Суперстан: Сагынбек Момбеков - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сагынбек Момбеков Кыргызымдын ЧЫНЫГЫ патриоту

Сурамжылоо: Сагынбек Момбеков (38 пользователей проголосовало)

Тааныйсызбы ушул ырчыны?

  1. Ооба (28 голосов [75.68%])

    Процент голосов: 75.68%

  2. Жок (9 голосов [24.32%])

    Процент голосов: 24.32%

Голосовать Гости не могут голосовать

#1 Пользователь офлайн   Таллас   14 Июль 2010 - 09:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Бул теманы бул жакка ачуумдун бир себеби - бөлүмгө туура келет экен. Антпесе, ал өзүн "жылдыз" деп эсептебейт болушу керек. А бизде жылдыз жөнүндө башкача стереотип орнолуп калган да. Анын жашоо принциптери жылдыз деп эсепелинип калган каармандарга туура келбесе керек эле..

Бул ырчыны теледен көп көрсөтпөсө дагы элдин баары жүрөккө жеткен маңыздуу "Сат, сат" деген ыры менен тааныйт болушу керек. Баса, мен азыр дал ошол ырын угуп жатам:

Тоонун аккан суусун сат,
Көлдүн аппак куусун сат.
Пейлинди сат дитиңди сат.
Сарыкка деп битиңди сат.
Төлдөттүрүп төркү үйгө,
Тай торпоктой итин сат.
Чөнтөк түбү жукарса,
Сууруп алтын тишин сат...

Албетте, уланта берсем болот эле. Бирок, бул жерде кириш соз болгондуктан, анын баарын жазып отурбадым. Башка ырларын колдун келишинче, жазганга аракет кыламын.

Мен, ырчылардын, "Кыргызстанга салым кошкум келет.. Дуйно элине тааныткым келет.. атагын чыгаргым келет", - деген сөздөрүн көп угам, окуйм гезит беттеринен. Бирок, алардын сөздөрүнө жараша иш кылаарына көзүм жетпейт. Баары жасалмадай сезилет. Балким, ким билет, чындыгында эле ошентип жаткандыр. Балким, чын эле ал өзүн тааныткандан өйдөгө элинин атак даңкын коёт чыгар. Бирок, алар бул планда кечигип калышты.Сүрөт Эми, Кыргызстанды дүйнөнүн булуң-бурчундагы бүт эл таанып калды Сүрөт.

Мен бул ырчынын ырларын кайра - кайра уккандан тажабайм. Неге дегенде үнүнөн, муңдуу чыккан обондордон кыргыз элинин арманы, өксүгү, элдин акысын жеп жаткандарга болгон кейиши чыгат. Дал ошолор жөнүндө эле ырдап жаткандай. Балким, дал ошол чындыкты айтып какшап жаткандыгы үчүн мурдагы бийликтегилер аны жумурай журтка чыгарбай келгендир. Бирок, маалымат технологиясынын өнүгүп турган маалда анын ырлары көмүскөдө калган жок. Жетчү жерине жетти.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Таллас   14 Июль 2010 - 09:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Менин бул теманы ачуумдун максаты - ал ырчыны таанытуу эмес!!!

Биздин ооз көптүрмө патриотторубуз бул ырчынын ырлары менен таанышып, патриоттуулук деген эмне экенин билип, ал үчүн эмне деген курманчылыкка барууга даяр болуу, Ата Журт тагдыры анын тагдырындай, анын бир капталы ноюса менин жан дүйнөм ноюгандай абалга келүү кандай экенин сезүү... кыскасы жасалмалыктын баары бир бети ачылаарын билдирип коюу.. ушу менин максатым.

Келгиле, туугандар, жасалмалыкты таштайлычы! ..

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Таллас   14 Июль 2010 - 09:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Кулу болуп кара курсактын,
Кудай алсын мындай жашоону.
Чындык байкуш жатса чыркырап,
Кашайгырың калптын ташы ооду

Жалган сүйлөп гезит, сыналгы,
Саясаттан элдин башы маң.
Дүрбөй берсең түбү бир күнү,
Айрылаарсың ичкен ашыңдан.

Ата Журттун төрт тарабы майышып,
Атуулдардын кабыргасы кайышып.
Жардам берчү жалын чачаар жарандар,
Жүрөт ана алаканын жайышып.

Шордуу элдин көз жашынан куралган,
Шор даамдуу дүнүйөгө байышып.

Жылып кирип төрдө талашкан,
Жасакерлер жанга баттыңар.
Эмне калды силер сатпаган,
Айткылачы, эмне таптыңар?

