Ырчылар кимге ырдашат?
Кыргызстанда шайлоо болот экен дегенде үгүтчүлөр анан ырчылар ой-да кубанышат. 4-5 жылда бир келген шайлоодо иштеп калбасак, башка учурда мындай ири кирешеге ээ болуу оңой эмес деген ырчылар бу жолку президенттик шайлоодо болушунча “ставкаларын” көтөрүшүп, 6 нөл менен коштолгон “жашылбайларды” чогултушкан талапкерлерге бааларын болушунча “тээп” алышыптыр. Ошентсе да айрым президент болом дегендердин командасы үгүт топторду түзүп, ырчылар менен иштешүүгө кол алышып коюшканын уктук. Шоу дүйнөсүнүн базарына башбагып бааларды билдик. Базар бара-бара дагы кызышы мүмкүн.
- (2 )
-
- 1
- 2
Ырчылар кимге ырдашат?
#2 11 September 2011 - 23:42
Былтыр эмне болду эле?
Былтыркы парламенттик шайлоодо катарына жалаң пулдууларды кошуп алган “Республика” партиясы ырчыларга айткан баасынан ашыгыраак төлөп берем деп үгүт тобуна Мирбек Атабеков, Омар, Ома, Нурзат Токтосунова сыяктуу сахна адамдарынын көп гонорар алчуларын чогултушкан. Үгүт иштери укмуштай шоу менен өтүп, учурулган шарлар сыяктуу акча асманга сапырылгандай эле болгон. Парламенттик шайлоодо ырчылардын эмгек акысын ортодо ортомчулар жеп койгонбу, айтор “Ата журтка” ырдагандар нааразы болушуп, экинчи буларга жолобойбуз деген пикирге келишкен экен. Аны “Ата журттун” анабашчылары түшүнүп, быйыл андай ката кетирбейбиз деп турушат. Эл арасында жакшы эле абройго ээ бир ырчы кызга “Ата мекенде” уюштуруучулук иштерди кылымыш болуп жүргөн бирөө кыйынсынган экен, ал ырчы акчасын да уруп ойнобой, биринчи адам болуш керек, төлөдүм деп эле төбөгө чыгып кетесиңерби деп башка өйүзгө өтө качканы айтылат.
“Республика” менен “Ата журт” өздөрүнө гимн жаздырышып, Бабановдун партиясынын гимнин Мирбек, Ома сыяктуу ырчы мырзалар хор менен аткарышса, “Ата журттун” гимнин вице-премьер болуп отурган Ибрагим Жунусов өзү жазып, өзү созолонткон. Бул ыр ошол мезгилде хит болуп, чөнтөк телефондордо кыйкырып турган эле.
Былтыркы чуулардан “Ар-намыстын” намысы жоктугун айта кетпесек болбойт. Ырчыларды болушунча иштетип алып, эшек ылайдан өткөндөн кийин алардын эмгек акысын көпкө чейин бербей койгон “темир” генералдын партиясына быйыл иштейм деген ырчы аз.

Contra vim mortis non est medicamen in hortis
#3 11 September 2011 - 23:42
Эки миң сомго ырдагың келеби?
Жай бою партиялардын съезддери болуп, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер күйөрмандары менен жолугушуп, ал салтанатка ырчыларды чакырып жатышкан. Анан эле өнөр адамдарынын арасында “эки миң сомго ырдагың келеби? Анда Марат Султановго чал!” деген тамаша жайылып кетти. Көрсө, Марат Султановдун колго, кээде башка жакка да суу куюп жүргөн “жардамчылары” ырчыларга паланча сомдон беребиз деп алышып, ортодон жеп коюшканбы, айтор, ошол кечеде ырдаган аттуу-баштуу ырчыларга 2 миң сомдон карматып коюшуптур. Өзгөчө ырчы айымдар бир кечеге жасанып барыш үчүн эле 2-3 миң сомго чыгым болушарын эске алганда, Марат Султановго бекер ырдап келгендей болушуптур. Балким шайлоо иштерине чакырып калаттыр деп ал жолу ырчылар унчугушпаптыр.

