А эмне учун сиздер соз эркиндигин бербейсиздер?
?? Бул жерде ар бир адам оз ойун каалаган тилде жазып жана айтууга укугу бар. Мисалга мен орусча жазгым келип жатат, бирок бул менин каалоом оз эне тилимди суйбой коюууга тоскоол боло албайт. Супер инфо гезити кимге тийешелуу болбосун бирок гезит адам укугун кемсинтпоосу керек!!!
Кыргызстан коп улуттуу эл, башка улуттун окулдору да окушат бул гезитти, жана алар да кыргызстандын толук кандуу жараны, ошолордун моралдык жактан кемсинтпоосу керек гезит!!!
- (2 )
-
- 1
- 2
А эмне учун сиздер соз эркиндигин бербейсиздер?
#2 07 September 2011 - 23:44

Негизинен, орусча жазууга кескин тыюу жок. Бирок, сайтыбызга баш баккандардын басымдуу көпчүлүгү нукура кыргыз тилдүүлөр болгондуктан, кыргыз тилинде жазылган темалар окумдуураак болору шексиз. Орусча жазууга тыюу салынбаганын башкы себеби - кыргыз тилин унутуп бараткан же унутуп койгон улутташтарыбызды өз чөйрөбүзгө тартуу. Ал эми башка улуттагылар сайтыбызга кирип, кыргыз тилин жана дилин билгиси келсе, эшик ачык.
Мезгилден артта калбаңыз!
#3 08 September 2011 - 00:07
Эмне үчүн биз орус тилдүү сайтка кирип кыргызча жаза албайбыз, Кыргызстандын эле ичинде? Мисалы Дизельде кыргызча кичинекей бөлүм ачып коюшкан. Болду. Башка жагына кыргызча жазууга болбойт. Жана урматтуу Суперге суроо? А эмне үчүн биздин кыргызча форумда орусча жазууга тыйуу салынган эмес? Андай болсо биз деле ачып коелу бир бөлүм орус тилдүүлөр үчүн. Башка жактарга башка тилде билдирүү жазууга тыйуу салынсын. Анан баардык темаларды каша кыла берсек анда не болот? Эмне үчүн биз алардын укуктарын ойлойбуз да, алар биздикин ойлобойт?
zoxanzavr сиз болсо ачкан темаларыңызга караганда кыргыз деле эмес окшойсуз. Бул сайтка киришиңиздин максаттары: орус тилин жана христиан динин пропагандалоо. Албетте ал сиздин укугуңуз.
zoxanzavr сиз болсо ачкан темаларыңызга караганда кыргыз деле эмес окшойсуз. Бул сайтка киришиңиздин максаттары: орус тилин жана христиан динин пропагандалоо. Албетте ал сиздин укугуңуз.
В тюрьме столько не сидят, сколько вы в интернете…
#4 08 September 2011 - 00:36
1. Жок, сиз жанылышасыз.
Биз эгоист болбошубуз керек!!!
эне тилибизди сакташ ар бирибиздин колубузда жана биз экообуз бул жерде "сен кыргызча жаз мен орусча жазайын" дегенден пайда чыкпайт. Мен кыргызча суйлой алам, жаза алам, окуй алам, жана менин балдарым да мендей болушат-мына ушул гана керек бизге. ушул принципте жашасак тилибиз жоголбойт.
2. Мен христиан динин угуттогон жерим жок. Сиз тушунбой калган окшойсуз. Мен ал жерде жазып кеткем "коз карашынарды билгим келип жатат деп"
2. Мен христиан динин угуттогон жерим жок. Сиз тушунбой калган окшойсуз. Мен ал жерде жазып кеткем "коз карашынарды билгим келип жатат деп"
1. Эгерде биз ушундай чоң, жападан жалгыз кыргыз тилдүү сайтта да таза кыргызча жазбай, сиз айткандай аралаш жазып отурсак, кайдан сактап калабыз тилибизди? Орус тилдүүлөрдүн укугун бузбайлы деп жүрө берсек анда айрылабыз да бул тилден. Ансыз деле КГ зонада интернеттин баары орус тилинде го? Эми ушул Суперди көрүп калдыңарбы? Орус тили жоголуу коркунучунда калабы Супер де кыргызча жазып калышса баары?
2. Үгүт деген ошондон башталат. Биринчи ар кимдин оюн билип, түз көз караштагы адамдарды тандап, анан баштайсыз да. Ал, мен жогоруда жазып кеткендей эле, сиздин укугуңуз.
