Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1101 19 July 2011 - 11:16
Тобомдо турган сур булут, айланчыктабай кетсенчи.
Мага кун керек, ысык, нурун чачкан, жылуулук арткан.
#1102 20 July 2011 - 05:21
Өлкөбүз кыштын күнү карга тыгылып калган жүк ташуучу унаага эле окшоп калды...дөңгөлөгү бир ордунда эле айланып чимирилип...
илгерилей албай эле турат...а биз унаага чыгып алганбыз...тажаганда ызы-чуу болуп келип "белгисиз маршруттагыдай"
айдоочунун алмаштырып.
..кайра ордубузга олтуруп алабыз...а бирок унаа дагы деле тыгылган бойдон турат...оболу айдоочуну тандоодо адашпайлы...
анан кайра унаага чыгып олтуруп албай, тыгылган жерден түртүп чыгаруубуз керекпи дейм...болбосо бир күн күйүүчү майы таптакыр түгөнсө...суукта калып кетебиз...
#1103 21 July 2011 - 20:43
Экообуз жолуктук бул таш-боор тагдырдын жолунда кызыкча эле тааныштык эч качан унутулгус мен сени жолуктурдум.
Эмнегедир сен мага жакын адамымдай сезилдин эч кимди эч канчан мынчалык жакын сезбегем ишенсен азыр да ошондогу сен экообуздун бири-бирибизге уялынкы коз караштарыбыз коз астымда неге сага эртереек жолукпадым неге??? Билбейм озумо-озум тушунбой баратам сага жолуккан кундон тартып озгорулдум.
...... Сен айткан создорун мени аябай ойго салды сен эмнеге мынчалык сырдуусун же мага эле ошондой сезилдиби? Билбейм...... сен мага дагы жолугушалы дедин эх аттин арман бир омур арман кылам себеби сени менен экинчи ирет жолуга албай каламго жок жолугуша албайт экенбиз мен К-га кетип жатам десем сен ишенбедин мага таарынгансып мен сага жалган айтып жатат деп ойлодун.......
((((( Жер тегерек мумкун дагы бир кун жолугуп калабыз. Менин сырдуу таанышым ..... сени эч качан унутпайм ар дайым аман-эсен жамандан алыс болуп жакшылыктын устундо жур сен жонокой кызыктуу жигит экенсин.
Баары жакшы болот!
#1104 22 July 2011 - 14:06
Негедир жаз озгочо жамгырлуу болду... Терезени телмире тиктеп бир караан отурат...Кайраты качып, бут денеси жыйрылып, караганы торт чарчы айнек... Айнектен аккан тамчылар...Ар бир тамчы журогуно ийнедей сайылып, кансырай берген журогу да тынчыды... Откон жашоосунда абдан бактылуу адам болсо керек эле...анткени бул жашоосу,откон жашоосундагы бакыттын кунун толоп аткандай эле отуп атты... Эшик ачыла,жарданган бир нече адам кирип,караандын жайылган чачтарын жыя, эшикти коздой жетелешти...
Караандын козунон жаш тамчылай берди...Башка болмого кирээр алдында жашын тыя,караандын жузу эстеликтей катып калды... Жыйылган эл ызылдап, жыргап алышкан...Арыдан бири келип,караандын кулагына сойко сала,бетинен опту... Бутту...Караан болмодон чыккыча шашты...Эми баары бир эмеспи?! Зарыктырган белгиздик кандай болсо да бутушу керек эле... Жамандан жакшыны айырмалай албаган сон,озуно-озу кереги жок болгон сон...жашоосун бироонун колуна тапшырып салуу чечими келип чыккан эле... Бул алсыздыктын чеги экенин билип турса да караан кыйыла моюн сунуп берди...Оз болмосуно кайтып,кулагындагы сойкону жулуп ыргыта,бук тушо ыйлап жиберди... Жашоосундагы дагы бир туура эмес чечим кабыл алынганына,
ошол чечимди дагы эле жалгыз башына кабыл алып атканына ичи орттонуп атты...Адамгерчиликтин баары олуп бутту го...Кантсин эми??? Башка барак ачат эми... Суйбосо да,суйкумдуу жар болот...Озуно кайрат айтып,караан башын которо жулуп алгандан ооруксунуп,
канап турган кулагынын канын сурто,сойкону кайра салынды...Озунчо кутуда баш аламан сылынып жатчу ырлар жазылган барактарды ирээттеп,окуп чыкты...Ырлардын кобу сезимдер,суйуу,
окут,арман,жалгыздык жонундо эле...Акыркы жолу ак барак бетин тиктеп отуруп,эч нерсе жаза албай койгонун эстеди...Эми барак беттерине такыр башка ырлар жазылат...башка саптар...башка барактар...
-Знаешь Кот... в жизни реально много моментов, ради которых стоит жить. Но между этими моментами хочется подохнуть несколько раз подряд.
#1105 23 July 2011 - 09:09
Акыл-эстен адаштырба...
бизди...баарыбызды.
..
Акылдан адашсак эгер...алдыбызды, аркабызды көрө албай...көзү ачык көкүрөгү көр азизге айланаарбыз. ..акыл тушалганда. ..колу бар бирок изги иш жасабаган мунжуга айланаарбыз. ..акыл чынжырланып байланганда. ..чыркыраган чындыкты айтпай...дудукка айланаарбыз. ..байкабай калаарбыз... мунун баарын...баарын акыл билээр эле...эгер байланбаса, тушалбаса...
Сезим...мээм жетпейт...кээде ойлонуп жүдөп кетем...акыл мээде болсо, сезим жүрөктөбү... акыл болбосо сезим болоор беле...акылсыз адам сезимтал боло алабы...акылсыз адам сүйө алабы...сезим болбосо, адамдар мерез болоор беле...сезим менен жеткенди акыл менен табууга мүмкүнбү... сезимдин падышасы...сезимдин ханышасы болгон жакшыбы...же акылдын кулу болгон артыкпы...суроо көп...жооп жок....
Дүйнөнү сулуулук сактайбы...абийирби. ..улуулукпу. . .же акылбы...
Денесин саткан сулуулар...элин аткан улуулар...жерин саткан акылсыз куулар...дүйнөнү кантип сактайт...
акыл болсо...сулуулар денесин сатмак беле...улуулар элин атмак беле...жерин сатмак беле...
Жараткан баарыбызга. ..сулуу...улуу. ..намыстуу... абийирдүү. ..АКЫЛ берсин...

#1106 23 July 2011 - 19:28
Kundor kungo aylanip erkeme jolugushchu kundor da jakindap kaldi, eeehhhh jashoo sinoolorgo tolgon nerse okshoyt, keede baardik nerseni jiyishtirip algim kelet, birok bir gana adam maga umut jariginday bolup korunup turat, baardik adamzat ak suyuusun tapsin jana baktiluu bolgongo araket kilip jashasin, maga okshop
Jashoo keremet, erkemden bashka ne kerek
#1107 27 July 2011 - 05:22
кайч куйч эшик ачылып жабылып, бирде муздак жел аны ачса, булутун ыйына да кээде кубоо болот, бирде ысык кундон коргонуп жабылат. Эмнеге баары тегиз эмес, ошол болмону бир жан ойлоду бекен ага да бейкуттук жана тынчтык, тазалык аруулук керек экенин....
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
#1108 28 July 2011 - 06:16
Ушу сүйүү деген балекет жөнүндө жазбайм деген болчум...убаданы бир жолу бузуп койдум...
Жашоомо кирип келгениңден чыгып кеткениң бат болду окшойт...байкоосуз кирип, капыстан чыгып кеттиң...бир жарк этип жок болгон чагылганга окшоп...нөшөрлөгөн жамгырдын кабарчысындай болуп...көкүрөктү кысып, тумчуктуруп турган сүйүүм ырга айланып, жамгырдай нөшөрлөп, селдей агылып чыгып, араң дегенде терең дем алып калган болчум...карттанган жарамды кайра тырмаганга аракет кылганыңа жол болсун...жүрөгүм "СЕН" деп согуп жүргөндө...дартка чалдыгып "СЕН" менен ооруп жүргөндө кайда элең???!! ! "САГА" суусап турганда, "САГА" жетпей куурап турганда кайда элең???!! !
Деги билдиң бекен...сезимдеримди таманың менен кошо чаңга аралаштырып тебелеп кеткениңди. ..сездиң бекен...кооздоп жасап алган жан-дүйнөмдү булгап кеткениңди. ..көзүм жетпейт, билээриңе да, сезээриңе да...
