"
Быйыл сөзсүз күйөөгө тием!" тасмасын көргөндөр барбы? Биз кечээ барып көрдүк. Киши абдан көп экен. Айрымдары кирип орун да таппай калышты окшойт. Кыскасы, тасманын сюжети биринчиден мага жакты. Башкы каармандар:
Назира Айтбекова, Чолпон, Максат (Нон-Стоп), Бегимай Эсенгулова,
Даниель жакшы аткарышыптыр.
Комедия жанры экен, татыктуу деп айта алам. Зал кечке күлүп отурду. Ал эмес аягында көз жаш кылган кыздар да болбой койгон жок. Көргөндөр болсо келгиле ой бөлүшөлү.
Быйыл сөзсүз күйөөгө тием! Бойдоктор үчүн))))
#2 14 September 2011 - 12:02
Азыр кинонун отушуно жана хит болушуна карап ырчы жылдыздарды тасмага чакыруу чон мода болуп калбадыбы. Мумкун ийгиликке жетуунун бирден бир ушундай кадамы бардыр. Эмнеси болсо дагы барып коруп коюш керек экен. Бирок азыркы тартылып жаткан тасмалар коп жага бербейт, убагындагы Кыргыз тасма шедеврлары эми кайра качан жанданат болду экен. Жайна касыл жаката, канчадан, кайсы убакытта экенинен маалымат бере кетсен.
#3 14 September 2011 - 12:06
Жайна сулуу мен сени тийет окшойт деп шашылып кире калса
Ошко келсе көрөюнчу анан темага кошулам.
Ошко келсе көрөюнчу анан темага кошулам.
#4 14 September 2011 - 12:20
Азыр кинонун отушуно жана хит болушуна карап ырчы жылдыздарды тасмага чакыруу чон мода болуп калбадыбы. Мумкун ийгиликке жетуунун бирден бир ушундай кадамы бардыр. Эмнеси болсо дагы барып коруп коюш керек экен. Бирок азыркы тартылып жаткан тасмалар коп жага бербейт, убагындагы Кыргыз тасма шедеврлары эми кайра качан жанданат болду экен. Жайна касыл жакта, канчадан, кайсы убакытта экенинен маалымат бере кетсен.
Элди тартуу үчүн ырчыларды, белгилүү адамдарды тарта башташты дегенге кошулам. Ушул убакка чейинкилерге салыштырмалуу, "удачно" деп эсептейм.
ПиЭс: Бойдок кыздар үчүн мастер-класс бар экен, жигиттердин көңүлүн алуу боюнча
Сабырдын түбү - сары алтын.
#5 14 September 2011 - 14:29
Жакшы тасма экен, мен да сунуштайм!
Айрыкча Чолпон деген ырчынын актердук дарамети салыштырмалуу байкалат. Баарына ийгилик, ал эми режиссер жана жалпысынан тасманын үстүнөн иштеген топко ыраазычылыктар билдиргим келет.
Пы.Сы. Жеке өзүмө айрыкча, шекер сепмей аяваааай жакты!
Пы.Сы. Жеке өзүмө айрыкча, шекер сепмей аяваааай жакты!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#6 14 September 2011 - 14:59
Бул кинонун аталышы эле кулкулуу экен. Озум болсо барып коро элекмин, бош убакыт болгондо достор менен коруп келсе болчудай. Мин уккандан бир коргон жакшы дегендей, мен да коргондон кийин, оз оюмду жаза кетем.
#7 14 September 2011 - 15:27
Armanda jurom kop kinonu korboi
Internetten akchasyn tolop kinonu download'en kylyp korgongo,mumkunchuluk tuzup koiushsa sonun bolot ele....
#9 14 September 2011 - 18:28
Мен Жайна турмушка чыгып жаткан го деп ойлосо. Интернетке чыкса коруп оюмду жазып коем буйруса.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#10 14 September 2011 - 18:42
Кыргыз киносуна жан киргендей,өнүгө баштады деп айтсам жаңылбайм.
Күйөөгө тиемди көрбөсөм да,Талас-Бишкектти көрүп,кыргыз киносу жандана баштаганына ынандым!
Күйөөгө тием Талас-Бишкеке дегендей эле комедия деп элестетип койдум!
Күйөөгө тиемди көрбөсөм да,Талас-Бишкектти көрүп,кыргыз киносу жандана баштаганына ынандым!
Күйөөгө тием Талас-Бишкеке дегендей эле комедия деп элестетип койдум!
#11 14 September 2011 - 21:47
Buiursa bizdin kyrgyz kinolorobuz akyryn-akyryndan onuguudo....Bul filmdi men dagy ayabai korgum kelip jatat..Inetke kachan juktolot boldu eken?
Бири кем арман дүйнө...
#12 15 September 2011 - 00:27
москвада жургон туугандар биз качан кайдан коробуз? жэ москвага чакыралыбы?
келечек алдыда
#13 15 September 2011 - 10:26
Мен Жайна турмушка чыгып жаткан го деп ойлосо. Интернетке чыкса коруп оюмду жазып коем буйруса.
Сабырдын түбү - сары алтын.
#14 15 September 2011 - 10:27
Ушу кинону коруш керек болуп атат, срочно жаны жылга чейин.
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#15 15 September 2011 - 13:44
Одногруппцам менен бардым ага кызыктуу болуп жатты мен зергип кеттим коп мындай жанрдагы кинолорго кызыкпайм.
#16 16 September 2011 - 11:11
Кечо убакыт табып Жайна мактаган киного бардым. Алгач кино баштала электе болгон окуяларды жана мен байкаган нерселерди айта кетсем. Мен 20:00 болчу киного билет алып, кино башталарына ченемдуу убакыт калганда залдын киреберишине туруп калдым. Залда 18:00 башталган кино буто элек экен (Ал дагы ушул кино экен). Анан залдын эшиги ачылып ичинде отургандар чыга баштаганда бир сыйра жылмайып алдым. Себеби коруучулордун 80 % жалан кыздар экен. Бул тасма кыздарга арналган тасмабы же чынында эле быйыл куйого тийем дегендер коппу билбедим. Туртушуп тыгылышып жатып залга кирдим (Айта кетчу жер мен киного кирип баратканда кинодон чыгып бараткан форумчубузга жолугуп калдым). Анан коптон куткон кино дагы башталды. Жайна айтмакчы турмуштан алынган сюжеттер дегенине кошулам. Айрыкча Рашанын ролун аткарган Назира жакшы образ жаратыптыр.
Эсте калган эпизод Чолпон башына кум шекер себип анан Даниельдин колуна эсин жоготуп койгон жери. Оригинально жана кулкумушту аткарылган.
Жана ошондой эле Бегимай кралинге тушуп калып боз уйго келип ый менен кулку аралаш суйлогон жери эсте каларлык болду. Толугу менен айтканда кино начар эмес. Бирок бир жолу коруп койчу кинолордон десем болчудай.
#17 16 September 2011 - 11:36
жакшы тасма окшойт, мен да коргум келип калды-окуп коруп, анча-мынча приемдеордок уйронуп алыш керек биротоло
#18 16 September 2011 - 13:08
Мен кечөө барып келдим. Мага да тасма жакты, жаман эмес. Өзгөчө эсте калган эпизоддорго мен Рашканын трактордун үстүндө отуруп алып "трактор,
трактор..."
деп кыйкырып ырдаганы, үч кыздын талаада бийлегендери болду.
Кыздар жакшы аткарышкан деп айта алам, айрыкча Назира Айтбекова кадимкидей, эч жасалмалуулугу жок аткарган.
Кыздар үчүн кызыктуу эле болду, ал эми балдардын зеригип отургандарын да көрдүм.
Залда отургандардын 95 пайызы кыздар экенин байкадым. Анан аягында баарыбыз залдан чыгып жатканда кыздардын "биздин көчөдө да майрам болот" деген сөздөрүн угуп алып жылмайганга арга жок болду.
Кыздар жакшы аткарышкан деп айта алам, айрыкча Назира Айтбекова кадимкидей, эч жасалмалуулугу жок аткарган.
Кыздар үчүн кызыктуу эле болду, ал эми балдардын зеригип отургандарын да көрдүм.
Залда отургандардын 95 пайызы кыздар экенин байкадым. Анан аягында баарыбыз залдан чыгып жатканда кыздардын "биздин көчөдө да майрам болот" деген сөздөрүн угуп алып жылмайганга арга жок болду.
Ошо кечо кайсы форумчуну кордум деп эстей албай жатса сен белен
#19 16 September 2011 - 18:02
Ушул темага жазгандын баары быйыл күөөгө тийишет... Албетте айымдар. 
Кино кыздарга эле кызык экен деп айткандарынан, жана жалаң эле кыздар мактап жазып кеткенинен, атайын барып көрбөйм. ДВДси чыкканча же Интернетке чыкканча күтөм.
Кино кыздарга эле кызык экен деп айткандарынан, жана жалаң эле кыздар мактап жазып кеткенинен, атайын барып көрбөйм. ДВДси чыкканча же Интернетке чыкканча күтөм.
```
#20 16 September 2011 - 18:24
Ушул темага жазгандын баары быйыл күөөгө тийишет... Албетте айымдар. 
дегенинизден эле шашылып жазып кетейин дедим
Олло кызыктырдынарго, кризис чонтогумо кирип алганда.
Айла жок эртен барып келем, биро жарымды бир билетке сындырып.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...

Супер-Инфо
super.kg
видео




















