Кетким келди.Күн өтпөйт жатат.Сагындым аябай.Көңүлүм ачылбайт.Чуулгандуу ойлордун арасында жашап келем.
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1122 10 August 2011 - 17:37
Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз…
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок, чиркин, аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?
(А.Осмонов)
Өмүр өтүп жата-а-ат!
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок, чиркин, аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?
(А.Осмонов)
Өмүр өтүп жата-а-ат!
Contra vim mortis non est medicamen in hortis
#1123 11 August 2011 - 09:50
Монологго коптон бери бугун кирдим. Билдируулорду окуп отуруп адамдар ушунчалык оор нерсени которуп жургонубузга тан калдым. Менде эч кандай бук, арман кайгы жок. Мурун коп болсо керек эле. Азыр дайым озумду бактылуу сезип келем. Бул бакытка качан жолуктум?Кайдан жолуктум билбейм.Бирок таптым... Жараткан, рахмат! Озумду озум тапканыма, озумдун ким экенимди тушунгонумє жардам бердин. Ар бир кунумо шугурчулук.
Азыр баары стабильно...
Журогумду жылыткан мээрим бар. Кичинекейим бар. Мени суйгєн (я надеюсь на это) мени коргогон адам бар. Калганы баары акырындык менен болот.
#1124 11 August 2011 - 19:57
.......тажадым,
жан дуйном издеген адамды таппай тажадым,жактыргандай болом... башында баары ойдогудай болгонсуйт анан эле тажай баштайм,же мен реалдуу жашоодон алыстап баарын жомок сымал элестетип алган учунбу?эмне учун дайым мени деген адамдарды чийип салышым керек?эмне учун алар убакыттын отоору менен мага жакпай калышат?мынтип канчага чейин барат экем?мага да чыныгы суйуу бере корсо экен Кудай Таалам,аны бапестеп сактап алганы аябай аракет кылмакмын...
.
Всё к лучшему!
#1125 12 August 2011 - 22:51
Сенин барыӊ кандай жакшы! Жумушта, негизи эле проблема болуп жатканда сага айтпасам деле билип "маанайыӊ жок го, үнүӊдөн угулуп жатат, жүрөгүм сезип жатат" деп байкап көӊүлүм алганы аракеттенесиӊ.
.. Чын эле жумушта эмес бирок достор арасында пикир келишпестик болуп жүрөт. Эмнеден экенин түшүнүп билсем кана?! Эмнеси болсо да убакыттын өтүшү менен өз ордуна келет дейм. А ким билет, мүмкүн келбей деле калат... Ар нерсени ойлоп тажап кеттим, жашоодо майда маселелер туулуп турат... Бирок ошол чакта сен конгуроо кылып, жаныма келип акыбалымды сурап мен жактырган сөздөрүӊ менен эркелетип, анекдот айтып айтор жүзүмө жылмаюу жаратып, күлдүрөсүӊ.
.. ошол чакта ойлонуп, рахмат Жаратканга ушундай адамды мага табыштаганыӊа дейм... ушул күнгө чейин кайда жүрдүӊ эле деп. Проблеманы аз убакытка болсо да унуттуруп, көнүлүмдү көтөргөнүӊө чексиз кубанычтамын.
..
#1126 13 August 2011 - 10:10
Бат эле өзгөрүп кеткенимден өзүм да чочулап кетем. Мен ушунчалык туруксузмунбу деп кээде өзүмө да ачуума келет. Бир себеп табылдыбы, бат эле аны жакын кабыл алып, ошого байланып калам. Кечээ мен кайрадан кубулдум. Туура кылып жатамбы, билбейм... Же курбумдун сөзү таасир бердиби, кыскасы жакынкы күндөрдө кайрадан хаоско кабылам. Муну өзүм кааладым. Жаным тынбайт. Өзүм башаламандык жаратып, анан кайра аны тынчыта албай, кийин күрөшүп отуруу менен жеңип, баарын тыптыйпыл кылып отуруп калам. Кудурет-күч деген ашып жаткан окшойт менде, ооба, туптуура!