Өзүнүн кадырын билбеген адам кантип башканын кадырына жетсин...өзүн сыйлабаган адам башкасын сыйламак беле...мерездер сезимди түшүнмөк беле...
Өзгөргөн окшойсуң, бар экениңди эстеткиң келгенине караганда... "акылдын" чындыгына моюн сунганыңбы. ..мени алдаганыңбы. ..өзүңдү алдаганыңбы. ..тигини алдаганыңбы. ..а балким башка бирөөлөр бизди адаштырыштыбы. ..жылуулукка, мээримге, сүйүүгө муктаж болдуңбу... же мен адашып жатамбы.... ай ким билет....мээм дегеле жетпеди...тактап койоорсуң балким...ошондо кийинки кадамдарымды да адашпай шилтегенге жол көрсөтөөр элең...
Акыркы жолу үнүңдү качан укканымды эч эле эстей албай койдум...

#1109 28 July 2011 - 16:00
Салам Монолог!Мен сени аябай сагындыыыым!
!!!!!
!!Кайда журдун деп жатсан керек.......ооба,
аябай жоголдум,бирок кайда журмок элем.......баякы эле жашоо менен курошуп журдум да!Кыйналдым,
аябай кыйналдым!
Жан дуйном жанчылды,тагдыр мени мынчалык сынаарын билген эмесмин.Экоонун ортосунда эзилип кеттим.Эмне кыл дейсин, айла жок,убакытка салып гана азаптардан арылып жатам.
#1110 28 July 2011 - 16:20
Жалгыздык мени аябай озуно тартып бараткансыйт.
..убакыттын отушу менен баары озгорот экен корсо...калп эле мен учун куйумдуулук арттыргандарга,
(артымдан айткан создорун эстегенде)бара бара суйлогум да келбей баратат...Эки жуздуулук эн жаман сапат экенин эмнеге билишпейт... андан пайда коруп жатышабы же((( Эмне кылсам? таптакыр жоголуп кетким келип журот...Бирок кантип??? качан ушул создордон кутулам...ит уро берет,кербен журо берет десем да баари бир экен... бир кездеги жакын курбулардан конулум ушинтип калаары тушумо да кирбеген...Достуктарын дагы бир жолу "даназалап" коюшту...
Мейли эми алар бироонун конулун калтырганды жакшы корушот экен...бирок мен алардай жашагым келбейт ...Эмне деп суйлосо да, ойлосо да баари бир деп басып кеттим...Бир гана нерсе конулумо жагып, ал гана мени тушунгонсуйт. ..бирок ал дагы кечикти((кайда журду болду экен эртереек...ал эми менин сыр сандыгыма айланды)))

#1111 29 July 2011 - 00:15
мына азыр да сени ойлоп уйкум качты.Сыртымдан билгизбегеним менен аран эле журом. Сагындым... сагындым сени жаным, экообуз телефондон суйлошкондо ушул создорду коп айтчу элек! эртен алыс жака кетемин, мени жибербей кармап калсан кана! Билем сен эми келбейсин, анткени намысын кучтуу ага жол бербейт. Биздин суйуубуз тоскоолдуктарды жене алган жок, мумкун буйрубагандыр.
Эми айла жок, сенсиз омур суром. Бир чети сени унутуш учун эртен башка алыс жака кетем. Кайда болсон да аман бол менин ........
#1112 29 July 2011 - 10:42
Карегим,
жалгызым, жалынаарым.
..
Баардык жылуу, аруу нерсенин баарын жалгыз сага арнаймын. Сен бар менин дүнүйөм түгөл. Сенден урган мээрим деми гана жүрөгүмө жарык шам жагып келет. Жалгыз сен үчүн, сенин жакшы маанайың үчүн жанымды да берүүгө даярмын. Жылмайсаң, жылмаюууңдун себеби мен болоюн, ыйласаң көз жашың менен тең кулап жерге урунуп жок болоюн. Бир гана Жараткандан суранаарым, оорубачы, АПА!

˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#1113 29 July 2011 - 11:52
Сагындым апа...Абдан сагындым...Ушул шаардан безип качып,сизге баргым келип атат...Бала кезден жадымда калган,эч кимде жок жылуу илебинизди азыр сезгим келип атат...Унунуздогу мээрим,козунуздогу жарык нур,жузунуздогу аруулук...баарын сагындым...Кучактап алып баарын айткым келет...оор болуп атат мага,ыйлаак кызыныздын сабыры тугонуп атат...деп айткым келет.Аяп кетем...Дуйнодогу эн кымбат,ыйык адамымсыз...
