Урматтуу форумчулар,
өлкөбүздүн 20 жыл ичиндеги жетишкендиктери туураалуу ой бөлүшө кетиниздер!
Эгемендүү Кыргызстаным! Ушул жылдар ичинде эмнелерге жетиштик?
#2 28 July 2011 - 00:29
Ой.. Кечиресиздер
Эгерде мен өлкөбүздүн 20 жылдагы жетишкендиктерин билгенимде раса жазып кетмекмин.Бирок жакшы эле ойлонуп көрдүм мээмди нары-бери аңтарып,кычык- пучугун карап көрүп эч эле өнүгүү жөнүндө сөздөрдү таппай койдум.
Эми куда кааласа,шайлоону өткөзүп алсак-мындан кийинки 40-жылдыгында жазып кетем өнүгүү жөнүндө!
(тынч-аман болуп,Кыргызстаным өнүксө?)

#4 28 July 2011 - 08:38
20-жылдан бери Ошко эми үйлөр салына баштады. Июнь окуясы болбогондо үйлөр салынбайт белеее. 20-жыл ичинде Кыргызстан Орусияга 490 млн, Жапонияга 343, Кытайга 151, Германияга 70, Түркияга 50 млн доллардай акча карыз болуптур. Эми качаааан кутулат? Кудай билет. Бир гана жакшы нерсе Камбар-Ата-2 ГЭСибиз курулуп калды, ал дагы жарымы Орустардыкы.
Акаев, Бакиевди элибиз кетирди. Тополоңдор көп болду. 2 жолу өзбек-кыргыз,
2-жолу революция. Канчалаган эл курман болду. Жер титирөөлөр болду, эң жаманы Нурада болду. Эхх, айта берсе көп, жакшы нерсе көрө элекмин. Калганын кийин жазам.
#5 28 July 2011 - 10:24
Ооууу 20 жыл өтүп кетиптир билинбей,бирок Кыргызстан ошол эле боюнча.
Көрөсүң бир күн биздин көчөдө дагы той болот,Биз тарапка дагы күн тийет деген чооооң үмүтөмүн..... .
Көрөсүң бир күн биздин көчөдө дагы той болот,Биз тарапка дагы күн тийет деген чооооң үмүтөмүн..... .
Не бойтесь того, что ваша жизнь должна окончиться,
бойтесь того, что она так и не начнется.
#6 28 July 2011 - 11:18
20 жылдагы жетишкендик - кудай берген Эркиндикти сактап калдык. Биз бул эгемендүүлүккө Косоводой, Босниядай ж.б. согушуп атып жеткен жокпуз. Балким ошогобу ,Азаттыкты көп баалабайбыз.
Көп адамдар менен сүйлөшсөң Россияга кошулсак жакшы болот эле дешкенде, күйүп кетесиң да тим эле. Кыйынчылыктарга карабай өз алдынча мамлекет бойдон келе жатабыз. Болгон жетишкендигиби ушул болду окшойт.
```
#7 28 July 2011 - 16:31
Кыргыз элинин озунун жери бар болгонуна Кудайга мин мертебе ыраазычылык.
Баарыбыз тарап кетпей, оз ара болунбой, олкобузду бирге которсок жакшы болот эле
#8 28 July 2011 - 18:24
Эгенмендуулук алганыбызга 20жыл болуп калыптыр.Озубуздун сомубуз бар.Ошол кыргыз элин алга жетелей турган, жакшы бир инсан ажо болсо, абдан жакшы болот эле.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#9 02 September 2013 - 17:04
Теманын аты өзгөртүлдү.
Кыргызстандын эгемендүүлүгү тууралуу ушул темада талкуу кылсаңар болот.
Кыргызстандын эгемендүүлүгү тууралуу ушул темада талкуу кылсаңар болот.
#11 05 September 2013 - 13:02
Жетишкендигинен да жоготкондору копкооо.....
Суйуу журок-журок суйуу кан жолдош, Суйуу сымал жанга шерик жар болбос!!!!!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео