Түндүк-түштүк факторун саясатчылар ойлоп тапкан жок. Алар бар болгону кыргыздын канындагы бөлүнүүчүлүк "касиетин"
өз иштеринде пайдаланып жатышат. Илгертен эле абал ушундай болчу. Саясий факторлордон башка факторлорду да тапса болот. Мисалы үчүн географиялык.
Түндүк менен түштүктү бийик тоолор бөлүп турат, байланыштыруучу жол бирөө эле, ал дагы катаал алыс жол. Карым-катнаш жок, элибиз бири-бирине анча аралашпаган.
Мындан келди салт-санаа, тилдерибиз да өзгөчөлүнүп кеткен. Кудайга шүгүр, акыркы жылдары ички миграция күчөп, карапайым калк бири-бирине аралашып, жыталышып көнүшө баштады.
Бөлүнүүчүлүк-
карапайым калктын канына сиңип бүткөн. Вайс акем айтмакчы, "а класс", "б класс" убактардан эле башталат. Бул жагын эске алып туруп, кезектешип журтбашы шайланышы да туура окшойт деп кетесиң бир чети.
п.с. Жеке мен трайбализм оорусу менен оорубайм. Иштин көзүн билген адам иштесин.
ТҮНДҮК-ТҮШТҮК фактору - Президенттик шайлоого таасир бере алабы?
#22 13 Июль 2011 - 12:03
messi (12 Июль 2011 - 14:24) жазган:
Туура тема козголгон. Мен өзүм андай бөлүнүүгө каршы болгонум менен бөлүп жаргандар толтура. Күнүмдүк тиричиликте саясатчыларды койдум катардагы адамдар эле бөлүнүп жатканына күбө болосун. Ошко барсан аркалык, Чүйгө келсен Оштук деген сөзгө кааласанда каалабасанда кулагына илесин. Сыртыбыздан билдирбегенибиз менен ичибизден ар дайым бирин бирибизди жек көрөбүз. Биз ушундай калкпыз, бөлүнүп жарылуу каныбызда. Мамлекеттик деңгелдеги шайлоону койдум айыл өкмөтүн шайлаганда,
ал кайсы уруудан экен деп уруу уруу болуп бөлүнүп шайлайбыз. Анан кайдагы президентик шайлоону айтасынар. Өзүнөр деле ошол боюнча ой жүгүртүп анализдеп көргүлө ошондо менин пикириме кошуласынар.
<br>
Андан дагы бир болгон окуя эске түштү. Бир киши үйүндө курулуш жумушун кылайын деп чечет. Жумуш токтобой, жакшы болуш үчүн куруучуларды бир айлдын балдарын алайын деп чечет. Мындай тандоого барууга кыргызым түндүк-түштүк эле эмес, областарга бөлүнүп алары жана бирин бирине сынтагып иштебей коюшу болгон. Бир айылдан болгон куруучу балдарды алат, кылынчу жумушту дайындап коюп жумушуна кетет. Кечинде келсе кудай анын бетин ары кылсын баякылар үстүнкү жана астынкы көчө болуп бөлүнүп алышыптыр.

#23 13 Июль 2011 - 12:26
Жик салуучу бироо бар, ал кайдан да болсо табат жылчыкты. Улут, раса, регион, уруу, жыныс, айыл, кочо ... анын максатына(стратегиясына) ынгайлуу шарттарды тузуп берет. А чындыгында касташуунун негизги тамыры алда кайда жатат, адамдын терс табиятында.
Адамдын жогоруда саналган ондуу белгилерине эмес, анын "адамдыгына"
гана карап мамиле кылуу керек, болуу керек. Ошондо жогорудагы бардык белгилер аралашмак.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#24 13 Июль 2011 - 16:45
Шайлоодо жердешчилик фактору таасир этеери- турган иш. Эгерде эки талапкер эки жактан болуп калса, анда эле жарым эс саясатчылардын чырагына бензин куюлаарына бөркүмдөй ишенем. Дал ушул түндүк-түштүк оюну аларга чоң курал болуп бере алат. Чач ал десе баш алган камчы чабаар агитатор сөрөйлөр мындайда жөн жатпай калсын.
#25 14 Июль 2011 - 15:22
Жогорку Кенештин шайлоосунда Ата-Журт фракциясы түштүктө болгон агитациясы эске түшүп кетти. Бул шайлоодо деле ошондой кадамдар болорунан күмөн санабайм.
#26 15 Июль 2011 - 13:51
Алакандай кыргыз жерин, бир ууч кыргыз элин тунду-туштук кылып экиге болуу бул чон саясат, ушундай жол менен кыргыздардын ынтымагы бузулуп тигил жагы дагы бул жагы бизге коз каранды болуп турсун деген башка кучтуу мамлекеттердин саясаты. Муну биздин саясатчыларыбыз,
чондорубуз жакшы тушунуп турушса дагы эч нерсе кыла алышпайт, колдорунан келет бирок эч нерсе кыла алышпайт, себеби алардын оздорунун кызыкчылыгы дагы бар. Бийлик менен байлыкка жетуу учун адамдар эмнени гана кылышпайт, керек болсо аз гана кыргыз элин курмандыкка чалып жатышат.<br>
Ал эми карапайым элдин болунуусу, бул болуп келген нерсе. Кыргыздар эле эмес орустар дагы, америкалыктар дагы, кытайлар дагы, казактар дагы, ж.б. ич ара оздорунчо тундук-туштук,
чыгыш-батыш болуп болунуп келишкен, адам баласы жашаган жерине жараша болуно беришет. Бирок Кыргызстанда кээ бир адамдар ушул жаман нерсени озунун коздогон максатына&
nbsp; жетуу учун саясий куралы катары колдонуп жатышы жакшылыкка алып барбайт. <br>Алла Таалам кыргыз элиме, жериме ынтымак, тынччылык, токчулук берсин. Кыргыздарды тундук-туштукко болуп коздогон максатыма жетем дегендердин тилеги таш капсын, андай адамдар ылайым бийликке келбесин.<
br>Мага баары бир, бийликке тундуктон келеби же туштуктон келеби, эн башкысы улутман. журогу тундук-тундук же туштук-туштук деп эмес кыргыз-ынтымак,
кыргыз-ынтымак,
кыргыз-ынтымак,
кыргыз-ынтымак деп сооккон адам келсе экен деп тилейм Алла Тааладан.<br>
#27 16 Июль 2011 - 22:19
кичинекей кыргызстан болсо. дагы каягына болунобуз.болунгонду бору жейт дейт.биримдиктуу элбиз андайга жол койбойбуз
я хочу стать его женой.
#28 01 Август 2011 - 14:15
Мен ойлойм, бул маселенин чечилиши эл башы-журт башы делген адамдардын колунда деп. Эмне учун алар журт башы? Эгер башчы болуп элине созу отпосо, журум-турумун жонго сала албаса?! Чынында, алардын денгээли карапайым элден бир топ бийик турат, ээ, илимдуу-билимдуу,
айла-амалдуу дегендей. Озум болсо тундук-туштук деп болунгондорго жиним келет, чын! Ким коюптур бизге болунгонду,
бир ууч калк болуп туруп!!!

#29 05 Август 2011 - 14:46
Жердигине басым жасап, "биздин баланы шайлайлы"
деген кем акылдарга кандай чара көрсө болот?
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#30 05 Август 2011 - 14:56
adalsvards (05 Август 2011 - 14:46) жазган:
Жердигине басым жасап, "биздин баланы шайлайлы"
деген кем акылдарга кандай чара көрсө болот?
Эми "башка баланы шайлайлы" де деп талап кылган да жөнсүз го! Ошол "баласы" Кыргыз мамлекетин ойдогудай башкарып, алга сүрөй ала турган инсан болсо, башкаларыбыз да кош колдоп колдообуз керек эмеспи! Аттигиниң, андай болбой калып жатканы кандай гана өкүнүчтүү! !!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#31 05 Август 2011 - 23:51
Тундук Туштук деп эчким ооз ачпаса жакшы болот,колунардан келсе ал жонундо ойлонбой да койгула.Кыргызсынбы?
кайсыл жерде жашаба,баарибир кыргызсын.Ошол келе соо саясатчылар,
бийликтегилер,
тун.туш дегендин ордуна,Таджикстандагы Жергетал районун кыргызстанга откоролу,Баткендеге сох анклавдарын озубузго кайтаралы,чет элде жашаган(ооганда,
туркияда,озбекстанда)кыргыздарды озунун тарыхый мекенине кайтып келууго шарт тузуп берели деп соз таркатып,ошол нерселерди кобуроок оозуна алса жакшы болмок.Алар гана эмес ар бир кыргыз ошол жонундо ойлонсо дейм!
#32 06 Август 2011 - 09:17
ulutbek (05 Август 2011 - 23:51) жазган:
Тундук Туштук деп эчким ооз ачпаса жакшы болот,колунардан келсе ал жонундо ойлонбой да койгула.Кыргызсынбы?
кайсыл жерде жашаба,баарибир кыргызсын.Ошол келе соо саясатчылар,
бийликтегилер,
тун.туш дегендин ордуна,Таджикстандагы Жергетал районун кыргызстанга откоролу,Баткендеге сох анклавдарын озубузго кайтаралы,чет элде жашаган(ооганда,
туркияда,озбекстанда)кыргыздарды озунун тарыхый мекенине кайтып келууго шарт тузуп берели деп соз таркатып,ошол нерселерди кобуроок оозуна алса жакшы болмок.Алар гана эмес ар бир кыргыз ошол жонундо ойлонсо дейм!
АЗАМАТ!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#33 16 Октябрь 2011 - 13:41
Биз ушул тундук туштук, батыш чыгыш, уру-уру деген нерседен арылбасак эч качан онуго албайбыз.Саясатчыларбыз оз кызыкчылгын ойлоп жатышат.Анан бул маселени газетада коп чагылдырып калышты.Ушул маселени газета беттерине жазбаса эмне болот.Газеталар да бул маселеге куноолу.Биздин келечек алдыда эч качан болунбойбуз,
биз осуп онугобуз.
#34 16 Октябрь 2011 - 16:30
ulutbek (05 Август 2011 - 23:51) жазган:
Тундук Туштук деп эчким ооз ачпаса жакшы болот,колунардан келсе ал жонундо ойлонбой да койгула.Кыргызсынбы?
кайсыл жерде жашаба,баарибир кыргызсын.Ошол келе соо саясатчылар,
бийликтегилер,
тун.туш дегендин ордуна,Таджикстандагы Жергетал районун кыргызстанга откоролу,Баткендеге сох анклавдарын озубузго кайтаралы,чет элде жашаган(ооганда,
туркияда,озбекстанда)кыргыздарды озунун тарыхый мекенине кайтып келууго шарт тузуп берели деп соз таркатып,ошол нерселерди кобуроок оозуна алса жакшы болмок.Алар гана эмес ар бир кыргыз ошол жонундо ойлонсо дейм!
Чыныгы КЫРГЫЗ экен ушуну жазган адам.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#35 16 Октябрь 2011 - 16:34
Биздин айылда жашап оз мекенине кеткен чечендер кабар алганы келишкен эле . Туулуп - оскон жердин топурагын кучактап ыйлашкан . Олгучок бир коройлу деп чечишиптир.
Ошорлор биздин кишилерден сураптыр " дагы эле кыргызчылык , тундук-туштук деген созунор барбы "- деп. Биздикилер " Ооба " дешсе , " Анда эч качан онуго албайсынар " деп айтышыптыр . Ойлонуп корсом ошолордун айткандары чындай сезилет мага .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#36 16 Октябрь 2011 - 18:45
Биздин кыргыздар бир болсо, эч кандай түндүк-түштүк деп бөлүмбөй биримдикте жашасак жакшы болот эле. Биз бөлүнүп кетсек анда "КЫРГЫЗ"
деген атыбыз, тилибиз жок болуп кетет. Мындай ойдон алыс бололу. Баарыбыз эле кыргызбыз. Бөлүнүп отурсак анда башка мамлекеттер бизди бат эле өзүнө кошуп алышат, анан биздин улан-кыздарга эле азап болот, кийинки келечегибизге эле жаман болот.
Ак ийилет, бирок сынбайт.