Кош келдиң, жаңы, бирок эски "хаос"!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#1127 13 August 2011 - 13:18
Уйкудан ойгонуп сени эстедим.Кетким келди.Иш күндөрү да билинбейт,ишке алаксыйм.Дем алыш күндөрү эч жерге батпай калам.Өзүмчө эле буулугуп,бук боло берем.Чыдабай калганда коңгуроо кылам.Сени менен,балдарым менен узак-узак сүйлөшүп кичине жазылгандай болом.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#1128 24 August 2011 - 03:26
Оор деле болгон жок, мындан башкача болоорун куткон эмесмин...жок дегенде жылуу мамиледе калсак жакшы болоор эле. Акырын зекип суйлогон унундон сен учун эч кандай мааниге ээ эмес экендигиме ынандым...тандоо мумкунчулун коп, а мен талапкерлердин катарын толуктагым келбейт, бироонун эле жалгызы болом...акыркы айтканым, озун айткандай 'жинди' тамаша...
Эл адашпасын, президент шайлаганда, сен адашпа, жар тандаганда!
Эл адашпасын, президент шайлаганда, сен адашпа, жар тандаганда!
#1129 24 August 2011 - 12:58
"Сени кундо коргум келет!"
...кандай жакшы создор. Кулагыма жат угулат...Мен жаманга конгом. Жек коруу, жектоо, арамзалануу,
ырысын кесип, кошкон башынан адашып, сандалган жашоого конгом... Конулдордун кир болуп, тебеленип, коз жаш кирге аралашып калган кундорго конгом... Чын дилинен жардам берип, чын дилинен жакшы мамиле кылган адамдарга конгон эмесмин... Мынчалык мээримдин адамда бар болоорун билген да эмесмин... Кулагым калпка конгон,коздорум арамга конгон... Жада калса жашаган жеримден мынча жылуулук сезген эмесмин...жон гана жектоо коруп келгем... Мынча жакшы адамдын жашоосуна кируу мага болбойт...Кире албайм...Мага жоолуккан адамдын баары акыры азабымды тартышат...
-Знаешь Кот... в жизни реально много моментов, ради которых стоит жить. Но между этими моментами хочется подохнуть несколько раз подряд.
#1130 24 August 2011 - 14:47
Жаман эле ыйлагым келет.... денемдин ооруганына эмес. дилимдин ооруганына.
...
Мен эми бактылуумун!
!! :)
#1131 25 August 2011 - 18:00
Шамал,
куюн, торнадо... Алдыда эмне күтүп турат?
Бирөө баарынан өзгөчөлөнүп баналдуу "кандай" , же тажаткан "не жаңылыктар" деген суроонун ордуна менден "ии, анан, бүгүнкү күндүн аба-ырайы?" деп кыйытып баштачу да. Дал ушул башкаларга окшошпогондугу үчүн көңүлүм бурулган. Анын жылуу мамилесине далай ирет чагылгандын чартылдаган огу менен жооп бергем. Бирок чыдады. Сабырдуулугуна таң калгам. Акыркы күндөрү астейдил "чагылган жокпу" деп калчу да, анан мен камырабай "азырынча жаркыраган күн" деп туруп эле, бат эле чагылган боло түшчүмүн.
Туруксуздуктун себебин көпкө чейин издедим. Аябай бат өзгөрүлмө жайым бар. Баратып эле артка кайтып кетишим мүмкүн. Күндө сүйлөшүп жүргөн адамды заматта чоочунга айлантып салышым ыктымал. Кээде өзүмдү да тааныбай калуу мен үчүн кеп эмес. Кыскасы эң чоң кемчилигим ушул сапат. Анан отуруп, отуруп, ойлондум. Айтып коюшат эмеспи, адамдар энергия берүүчү жана алуучуларга бөлүнөт. Үч айдай мурун мышык ыйлачудайга жетип, жан-дүйнөм дубана сымал болуп калган. Дендароо түшүп, күнүмдүк жумуш гана мени куткарып кетти. Анан ошол менин аба-ырайымды сурап турган адам жакын достордун бирине айланды. Азыр байкап көрсөм, ал энергия берүүчү болуптур мага... Чын... Азыр эмнегедир баары жакшы, дүйнө кызгылтым көз айнек аркылуу көрүнүп жатат. Жараланган жайды дарылап, көп нерсени унуткарууга көмөктөштү. Аны менен мен акырын шамалга, кийин куюнга, анан торнадого айландым. Катып калган жеримден жылдым, тагыраагы ал кагыраган чөлдөн учуп кеттим. Азыр зымыраган тездик менен жер кезип жүргөн кезим. Айрымдары токтошумду сурап, анын жайында калууну сураганда дүйнөсүн талкалап да кетүүгө кудуретим жетет, балким ашат. Балким бул жамандыр, бирок мага жагып жатат.
Эсимде бир жолу торнадо тууралуу кызыктуу тасма көргөм. Куюндай учкан торнадонун айлампасынын ичинде каарман кокусунан калып кеткенде башкача бир ааламга көз чаптырат. Баары ошол айлампадан чыкпай, учуп жүрөт, өтө тездик менен... Жөн эле жерди жалмап, эч нерсени койбой, өзүнө кошуп алып барат. Дал ошол көрүнүш менде азыр... Кереги бар-жогуна карабай баарын кыйсыпырга түшүрүп жаткан кезим. Качан токтойм билбейм? Күчүмдүн бүтөр мезгили белгисиз. Бирок бир күн баары бир токтолом. Ошондо бүгүнкү хаосту кайра оңдоого туура келерин да билип турам. Ошондо азыр бышырып жаткан боткону толугу менен жегенге айласыз болом. Кызык, аба-ырайымды сураган досум дагы жардам берер бекен?

#1132 25 August 2011 - 20:21
baaryna kol wiltep basyp ketkim keldi,bir az ele tywynson emne?uwintip kyinabai meni ozundu da kuinap,O4 alam degen sozyndy ygyp tobo 4a4um tik tyrdy,uwun4aluk an sezimi tomon,jenil oilyy, a4uuluu ekenindi uwun4a syilowup bilbegen ekem.........eehhh meili emi baary oz izine tuwup keteerine iwenip tyrayn azyryn4a
Всё к лучшему!
#1133 26 August 2011 - 15:03
Откон суйуу.
Озум эмне кылып атканымды тушунбой калдым... Озумду куноолу до сезип атам, кечиресинби ким билет... Сенин мага болгон тушунуксуз мамилен учун ажырашып калдыкбы, же ушунча кызгандынбы? Мумкун менден бир нерсе кутуп аткан белен... Кечир мени алтыным... Бир куну мени кечиреерсин. ..
Жаны мамилеби же...
Негизи озум жолукпачы элем. Канча кыздар таарынып журушту. Мен озумо эмес, аларга коркчу элем журогун жаралап алам деп. Кандайча сага макул болуп жолуктум билбейм, шайтан азгырдыбы... Сага жолукканым ката болду окшойт. Эми сен меники болуп калдын. Тушун Азамат, мени менен болгун келсе коп нерсени которушун керек дедин. Кечээ таарынтып алдым, озум байкабай. Ушунча сезимтал экенсин, эми мен суйлогондон да коркуп калдым. Сенден, откон суйуудон таппаган сезимдерди таптым. Королу эми жаным, убакыт коргозот...

#1134 26 August 2011 - 17:01
жакшы...
Эгер,
мени менен талашууну кааласаң уруксат бер мээмди чыгарып турайын. Шарттар бирдей болсун. :)
#1135 27 August 2011 - 10:35
мен озумду жек коро баштадым...журогум башкача согот,,.мен озгордум...ойлонгон ойлорум,коздогон максаттарым озгорулду...
озгоргонум озумо жакпай жатат...журогум башкача...
Сени эстегим келбейт.сени суйбосом керек ,жон гана конуп калгам сен дайыма жанымда журуп.сен жонундо ойлонуу мен учун кыйын,ойлорум чачырайт ,журогум ооруйт,бирок сенин жанында мен журушум керек анткени мен милдетуумун. озумду калагы жок кемеге салыштырдым. ..дениздеги чон чон толкундар тез тез келчу болду.мен бироосунон аран отсом ,экинчиси кайра эле келип калат.толкун, дениз,кеме булар мени кыйнады.анан мен озгорулдум. ..менин озгорулгонумду эч бир жакыным жактырбайт. бирок мен озгорулдум.
Суйгум келди.суйуктуу болгум келди.акылымдан адашып суйгум келди,чыныгы ,таза,аруу,сезимдер менен .эч кандай байлык эч кандай мансапка кызыкпай суйгум келди...мен кыялымдагы адам барбы бул ааламда?

#1136 27 August 2011 - 10:48
мен куноо кылдым...менин куноолорум ат которгус.!
мен сени суйбойм.сени суйбогонум учун, мен куноого баттым .оозумдан суйом дегеним менен,журогумдо суйуу деген эчак эле очуп калган ...сен жонундо ойлонуу мен учун кыйын...
#1137 28 August 2011 - 08:58
эмнегедир акыркы кундору жай,мундуу музыкаларды жактыра баштадым.анткени менин журогум да мундуу боло баштагансыйт.
..жаш кезинде бироону коруп калып деле суйуп калуу мумкун болот экен.барып барып акыл кирип ,кичине болсо да турмуш дегенди тушунуп,ак караны коруп анан суйуу дегенди башкача коз караш менен тушунуп калат экенсин да.мумкун дагы 10 жылдан кийин дагы коз карашым озгорулобу ?ким билет...
#1138 31 August 2011 - 19:36
Салам монолог!Сага кирбегениме да көп болуртур.Эртең 1-сентябрь.Кыздарым мектеп формаларын кийишип,ак бант тагынышып мектепке барышат.Уулдарым ак көйнөк,кара шымын кийип жөнөшөт.Кана эми жаныңарда болсом.Кичинекейимди жетелеп мектепке алып бармакмын.Экинчи класс болуп калса деле өзүм алып бармакмын.Сүрөткө түшүрмөкмүн.
Өзүмдүн окуучулук күндөрүм эсиме түштү.Балалыгым,
окуучулук күндөрүм балдарыма өткөн турбайбы көрсө.Азыр мен окуган мектепте уул-кызым окушат.Эх убакыт учкан куш деген сөз таамай айтылган экен.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#1139 31 August 2011 - 21:01
Бир күн, же 24 саат... Карап турсаң, аздай эле көрүнөт. Бирок чыдабай кеттим. Бат азгырылам, бат көнөм жана бат тажайм. Бул сапар тажагым келбей жатат. Болгону көнүп, ошол жерде өмүр бою калгым келет. Таң калдым, бүгүнтөн тарта "биз" дегенге өттүк. Биринчи жолу уктум ушундай сөздү. "Мен" дегендерден качып кутулдум окшойт. Илгертен билсем да сени... баары бир кечпи, же өз убагындабы азыркы жагдайга туш болдук. Эмне десем?... Азырынча баары жаңыдай сезилүүдө. Күтүү, зарыгуу, толкундануу,
үйрөнүү, сагынуу, албетте, анан сезимдер... Кубанычтамын!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#1140 01 September 2011 - 10:38
Ушунчалык кыйын абалда турам, азап тартып, ондон азып, жан дуйном тынчыбай тыбырчылайт.
Мейли деп уктасам тушумдо деле кыйналам, ойгонсом онумдо деле быт-чыт. Ушул сааттар тезинен отуп кетсе экен, болбосо туруштук бер албай калдым. Баары аман, баары жакшы бир гана жан дуйном жабыркап турат, жанчылып турат, кирпиктен жаш урат, тымызын да, ачуу да. Озумду озум сооротуп, алдап-соолаганым менен ой кулук экен, алыска алып учуп, туркун ойлор келуудо. Эмне кылуум керек? Ушул суроонун туйуну чечилгенге аз калды, чыда, Жаку, чыда...

Супер-Инфо
super.kg
видео