#4 11 September 2011 - 23:43
Сактык да, суктук да керек
Өкмөт башчысы болуп тургангабы же бу талапкердин командасы күчтүүбү, айтор, агиттопторду түзүп, атамбаевчилер ырчыларды “брондоп” коюшуптур. Мурунку шайлоолордо биртоп үнү бар ырчылар “Атамбаев, Атамбаев” деп ырдап жүрүшпөдү беле, чамамда, ошонун үчүнчү сериясын жакынкы айларда көрөт окшойбуз. Ачыгын айтканда, көпчүлүк өнөр адамдары Атамбаев бийликте турат, а бизде кимдин колунда бийлик болсо ошол баарыбир жеңишке жетет деген түшүнүк калыптангандыктан, кокус президент болуп калса менин башка кандидатка иштегенимди билип, сыйлыктардан, мамлекеттик иш-чаралардан алыстатып, бут тосуулар болушу мүмкүн деп Шаршен аванын баласынын камчысын чапканга “айла жок, бирок ай лав ю” принциби менен макул болушат экен. Ошол себептен бу жолку шайлоодо капчыктуу “Республиканын” колдоосуна ээ болгон Атамбаевдин үгүт тобу күчтүү болоруна көзү ачыктык кыла берсек болот.

#5 11 September 2011 - 23:45
Капчыгың кандай, Камчыке?
Атамбаев менен экинчи турга чыгышы мүмкүн деп болжолдонуп жаткан Камчыбек Ташиевдин командасы азырынча ырчылардан команда түзө элек. Былтыр үгүт иштеринде ырчыларды тейлеген адамдар дагы деле Ташиевдин жанында быйыл да жүрүшкөн болсо кыйратышпайт деп ойлогон көпчүлүк өнөр адамдары Камчыбек мырза биз айткан бааны көтөрө алар бекен деп ойлонуп турушат.
Түндүктүн айрым “булбулдары” Камчыбек Ташиев болобу, Адахан Мадумаров болобу түштүктүк кандидат 100 миң доллар төлөсө да ырдабайбыз деп ачык эле айтышты. Атын атабай эле коелу, бирок ушул ырчылар түндүк-түштүк деп бөлүнөрүн эч ким ойлобойт болчу.
Камчыбек Ташиевдин командасы 4-5 үгүт тобун түзүшүп, ар бир аймакта кызуу иш алып баруу менен облус борборлорунда бардык үгүт топторунун катышуусунда чоң концерт өткөрөлү деп максат кылып жатышканы белгилүү болду. Камчыке көп саясатчылардан марттыгы менен айырмаланарын жакындан тааныгандар айтып жүрүшөт. Бу жолу ошол сапатынан жазбай ырчыларды айткан баасында командасына чогултса, үгүт тобу жагынан Атамбаевден ашышы да мүмкүн.

#6 11 September 2011 - 23:46
Темир Назаров кимди “ырдайт”?
Оштун тойлорун көркүнө чыгарышкан өнөр ээлери Жеңиш Айтиев, Замир Мырза, Темир Назаров, Асема, Алишер Тоотаев, Эмилбек Балтагулов, Тынар Курбаналиев, Асел Касымова, Айпери Кулбаева өңдүү ырчылар түштүк аймагы боюнча Өмүрбек Чиркешовичтин “ырын ырдашаары” күтүлүүдө. Андыктан Текебаевдин айтаар сөзүн укчулар же тескерисинче шылтоо менен жогоруда аты аталгандардын талантына “живой” күбө болгусу келген Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун тургундары райборборлордо үгүт учурунда ушуларды күтө берсеңиздер болот.

