Биринчиден баарыңарга Аллахтын тынчтыгын, рахматын жана берекесин каалап кетмекчимин. Ошону менен бирге кимде ким орозо кармап (тутуп) жаткан болсо, алардын орозосун Аллах кабыл кылуусун тилеймин. Эгер кимде-ким кайсы бир себептер менен кармабай же дагы эле арсар (күмөн, арабөк) болуп жүргөн болсо, сөзсуз түрдө убакытты текке коротпой орозо кармаоолоруна үндөйт элем. Ооба, кыйын кармоо. Күн ысык, чаңкайсың. Кардың ачат. Бирок, бейиш дал ошондой кыйынчылыктар менен тосулуп коюлганын билет чыгарбыз баарыбыз эле.
Ээ, мен темадан чыгып баратам го. Башка бирдеке жазайын дегем. "Бисмилла" дегенде эле "молдочулугумду" карматып ийген окшойм. Эми элдин баарынын чачтары тик туруп кетпесе болду
P.S. Бир форумчу менин "өңүмдү" менчиктештирип алыптыр. Патент деген менде эле. А Акаев жездем болсо Орусияда жүрөт азыр. Ошондуктан "прихватизация" кетсин жана менин тамгаларды ушул өңгө боё "өнөрүмдү" мага эле калтырышын суранам. (өзү билет)

Супер-Инфо
super.kg
видео