Кабагынызга кар жаашын мен да которо албайм...мээримдуу жузунуздо жылмайуу эле жашасынчы...
Ооруп,жаным кыйналып аткан кундору,жон гана мандайымдан сылап,жанымда болгонунузга зар болом...Ал кундору телефон чалам жон гана унунузду угуш учун...Эс тартканы сизди сагына бергеним эсимде...Бир чети алыста чонойгонум деле жакшы болду...анткени жаман соз менен же жаман жорук менен конулунузду оорутканы жетишпедим.
..убакыт болбоду
Жанынызга барган сайын,кайра эле кетиш керек экенин билип,сагынычымды таратканы гана убакыт жетчу...кээ кундору сагынычым тарабаса да кетууго мажбур болчумун...Барынызга топук кылам...Кадимкидей тажап,конулум айнып турганда мени карааны колдоп турчу адам бар экенин эстейм...Ошол ой, мени куду компьютер чарчаганда "перезагрузка"
кылынгандай,
"перезагружайтетип"
салат дагы,эс ала тушом...Ушундай эки жакшы адамдын кызы болгонума теригип,суйунуп да кетем... Жакшыга гана ундодунор атам экоонор...Жанынарда копко болбой, мээриминерге тое эркелебегениме эле окунуп кетем...эмнеси болсо да барынар бакыт мага...Аралыкты эсепке деле алып кереги жок,ар дайым кокурогумдосунор
Кимге муктаж болсом, ошолор үчүн жашайм...
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
#1114 01 August 2011 - 11:11
Сага азап берип, жан-дүйнөңө бүлүк салып жүргөнүм үчүн кечирим сурайм. Баарын сезип-билип эле турчумун. Бирок мойнума алгым келбеди. Башкача күн болдубу, же бугуң толуп-ашып жатканбы, баарын айтып салдың. Мен сени ушунчалык кыйнап жүргөнүмдү билбепмин. Чын... Сен каалагандай болсун. Эмне кыларымды да билбей калдым? Сенин мамилең барган сайын татаалдашып бара жатат. Мындайды каалабайм. Көрөлүчү, байкайлычы,
абай салалы...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#1115 01 August 2011 - 19:42
Рамазан айынын биринчи куну... Хе, а мен сыра ичип отурам. Тозокко ансыз деле билет алгам. Бир акем айттыле, сен экообуз тозокко тушобуз, тозоктун отуна куйобуз. Бейишти тозокто куйгондор, оттун жалыны менен жылыйт. Сен экообуз бейишке тушкон жакын адамдарыбызды жылытабыз. А кто если не мы деген эле... Тозок мени куто бер, каным ысык. Жалындап куйом)))
#1116 05 August 2011 - 02:36
Агы да , карасы да жазылган өмүр китебимдин жыйырма алтынчы томунун таңы..
Эмнелер жазылды?
Мага пайда алып келеби?
Же мени зыянга учуратабы?
Мен турмуштан эмне сабак алдым?
Эмне таптым? Эмне жоготтум?
Ушул суроолордун кээ бирине жооп бере алсам, кээ бирлерине жоопту өлөр өлгөнчө ала албасымды билемин. Мен ошого бекем ишенем. Бир гана нерсени билем, эми мындан ары менин жашоомдо эч кандай суроо болбойт. Мен ар бир пайда болуучу суроого жооп таба аламын. Көрсө жашоо жеңил эле экен. Аны оордотуп жаткан шоркелди инсандын өзү тура. Ачык турган эшикти байкабай, элес албай жылчык издеп убара болот экен. Туура жолдо шамчырак күйүп турса да, караңгы көчөгө тартылат.
Жанагы анекдотто айтылгандай атасына баласы каяша көрсөтөт айтат эмеспи: "Ата сиздин куракта Македонский дүйнөнү багынткан" , - деп. Менин азыркы курагымда көп эле инсандар ар кандай жетишкендикке жетишкен. Менин амбициям канчалык күч болсо да жетпей калган нерсемди арман кылбаймын. Мен мунун баарын бир гана сөзгө батырып коёмун. ТАГДЫР. Тагдыр жазмышында эмне жазылганы болду, а жазылбаганы болбоду. Болбогон нерседе, демек, мага зыян бар эле. Аллах билет, мага эмне пайда, эмне зыян экенин.
Ооба, бул бардык жагы азгырык, алдоо, жан далбастоо менен курчалган жалган дүйнөдө оорчулук болду. Кыйналдым, кысталдым, ачка болдум, чарчадым, чаалыктым. Бирок, оңбодум, нойбодум, кайра чыйралдым, чыңалдым, кайралдым, курчудум. Турмуш мени өзүнүн катаал сабактары менен окутту. Мен ошол мектепти бүткөнүмө ыраазымын. Эми мен эч ким оңдой алгыс жашоо нугуна түштүм. Ушуга жеткизген Аллахка чексиз шүгүрлөрдү айтам. Мени ар дайым колтуктан жөлөгөн, өзүнүн баасыз кеңештери менен мени колдоп турган, мени жарым сөздөн түшүнүп турган адамдарга туш кылган Жаратканга ыраазымын.
Бирок, ушунун баары бакытпы?
Не ал бакыт деген?
Кармап алаар кушпу?
Же сатып алаар буюмбу?
Сүйүү да дешет. Мен сүйгөнүм менен бирге эмесмин. Демек, мен бактысызмынбы эмне?
Жо-ок, мен, тескерисинче бактылуумун деп кесе айта алам. Анткени, менин рухум кандайдыр бир тынчсыздануудан, кабатыр болуудан, кейип-кепчүүдөн алыс. Жана эч качан кайра кайрылбайт.
Менин бакыт чөйчөгүмдүн бир гана кемтиги бар. Ал ийгиликтүү өлүм. Аллахтын жалгыздыгын даңазалаган сөздү оозанып өлсөм, менден бактылуу адамды табыш кыйын болуп калмак.
Эй, Аллахым, мени татыктуу өмүр кечиртип, өз диниңде татыктуу өлүм кабыл алышымды насип эт!

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#1117 06 August 2011 - 04:53
Башты оорутпайм!
,-деп озумо соз берип,бул баракчаны жашоомдон сызып салып жашоомдогу башка сфералар менен жашап келе жатканыма оголе коп болуптур..анализге жакын жаным саресеп салсам,жаныма тынч,ашыкча ресурстарымды,
убакытымды кетирбей ырас эле кылгандаймын.
.Бирок робот сымал жашоомду байкап аео сезими да болуп кетет озумду..Чындыкты тарс эле бетке айткан жаным,муну моюндабасам болбос."Идеалды издебе" дешет,издебегеним менен,акыл эс(журок эбактан добушсуз, тушунуксуз мунозумдон,
каалоо тилектерден тажады бейм..) издегендей болбой жатканыбы,же болсо да мен мумкун,алардын коздогонундой эместигимби.
.айтор процесс уланууда..
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#1118 08 August 2011 - 10:16
Куздун келе турган куну бар экенин айкындап сыртта жамгыр жаап жатат. Столумда бутпогон отчет,ичилбеген кофе...сансыз ойлор. Элесин жамгыр менен келип,кайра жамгыр менен кете турган адат таап алган. Токтотуп калгым келет. Саамга болсо да мага жашоонун манызын корсотуп,жолок боло жылмайган коздоруно тигилгим келет. "Кетпечи!
? Сен мага тусторду уйроттун,жашоо даамын сездирдин,аба болдун,асманым болдун,чексиз аалам болдун... Таштап кетип калсан соолуп,куурап,
акыры чанга айланып,кайдыгер сапырыла...туноксуз учуп калам. Сен кеткенден кийин эч ким келбейт билем. Эч ким жалгыздыктан курулган сепилимди уратып,эч ким эшигимди какпайт... Кетпечи! Бир сен бул жашоодо бар болгонун учун,кааласан мен жок болоюн бирок,кетпе!
Мени мага таштаба! Мендей жанды жонго салып,бактылуу кылуу колумдан келбейт. Сенден кийин эч ким жан-дуйномдун мунун сезбейт...дагы эле жаан,дагы деле элесин... Айтылбай кала берген создор,нуксуз,
мааниси жок кундор...
-Знаешь Кот... в жизни реально много моментов, ради которых стоит жить. Но между этими моментами хочется подохнуть несколько раз подряд.
#1119 08 August 2011 - 17:32
Ээрчиме экенсин... Оз оюнду, оз сезиминди коргой албасан,оз созундо тура албасан сени не демек элем? Анык жетелемесин.
.. Ошол ойрок ой досундун созуно кирип не болдун? Элдин алдында соз болдун... Соз болсон да мейли дечи,апанды уят кылдын...айтканды укпай ээленип, ушундай бийик алып учтун эле тез ылдамдыкта,
ото бат чарчашынды сезбедин,эми мага канатын кайрылганда келипсин...мен кантип убакытты, болгон окуяны артка кайрый алам? Олуя болсом бир жон... Бал челекке башынды тыгып алдын байкабай,алардын тузагына тушуп калдын... Куткаруучу сенсин дейсин...мен эмесмин сен озунсун...кантип туйунго туйулдун эми кантип чыгуу да оз моюнунда...сен аркылуу алар оз абийирин жапкысы келген,аз убакыттан сон - топтой томолонмоксун , эч болбосо юладай чимирилтип ойношмок сени...Дагы танданганым ошол учурга жетпей кандай интуициян ойгонуп кетти экен? Мейли эми отконго окунбойлу ,ар дайым мен озум учун эмес сен учун арданчумун анткени,эркек башын менен аял кылбас нерсени жасап койдун эле ,боор ооругандан да кыжырым келчу сага ... Дагы уялбай по любому сага жетем , журогумдо дайым сен дейсин ... Ушул создоруно мен эмес озун ишенесинби?
Мейли чуркасан далайына жетесин... бирок эми менин жолум башка , сен элестеткен таштак жол эмес асфальт , мен эч качан туз жолумду эч кимге тепселетпейм.
.. Аллахым таза -туз жолумдан айрыбасын. Мен сага жардам берем сен созсуз туз жолго чыгасын,тунгуюктан чыккан куну мен сенин козуно тиктеп туруп сени суйбогонумду , суйбошумду , эч качан суйо албасымды айтам,кыскача анализ жасап,мамилебизди жыйынтыктайм,
сага чоон ыраазычылык билдирем себеби сен мени белчемен баткан шорлуу жоопсуз суйуумдон сууруп алгансын ,муктаж болуп тургандагы жылуу создоруно рахмат айтам дагы, туз жолума тушуп оз бактыма кете берем .
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#1120 09 August 2011 - 02:48
Монолог мен арты кылчайып, мындан мурун жазып кеткен саптарымды карасам сен мага жолоноор кучтуу ийин жана таянаар таякатай экенсин. Ошол убакыттагы оор кундорумду бир гана сага айтып даттанып жасыптырмын,
болушуптурмун,
ыйлаптырмын.
..Жан дуиномдун жараларын эки соз менен жасамда которо билипсин, ыйласамда ыйымды тыйбапсын, бакырып окурсомда кулагынды жапапсын, ачык жараларыма туз сепепсин...
....Эмнегедир сени бугун эстедим...баш багып калыпмын...куздун жыты келе жаткандай сезилди...муздак шамаал менен жаандын мээримсиз тамчылары тереземди какылап, тынчтык бербеди...Терезенди ач!!! ач!!- деп мени да муздаткысы келдигоо тобоо. Жайдын нурун жаныдан алып жылый баштаганда, аны да коро албадын окшойт...Макул, макул сен биринчи куз эмесин...сары жалбырактарына мени кошо ороп кыштын кыран суугуна кошо аттаналы деп атсан керек ага да макулмун...Бир гана сураныч менин жан дуйномду коп козгобой, тынчтыгын албай жон койчу суранам...
.....андай болбосо монологдогу жашоом кайра нугуна келчудой...монолог. ..
....Эмнегедир сени бугун эстедим...баш багып калыпмын...куздун жыты келе жаткандай сезилди...муздак шамаал менен жаандын мээримсиз тамчылары тереземди какылап, тынчтык бербеди...Терезенди ач!!! ач!!- деп мени да муздаткысы келдигоо тобоо. Жайдын нурун жаныдан алып жылый баштаганда, аны да коро албадын окшойт...Макул, макул сен биринчи куз эмесин...сары жалбырактарына мени кошо ороп кыштын кыран суугуна кошо аттаналы деп атсан керек ага да макулмун...Бир гана сураныч менин жан дуйномду коп козгобой, тынчтыгын албай жон койчу суранам...
.....андай болбосо монологдогу жашоом кайра нугуна келчудой...монолог. ..
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...

Супер-Инфо
super.kg
видео