Багыт (цель): Эс алуу жана жаны форумчулар менен таанышып чер жазуу
Эс алуучу жер: Суусамыр ороону
Инициатор: Сагы
Уюштуруучу: Айгерим
Сыйлуу коноктор: Оштон Вайс байке, Москвадан Турдумамат байке, Туркиядан Кыргызшаа, Инфодон Агат Фианитбек деген абышкасы менен.
Биринчи жолу ССЖ-га барган форумчулар: Серче, Асияшка, Буу, Фианитбек, УРБ Кж.
ССЖ-4 барган форумчулар: Вайс, Турдумамат, Кыргызша, Агат, Фианитбек, УРБ Кж, Азалав, Айжылдыз, Айгерим, Сагы, Эка, Серче, Асияшка, Буу, СМС Арома жана мен.
Отчет жазган: Тему
Отчет
Шлагбаум деген жерге Эка мен жана Асияшка 7-ге 15 минут калганда жетип келдик. Народный магазининин алдына келип токтогондо, аркабыздан эле «Шлагбаумда Народный магазини жок силер каякта турасынар» - деп ызылдап АГАТ келди. Андан кийин биздин машинага тушчу форумчулар 7 ге келип калышты. Кечикпей келгенге аларга мен кечинде кечикмей жок деп телефон чалуум чон мотив болду окшойт. Ошол эле убакытка Турдумамат байке жана УРБ Кж деген форумчуларыбыз келип калды. Албетте принципке туруу менен биз Суусамыр коздой саат 7-00-дон кечикпей кетип калалы дедим эле, бирок авангардта жол баштап, эртеменки 6-да кетчу машинабыз техникалык себептерден кечигип жатканынан кутууго туура келди. Ошентип саат 7-40-та биз т.е. биздин машина жолго чыгып кетти. Фианитбектер башкаларды кутуп кала беришти. Биздин машинада Эка, мен, Асияшка, СМС Арома жана Серче болдук. ПДД-ны бузбай шашпай айдап Тоо-Ашуунун постуна жетип келдик. Ал жерде калган форумчуларды кутолу деп чечтик. Коп куттурбой Фианитбек анын артынан Сагы машиналарында келип калды. Озунор тушунгондой эле Суусамыр багытында Бишкек шаарынан 3 машина чыкканбыз. Фианитбектин машинасында Агат, УРБ Кж, Турдумамат байке жана Буу келди. Сагыныкында Айгерим, Азалав, Айжылдыздар болчу. Посттон бир сыйра фото сессия кылып жиберип Тоо-Ашууну багынтканга жоноп кеттик. Машинаны сабалап жатып чокудагы туннельге биринчи болуп биз жеттик. Ал жерде МАИчилер менен кичине ызылдашканга дагы улгурдук. Коп отпой Фианитбек менен Сагы дагы жетип келди. Ээрчишип алып отколдон тушуп кеттик. Биринчи жетуу деген принцип ПДД-ны карабай калат экенин силер деле жакшы билесинер да. Ошентип Суусамырдын тегиз трассасына тушкондо, бирин бирибизди куулаймай оюну башталды. Агат Фианитбектин жанына отуруп алып чымчылаганбы билбедим, айтоор алдыда келе жаткан бизден ашып жыргап эле калышты, бирок коп узабай машинанын донгологун жарып алышты. Буу илген суротто корунуп тургандай, мен жон отурбай мындай учурду пайдаланып, башымды терезеден чыгарып алып, аларды шылдындаганга жетиштим. Донгологун алмаштыргычакты баардыгыбыз дагы бир сыйрадан фото сессия кылып жибердик. Донголокту алмаштырып сапарыбызды улап, эс алчу жерге жетип да келдик. Оштон чыккан форумчулар бизден мурун жетип, жайгашып кымыздан даам татып отурушкан экен.
Биз дагы жайгашып, кыздарыбыз салат менен алышып, балдарыбыз очок менен кармашып калдык. Ар бирибиздин кулинария искусствобузду байкаш учун, жасалчуу тамактарды болушуп алдык. Эка, Серче, Асияшка жана мага биринчи тамак Шорпо тийди. Экинчи тамак Дымдамага Фианит, Айгерим, Кыргызша болунду эле догурунуп жатып мен дагы кошулуп алдым. Билбейм эмнеге экенин эс алууда эл ойноп чардап эс алса мен негедир тамак жасап эс алам. Тортунчу тамак эт асылып, беш бармак болмок. Ага Фианитбек шайланып алды, ага жардамчы болуп Сагы журду. Беш бармакты жасоого жон турбай мен дагы кол тийгизип койдум. Бешинчи тамак Озгондон келген куручко аш басу болду. Анын милдетин Азалав алды. Мага Азалав Бишкектен эле «Жардамбересин ээ» - деп айткан созун эстедим, бирок жардам бербей койдум

Кымызды окурто ичетургандардан Эка менен мен эле экенбиз. Шаарда журуп «Ох кымызга оло тойобузго» - деген умут акталды. Ойнодук, бийледик кыскасы жолугуушу ойдонку баа менен отту. Ал жактан алган позитив копко жетерине козум жетип турат.
Айтмакчы Суусамыр суук ушуйбуз деп барбай койгондор туз жалагыла. Себеби Суусамырдын аба ырайы биз барган кезге сонун болуп берди.
Кечинде озун озу тааныштыруу башкача айтканда интервью болуп, бирин бирибиз жонундо коп маалымат ала алдык. Айрыкча «Форумдан мен эмне таптым» - деген суроого берилген жооптор жакшы болду. Кыстырма кылып айта кетейин, мен ошол суроого жооп берген эмес элем, жоопту ушул отчетго кошо кетейин деп чечтим.
Мен форумдан эмне таптым? – Албетте жакшы санаалаш досторду таптым, дуйного болгон коз карашым чонойду, патриоттук демилгем которулду.
ССЖ-нын журушун дагы башка форумчулардын коз карашы жана фото отчету менен кубо боло аласынар деп оз отчетумду жыйынтыктасам. Чындыгында эсте калчу окуялар коп болду, бирок аны жазбайм. Себеби андай нерсеге активный болуп макалда айтылганда «Мин уккучакты, бир жолу оз козун менен кор» - дегендей озунор барып кубоо болсонор жакшы болмок.
Менин кыска отчетума конул болуп окуп койгонунуздарга чон рахмат.
Билдирүүнү түзөткөн: temu: 14 Октябрь 2011 - 08:52