Тажадым. Экинчи сен жакка басып барбайм деп озумо канча ирет соз берген элем. Неге ал созумо туралбайм. Неге бара берем, неге сага жаза берем. А сен мурдагыдай эле муздаксын. Сенден нечен ирет томсоруп уйго кайттым. Нечен ирет куйутум ичимди орттоду. Ошондо да сенден конулум калбаган кандай жанмын... Болду. Жетишет... Бир нече секундага сени аябай жек кордум. Кечир. Сенде эмне куноо чынында. Суйбогон журокту кучко салмак белен... Сага кааларым бакыт, бирок кечир, мен сага сен каалагандай жанына дос болуп журо албайм... Мен алыска кетсем окшойт... Сенин жанында, бир шаарда журо берсем сени эч унутпайм. Кыйналып журо берсем керек...
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1062 30 June 2011 - 02:37
Кызыктай кырдаалга туштум бугун)анткени сенден ушул суроону кутпогом.туз жооп бербесем да, бирок оюм тушунуктуу болду окшойт...Кылган кылыгым учун аябай окунуп жатам,бир туруп кулкум келсе бирде эмнеге деп жиним келет...принциптер талканып кеттиии...((эми кутуу деген нерсе кайда? Ошол а9бай керек...эрким жетпесечи,чыдам да жок..сабырдън тубу сары алтын , бир аз убакыт отору менен мумкун унутулуп кетеер... эми такыр кайталанбайт деп озумо озум соз бердим...Бирок бул да канчага созулаары белгисиз эле ((
#1063 30 June 2011 - 11:09
Аалам тегиз, айылдын атыр жыттуу абасы конулумду которгону менен, озунчо кыжалатчылыктан кутула албадым. Айланамдагы адамдардын укмуш создору, жакшы мамилеси да конулумду которо албайтат. Эс алуум укол алуу, дары ичуу менен башталды. 10 кундо бутпосом кайтпай да калышым мумкун. Монолог, сага экинчи кирбейм, кайрылбайм.
Жакшы кал, адамдарын жалан гана арыз-мунун укпай дайым суйунучун угуп тур демекчимин.
Жакшы кундо жан дуйнонун жанырыгын угуп койгонуна да рахмат.
#1064 30 June 2011 - 18:57
Суйуу- деген эмне экенин билчу эмесмин. Бир форумчунун жардамы менен суйуунун таттуусун, ачуусун, кайгысын, жыргалын сезип отурам. Биринчи суйуум жоопту болот деп ишенчумун. Андай болбоду. Ал деле аракет кылды. Бирок, журогуно буйрук бере албады корунот. Мен ал учун баарына даярмын жана омур бою кутом. Билем, сен бул форумдун баардык темаларын, билдируулорун окуйсун, билип кой, сени мен кандай болсон, ошондой жактырам, суйом. Кээде сага тушунбой да кетем. Бир туруп жалгыздыктан тажадым, уй-булоо куруп, балалуу болгум келет дейсин, бирде куйоого тийгенге эрте дейсин. Башка жумуштарды шарт-шарт эле чечип коёсун, чечкиндуу эмес дейин десем. Курбу кыздарын айткандай алып качып кетип калсамбы? Кызык, эмне сени кармап атат? Эмнеге башкаларга мумкундук бербейсин? Эмнеге кыйнайсын? Сенден башка менен Бактылуу болушума козум жетпейт. 2 жылдын ичинде сага ушунча конуп кеттим. Сени башкаларга эмес озумо ыраа корбой кетем. Сыртынан билгизбей шайыр муноз, кучтуу, эрктуу болуп жургонун менен жан дуйнон ушунчалык назик. Сени дайым карап, коргоп, туртку болуп жанында жургум келет. Сени бактылуу кылгым келет.
Поистине серьезное стремление к какой-либо цели - половина успеха в ее достижении.
Вильгельм фон Гумбольдт
#1065 30 June 2011 - 20:39
Menin jakyn dosum bar bolchu ,jakyndan beri dosum ekoobuz suiloshpoi kaldyk .Al meni agentten korso dele jazbait ,korbogon adamdai bolup koiot .Ozumda tusunboim emne bolgon dosuma dep kyzyk men aga jaman dele soz aitkan emesmin emnege andai alystap ketti tushunboim.Kundo forumga kiret okup kalsa ozu oilonup bir soz jazaar maga .
Кетким келбейт ата-энемдин жанынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
#1066 02 July 2011 - 11:40
Tajadym baar jookton emne kylyshymdy da bilbei jurom
.
Кетким келбейт ата-энемдин жанынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
#1067 02 July 2011 - 17:20
Сени сагындым.Күндө эртең менен сенин жаныңда ойгонууну эңсеп калдым.Жалгыз жашооодон тажадым.Бир гана ушул тилек менен жашап калдым.Аз калды деп өзүмдү сооротуп коем.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#1068 03 July 2011 - 05:05
Mmmmda...
Tas kebetemdi kairadan kiybesem ele boldu.... Ooba, kutkondor jokko ese, birok barbai koisom bolboit, barsam da korkunu4 kubalait.... Kandai gana synoo kutup jatty eken? Kele4egim emi emne bolot? Degi al barby mende? Kyskasy barywym kerek.. Omur boiu kolokolop juro albaim....Karangydan jaryka kadam tawtaim emi...Birok anda da ky4agansyp kun burkolup kalat emespi...
Degi ka4an butot? Ehhh mandaiyma jazganymdy korom da.....
#1069 04 July 2011 - 04:15
Жер Энебиз кунду айлаынып тегеренсе, саат желесида 12 сандын ар бир болукчосун тынбастан айланат...кечке саатын жебесин тиктеп турдум...озу шашабы же бизди шаштырабы...
тык тык тык ылайым алдыга гана умтулат, бизди озунун нугуна баш ийгиздирип тыпылдаган унуно коз каранды кылып шаштыртат...
Оо саатын желеси деги озун ойлондун бекен качан сенинда желен тыпылдап алдыга мезгил сургондон дем алаарын...
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
#1070 05 July 2011 - 06:55
Отурам ойлордон бошоно албай. Ишке баруу керек экенин унутуп койдум окшойт. Бир адамды күтөм бирок ага берген убадамды аткара албагандыктан сайтка кирбей отурам.Кызык эмнеге байлана баштадым.
Жашоону жакшы жака бура билуу да адамдын оз колунда экен.
#1071 05 July 2011 - 08:05
Жашоо ушундай экен да... Бирде ыйласан бирде кулосун.
Мына тан да атты, а мен козумду ачкандан бери сени ойлойм, кечинде да ойлоп жаткам.... Сенин ар бир суйлогон созунду эстеген сайын козумдон жаш агат, бирок сен аны билбейсин... Сен мен учун кымбат адам экенинди да сезбейсин, журогум ооруп жатат... аны да сезбейсин. Экообуз бирге баскан муноттор эн бактылуу муноттор экен азыр ойлосом, аны мен эми гана ...сени жоготкондон кийин гана сезип жатам. Мен суйуудо ушунчалык алсыз экенмин да, эми кандай айла кылаарымды да билбей калдым....

#1072 06 July 2011 - 20:58
Билем... сени байкабаска,
балким көрмөксөн, укмаксан, билмексиндикке салып жаткандырмын.
.. таш боор деп жаман көрбө, сураныч... болгону ушундай нерсе болушу керек... мен баш тартып көнүп калганмын...
сен анын бирисиң гана... ошондуктан өзүңдү дүйнөдөгү эң бактысызмын деп эсептебе... чыныгы бактысыз адам бул колунан кушун учуруп жиберген эмес, тескерисинче аны жакшы көрсө да, аягында жөн гана таштап кеткен адам бактысыз... ал баш тартуу керек деген эреже менен жашаган гана бирөө... сен ошол эрежени бузган кылмышкер болдуң... ал эми ошондой акылга сыйбаган эреже менен жашаган сенден он эсе айыптуу... көрөсүң, ал да бир күнү өз жазасын алат...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#1073 07 July 2011 - 00:56
Айтылбай калып кеткен бир ооз сөзүм, айланып аруу тилекке, учурун күтүп жүргөм...ардактаган ал тилегим, аз да болсо, бир көз ирмемдик жылмайуу тартуулагым келген... таң калычтуу көз ирмем...түшүнүксүз,
анан күтүүсүз болсо экен деп ойлогом...көздөрүндүн жоодураганын сезгим эле келген...кыткылыктап,
кубанчың койнуңа батпай турганын...кызык,
ошондой болду бекен ээ...биле албай кала бердим...сен да билбегениңдей эле...эч нерседен кабарың жок, чын дилден эле жылмайууңду каалагамын.
...сенден катуу чочуп калыпмын...себебин билгиң келеби...катуу сөз да, кагуу сөз да угууга өзүмдү ылайык көрө албадым...жылмайуу сеники болсун...жек көрүү меники болбосун..
.көп нерсеге көзү жеткен зирек жан деп билээр элем сени...бул ойумдан адашпасам, анда бир күн түшүнөөрсүң.
..түшүнбөгөн болсоң, демек, мен адашкан болом...башка жолу жок мунун...болду,
ушул эле...
#1074 07 July 2011 - 08:24
Таанышканыбызга аз эле убакыт болсо да сен менин жакын адамыма айландын. Ойлорумда дайым сен,тушумдо да сени коруп озумчо эле жыргап алам. Сенсиз откоргон кундорум кызыксыз,сени корсом деп журогум алып учат. Тунку асманга суктанып,жылдыздарды санап сени менен кыялга баткым келет. Алоолонуп батып бараткан кундун жылуулугун сени менен чогуу сезгим келет. Тан шооласы ааламга кучагын жайганда,тандын аруулугун сени менен болушкум келет. Жашоонун оош-кыйышына,
кулку-кубанычына сени менен чогуу бет алсам дейм. Сен менин бакытымсын,
жашоомдун жыргалысын.
Жан дуйномо жарык кылчы берекем!
#1075 07 July 2011 - 12:45
"Ага баарын даярдап,баарын туголдоп беришкени учун ал ошол даражага жетти...А мен бир жээктен экинчисине урунган кайыктай болдум го...-деп,тилимди андан башка созду да айтууга таптап барып,мукактана токтоп калдым...Коздоруно тике кароого эрким жетпей,бурула басып кетууго камындым. "Кантейин эми??? Мен деле чыдап атам го баарынарга"
деди ушкурук аралаш чарчанкы ун...Аттин!
Антип айтпаса эмне!? "Сизде убагында баары бар болчу" дей салдым,дебей тилим кесилип калсачы...Турган калыбымда катып калдым,саамга тынчтык окум сурду... Кайрыла калып: "Кечиринизчи!
АЛ создорду айтууга акым жок эле.Тушуном баарын,колунардан келгенин кылдынар...Абалынарды тушунуп туруп ошол создорду айткан,мен акмак"дейин деп барып... Козумо айлана тушкон жашты коргозгум келбей,басып кеттим... Аркамдан кадала карап калган аргасыз коздордун окут,мунун сезе кейип бараттым... Аттап-буттап сыртка чыктым... Жиним келди,себеби алсызмын... Аттин колумдан келсе баары башкача болоор эле го...Шашып атып чалынып жыгылып да кеттим...Жаным кашая жамгырды согуп алдым... Жаанга аралаша коз жашым да агып бара жатты...
"Кайда эленер?Мен туура эмес чечимдерди кабыл алып атканда кай жакты эленер?Неге ушунча жылдар бою озумду мынчалык жалгыз сезип,мага жат,мен жек коргон адамдардын арасында жашап келдим? Силерге керегим жок,алыста болдум. Неге?"деп алдым...Жыгылгандан тизем ооруксунуп калган эле,этегимди которуп карасам канап атыптыр...Аттин! Конул жарасы да ушундай эле боло койсо кана?! Дары суйкоп,танып койсо 2-3 кундо бутуп калаар болсо кана...Кийин ошол жараттын тагын коргондо," Эмненики эле?" деп эстей да албай калаар болсок кана...
Улутунуп алдым...Коз алдыма кичине кездеги жакшы коргон болмом келе тушту...Мурдунун устно коз айнек кондуруп алып,гезит окуган атам...туймо туйуп мага ангеме айтып берип отурган апам...Ошол кезде дуйно тугол эле го...Козун бакырайтып алып,апасынан башка адамга суйлобогон "Апап тигиге,минтип айтып койчу!" деп журо берчу кызга андан башканын кереги жок эле го...Ошол кичинекей дуйнонун ураганы качан...Ошол болмо ичидегилери менен алыста калганы качан...Баягы кичине кыз бой жетсе да,ошондогу кичинекей дуйносун кайра-кайра жоктоп келет...Ортодо жалгыздыкта откоргон кундорун жектеп,куноолуулорду издеп келет...Алсыздыгы учун озун жек коруп, азыр да жалгыздыкты жон-териси менен сезип,негедир жан-дуйносу тынчтана албай аткан эле...
"Если в детстве у тебя не было велосипеда, то даже если сейчас у тебя мерседес,то в детстве у тебя все равно не было велосипеда. .." деген озумдун кол коймомду эстеп кетти...Ачуу чындык...Ошол жалгыз откоргон кундорум,конулду кара туско боеп,азыркы кундо да баары бир эске тушо жанымды жай койбой келет...Балким ал кундор болбосо мунозум башка болоор беле? Адамдан алдын ала тунуло берме,тунт,алсыздыгымды жаман жагым менен жапканга аракет кылма жайым жок болоор беле...Коодонумдо таарыныч бар...бирок кимге? "Колдорунан келсе башкача кылышмак" дедим озумо... "Кечиргилечи! Силерсиз откон,таарынычка толгон кундорду фотошоп менен кесип салып,башка кундорду кочуруп ордуна кое албайм... Мен калчу жерде,кыздарын келип алып кетчу ата-энелердин жузу,торт бурчта камалып кала берчу озумдун ыйым дале тушумо кирет...Бул менин айтылбас арыз-мунум.. .Айтпайм дагы...."деп ыйлап жаттым...

-Знаешь Кот... в жизни реально много моментов, ради которых стоит жить. Но между этими моментами хочется подохнуть несколько раз подряд.
#1076 07 July 2011 - 15:21
Абдан кубанычтамын 2 жылдан бери куткон нерсеме аз гана убакыт калды ишке ашыраарыма.
..тьфу тьфу коз тийбесин...
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#1077 07 July 2011 - 16:14
Бул жашоо кандай?! тушунбой калдым, бул дуйнодогу адам заты кандай болуп кеткен эмнеге бул дуйно мынчалык табышмактуу,
эмнеге адамдар бири-бирине жамандык каалашат? (((
Бул жарыктыкта жашап жаткан ар бир адамдын ар кандай мунозу болот экен,,,,,,,, Ичимде толтура создор турат бирок кантип тушундуруп жазып берууго алсыз болуп жатам.
Бул жарыктыкта жашап жаткан ар бир адамдын ар кандай мунозу болот экен,,,,,,,, Ичимде толтура создор турат бирок кантип тушундуруп жазып берууго алсыз болуп жатам.
Баары жакшы болот!
#1078 09 July 2011 - 07:01
Бирөө айтат...тааныш чөйрөнүн чоочун адамы бар...бир бакчада ойногон кичинекей балдардын арасына аралашпай, обочо туруп байкаган жаш балага окшогон...деп.
..таң калычтуу, бирок так түшүндүрмө.
..чөйрө тааныш болгону менен адамдары бейтааныш болсо...анан кантип ал чөйрөнүн адамдарынын арасына сиңип кетсин....кичинекей бала болсо да ...ою оюнда эмес болсо....
бейтааныш адамдардын тааныш чөйрөсүнө эле эмес, тааныш чөйрөнүн тааныш адамдарынын арасындагы чоочундар бар...жаш туруп, карыгандардын катарын толуктаган кычыраган жигиттер бар....оорубаса да, ойлонуп жүрүп сүйрөлүп калгандар бар...алардын да дүйнөсү бар...тааныш. ...алардын да тааныштары бар...чоочун эмес...ошол дүйнөдө жашашат...ошол тааныштары менен баарлашат... алар өз дүйнөсүнө бейтааныш адамдарды оңой менен киргизишпейт. ..чочуркашат. ..араң жасап алган дүйнөсүн булгап кетпесин деп....өздөрү да башка чөйрөгө оңой менен аралашып кете бербейт...байкап турушат...ал чөйрөнүн баалуулуктарын. ..алар, белгилүү нормалар менен жашаган өз дүйнөлөрүн эч нерсеге алмашышпайт...

#1079 09 July 2011 - 15:03
Менин оюмда бир гана сен. Биз жолуктук, бирге болууга соз бердик..... бирок баары бир бир нерседен чочулай берем, биз омур бою бирге боло алабызбы... сени жоготкондон корком, сенсиз мага жашоо карангы тунгуюктай сезилет... Тагдырдын табышмагын,
таш боордугун карачы, башкасы мени суйсо а менин журогум бир гана сен деп согот..... сени жоготуп алууну ойлосом... журогум тилинип, туз куйгандай ачышат, мен бир гана сендик болгум келет..... Айланамда канча жан журсо да мен озумду сенсиз жалгыз сезем..... сени сагындым
#1080 09 July 2011 - 17:08
Чоочун болуп калуудан чочулайм
Бир кезде мен дайыма көңүл чордонунда жүрчүмүн. Баары мени менен дос, же тааныш. Кыскасы, мен үчүн чоочун адамдар жок болчу. Пайда болсо деле, бат эле менин чөйрөмдөгү адамдардын бирине айланчу. Албетте айдын он беши караңгы, он беши жарыктай эле, бир күн мунун баары ойрон болду. Достор да жок, тааныштар да. Мен баарын жок кылып жаттым, өзүмө аларды керексиз деп таптым. Заматта эле баардыгы үчүн чоочун адамга айландым да калдым. Эч ким менин эмне тууралуу ойлонуп жатканымды, керек болсо эмнеге бара жатканымды да билчү эмес.
Кайрадан өзгөрүү. Бул былтыркы жылдан башталды. Чөйрөм алмашты, көп өтпөй жакшы бир достуу болуп калдым. Ушунун баары толкун болуп келип, мен жашынып алган дүйнөгө басып кирди, курган чебимди талкалады. Демейде көп сүйлөбөгөн жаным айта баштадым. Быдылдап баардык нерсе жөнүндө. Эмнени ойлойм, эмнени каалайм, эмнени жакшы көрөм, эмнени жек көрөм... Баягы бир кездеги өзүмдү таап алганыма сүйүндүм. Дайыма жанымда досторум, менин абалымды сурап турган санаалаштар. Байкап көрсөм ага чейин байкабай жүргөн тааныштар мени менен тез-тез кабарлашчу адамдарга айланды. Ушундай. Жашоо өз нугуна түштү. Буга бир адамдын да салымы бар. Мен ага жакында одоно бир сөздү айтып алдым. Бирок өкүнүчтө эмесмин. Ал жоголору менен баарын кайра өзгөртөм деп ойлогом. Бирок жашыруун болуудан тажапмын. Мага азыркы шарт көбүрөөк жагат. Кыскасын айтканда, ал жоголсо да, мен уланта берем. Ачыктыкта жашоону уланта берем. Анткени чоочун болуп калуудан чочулайм, жок корком. Ооба, корком. Бирок баары азыр жакшы жана ушул боюнча уланарына бекем ишенем.

Супер-Инфо
super.kg
видео