Кара сууга топук кылган эл,
Ордо оюнунун болоор курманы.
Бүгүн ойгон, эртең болор кеч,
Анда бизди Кудай урганы.

Билбей калдым, шорго жакын элбизби?
Тайкы тагдыр, акыл эстен кембизби?
Кайыгынан жайыгы көп балек баш,
Чочоңдогон чоңдор үчүн жембизби?
Араң жашап жаткан элди алдаган эй
Алып эле кетсин кара жер бизди!


бул жерден алып алсаңыз болот [
373,78 Кб]: http://download.file. ..kg/files/268971

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 14 Июль 2010 - 09:52

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   andormeda   14 Июль 2010 - 10:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 784
  • Катталган: 14 Май 08
  • Соңку аракети: 26 Окт 2023 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Би City - 3Dвятое царство

Ушул киши бийлик тараптан куугунтукталып журуп отуп кетет окшойт! Курч, таамай ыр саптарынан бийликтегилер коркуп эле ушул инсанга бут тосуп атышат...мага озгочо жанагы "САТ" деген ыры оооллло жакты...
˙·٠•●♥●•٠·˙ Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   ХАНЗАДА   14 Июль 2010 - 11:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 04 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 22 Окт 2013 14:27
  • Жынысы:Белгисиз

Сагынбек Момбековду "Сат, сат, сат" деген ырынан тааныйбыз. Бирок бир маегин окуп алып жакшы ой калган жок менде. Кыскасы, акчанын, бийликтин кулу болуу оңой экен. Бул экөөнүн алдында кайнап турган талантың да, адамдык сапатың да төмөндөбөскө арга жок экенин ошондо туйдум.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Латыш   14 Июль 2010 - 11:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 213
  • Катталган: 11 Март 09
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 14:54
  • Жынысы:Эркек

дагы ырларына шилтеме ыргыткылачы, жакшы ырлар экен
Yesterday' s Technology... Today's Skills... Tomorrow's Success!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Таллас   14 Июль 2010 - 19:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Латыш (14 July 2010 - 11:57) жазган:

дагы ырларына шилтеме ыргыткылачы, жакшы ырлар экен


Латыш, менде көп ырлары бар. Баарын бир коюп койгон кызыксыз го. Мен сөздөрүн терип коюп турам утур-утур.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Таллас   16 Июль 2010 - 10:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Колтугунан жөлөдүкпү?

Кайрандарым май бастырып көздөрүн,
Элин тытып, талапөтоноп өз жерин.
Жорулардын жоруктарын жасашып,
Бүркүт сезип жүрүшпөбү өздөрүн.


Эл тагдырын каалагандай чоюшат,
Акыйкатты кууп жүрүп союшат,
Комдонгону жолборско окшоп турса да,
Кысталактар иттик кылып коюшат.


Төрүбүздө тайраңдашып ким жогу
Ата Журтка тийбесинчи кир колу
Заман көчү кайда барат жашырбай
Акыйкатын айткылачы бир жолу

Ишенебиз алдашса да миң жолу,
Ушул эмей көкүрөктө кир жогу.
Чынгыз эмес чындык келип кетсинчи,
Чыркыраган айлыбызга бир жолу.

Бешенеге жазбагандыр кулдукту.
Же биз эмне кечкис күнөө кылдыкпы?
Жүзүн жаап камап койбой капаска,
Бир көрсөтүп койгулачы чындыкты-ы-ы.

Жумурткадан кыр тапканга ашыгып,
Бүткөн ишке сын такканга машыгып
Тагдыр бизди таразалап көрөө дө,
Аялдардын этегине жашынып.
Саймедиреп саясаттан сүйлөйбүз,
Бир чоң тоюп алган жерге, бир чоң тоюп алган жерге, баш уруп.

Баштагыдай эле биздин түрүбүз.
Балакеттей барк-барк чыгат үнүбүз.
Кечээ күнү чындык ыйлап жатканда,
Катыгүн ай, биз каякта жүрүбүз?
Кылыч болуп суурулганды мындай кой,
Колтугунан жөлөдүкпү, колтугунан жөлөдүкпү бирибиз???

Обону менен бул жерде [451
Кб ]: http://download.file. ..kg/files/290784

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 16 Июль 2010 - 10:54

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Таллас   16 Июль 2010 - 10:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Көкүрөгүмдө

Үшүп келип чечинээримде,
Үйлөп шамың өчүрөөрүмдө .
Үмүтүмдүн дагы бир жиби-и,
Үзүлдү окшойт көкүгөгүмдө.

Кыйбай сени чечилээримде,
Кылыгыңды кечирээримде.
Капилеттен келген ызалык,
Кайнап чыкты көкүрө гүмдө.

"Кетсеңчи" , - деп өтүнгөнүмдө,
Кейибедиң , өкүнбөдүң же.
"Кетем" , - деген чечим жүргөнбү ?
Качан эле көкүрөгүңдө .

Мейли кечир, кечирбегин же,
Мезгил өтсө өкүнөөрүң не?
Мококтугум тушап эркимди,
Мыжып турду көкүрөгүмдө.

Обону менен бул жерде [350 Кб]: http://download.file. ..kg/files/290827

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 16 Июль 2010 - 10:55

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Таллас   16 Июль 2010 - 10:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Кыргыз болбой калганбызбы?

Улуубу улуулардын аксакал?
Уулубуз сыйлабаса жакшы атаны.
Кишидей кишилерден уят кетсе-е,
Ким берет балдарына ак батаны?

Батыштын эли каптап калаабызды,
Базардын жели каптап санаабызды.
Кыйкырып: "Аттан" , - десе, баш көтөрбөй,
Кыргыздар кыргыз болбой калабызбы?!

Мурутту сакалды да балдар алды,
Мулжуңдап көсөө болуп чалдар калды.
Көтөрөм жылкылардай топурашып,
Көчөдөн арак издеп маңдар калды.

Ичкичтер итче солуп жатчу болду,
"Иш" десе көп шылтоону тапчу болду.
Керилип үйдө олтурбай келин кыздар,
Килейген жигиттерди бакчу болду.

Кедейлик басып турса төбөбүздү,
Керсейип кара ташка көбөбүзбү?
Алсыздык, ачкалыкка башты салып,
Ар жерде тоголонуп өлөбүзбү?

Билимден балдар качса оңобузбу?
Түтүнүн түркөйлүктүн соробузбу?
Кечээги айтылгандай тарыхтагы,
"Таш кыргыз" жапайы калк болобузбу?

Эңсей берип өткөндү танганбызбы?
Байкуштуктун милдетин алганбызбы?
Окшобой өзүбүзгө барабаатыыыыз. ..
Кыргыздар кыргыз болбой калганбыызбы?
Кыргыздар кыргыз болбой калганбыызбы?

Обону менен бул жерде [616 Кб]: http://download. file...kg/files/290894

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 16 Июль 2010 - 10:53

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   dodge   17 Июль 2010 - 07:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 737
  • Катталган: 26 Июнь 09
  • Соңку аракети: 10 Авг 2025 13:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:USA.

Чоң рахмат Таллас!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   20 Июль 2010 - 14:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Таллас (16 July 2010 - 10:38) жазган:

Кыргыз болбой калганбызбы?

Улуубу улуулардын аксакал?
Уулубуз сыйлабаса жакшы атаны.
Кишидей кишилерден уят кетсе-е,
Ким берет балдарына ак батаны?

Батыштын эли каптап калаабызды,
Базардын жели каптап санаабызды.
Кыйкырып: "Аттан" , - десе, баш көтөрбөй,
Кыргыздар кыргыз болбой калабызбы?!

Мурутту сакалды да балдар алды,
Мулжуңдап көсөө болуп чалдар калды.
Көтөрөм жылкылардай топурашып,
Көчөдөн арак издеп маңдар калды.

Ичкичтер итче солуп жатчу болду,
"Иш" десе көп шылтоону тапчу болду.
Керилип үйдө олтурбай келин кыздар,
Килейген жигиттерди бакчу болду.

Кедейлик басып турса төбөбүздү,
Керсейип кара ташка көбөбүзбү?
Алсыздык, ачкалыкка башты салып,
Ар жерде тоголонуп өлөбүзбү?

Билимден балдар качса оңобузбу?
Түтүнүн түркөйлүктүн соробузбу?
Кечээги айтылгандай тарыхтагы,
"Таш кыргыз" жапайы калк болобузбу?

Эңсей берип өткөндү танганбызбы?
Байкуштуктун милдетин алганбызбы?
Окшобой өзүбүзгө барабаатыыыыз. ..
Кыргыздар кыргыз болбой калганбыызбы?
Кыргыздар кыргыз болбой калганбыызбы?

Обону менен бул жерде [616 Кб]: http://download. file...kg/files/290894


Рахмат Таллас Сүрөт жакшы ыр экен, мага жакты.
Каркыра жонундо ырдаганы бар эле, ошол ырды таап салып койбойсузбу?

Билдирүүнү түзөткөн: kyrgyzJigit: 20 Июль 2010 - 14:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Таллас   20 Июль 2010 - 14:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения kyrgyzJigit (20 July 2010 - 14:17) жазган:

Рахмат Таллас Сүрөт жакшы ыр экен, мага жакты.
Каркыра жонундо ырдаганы бар эле, ошол ырды таап салып койбойсузбу?

Жакында..
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Адам   20 Июль 2010 - 22:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 647
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 10 Июл 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Бул жерге тандалмалар гана коюлганбы? Анткени, анын ырлары көөп эле.. Бирок бул ырчыны мен алгач тааный баштаганымда абдан баа бергем. Абдан таамай. :blink:
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Таллас   20 Июль 2010 - 22:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Адам (20 July 2010 - 21:55) жазган:

Бул жерге тандалмалар гана коюлганбы? Анткени, анын ырлары көөп эле. :blink:

Терип чыкканга убакыт керек. Азырынча тандалмалар (албетте, менин табитимде) коюлуп жатат. Хотя, анын ырларынын баары жогорку деңгээлде кандайдыр бир финансылык пайда көрүү үчүн ырдалган ырчылардын ырындай эмес... балким, чындап Ата Журт үчүн күйүа турган маалда жаралгандай. ..

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 20 Июль 2010 - 22:34

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Таллас   19 Сентябрь 2010 - 20:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Ушакчыны жеңгеним жок

Жашымдан мээнет бакты – чөккөнүм жок,
Жакшылык, дөөлөт басты – көпкөнүм жок.
Тыйындан солбурадым байлык үчүн,
Түбүнө түгөнгүрдүн жеткеним жок.

Мансаптын балын жуттум, төккөнүм жок.
Манчыркап манап болуп кеткеним жок.
Бийликтин талаасында дыйкан болуп,
Мончоктоп тер агыздым кетменим жок.

Бир сулуу ашык кылды чырайына,
Бир сулуу салып кетти убайымга.
Армандын отун жагып күйүп-бышып,
Акыры туш келипмин жубайыма.

Жаңылып уу жутупмун өлгөнүм жок,
Жамандык көп азгырды көнгөнүм жок.
Бирөөлөр таш ыргытса аш берипмин,
Бир гана ушакчыны жеңгеним жок.
Бир гана көрө албасты жеңгеним жок.

Обону менен бул жерде [488 Кб]: http://download.file. ..kg/files/996126
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Таллас   12 Август 2011 - 01:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Сагынбек Момбеков бир сайтта концерт бериптир. Албетте, ал деле ошол "жылдыздардай" болуп концерт берсе залга адам батпай калат болучу. Бирок, себебин сен билесиң, мен билемин.. Айтып отуруунун кажети жок. Ошондуктан анын интернетте берген концертине каниет кылалы.

P.S. Берилген шилтемелер алып салынды. Неге дегенде мен берген шилтемелерде бул жактагы колдонулган тамгалар жана ушул жакта колдонулган белгилер колдонулат экен. А медиа - порталга жүктөйүн десем ал жакта да мамайдын көрү - 100 мб тан ашык жүктөй албайсың! Эмне демекчибиз? Мезгилден артта калбагыла , кагылып кетейиндерим! .

Мейли, медиа-порталга жүктөп койдум. Видеонун сапаты байкалаарлык төмөндөдү. Айла жок :angry:

Биринчи бөлүк

Экинчи бөлүк

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 12 Август 2011 - 12:01

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   dodge   12 Август 2011 - 07:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 737
  • Катталган: 26 Июнь 09
  • Соңку аракети: 10 Авг 2025 13:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:USA.

Таластыктар талкалайсыңар го:) .Беш минут карай койоюн деп кирип,кечке отруп калыпмын.
Пландагы жумуштун баары калды. Бирок Сакемдин ырлары учун убакыт,башка иштер кеп эмес.Рахмат Таллас.:applause:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Таллас   12 Август 2011 - 10:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения dodge (12 Август 2011 - 07:16) жазган:

Таластыктар талкалайсыңар го:) .Беш минут карай койоюн деп кирип,кечке отруп калыпмын.
Пландагы жумуштун баары калды. Бирок Сакемдин ырлары учун убакыт,башка иштер кеп эмес.Рахмат Таллас.:applause:


Билеско! :pardone:
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   12 Август 2011 - 18:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Таллас (20 Июль 2010 - 14:26) жазган:

Жакында..

Буюрса ушул жылы салып коёсуз деп ишенем Сүрөт,
маегин жуктоп коюпсуз чоң рахмат!! !Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жылдыздар жана биз
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 33 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 33, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Сен 2025 15:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: