ТҮНДҮК-ТҮШТҮК фактору - Президенттик шайлоого таасир бере алабы?
#1 11 Июль 2011 - 10:06
1. Өзүңөрдү бекем кармап, сабырдуу болгула. Менин "бөлүнөйүн" , же бирөөнү "уруштурайын" деген кыпындай оюм жок!
2. Жер-жерге карап бөлүнүүнү жактыргандарды өзүм тазалап, теманы карап турууга сөз берем!
Эми... Теманы түшүндүрүп өтсөм...
Азыр ММКларда президенттик шайлоонун күнү жарыялангандан бери "түндүк- түштүк" деген маселе дагы көбүрөөк айтыла баштады. Айтыңыздарчы, мейли муну саясатчылар өзүнүн жеке кызыкчылыгына жетүүнүн бир жапайы ыкмасы катары колдонушаттыр. Бирок сиз ушундай көрүнүшкө көңүл бурасызбы? Негизи эле президенттик шайлоого карата "Кезек-кезеги менен түндүктүк, же түштүктүк мамлекет башчы келсин деген акмак салтты колдойт белеңиз?"
Тема активдүү жана ар тараптуу талкууга алынат деп ишенем.
Жеңиш - менин тагдырым.
#2 11 Июль 2011 - 10:28
Цитата
Мен андай акмак салттарды колдобойм! Тундуктукпу, туштуктукпу айырмасы жок, эл камын ойлогон адам болсо болгону. Ал эми туштуктон президент болду, эми тундуктон болсун деген манкурттар аман эле болсун.
Анан бизде дагы бир акмак салт бар, т.а. олко башччысы кайсы жактан болсо ошо регионду мактап жатып калмай. Бир кезектерде Кемин, анан Жалал-Абад теледен тушпой эле "звезда" болуп келишсе, эми Таластан откон жакшы, улгулуу регион жок. Кудай бетин салбасын президент торолгон региондо бироо чонураак бир нерсе кылып койсо сразу жанылыктарга чыгып калат. Балким ошондуктан элдер ичи куйуп, силер звезда болдунар эми биз деген жоругу болсо керек

#3 11 Июль 2011 - 10:29
#4 11 Июль 2011 - 11:17
#5 11 Июль 2011 - 11:39
Мен мындай нерсеге 100% каршымын. Баарыбыз тең кыргызбыз анан түндүк-түштүк деп бөлүнгөн туура эмес.
Биримдикте болуш керек. Бүтүн мамлекет болуп.
Бөлүп тургандарды маңкурттар деп эсептейм.
Бөлүнгөндү бөрү жейт деген макал бар. биздин күч биримдикте.
Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 11 Июль 2011 - 11:41
#6 11 Июль 2011 - 12:18
Исхак Раззаков, Кыргызстандын БК Компартиясынын 1-секретары: 10-июль 1950-жыл - 9-май 1961-жыл (Түштүк)
Турдакун Усубалиев, Кыргызстандын БК Компартиясынын 1-секретары: 9-май 1961-жыл - 2-ноябрь 1985-жыл(Түндүк)
Абсамат Масалиев, Кыргызстандын БК Компартиясынын 1-секретары: 1985-жыл ноябрь - 1991-жыл апрель (Түштүк)
Эгемендиктен соң:
Аскар Акаев: 27-октябрь 1990-жыл - 11-апрель 2005-жыл (Түндүк)
Курманбек Бакиев: 25-март 2005-жыл - 7-апрель 2010-жыл (Түштүк)
Роза Отунбаева: 19-май 2010-жыл - бүгүнкү күнгө чейин... (Түндүк)
Бул жөн гана дал келүүбү, же? Бул "сасык саясат" чындап эле бар болсо, аны кантип жоюу керек?
Пы.Сы. Дагы бир жолу эскертип кетем: Провокаторлорго жол жок!
Жеңиш - менин тагдырым.
#7 11 Июль 2011 - 15:49
Билдирүүнү түзөткөн: leo10: 11 Июль 2011 - 16:16
#8 11 Июль 2011 - 16:00

#9 11 Июль 2011 - 16:14
mikasa (11 Июль 2011 - 16:00) жазган:

Бул теманы ачардан мурун жакшылап ойлондум. Эгерде бул тууралуу баары айтып жатса, эмне үчүн бизге талкууга алууга болбойт? Балким, мен да оюмду айтам деп жатып, козгогон чыгармын... Тема жөнүндө сүйлөшүп көрбөйлүбү, эгерде ушундай эле жакпай баратса, анда жабууга аргасыз болобуз...
Жеңиш - менин тагдырым.
#10 11 Июль 2011 - 16:36
Кычкасы улутман, кичине улутчул, дымагы күчтүү, өз энесин ал апам эмес, орусия менин мамам деп сатпаган, кыргыз деп жулунганы утат.
Билдирүүнү түзөткөн: yahaha: 11 Июль 2011 - 16:40
#11 11 Июль 2011 - 18:09
#12 11 Июль 2011 - 18:10
Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 12 Июль 2011 - 08:57
#13 11 Июль 2011 - 20:45
#14 11 Июль 2011 - 22:18
Бир келип кетчи мен жакка.
#15 12 Июль 2011 - 11:11
#16 12 Июль 2011 - 13:04
Acer (12 Июль 2011 - 11:11) жазган:
Мен да ушул пикирге көбүрөөк кошулам. Эксперттердин айтымында, бул президенттик шайлоодо административдик ресурстун таасири дээрлик нөлгө барабар болот экен. Бирок аймактык таасир 101%ы менен эң күчтүү курал болушу толук ыктымал!
Жеңиш - менин тагдырым.
#17 12 Июль 2011 - 13:44
#18 12 Июль 2011 - 14:24
#19 12 Июль 2011 - 18:18



Кайсыл жердин адамы болбосун эл жери учун иштетип мамлекетти онуктуруп кеттсе эле болду.
.
#20 12 Июль 2011 - 20:10
Бирок эки-экиге, жаатка болунуучулук бул турмушта коп эле кездешеерине кубо болуп журом. Мектепте окуп жургондо эле "а " класс менен "б" класстын балдры болуп мушташчу элек, чонойгон сайын унутулуп кетти. Аркы-айылдын балдары менен берки айылдын балдары болуп да жакалашчубуз ары-бери откондо. Ал нерсе армияга барганда "дед" "молодой" дегенге алмашылды.
Дагы бир кызыктуусу кийинчереек Россияда окуп жургондо аердеги аз сандуу кыргыздар эч качан аймактарга болунчу эмес. Так што саясатчылардын куралына айланбай эле коелу.
Тема боюнча анекдот: Бир оспурум жигит: -Бул менин шаарым, бул менин шаарым-деп кынылдап ырдап келатат. Бир мезгилде бурчтан жоон топ жаш балдар чыга калып тигини сабап кетишет. Коздору когала болуп, бети -башы шишиген улан: -"Бул менин шаарым...бул менин шаарым... Бирок менин районум эмес"... деп андан ары жолун улантыптыр дейт