#7 11 September 2011 - 23:47

#8 11 September 2011 - 23:48
Тишине эмес үнүнө карап тандагыла!
Алдын ала сүйлөшкөндө талапкерлердин өкүлдөрүнө өзүнүн “ставкасын” айтышкан ырчылардын маалыматы боюнча өзүн жогору баалагандардын тизмесине көз жүгүрттүк. “Кыз бурактын” кыздары бир ай жаныңызда коштоп жүрүшү үчүн 30 миң долларыңыздан айрылышыңыз керек. Ушундай эле баа менен Бактыгүл Бадыева, “Кызыл өрүктү” созолонткон Мирлан Баеков менен “Жоролор” тобун гастролдотосуз. Былтыр Бабановдон алган эмгек акысы менен эң кымбат ырчы деп табылган Мирбек Атабеков быйылкы баасын ачыктабады. Омар 20 миң долларга Атамбаевге кеткени маалым болсо, болжол менен ушундай эле баага Динара Акулова кызы Малика Дина менен иштеп беришмей болушуптур. “Новая волнага” барып келгенден кийин курсу көтөрүлгөн Арсен 15 миң доллар ким төлөсө, шайтан болсо да ырдай берем деп турат. Кымбат баалуу ырчылардын катарында Айчүрөк Иманалиева, Кундуз Канатбек кызы, Гүлзинат Суранчиева, Жанета Бобкова бар.

#9 11 September 2011 - 23:49
10 миң доллар орто баа
Быйылкы шайлоодо иштеп берүү үчүн өз бааларын ырчылар сүйлөшүп алышкандай 10 миң доллардын тегерегинен айтып жатышат. Бирок дээрлик 80 пайызы ашык кеми жок 10 миң доллар бересиң дейт экен. Булардын катарына Алекс, Бекчоро, Дайыр Исмадияров, Алтынай Нарбаева, Эрлан Андашев, Нурлан Насип, Назира Жетигенова, Мирбек Иманбеков, Нена, Нурзат Токтосунова, “Юристтер”, “Ак-Өргө CITY” тамашоу командасы, Айнура Салахидинова, Эркин Рыскулбеков, Талант Анарбаев, Ильяз Андаш сыяктуу өнөр адамдары кирет.

#10 11 September 2011 - 23:51
Дагы кимдер каякта?
Ырчылардан бир гана Гүлнур Сатылганова шайлоодо ырдабайт экен. Эл артистинин айтымында, 80 талапкердин тарапкерлери Кыргызстанды 80ге бөлүп отурганын туура эмес деп эсептейт. “Мен эч кимди колдоп ырдабайм, менин ырларым жалпы кыргыз элине арналгандыктан мага эң башкысы өлкөбүз ынтымакта жашашы башкы орунда” дейт.
p.s. Эжекени урматтоом дагы аша түштү!!!
КG Элмурат деген ат менен сахнаны чаңытып жүргөн жигит карачечекей тагасы Адахан Мадумаровдун командасында ырдабаса бовосо керек.
“Бүтүн Кыргызстандын” лидерин бу жолу да Бек Борбиев, Чыңгыз Мырзаев өңдүү таланттар акысыз колдоору турган иш.
Ал эми Максат Бегалиевдин кайненеси Токтайым Үмөталиева эмнегедир анын күйөө баласы мурунку президенттик шайлоодо “Атамбаев, Атамбаев” деп ырдап жүргөнүнө таарынбаганына таң калдык.
Куудул Борончу Кудайбергенов менен Жамбыл Камчиевди сахналаштары бекер колдошсо, беш убак намаз окуган Турсунбай Бакир уулун кыргыз санатын рэп менен жеткирген Тата Улан Алланын ыраазычылыгы үчүн колдойт тура.

#11 11 September 2011 - 23:53
Үгүп топтун чыгымы
Ырчылар эмгек акысын алгандан сырткары, талапкер аларды багыш керек. Кыскача кеткен чыгымдардын орто баасын санап көрөлү.
1. Транспорт:
a) Күйүүчү май (бензин, солярка) канча коросо ошонун баарын талапкер тарап төлөйт.
б) Артисттерди ташыган БУСтун 1 күндүк арендасы – 2000 сом (бензинден сырткары).
в) Артисттер ырдаган аппаратураны ташыган БУСтун 1 күндүк арендасы – 2000 сом (бензинден сырткары).
2. Мейманкана, тамак-аш:
a) Бир кишинин Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Таласта бир сутка жашаганы – 500 сом.
б) Бир кишинин Ош, Жалал-Абад, Бишкек, Чүйдө бир сутка жашаганы – 500-800 сом (ыңгайына, шартына жараша).
в) Орто эсеп менен бир адам күнүнө 500 сомдук тамак ичет.
3. Музыкалык аппаратура:
a) 1 кВт – 1500 сом (ачык асман алдында ырдоо үчүн жок дегенде 4000 киловаттык аппарат керек)
б) Концерт өткөн жердин ижара акысы келишимге жараша.
Макаланын автору: Кудрет ТАЙЧАБАРОВ

#12 12 September 2011 - 00:04
Дагы кимдер каякта?
Ырчылардан бир гана Гүлнур Сатылганова шайлоодо ырдабайт экен. Эл артистинин айтымында, 80 талапкердин тарапкерлери Кыргызстанды 80ге бөлүп отурганын туура эмес деп эсептейт. “Мен эч кимди колдоп ырдабайм, менин ырларым жалпы кыргыз элине арналгандыктан мага эң башкысы өлкөбүз ынтымакта жашашы башкы орунда” дейт.
p.s. Эжекени урматтоом дагы аша түштү!!!
КG Элмурат деген ат менен сахнаны чаңытып жүргөн жигит карачечекей тагасы Адахан Мадумаровдун командасында ырдабаса бовосо керек.
“Бүтүн Кыргызстандын” лидерин бу жолу да Бек Борбиев, Чыңгыз Мырзаев өңдүү таланттар акысыз колдоору турган иш.
Ал эми Максат Бегалиевдин кайненеси Токтайым Үмөталиева эмнегедир анын күйөө баласы мурунку президенттик шайлоодо “Атамбаев, Атамбаев” деп ырдап жүргөнүнө таарынбаганына таң калдык.
Куудул Борончу Кудайбергенов менен Жамбыл Камчиевди сахналаштары бекер колдошсо, беш убак намаз окуган Турсунбай Бакир уулун кыргыз санатын рэп менен жеткирген Тата Улан Алланын ыраазычылыгы үчүн колдойт тура.
Ырчылардан бир гана Гүлнур Сатылганова шайлоодо ырдабайт экен. Эл артистинин айтымында, 80 талапкердин тарапкерлери Кыргызстанды 80ге бөлүп отурганын туура эмес деп эсептейт. “Мен эч кимди колдоп ырдабайм, менин ырларым жалпы кыргыз элине арналгандыктан мага эң башкысы өлкөбүз ынтымакта жашашы башкы орунда” дейт.
p.s. Эжекени урматтоом дагы аша түштү!!!
КG Элмурат деген ат менен сахнаны чаңытып жүргөн жигит карачечекей тагасы Адахан Мадумаровдун командасында ырдабаса бовосо керек.
“Бүтүн Кыргызстандын” лидерин бу жолу да Бек Борбиев, Чыңгыз Мырзаев өңдүү таланттар акысыз колдоору турган иш.
Ал эми Максат Бегалиевдин кайненеси Токтайым Үмөталиева эмнегедир анын күйөө баласы мурунку президенттик шайлоодо “Атамбаев, Атамбаев” деп ырдап жүргөнүнө таарынбаганына таң калдык.
Куудул Борончу Кудайбергенов менен Жамбыл Камчиевди сахналаштары бекер колдошсо, беш убак намаз окуган Турсунбай Бакир уулун кыргыз санатын рэп менен жеткирген Тата Улан Алланын ыраазычылыгы үчүн колдойт тура.
Күйөө баласы акча таап жүрөт да, кызын багайын деп. Неге таарынат эле. Өзү болсо анча акча бере албайт, тем более куйөө баласына.
В тюрьме столько не сидят, сколько вы в интернете…
#13 12 September 2011 - 00:48
Акчаларды ушул ырчыларга бергендин ордуна, ошол айылга барып, мектебине компьютер алып берип, же мектептерин ремонт кылып беришсе кобуроок добуш жыйнамак. Ырчыларга баарибир, кыргызтандын келечегин ойлоп баштарын дагы оорутушпайт,
акча берсен, жыргап башка мамлекеттке деле сатылып кете беришет. NON STOP ырдап чыгыштыго патриотбуз деп Кыргызтаным деген ырын, эми барып бекер ырдап беришет бекен, интересно. Чыныгы элдин ырчысы элине тынчтык тилеп, элдин баарын ынтымакка чакырып, акысыз эле ырдаса, ушундай учурдан пайдаланып ошол озуно эле урмат-сый иштеп алмак!
#14 12 September 2011 - 06:46
[/center]
Ырчылардан бир гана Гүлнур Сатылганова шайлоодо ырдабайт экен. Эл артистинин айтымында, 80 талапкердин тарапкерлери Кыргызстанды 80ге бөлүп отурганын туура эмес деп эсептейт. “Мен эч кимди колдоп ырдабайм, менин ырларым жалпы кыргыз элине арналгандыктан мага эң башкысы өлкөбүз ынтымакта жашашы башкы орунда” дейт.
p.s. Эжекени урматтоом дагы аша түштү!!!
Ырчылардан бир гана Гүлнур Сатылганова шайлоодо ырдабайт экен. Эл артистинин айтымында, 80 талапкердин тарапкерлери Кыргызстанды 80ге бөлүп отурганын туура эмес деп эсептейт. “Мен эч кимди колдоп ырдабайм, менин ырларым жалпы кыргыз элине арналгандыктан мага эң башкысы өлкөбүз ынтымакта жашашы башкы орунда” дейт.
p.s. Эжекени урматтоом дагы аша түштү!!!
Молодец эжеке!
Акчаларды ушул ырчыларга бергендин ордуна, ошол айылга барып, мектебине компьютер алып берип, же мектептерин ремонт кылып беришсе кобуроок добуш жыйнамак. Ырчыларга баарибир, кыргызтандын келечегин ойлоп баштарын дагы оорутушпайт,
акча берсен, жыргап башка мамлекеттке деле сатылып кете беришет. NON STOP ырдап чыгыштыго патриотбуз деп Кыргызтаным деген ырын, эми барып бекер ырдап беришет бекен, интересно. Чыныгы элдин
ырчысы элине тынчтык тилеп, элдин баарын ынтымакка чакырып, акысыз эле ырдаса, ушундай учурдан пайдаланып ошол озуно эле урмат-сый иштеп алмак!

Хехе урмат-сыйды чонтоко сала алышбайт да
Ырчыларга эле жакшы экен шайлоо болгону. Кундо Кудайдан тиленишсе керек "шайлоо коп болсун биздин элде"-деп.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#15 12 September 2011 - 12:43
Каааап,
ырчы эле болуп албай...
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#17 13 September 2011 - 00:01
Г. Сатылганова иштеп ырдайт эле болчу,просто куйоосу уруксат бербейт,анткени аны билсенер керек ким экенин
#18 23 September 2011 - 14:11
Г. Сатылганова иштеп ырдайт эле болчу,просто куйоосу уруксат бербейт,анткени аны билсенер керек ким экенин
Эн туура айткансыз, Шрек мырза аны ырдатпайт да. Анткени устуно уй, астына машине, колуна акчаны марттык менен карматып келуудо..керек б-со туугандарынын баарын уй-жайлуу, жумуштуу кылган дешет. Анан эле мен ырдабайм, патриотмун деп кайдагы создорду айтып акылдуусунат. Супер инфо дагы баарын билет, жапжакшынакай билет, просто ким м-н мамлеси туз б-со ашыра мактап-жактап, кайра-кайра гезитке чыгарасынар. Аны бут баары билет. Кылт эткендин баарын билип анан эле кантип неге ырдабайт экенин билбей калдынар дейм да? Урмат-сыйым аша тушту дейсинер куйдуруп...калыс болгулачы.. жакканды ашыра мактап, жакпагандарды олоорчо жамандап ар нерсе боло бербей...куйуп кетип жаздым, болбосо мага не..10 жолу мактагыла кимдин-ким экенин эл билет!!!
#19 23 September 2011 - 16:46
Г. Сатылганова иштеп ырдайт эле болчу,просто куйоосу уруксат бербейт,анткени аны билсенер керек ким экенин
Ким?
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео