кыргыз - апам.
Кыргыз мага дос, Кыргыз мага кас,
Кыргыз- менин тумарым, жана мен - Кыргыз!
Кылымын арамдап, ооруп карарып,
Кургурум! Гулун соолуп баратат.
Кулу болдун напсиндин шалпайып,
Кулунум! Жерин чогуп баратат.
Кунумдук колоконду сен кубалап,
Карангыга жетеленип баратасын.
Кереметин барктабай тебелеп,
Келечекти кантип жаратасын?
Маани бербей эне тилине,
Манкурт болуп адаштын.
Байлыгын сатып Батышка,
Бактынды акчага алмаштын.
Кебелбейсин козголбой,
Келечекти эч ойлобой.
Мээрим токпой журосун,
Мекенине бир жолобой.
Байлыгынды санап бутпой,
Садака бербей сарансын.
Башын оорубай башкага,
Сен эмне деген адамсын?
Кетти пейлин Кыргызым!
Керсейип тээп ырысын.
Калыстык жок эч жерде,
Кайначу болду кыжырым.
Очпочу жанып жылдызым,
Ойгончу уктабай Кыргызым!
Олконун келечеги оз колунда,
Ойлончу отуном Кыргызым!
#871 27 Июнь 2011 - 00:22
Асманы копкок, монгулуу аскалар,
Алтындай сары эгинге мол талаалар.
Кун батышы кызарып, айлуу тун кучактап,
Кун чыгышы ажайат, Ааламды аралап нурлар.
Шамалы эрктенип, чайыттай кун ачык тиет,
Шар аккан дайралары, жайлоолор керемет.
Табигаты табышмактуу берметтей колдору,
Тамшанткан ширини, жемиштин турлору.
"-Кайсы жер?" - деп, сурайсынар суктанып,
Кыска, нуска бой которуп жооп айтам!
Мактанганым кереметтуу, касиеттуу,
Мекеним бейиштей бул - Кыргызстан!
#872 27 Июнь 2011 - 03:17
Каалайсынбы кунун болойун?
Кучагыма жылытып оройун.
Куса болуп сен олтурсан,
Курбун болуп мен коштойун.
Каалайсынбы айын болойун?
Карангыда жандап колдойун.
Кумарын канганча эркелетип,
Кулагына мончогун болойун.
Каалайсынбы жылдызын болойун?
Кызарып жымындап куйойун.
Кыялынды жетелеп сырдууларга,
Кыдырып Ааламды жолдойун.
Каалайсынбы салкын жел болойун?
Жузун сылап, жыттап обойун.
Жыпарына мас болуп денгиреп,
Жыргалдап жээктеп бойлойун.
Каалайсынбы жолдошун болойун?
Канатыма катып сени коргойун.
Карегиндин кубанычы мен болуп,
Кадырына, сыйына мен толойун.
Каалайсынбы кушун болуп конойун?
Канат байлап учуп ойнойун.
Кайкып сага келейин алыстан,
Кана,айтчы эми, кимин болойун?
#873 02 Июль 2011 - 12:03
Antkeni chyn jurokton suiom seni
Tajasamda jashoodon omur boiu
Tajabaimyn bir sen deymin daiym emi
Tuboluktu bolso eken suiuu demi
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
#874 08 Июль 2011 - 07:13
Түтөгөн сүѝүү отун жактың жана.
Жан элем эч нерсени тоготпогон
Билинбей күнүм түшүп калды сага.
Айталбай жүрөгүмдө бир ой турат.
Арабызды бир топ жылдар бөлүп турат.
Кечиргин карындашым кагылайын
Агаңда үѝ бүлөөсүн кыйбай турат.
#875 13 Июль 2011 - 11:05
Күлсө дагы,ыйласа да
Колдонулчу кашаалар...
Ар бир тамга, ар символдо
Билинбеген нашаа бар...
Эхх...вирт жашоосу...
Мониторго тигилген каректер...
А балким, дал ушул момент,
Ушулардын ар бири-
Реалда ким бирөөгө керектир?
Билсек деле керек экенин
Вирт дүйнөгө арнадык го
Сансыз күндүн неченин...
Ташта компту...талкалагын экранды,
Терезеден ыргытыип ий
Клавиатура, мышкаңды! !!
Акыркы ирет качан көрдүң
Таң атып,күн чыкканын?
Эсиңдеби тилектериң,
Тиктеп жылдыз учканын?
Күн батканда турдуң беле
Күн нуруна суктанып,
Түн киргенде бардың беле
Сүйгөнүңө уурданып???
Эстедиңби?
Эстедиң го араң-араң...
Ошентсе да инет сени
Чырмаганы чырмаган....
Баары бүтөр...
Инетиң да ...жашооң да ...
Инет эмес, бул жашоодо
Баары жалган жаралган....
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 13 Июль 2011 - 11:10
#876 14 Июль 2011 - 22:36
Сезип сезбей бар кызыгын дуйнонун
Ырга айлантып ырдап отсом озунду
Ыйлаарсын сен мени жоктоп билгеним
Сенсиз деле таным атаар агарып
Сенсиз деле ыр жазылаар жаралып
Бириге албай же болуно албай жолубуз
Бизди болот белгисиз бир аралык
Бул аралык жакынбы же алыспы
Биздин бакыт билбейм кайда жашынды
Жолу болбос тун суйуунун ээси деп
Журогумо жазып койдум атынды
Менсиз калып откон кунду эстеерсин
Бизди болгон тагдыр жолду жектеерсин
Жаркылдаган жары болсом башканын
Жарыгым ай, аттин эми кеч деерсин!
Кусалыка салып журокту
Биз жолукчу кундор алыста
Сагынсам да эми кантемин
Тагдыр бизди кайрадан буйрубаса
Билдирүүнү түзөткөн: Nurjanka: 14 Июль 2011 - 22:52
#877 14 Июль 2011 - 22:48
Экообуз журчу ошол жерди сагынып
Кантсек да кайрылбастыр ал кездер
Бирок мен дале журом сагынып
Сезесинби сен менин ыйлаарымды
Угасынбы жылдыздарга айткан сырларымды
Билесинби жалгыз сени кутуп журорумду
Билем мен дале сени суйорумду
Ай нурунда сени эстеп олтурам
Секунт сайын журок байкуш сайгылайт
Эмне кылам жолун корсот садагам
Айтчы деги айла жоктон не кылам
Оо турмуш жалган тураа
Кеттик биз эки жака айрылаша
Эстеерсин сен да мени кез-кездерде
Сагынып санаа чегип турган кезде
Билдирүүнү түзөткөн: Nurjanka: 14 Июль 2011 - 22:50
#878 14 Июль 2011 - 23:11
Жашоонун кызыгы очуп жашап журдум
Жалындаган умутумду очуруп
Жаркырап кайра келбейт суйуу демим
Ошол кездин кеткенине окунуп
Жашым тогуп ызааланып ыйладым
Сага деген кучоп кайра арманым
Санааркап сени суйгон бир адамды
Сыздаттын неге мынча аябадын
Аясанда айла жоктон кеттинби
Же жалган жалаа создоруно ишендимби
Сен кетеерде коштошуп кеттин эле
Туболуко кайрылбашын билдин беле
Мен ошондо туболук коштошконун сезбептирмин
Мени таштап туболуко кеткендигин билбептирмин
Серпилип сезип койсом болмок экен
Суйуубуздун алыс учуп кеткендигин
Билбедим сезбедим кутуп журдум
Томсоруп ачылбай конулум
Кунуго кугуумдо жол карап
Мен турдум чон жолдордо жалгызсырап
Сезимим кучтуу болуп журоктогу
Умутум кургур очпойт ошол азап
Аткарылбай бир нерсе конулдогу
Кылгырып журокто бир арман туулат
Кун туну коздун жашы токтобой
Сени куттум умут жанып куйгон оттой
Ошонтип кундор дагы ото берди
Сагынычтын санаасына салып мени
Сагындым жашындым куто бердим
Сезсем да сенин мага келбестигин
Акыры умутумду очуруп
Бутту эми мен сени кутпойм дедим
#879 17 Июль 2011 - 22:11
суйуу менен ойнобо.
Саргайтып аппак жузунду,
салат ко тереен ойлорго!! !!
Журогум сагынып,зарыгып куса...
#880 18 Июль 2011 - 11:04
"Сүйбөймүн" - деп алдагам.
Унутам деп бейтаанышты жандагам.
Башка менен бассам деле жанаша,
Сени ойлоп, сага баарын арнагам.
Сезбейсиң сен,
Билбейсиң сен аныгын.
Багың үчүн сүйүүм каза тапканын.
Туйлай-туйлай жүрөк байкуш талпынып,
Башка жанга сени узата какканын...