В тюрьме столько не сидят, сколько вы в интернете…
#5 08 September 2011 - 00:39
#6 08 September 2011 - 05:18
1. Эгерде биз ушундай чоң, жападан жалгыз кыргыз тилдүү сайтта да таза кыргызча жазбай, сиз айткандай аралаш жазып отурсак, кайдан сактап калабыз тилибизди? Орус тилдүүлөрдүн укугун бузбайлы деп жүрө берсек анда айрылабыз да бул тилден. Ансыз деле КГ зонада интернеттин баары орус тилинде го? Эми ушул Суперди көрүп калдыңарбы?
Орус тили жоголуу коркунучунда калабы Супер де кыргызча жазып калышса баары?
2. Үгүт деген ошондон башталат. Биринчи ар кимдин оюн билип, түз көз караштагы адамдарды тандап, анан баштайсыз да. Ал, мен жогоруда жазып кеткендей эле, сиздин укугуңуз.
2. Үгүт деген ошондон башталат. Биринчи ар кимдин оюн билип, түз көз караштагы адамдарды тандап, анан баштайсыз да. Ал, мен жогоруда жазып кеткендей эле, сиздин укугуңуз.
Сенин оюна толук кошулам. Эгер ушул сайтка да башка тилде жаза баштасак анда бизге окшогон чет жактагылар бара бара оз тилинде аз суйлоп унута башташы да толук мумкун...
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#7 08 September 2011 - 09:25
Негизинен, орусча жазууга кескин тыюу жок. Бирок, сайтыбызга баш баккандардын басымдуу көпчүлүгү нукура кыргыз тилдүүлөр болгондуктан,
кыргыз тилинде жазылган темалар окумдуураак болору шексиз. Орусча жазууга тыюу салынбаганын башкы себеби - кыргыз тилин унутуп бараткан же унутуп койгон улутташтарыбызды өз чөйрөбүзгө тартуу. Ал эми башка улуттагылар сайтыбызга кирип, кыргыз тилин жана дилин билгиси келсе, эшик ачык.
Ошондо орусча жазганга уруксат деп түшунсөк болобу?
```
#8 08 September 2011 - 09:37
Супер форум кыргыз тилдуу форум болгондуктан бул жерде кыргызча жазыш керек деген шартка толук кошулам. Анан бул форумда соз эркини жок дегенинизге такыр кошула албайм. Соз эркини бар, болгону тил боюнча чектоо коюлган. Автор эгерде оз оюнузду орусча жазгыныз келсе орус тилдуу сайттар аз эмес, ошол жактан ойунузду каалаган маанайда жазаберсенер болот.
#9 08 September 2011 - 10:09
zoxanzavr Сиз кыргыз тилдуу сайтка кирип неге орусча суйлогунуз келет. Бул жерге кыргыз тилин сагынган чет жактан коп форумчулар кирет, биз озубуз киребиз. биз сизге озбекче же кытайча суйлобойбуз да, Кыргызстанда жашайт деп туурабы. Алар кирсе бизди, кыргыз тилдуу сайттын колдонуучуларын сыйлап кыргызча жазуусу керек. Сиз эми кыргыз болсонуз анда жон эле кыргызча жазыныз. Досум кел андан коро биздин катарга кошул, бирге тилибизди онуктуролу,
кыргызча ой жугуртуп, ой болушолу. Улуу тилди урпактарга заманбап ыйгайы менен откоруп берели. Адашпайлы досум. "Манкурт"
болуп калабыз ансыз 
super: Тил маселесине катуу турсаныз...
super: Тил маселесине катуу турсаныз...
#10 08 September 2011 - 10:50
Кыргызча сайт болгондуктан кыргызча жазганыбыз туура деп эсептейм. Орусча сайттар толуп жатат.
#11 08 September 2011 - 11:11
Жашасын, эне тил!
Ал эми калп эле кыргыз тилин билип туруп, "мен деген орусча жакшыраак оюумду билдирет элем" дегендерге, кудай акысы, тантырасаңар да, кыргызча эле жазгылачы... Биз сени ал үчүн атып жибербейбиз. Көч бара-бара түзүлөт. Балким башында ката жазарсың, кийин оңолуп кетер дегендей... Баары бир орусча жазмакмын деп опурулгандарга варианттар толтура, төрт тарабыңар кыбыла, бул менин жеке оюм!

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#12 08 September 2011 - 11:29
Тема тиешелүү бөлүмгө жылды. Авторго эскертүү!
Мезгилден артта калбаңыз!
#13 08 September 2011 - 12:19
Анда бирөөсү өзбекче,экинчиси казакча,дагы бирөөсү тажикче жана ошондой эле тилдерде жазгысы келгендер бардыр.Анда кандай болот кыргызстанда улут көп.Авторго айтаарым,эгер сиз айткандай жазгым келип атат дегендер жок болбосо керек,орусча жазгыңыз келсе орусча сайттар толтураго...
..
Не бойтесь того, что ваша жизнь должна окончиться,
бойтесь того, что она так и не начнется.
#14 08 September 2011 - 13:06
Супердин админстраторунан сураныч кыргыз тилден башка тилде жазууга таптакыр тыюу салып коюнуздарчы.
Башка тилде жазгысы, окугусу келгендер башка жака барышсын.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#15 08 September 2011 - 13:46
Бир улуттагы эки адамдын бири-бири менен башка тилде сүйлөшүүсү-
жапайы модачылык.Мен мисалы немец тилин угуп тажайм сыртка чыксан деле,телевизор койсон деле.Ушул суперден кыргызча жазышып,оюмду билдирип жыргап калам,кыргыз боордоштор менен кунуго чогулуп кыргызча суйлошууго мумкундук жок,2-3 айда аран чогулсак чогулуп кыргызча суйлошобуз.
Ошондуктан айтаарым андан коро оз эне тилибизде эле жазалык,ар ким оз билген тилинде жаза берсек эмне болот. Кыргыз тилинин престижин ар бир кыргыз оз тилинде таза суйлой баштаганда жогорулата алабыз.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#16 08 September 2011 - 13:48
zoxanzavr оз динин алмаштырып алып эми Супердида ошол башка динге буруп аткан жокпу? Сайт кыргыз тилинде болгондон кийин Суперстандыктар кыргызча жазат!
#17 08 September 2011 - 14:15
Зоксанзаврдын(кызык ник экен) жазгандарынан эч оз тилин жеригендикти же башка тилди тануулагандыкты коргон жокмун.
Билбейм, мага эч ким эскерткен эмес, бирок мен бул жакка таза кыргызча гана жазгым келет. бул эле жерде эмес, бардык жерде таза кыргызча суйлогонго аракет кылам. Балмуздак, аялдама деп. Иним шылдындайт, аялдама, эркектеме деп. ага да болбой, аялдама деп гана суйлойм. Дькщндщрдщ орустарга гана орусча суйлойм. Кээде орустарга да кыргызча суйлоп койом. Кээ бирлер жактырбагансыйт, мени улутчул деп да алышкан. Айта беришсин. Кыргыз тилине кыргыз куйбогондо ким куйот. Баарынар ошенткиле.

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#18 09 September 2011 - 13:10
Мен КЫРГЫЗ тилин суйом. Мен КЫРГЫЗ улутун суйом! Мен КЫРГЫЗ жерин суйом! Мен КЫРГЫЗ каада-салтын сыйлап , урматтайм. КЫРГЫЗ жеринде, КЫРГЫЗ элинде журуп башка тилде суйлоштун эч кандай заарылдыгы деле жок. Биздин жерде жургон башка улуттар коомдук жайларда Кыргызча гана суйлошу керек . КЫРГЫЗ болуп туруп орусча суйлогондорду такыр тушунбойм. КЫРГЫЗ болуп КЫРГЫЗ жеринде жургондон кийин КЫРГЫЗ элин , КЫРГЫЗ тилин сыйлоого милдеттуу. КЫРГЫЗ болгондон кийин КЫРГЫЗча жазып , суйлошунорду каалайм мен.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#19 09 September 2011 - 15:19
Кыргызча жаз, кыргызча оку, кыргызча ойлон, кыргызча жур, деги кыргызсынбы кыргыз боюнча кал!!!
!!!!!
!!!!
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#20 09 September 2011 - 17:19
Эне тилин суйбогон элин суйуп жарытпайт дейт го элибизде. Ошон учун биз "кыргыз"
тилин озубузду суйгондой суйуп баркташыбыз,
колдоп онуктурушубуз зарыл. Мындан башка таза кыргыз тилдуу сайт деле жок. Озу биздин кен пейил ак конулдуулугубуздон пайдаланып башкалар оз тилдерин тануулай берет окшойт. Мен кыргызмын дегендер: 'Оз тилибизди колдоп онуктуролу'
Мен кыргыз элим, кыргыз жерим, кыргыз тилим менен сыймыктанам.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео