Мен мисалы уктам жаман туш коруп жатканда калманы айта алам ошол замат кандай туш болбосун кандай басырык баспасын ал нерседен арылам. А силер кандай кереметтерин байкадынар?
??
'Лаа иллааха иллалох Мухаммаду расул Аллох' ыйык создун кандай кереметтерин байкайсыздар?
#3 19 October 2011 - 11:49
Бул келмени күнүгө айтып жүрсөң эч нерседен коркбойсуң.
Келмени көбүнчө адамдар ооруп атканда, бир жаман нерсеге кабылганда,
коркунуч пайда болгондо айтышат. А башка күндөрү оозуна да алышбайт.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#4 21 October 2011 - 12:49
Ислам дининдеги бирден бир чон эреже бул - келме десем жанылышпасмын.
Келменин кыргызча мааниси - "АЛЛАХТАН башка Кудай жок, Мухаммед анын элчиси"
Келменин кыргызча мааниси - "АЛЛАХТАН башка Кудай жок, Мухаммед анын элчиси"
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#5 14 November 2011 - 04:01
Paigambarybyz Muhammad (салляллаху алейхи уа саллям) aitkan:Egerde kimde -kim akyrky sozun "La ilaha illaLlah" dep aitsa ,anda al beiyshke kiret dep.Yiman kelimesin tilibiz menen gana aitpai jurogubuzdon Allahka bolgon zor ishenim menen aityshybyz kerek. Bir jolu kyshynda ke4 kalyp,Bishkektin bir ko4osundo ke4ke kelmeni kaitalap bara jattym.Bir ubakta artymdan 3 bala jugurup kelip kol sumkamdy julup ka4ayin degende bolgon unum menen 'La ilaha illaLlah"! dep kyikyrdym.Kelmeni ugary menen 2 bala ka4yp ketti,a biroosu jerde jatkan, a4ylyp kalgan kol sumkamdy alyp berip "Ke4irip kounuz eje..dedi.Ushundai kyrsyktan saktagan Allahka 4eksiz maktoolor jana shugurlor bolsun! Allahym akyrky olum saaty kelgen u4urda eki duinodo ten baktyluu kyluu4u "La ilaha illaLlah'! kelimesin ar biribizge tilibiz menen da, jurogubuz menen da aityshty nasip kylsyn!Amin' ya Rabbil'-'Alamiin.
!
#6 14 November 2011 - 08:14
"Лаа Илааха Иллаллох, Мухаммад Расулуллох"
(Кудай жок бир Алладан башка, Мухаммед анын элчиси). Жашоондун ар бир минутасында айтып туруу абзел. Ооз менен айтып жүрөк менен тастыктап туруу зарыл. Негизинен толук айтуу керек. Кээ бирлери "Лаа Илааха" эле деп койушат. Котормосун караныздар.
Мындай учурда чоң жаңылыштык кетирген болобуз!
Эмгектене билүү – адам үчүн түгөнгүс байлык.
#8 07 December 2011 - 17:30
Ар бир муслман баласы "Лаа Илааха Иллаллох, Мухаммад Расулуллох"
деген келмени жатка билиш керек!
Ак сөз, асыл ой, адал иш.
#9 11 December 2011 - 05:44
«БИР АЛЛАДАН БАШКА СЫЙЫНУУГА ТАТЫКТУУ ЗАТ ЖОК» ДЕГЕН КҮБӨЛҮК КЕЛМЕСИНИН МААНИСИ.

«Лаа илааха иллаллоох», «Бир Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок» сөзү - Алла Тааланы жалгыз деп билүүнүн негизги мааниси. Сыйынууга жана кудай деген сыпатка бир гана Алла Таала татыктуу. Бул сөз эки бөлүктөн турат:
1. Жокко чыгаруу - Кудай жок деп тыюу; (Лаа илааха-кудай жок)
2. Бир гана кудай бар деп тастыктоо; (Иллаллох- бир Алладан башка)
Кудай жок деп айтылган бөлүгү – Алладан башка бардык кудайларды жокко чыгарат.
Ал эми, бир гана Алла бар бөлүгү – кудайдын жалгыз экендигин бекемдейт.
Ар бир инсан ушул эки түркүктү ишенүү менен, сөз менен жана иш (амал) менен бириктирип кылганда гана - толук мусулман болуп эсептелет.
Ал эми ушул «Ла илааха иллаАллоох» сөзүнүн мааниси:
Ибадат кылууга(сыйынууга) Аллах гана акылуу.
Ибадат кылуунун (сыйынуунун) сөздүктөгү мааниси: Бул - моюн сунуу, коркуу, өзүн төмөн алуу жана башкага моюн сунуу деген да мааниси бар.
Алла Таала айтты: «...Сага гана сыйынабыз»
Бул жерде Алладан сыйынуу, коркуу мааниси келип жатат.
Алла Таала айтты: «...Тарбиячыңарга сыйынгыла»
Бул жерде моюн сунгула деген мааниде келип жатат.
Бир араб акыны айтты:«Мен байлардын өзүнүн малын улуктаганын көрөм».
Ибадат – улуктоо маанисинде дагы келет.
Жалпысынан алганда, ибадат – көрүнөө,көмүскө иштер жана сөздөр менен Алланын ыраазычылыгын табуу жана Ага сыйынуу. Ошондой эле бардык макулуктардан талап кылынган нерсе дагы ушул - ибадат.
Алла Таала айтты: «Мен жин жана инсанды жалгыз өзүмө сыйынуу үчүн гана жараттым. Мен алардан эч бир ырыскы тилебейм жана алар Мени тамактандырууларын да тилебейм. Анткени, Алланын өзү гана (бардык калайык-калкка) Ырыскы берүүчү, күч-кубат Ээси жана Кудуреттүү.
(Заарият сүрөсү 56-57-58-аяттар)
Албетте бул ыйык аят, чындыктардан болгон бир чоң чындыкты өз ичине камтыйт. Ушул чындык себебинен адамзат баласы жер жүзүндө жашоосунда туура жол таап жашайт.
Албетте, жин жана инсандын жаралуудагы максаты, ушул ибадат чындыгын иш жүзүнө ашыруу үчүн болгон.
Мындан сырткары, Алла Таала адамзатты жер жүзүндө өзүнүн орун басары кылып жаратты.
Алла Таала айтты: «Эстечи (Эй Мухаммад), Жаратуучуң периштелерге: «Мен жерде (Адамды) халифа (жардамчы, орун басар) кылмакчымын».
(Бакара сүрөсү, 30-аят)
Жогоруда айтылгандай инсандын бул дүйнөдө жаралуусундагы эң чоң бир максат – Алланын жердеги орун басары жана жардамчысы болуусу.Ошол орун басарлык жана жардамчылык кызматты аткарууда, инсан жер жүзүн гүлдөтүүгө жана өнүктүрүүгө милдеттүү болду.
Ошентип, жогорудагы нерселерден ибадат(сыйынуу) деген нерсе бул - инсандын жашоосундагы максаты экендиги ачык-айкын болду. Ошол нерсени инсан эки чоң жол менен ишке ашырат:
1. Аллага болгон ибадатты (сыйынууну), табынууну өз жан дүйнөсүндө бекемдөө жолу менен;
2. Жашоодогу бардык кылган иш аракеттеринде жан дүйнөсүндөгү уяттуулук, ынсаптуулук менен Аллага бет алуу,жүздөнүү жолу
жана ошондой эле бардык жамандыктардан алыс болуу аркылуу;
Ушул нерселер менен ибадат кылуунун мааниси толук болот.
http://muslim.kg/mai. ..u-zat-zhok.html

#10 11 December 2011 - 05:52
КҮБӨЛҮК БЕРҮҮНҮН МААНИСИ

«Бир Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок ,Мухаммад анын элчиси» деп күбөлүк берүү – бул Ислам түркүктөрүнүн эң негизги жана эң биринчи туркүгү болуп эсептелет.
Бул күбөлүк сөзү жөнөкөй гана сөздөрдөн эмес,анткени, баардык сөздөрдүн катарында даражасы боюнча жогору турат. Себеби, бул сөз – Алланы жалгыз, Мухаммад анын элчиси деп жүрөгү менен ишенүүчү кишинин күбөлүк сөзү.
Күбөлүк берүү сөзү бул – күбөлүк берүүнүн бир бөлүгү. Ал эми калган бөлүктөрү булар – эң алгач таанып билүү, чын жүрөктөн ишенүү жана ошол ишеничин сөз аркылуу айтып, күбөлүк берүү. Мына ушулар менен Аллага ишенүү жолу тастыкталат.
1. ТААНЫП БИЛҮҮ
+
2.ЧЫН ЖҮРӨКТӨН ИШЕНҮҮ
+
3.КҮБӨЛҮК СӨЗҮН АЙТУУ
=
4.КҮБӨЛҮК КЕЛТИРҮҮ.
Алла Таала айтты: «... бирок өздөрү билген абалдарында Туура күбөлүк берген (тактап айтканда, «Эч кандай кудай жок,бирок Жалгыз Алла гана бар экендигине күбөлүк беремин» деген) кишилер гана (Алланын уруксаты менен колдоого кадыр болушат)». (Зухруф сүрөсү, 86-аят)
Жана Пайгамбарыбыздан (Ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун)
бир киши күбөлүк берүү жөнүндө сураганда, ал күндү көргөзүп мындай деп жооп берди:
- «Мына ушул күндүн ачыктыгындай күбөлүк бергиниң, эгер андай болбосо таштагының».
Күбөлүк берүүчү эмне нерсеге же кимге күбөлүк берип жатканын билбесе анын күбөлүгү - күбөлүк катары эсептелбейт жана күбөлүк берүү сөз менен болгондой эле иш менен (башкача айтканда амал кылуу менен) болот.
Алла Таала айтты: «Бутпарастар өздөрүнүн каапыр экендиктерине күбө боло туруп, Алланын мечиттерин гүлдөтүүлөрү мүмкүн эмес».
(Тообо сүрөсү, 17-аят)
Алла Таала каапырларды өздөрүнүн ниеттеринде каапыр болгондуктары себептүү Алланын үйлөрү болгон мечитке кирүүдөн тосуп койду.
Кимде-ким «Бир Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад анын элчиси» деген келмени айтып бирок аны иш жүзүнө ашырбаса, бул келмедеги айтылган сөздү чыныгы маанисин түшүнбөсө – чыныгы күбөлүк берген катары саналбайт.
Ар бир «Бир Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад анын элчиси» күбөлүк келимесин айткан адам, ошол күбөлүккө далалат кылган иштерди аткарбаса – ал дагы чыныгы күбөлүк келтирүүчү болуп саналбайт. Күбөлүккө далалат кылуучу иштер төмөнкүлөр:
- Бир Алладан башка нерселерди кудай кылып албоо;
- Бир Алладан башкага сыйынбоо;
- Жашоодогу эреже тартиптерди, тыюу жана буйруктарды Бир Алладан гана алуу;
- Кайсы гана жерде болбосун Бир Алладан гана коркуу;
- Бир Алла Таала тарабынан Пайгамбарыбыз алып келген тыюу жана буйруктардын көрсөтмөлөрүнөн кабыл кылуу. Себеби, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бизге көрсөтмө кылып, таштап кеткен тыюу, буйруктарды жана жашоо эрежелерин Алла Тааладан гана алган. Жана ошол жол бизге сүннөт болуп кала берди.
Эгерде «Бир Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок» сөзү жөн гана катардагы сөздөрдүн бирөө болгондо, Курайш уруусундагы кээ бир адамдар аны эч кыйынчылыксыз айтып, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) менен узун убакыт согушпастан, ага каршы келбестен, Исламды тартынбастан кабыл кылышат эле.
http://muslim.kg/mai. ..8n-maanisi.html
#12 16 February 2012 - 13:25
Бул келмени уйкуга батып баратканда,
анан эртең менен уйдөн чыгап атканда айтам...кадимкидей күнүм жакшы өтөт,түнүм тынч болот .Кээде уктап атканда айтам деп унутуп уктап калсам...басырык басып түнү менен кыйналып чыгам.....
Только злые люди, зла боятся!
#13 09 July 2012 - 15:50
Колдон келишинече дайыма айта жүрсө жакшы болот.
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
#14 10 July 2012 - 12:56
"Дайыма айта жүрсө болот" деген тилегиңер албетте жакшы. Бирок, көпчүлүгүбүз оозубузга келмени бир нерседен коркуп, эсибиз чыгып бара жатканда эле алат болушубуз керек. Анын үстүнө, басып-туруп күбүрөнө берсең айланадагылар "Многу точно 99 болуп калыптыр"
дешсе керек.
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#15 12 July 2012 - 19:33
ар дайым айтып журуш керек, олор алдында коп айтпаган болсон тилине келбей коет ошондуктан дайым айтыш керек
Журоктор ыйманга толсун.
#17 06 September 2012 - 23:49
Мен ар дайым эрте менен туруп жумушка же сабакка баратканда ушул ыйык создорду ичимден кайталаймын.
Анан эстей калганда да кайталап турам.
#18 07 September 2012 - 02:48
"Дайыма айта жүрсө болот" деген тилегиңер албетте жакшы. Бирок, көпчүлүгүбүз оозубузга келмени бир нерседен коркуп, эсибиз чыгып бара жатканда эле алат болушубуз керек. Анын үстүнө, басып-туруп күбүрөнө берсең айланадагылар "Многу точно 99 болуп калыптыр"
дешсе керек.
Многу точно 99болуп калыптыр дегендерди Аллах озу кечирсин.Бирок кубуронуудо ичинизден билинбегендей кылып кайталаса деле болот.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#19 17 April 2013 - 12:11
"Келме"
эмес туура айтсанар "Кели
ме" деп.
Келиме-и шехадет: (эшхеду эн лаа илаахе иллеллаах ве эшхеду енне Мухаммеден абдуку ве ресуулух) деп айтылат.
Мааниси: Мен Аллаадан башка Тенир жогуна куболук кылам жана Мухаммеддин (А.С.) Аллаанын кулу жана пайгамбары экенине куболук кылам.
P.S менде Кыргызча тамгалар жок эле О У Н деген тамгалар менен эле жазып койдум.

#20 17 April 2013 - 12:55

Келме, келиме экөө тең эле окшош. Бирок сиз түрктөрдүн акценти менен жазып коюпсуз. Түрктөр "а"ны көбүнчө "э" деп айтышат. Биздики "а" менен эле айтылат.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.

Супер-Инфо
super.kg
видео