Суперстан: Сырсөзүң сырбы? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сырсөзүң сырбы?

#1 Пользователь офлайн   Таллас   11 Август 2011 - 22:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Форум, почта, фейсбук, скайп, агент, билайв, намба, майспейс деги койчу, каттоону сураган сайттар толтура. Айла жок каттоодон өтүшүң керек. Каттоодон өткөндө, албетте, жаңы укуктар берилет. Бирок, көбүн эсе ошол логиндерге коюлган сырсөздү жаттап калыш да кыйынга турат.

Жаттаганга оңой болуу үчүн кээ бирлер аттарын, фамилиясын же болбосо туулган күнүн коюшат. Мен жана интернеттин алчы-таасын жеп калган кайрандар мындай сырсөздөр эң оңой "сынуучу" сырсөздөрдөн экенин айтышат.

Таак, ошондо сырсөздү унутуп калбоо үчүн ким кандай чараны көрөт?

P.S. Учурдан пайдаланып бир мотурайган модур айымга ыраазычылык билдирип кетейин: мен кашайып ушул логиниме койгон сырсөзүмдү унутуп калыптырмын. А меники qwerty же 12345 деген сырсөз эмес болучу да и тем более туулган күн эмес. Айтмакчы, унутчаакмынбы же ушул форумга койгон сырсөздөрүмдү эле унутамбы, мен өзүм тии илгерки атам-заман 2007 жылы каттоодон өтсөм да, кийин 2010-жылга чейин сырсөзүмдү эстей албай, анан бир чудо болуп кетип эстеп анан кирип жаткандагы кербезим да.

P.S #2 Мен бирөөнүн логинин сындырайын деген арам оюм жок. ;).. Балким, ар ким новичокторго сырларынан, кеңештеринен бөлүшөөр деген ойдо ачылган тема. Менин да кеңешим болот. ))

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 12 Август 2011 - 03:01

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Таллас   11 Август 2011 - 22:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Анан да меники аяк-биягы 60 тай сырсөз бар экен менде. Ошол тизмелегендерим жана башка сайттар, кээ бир компьютерлерге койгон сырсөздөр...

Жанагы анекдотто айтылгандай: "Кээде сырсөздөрүмдү унутуп калгандыгым тууралуу жаман түш көрөм"... Сүрөт

Ылайым эле сырсөздү унутпаңыздар! Сүрөт

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   beka123   11 Август 2011 - 23:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 821
  • Катталган: 12 Январь 11
  • Соңку аракети: 06 Янв 2022 09:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Курманжан Датканын айылы

туура меники да коп сайттарда каттоом бар. Меники мисалы оз атым жана туулган датам. Анан таллас сизге бир суроо скайп деген эмне эгер кыйынчылык туудурбаса айтып коёсузбу сураныч. А то дайыма угуп журом скайп деп бирок эмне экенин билбеим
кандайсынар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   bostars   11 Август 2011 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 395
  • Катталган: 28 Май 11
  • Соңку аракети: 17 Дек 2012 11:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва-бишкек

мен дайыма ата-энемдин атын жазып коем.....
Өзүмдү сыйлайм,өзгөнү дагы....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Таллас   11 Август 2011 - 23:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения beka123 (11 Август 2011 - 23:02) жазган:

туура меники да коп сайттарда каттоом бар. Меники мисалы оз атым жана туулган датам. Анан таллас сизге бир суроо скайп деген эмне эгер кыйынчылык туудурбаса айтып коёсузбу сураныч. А то дайыма угуп журом скайп деп бирок эмне экенин билбеим

Скайп менен сүйлөшөсүң. IP телефониялар Skype тын келиши менен өз жашоосун токтото башташкан. Анткени, скайптан сүйлөшкөн айпиден сүйлөшкөнгө караганда арзан. Эсептеп көр: минутасына 10 сомдук сүйлөшүү. Бир саат сүйлөшсөң - 600 сом кетет. А ошол бир саатта 30 сом сарптап интернет клубдан скайп аркылуу сүйлөшсөң болот. Ал тургай видеосу дагы бар. Ошондуктан, азыр тур, жөнө скайптан каттоодон өтө кал. Айтып коёюн сырсөзүңө ата-энеңдин, анан итиңдин атын койбо!

Айтмакчы, ал үчүн атайын программа керек. Skype деген. А эгер аны үйгө коё турган болсоң, программасын орнотууга туура келет. Каттоо процесси башкалардыкына окшош эле. Эскерте кетчү нерсе үйдөгү интернетиң трафик эсептей турган болсо, скайпты колдонбой эле койгон оң. А эгер тариф - "Безлимит" болсо, анда, скайптын жаагын жөн эле айрысаң болот. ;)



Просмотр сообщенияbostars (11 Август 2011 - 23:09) жазган:

мен дайыма ата-энемдин атын жазып коем.....

Эми ата-энеңдин атын койбой жүр, сырсөзүң "сыр" болбой калат!

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 11 Август 2011 - 23:33

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Strateg   11 Август 2011 - 23:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мен кеңеш берип кетеер элем. Баардык сайттарга катталганда да, почтаңа да, каяка болбосун 1 гана сыр сөздү колдонуш керек окшойт. Анткени көп болсо унутуп калыш коркунучу турат. Анан албетте ал сыр сөз туулган күн, ата-энендин аты ж.б.у.с. оңой болбошу керек жана 7-8 белгиден да кем эмес болушу зарыл.
```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Таллас   11 Август 2011 - 23:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Strateg (11 Август 2011 - 23:30) жазган:

Мен кеңеш берип кетеер элем. Баардык сайттарга катталганда да, почтаңа да, каяка болбосун 1 гана сыр сөздү колдонуш керек окшойт. Анткени көп болсо унутуп калыш коркунучу турат. Анан албетте ал сыр сөз туулган күн, ата-энендин аты ж.б.у.с. оңой болбошу керек жана 7-8 белгиден да кем эмес болушу зарыл.

А мен ар кайсы сайтка ар башка сырсөз коюуну же логинди башка коюну сунуш кылам. Эгер бир сырсөзүң белгилүү болсо калгандарын да "сындыруу" жеңил болуп калат! Анан да сырсөздө сени менен байланыштырган окуя же дата же фраза же ат болбошу керек.

Мисалы могу сырсөздү табуу кыйын эле да {zf5&2JsN 12051988 дегенге караганда. Көбүңөр байкагандай агенттен сенин "ата-тегиң тууралуу маалымат" , "атыңдын маанисин билип ал" деген сыяктуу спамдар келип жатпайбы контакттагы тааныштардан. Вот ошолор туулган күнүн же болбосо башка примитивный пароль койгондордон. Brutus деген сыяктуу парольдорду методом перебора сындыруучу программалар бар. Аларга бекер жем болгонго караганда бир "шумдук" пароль ойлоп таап бир жерге жазып же бир нерсеге "байлап" койгон артык.

Дагы бир кызык нерсе: Жүүттөрдүн армиясында атайын сырсөз ойлоп таба турган бөлүк бар. Алардын иши - күчтүү сырсөз ойлоп табуу.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 12 Август 2011 - 00:42

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Erniza   11 Август 2011 - 23:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 188
  • Катталган: 14 Июнь 11
  • Соңку аракети: 15 Сен 2021 09:01
  • Жынысы:Аялзаты

menda kop jerlerde kattalgamyn a syr sozum baardygynda birdey  unutup kalbayin deymda :crazy-girl:
Пусть всевышний дарует нам возможность помогать всем,тем,кто нуждается в нашей помощи..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   beka123   12 Август 2011 - 00:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 821
  • Катталган: 12 Январь 11
  • Соңку аракети: 06 Янв 2022 09:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Курманжан Датканын айылы

[quote name='Таллас' date='11 Август 2011 - 23:29' timestamp='1313083788' post='528085' ]
Скайп менен сүйлөшөсүң. IP телефониялар Skype тын келиши менен өз жашоосун токтото башташкан. Анткени, скайптан сүйлөшкөн айпиден сүйлөшкөнгө караганда арзан. Эсептеп көр: минутасына 10 сомдук сүйлөшүү. Бир саат сүйлөшсөң - 600 сом кетет. А ошол бир саатта 30 сом сарптап интернет клубдан скайп аркылуу сүйлөшсөң болот. Ал тургай видеосу дагы бар. Ошондуктан, азыр тур, жөнө скайптан каттоодон өтө кал. Айтып коёюн сырсөзүңө ата-энеңдин, анан итиңдин атын койбо!

Айтмакчы, ал үчүн атайын программа керек. Skype деген. А эгер аны үйгө коё турган болсоң, программасын орнотууга туура келет. Каттоо процесси башкалардыкына окшош эле. Эскерте кетчү нерсе үйдөгү интернетиң трафик эсептей турган болсо, скайпты колдонбой эле койгон оң. А эгер тариф - "Безлимит" болсо, анда, скайптын жаагын жөн эле айрысаң болот. ;)




[color="#0000ff" ]Эми ата-энеңдин атын койбой жүр, сырсөзүң "сыр" болбой калат

чоон рахмат сизге! А белайв деген эмне?
кандайсынар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   nurjigit   12 Август 2011 - 23:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 117
  • Катталган: 16 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 18 Фев 2013 12:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек- Жалал Абад

Билайв, мисалы (blive.kg) деген видеолор жуктолгон сайт.ал жерден корууго да озуно жуктогонго да оной....
Ашка-аш, ташка-таш,жанга- жан, канга- кан.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Evelet   13 Август 2011 - 00:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Salamatsyzdarby? oi meninda kirbegen saitym jok da :D . Ar saitka ar turduu syr soz koem. Emi kawaiyp 1 syr sozumdu estei albai jurgon kez hehe
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   serche   13 Август 2011 - 11:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 24 Февраль 11
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 19:51
  • Жынысы:Аялзаты

А мен бардык €ле сайтка бир пароль койом. Ошондуктан көбүнчө тескерисинче логиними унутуп таппай калам...;)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   amantur   14 Август 2011 - 15:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Мен да анда өзүмдүн тажрыйбам менен бөлүшүп кетсем анда.

Мен да силередей эле көптөгөн сайттарда катталганмын. бир нече сырсөзүм бар. Бирок баардык аккаунтарды бир гана электрондук дарекке байланыштырып койгом. Эгерде унутуп калсам дароо ошол дарегиме жаңы сырсөз жөнөтүшөт. Жада калса башка электрондук даректеримди да бир эле дарекке байланыштырып койгонмун.

Кийинки этап. келген каттарды жайгаштыруу үчүн бир нече группа жана папка жаратып койгонмун, жана ар бир келген кат өзүнүн директориясына түшөт.

Мисалга группалар жана ичиндеги папкалар:

Форум (Бул жерде форумдардан келген каттар жайгашат, бирок мындан тышкары кээбир форумдарга өзгөчөлөнтүп дагы папка жаратып койгонмун)
Супер (Суперфорумдан келген каттар жайгашат)
Дизель (Дизельден келген каттар жайгашат)
Тамчы (Тамчыдан келген каттар жайгашат)
Себат (Себат форумдан келген каттар жайгашат)

Социалдык тармак (Көптөгөн соц тармактарда каттталганмын, алардан каттар бул жакка келет, бирок өзүнчө ачылган директориялар да бар)
Facebook
Одноклассники
KYRGYZ.KG

Блог (Блогдоруман келген каттар)
Табуу
Твиттер

Megacom (Мегакомдон келген айлык билдирүүлөр(отчет))

YouTube

Сайттар (Бир топ сайттарым бар, ошолордон келген каттар бул жакка жайгашат, албетте көпчүлүгүнө өзүнчө директория ачып койгонмун, бирок жарнама болуп калбасын, жазбай эле койойун)

Сайттарымда ар биринин сырсөзү ар башка, аларды жатка билбеймин, каттардын ичинен карап анан көчүрүп кирем. Анан башка жердеги аккаунтумдун сырсөзүн унутсам дароо калыбына келтирем жана тийиштүү директорияны карап таап алам.


Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Таллас   15 Август 2011 - 00:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Аай азамат, Амантур. Системалаштырып койгон турбайсыңбы. Негизи ушундай тартип менен иш жүргүзгөндөрдү сыйлайм, анткени, алар кандайдыр бир деңгээлде дал менин өзүмө окшошуп жатышпайбы :).

Амантур, сенин ошол сырсөздөрүңдү бир почтага байланыштырып койгонуңдун бир минусу бар да. Эгер ошол почтаң, Кудай бетин салбасын "ары карап" кете турган болсо - ишиң куржун болоору да турган кеп. Ошондуктан башкача бир амал ойлонуштурасың го дейм. Же ошол почтаңа суперпупер сыр сөз коюш керек.


... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Evelet   15 Август 2011 - 04:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Men syz sozdorumdu bloknotuma jazyp algam unutup kalsam karai koemun dep. jazbai kalgandarymdy unutup anan olturam walpaiyp :crazy-girl:
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   JarnakAdisi   15 Август 2011 - 14:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 15 Май 11
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2012 14:50

Просмотр сообщения Таллас (15 Август 2011 - 00:06) жазган:

Аай азамат, Амантур. Системалаштырып койгон турбайсыңбы. Негизи ушундай тартип менен иш жүргүзгөндөрдү сыйлайм, анткени, алар кандайдыр бир деңгээлде дал менин өзүмө окшошуп жатышпайбы :).

Амантур, сенин ошол сырсөздөрүңдү бир почтага байланыштырып койгонуңдун бир минусу бар да. Эгер ошол почтаң, Кудай бетин салбасын "ары карап" кете турган болсо - ишиң куржун болоору да турган кеп. Ошондуктан башкача бир амал ойлонуштурасың го дейм. Же ошол почтаңа суперпупер сыр сөз коюш керек.




Хе хе, бир почтанысындырса баарын жок кылат экен демек

Билдирүүнү түзөткөн: JarnakAdisi: 15 Август 2011 - 14:06

KGinMoscow.ru jarnakadisi@gmail. com
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   JarnakAdisi   15 Август 2011 - 14:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 15 Май 11
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2012 14:50

Просмотр сообщения Evelet (15 Август 2011 - 04:38) жазган:

Men syz sozdorumdu bloknotuma jazyp algam unutup kalsam karai koemun dep. jazbai kalgandarymdy unutup anan olturam walpaiyp :crazy-girl:


Мен сизге окшоп блокнотко жазып жүргөнмүн. Азыр ошол блокнотум жок. Таппай ит болгонмун парольдорду унутуп.

Билдирүүнү түзөткөн: JarnakAdisi: 15 Август 2011 - 14:08

KGinMoscow.ru jarnakadisi@gmail. com
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   amantur   15 Август 2011 - 18:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Просмотр сообщения Таллас (14 Август 2011 - 21:06) жазган:

Аай азамат, Амантур. Системалаштырып койгон турбайсыңбы. Негизи ушундай тартип менен иш жүргүзгөндөрдү сыйлайм, анткени, алар кандайдыр бир деңгээлде дал менин өзүмө окшошуп жатышпайбы :).

Амантур, сенин ошол сырсөздөрүңдү бир почтага байланыштырып койгонуңдун бир минусу бар да. Эгер ошол почтаң, Кудай бетин салбасын "ары карап" кете турган болсо - ишиң куржун болоору да турган кеп. Ошондуктан башкача бир амал ойлонуштурасың го дейм. Же ошол почтаңа суперпупер сыр сөз коюш керек.




Ал электрондук дарегимди уюлдук телефонумдун номерине байланыштырып койгонмун. Номерди болсо өзүмө каттап койгонмун. Ошондой эле ал электрондук дарегимдин сырсөзү жыйырма жети тамгадан турат.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Elvira Karaeva   16 Август 2011 - 10:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 408
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Окт 2020 09:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Өзүмдүкү эмес, бирөөнүн туулган күн даталарын пайдаланам.
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,

Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Таллас   19 Август 2011 - 05:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения amantur (15 Август 2011 - 18:02) жазган:

Ал электрондук дарегимди уюлдук телефонумдун номерине байланыштырып койгонмун. Номерди болсо өзүмө каттап койгонмун. Ошондой эле ал электрондук дарегимдин сырсөзү жыйырма жети тамгадан турат.


Сүрөт "Эу, малды кайтарбайсыңбы" деген сыяктуу бир сөз айкашы болсо керек. Аны да башка тилде жазып...
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 21 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 21, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 05:00

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: