Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#1 Пользователь офлайн   Таллас   16 Сентябрь 2011 - 19:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Бул тема аябай кызыктуу болот деген ишеничтемин. Анткени, арабызда "Библияны" эңкем дегенде он жолу окуган адамдар бар! Ошол адамдарга менин суроолорум, албетте, бар. Башка форумчулардын да суроосу бар болушу керек. Мисалы бирин-экин форумчулардын кызыгуусун байкадым. Кызыкпагандачы? ! Библия негизи эле кызык китеп да. "Эң көп басып чыгарылган жана эңкөп тилге которулган" деп да жүрүшөт.

Кыскасы, бул жерде суроо-жооп, талкуу бир гана Библия китеби тууралуу болсо жакшы болоор эле. Темадан тышкары сөздөрдү дал келген тема ачып ошондо талкууланса. .

Анан да кызуукандуулукка алдырбай, салабаттуулук менен эмне деп койчу эле, жанагы бир "акылдуу" сөз юар го, толеранттулуук деген, дал ошол толеранттулулукту сактап суроо-жоопторду жазсак. Антпесек, башка форумдарда "Дин" бөлүмү ошондой себептер менен жабылганы көбүңүздөргө маалым.

Кеттик анда.

Менден биринчи суроо:

Азыркы күндө колдонулган Библия кайсы версиясы? Король Джеймстин Библиясы бар дешет, Варнаванын Библиясы бар дешет.. ошонун кайсы бирин "Кудайдын сөзү" деп таанылат болду экен, бул христиан дүйнөсүндө. Айтмакчы, христианды арабча "насраний" дейт. Муну эми, мындай кошумча маалымат үчүн жазып койдум. Араб тили дегенде "чоң казатка" баргысы келгендер, эптеп чыдап койгулачы, макулбу?..

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   MIRlan   16 Сентябрь 2011 - 19:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

zohanzavr кайда журот? Ошол бала жооп берет! Мен библияны коргон да эмескемин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Evelet   16 Сентябрь 2011 - 21:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Debi жазып жатты беле "кундо окуйм"-деп. Мм анда жакшы билет болуш керек...
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   wumida   16 Сентябрь 2011 - 22:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 070
  • Катталган: 02 Июль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2021 22:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Эн ыйык жер....

Ислам эскертет: библяны окуу жана билуу ден-соолукка зыян!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   ANELKA   17 Сентябрь 2011 - 00:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 253
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2018 21:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аравия!

;)Аллах ыраазы болсун сизден Таллас байке, кана королучу заламилерди, кантеер экен!
Сулуудан коркпойм, уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   AZAMAT875   17 Сентябрь 2011 - 07:23

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 185
  • Катталган: 14 Июнь 11
  • Соңку аракети: 19 Окт 2011 01:09
  • Жынысы:Эркек

сонун тема экен, мага абдан жакты !!! :good:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Таллас   17 Сентябрь 2011 - 16:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Биринчиден токтоолук, салабаттуулук жана тарбиялуулук адамдын даражасын көтөрөөрүн дегеле бул сапаттар адамды кооздоорун эске алуу менен төмөндө боло турган, т.а., жазыла турган нерселерге ынтаа коюп окууңарды суранам.

Анан да кайсы бир айтышта, диспутта мейли юридикалык, мейли турмуш тиричилик иштерине байланыштуу маселелерди чечүүдө күбө дайындап алгандай эле, бул болуучу диспутта күбө катары бул форумда орду, салмагы бар адамдарды күбө болууга чакырып кетмекчимин. Кайсы бир форумчунун колжазмасында жазылып тургандай, “Калысыңар калыстыкка келгиле, кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!”.

Кыскасы, күбө болуп бергиле!


Анда эмесе баштайлы “БисмиЛлахир Рахмаанир Рахиим” деп туруп.

Баштаганда эле Акыркы Осуят, т.а. Куран китебинен бир аятты келтирсем. Христиандарда Эски Осуят жана Жаңы Осуят бар болгондой эле, Куранды алардын жыйынтыктоочу Акыркы Осуят деп койсо болчудай. Муну мен ойлоп тапкан жокмун, Ислам дүйнөсүндө илимдүү деп таанылган жана көптөгөн христиан аалымдары менен айтышка чыгып, аларды дайым далилдүү аргументтери менен сөзгө жыгып жүргөн Ахмад Дидат, Аллах андан ыраазы болсун, айткан бул сөздү. Бул аят эч кандай бөлүнүп жаруучулукка жана христиандарды жемелөөгө же аларды сындыргууга үндөбөйт, тескерисинче алардын пайдасына түшкөн десем жаңылышпайм. Эмесе эмне деп жазылыптыр ошол аятта, ошого көңүл бурсак:

Ты непременно найдешь самыми лютыми врагами верующих иудеев и многобожников. Ты также непременно найдешь, что ближе всех в любви к верующим, являются те, которые говорят: «Мы – христиане». Это – потому, что среди них есть священники и монахи, и потому, что они не проявляют высокомерия. [Куран, 5-сүрө, 82-аят]

P.S.
Мен бул жерде аргумент катары Э.Кулиевдин которгон котормосун колдондум, менде кыргызча Курандын элетрондук варианты жок болгондугуна байланыштуу ушул Курандан алып көчүрүп коюп жатам. Өзүм деле кыргызчага которуп койсом болмок, бирок, мен “аяттарды туура эмес которуп албайын” деп ушундай жолго аргасыздан барып жатам. Мен, жакына арада Шамсуддин АбдыКалык уулу которгон котормонун электрондук версиясын алсам, бул аяттарды кыргызчасына алмаштырып коём, иншаАллах.

Анан да Библиядан кайсы бир стихтерди келтиргенде андан да орусчасын коём, кыргызчасынын электрондук версиясы жоктугуна байланыштуу. Түшүнүү менен кабыл алсаңыздар!

Так, Курандын 5-сүрөсүнүн 82-аятында христиандарды мусулмандарга эң жакын коом деп айтыптыр Аллах. Демек, алар христиандын кайсы бир сектасында болбосун, мейли пятидесятник, мейли Иегова күбөлөрү, мейли католик, мейли протестант, мейли православ, мейли баптист болсун, алардын арасынан текеберчилик кылбагандары мусулмандардын эң жакын адамдары деп айтылууда. Куранда мусулмандардын душмандары – жүүттөр жана кудайсыздар делинет. Ал ушул аяттын башында айтылды. Ал эми, христиандар, жакын адамдар болгондуктан, аларга жакшы мамиле да кылуу керек. Ошондуктан, мен өзүмдүн диндештеримди аларга канчалык суук мамиле, оройчулук көрсөтүлүп жатса да кызуукандуулукка алдырбай, сабырдуулук менен, тарбия көргөн адамга гана мүнөздүү токтоолук, салабаттуулук менен жооп бере алган жерге сөзсүз түрдө туура, так далилдер менен жооп берүүгө чакырат элем, өзүмдү да дал ошондо мамиле кылууга мажбурлайм.

Мен айткан Ахмад Дидат швед элинен чыккан доктор Стэнли менен болгон диспутунда: “Мен бир топ Библиянын версияларын билемин. Атап кетсем, рим католик чиркөөсүнүн Библиясы жана протестантар Библиясы. Король Джейсмтин Библиясына негизделген Скофилддин Библиясы жана швед Библиясы. Ошонндой эле азыр менин колумда турган эки опокшош бирок, басылып чыккан жылы ар кайсы Библиялар. Ошолордун кайсынысын Сиз Кудайдын Сөзү деп тааныйсыз? ”, - дегенде пастор түз жооптон качып койду эле: “Мен мага убакыт берилгенде гана сөз сүйлөйм”, - деп.

Мен да дал ошол суроону сизге бермекмин:

Сиз, урматтуу Деби айым, кайсыл Библияны Кудайдын сөзү деп тааныйсыз, жана сиз аргумент келтирип жаткан стихтер (ушинтип айтууга болобу же кыргызча кандай?) кайсыл Библиядан?

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 17 Сентябрь 2011 - 16:34

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Таллас   17 Сентябрь 2011 - 16:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Библияны ачканда эле эң биринчи китеп Бытиенин биринчи бөлүмүнүн (же бабынынбы?) биринчи стихинде:

В начале сотворил Бог небо и землю

деп жазылып турат. Бирок, Библиянын иврит тилиндеги түпнускасы сымалында “Элохим” деп келет. Илибой жүүттөн сурасаңар, “Элохим ” деген “Кудайлар ” деп которулаарын айтып берет. Бирок, котормочулар, “Элохим”, б.а., “кудайлар” деп келген жерин атайы “Кудай” деп которуп коюшкан! А "Кудай " деген ивритче "Элахим "! Бир эле котормосу эмес, Библиянын жүздөгөн котормолорунда ушинтип которушкан!

Деби, эгер сиздер сиз эң кеми дегенде эле он жолу окуган китепти, Библияны Кудайдын Сөзү деп таанысаңыз анда, айтыңызчы, ошол Кудайдын жараткандары, т.а., биз Кудайдын сөзүнө бирдеме деп кошуп же бирдемени алууга жана өзгөртүү, толуктоо киргизгенге кандайча акыбыз бар? Ыя?!

Библиянын өзүндө “Кимде ким Библияга бирнерсе деп кошсо, ал өмүр бою каргышка калсын” делинет го?.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 17 Сентябрь 2011 - 16:47

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Таллас   17 Сентябрь 2011 - 17:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Анан да биз Эски Осуяттын алгачкы беш китебинде – “Бытие”, “Числа”, “Левит”, “Исход” жана “Второзакние” 700 (Ж-ет-и ж-ү-з) жолу биз көрөбүз, Библия бул эч кандай эле Кудайдын сөзү эмес экенин. Жана муну Эски Осуяттан гана. Анткени, ал жакта: “Кудай айтты”, “Моисей айтты” деп кандайдыр бир “үчүнчү күчтөр” ;) айтып баяндап жатат. А христиан дүйнөсүндө Эски Осуят пайгамбар Моисейдики (Муса алейхисалам) делинет.

Мына ошол Мусага берилген Осуятын бешинчи китеби “Второзаконие” 34-бөлүмүндө мындай делинет:
5. И умер там Моисей, раб Господень, в земле Моавитской, по слову Господню;
6. И погребен на долине в земле Моавитской против Беф-Фегора, и никто не знает места погребения его даже до сего дня.
7. Моисею было сто двадцать лет, когда он умер; но зрение его не притупилось, и крепость в нем не истощилась.


Көрүнүп тургандай Муса пайгамбар өлдү. Жан таслим болду, дүйнө салды, оо дүйнөгө узады, кыскасы ал мындан кийин эч нерсе дей албайт. Анан да бул контекстте келген сөздөр өткөн чакта айтылат.

Суроо туулат:

Муну Кудай айттыбы?
Же Моисей айттыбы?

Жооп: -Жок! Кимдир бирөө. Популярдуу сөз: “Үчүнчү күчтөр!” :)

Анан да бир кызыктуу жери, Моисейдин кай жерге көмүлгөнү жазылып турат да, анан “и никто не знает места погребения его даже до сего дня” деп койгону кандай? Үчүнчү күч акылдан азганбы не?

Бул жазгандарым. . менин байкоолорум эмес бул каталар эчак эле табылып, эчак эле пастор, епископторго берилип алар жооп бере албай, жарга, кээси бурчка такалып, ал эми башындагы шариги иштегендер өздөрүнүн туура эмес жолдо жүргөнүн мойнуна алып акыркы жана таза дин Ислам динин кабыл алып өз жандарын сактап калышты. Буга мисел, Вячеслав Али Полосин. Жана атын унутуп жатам Канададагы христиандардын абройлуу лидери, идеологу дүйнөгө таанымал христан аалымы “Баланча”, мен аны тактап жазып коём. Мен башкаларга окшоп оюма келгенди жазып, анан ошол оюма келген нерсени башка бирөөлөр таап көзүнө көргөзсө да” Ии, байкабай калп айтып алган турбаймбы? ” деп оозумду тырмап тим болуудан жана маскара болуудан мурда, билбегенимди билбейм деп, андан көрө маалыматты тактап туруп анан жазууну артык көрөм.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 17 Сентябрь 2011 - 17:17

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Таллас   17 Сентябрь 2011 - 17:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Таллас (17 Сентябрь 2011 - 17:11) жазган:

Бул жазгандарым. . менин байкоолорум эмес бул каталар эчак эле табылып, эчак эле пастор, епископторго берилип алар жооп бере албай, жарга, кээси бурчка такалып, ал эми башындагы шариги иштегендер өздөрүнүн туура эмес жолдо жүргөнүн мойнуна алып акыркы жана таза дин Ислам динин кабыл алып өз жандарын сактап калышты. Буга мисел, Вячеслав Али Полосин. Жана атын унутуп жатам Канададагы христиандардын абройлуу лидери, идеологу дүйнөгө таанымал христан аалымы “Баланча”, мен аны тактап жазып коём. Мен башкаларга окшоп оюма келгенди жазып, анан ошол оюма келген нерсени башка бирөөлөр таап көзүнө көргөзсө да” Ии, байкабай калп айтып алган турбаймбы? ” деп оозумду тырмап тим болуудан жана маскара болуудан мурда, билбегенимди билбейм деп, андан көрө маалыматты тактап туруп анан жазууну артык көрөм.


Тактадым!
Доктор Ж.Миллер экен. Ал Канадада христандардын эң абройлуу иделогу болгон. Ал христандардын китептеринин түшүнгөн аалымы болгон. Анан да башка дүнүйө илимдеринен ал математика жана логикага кызыгуу менен бирге диалектиканы да жакшы билген. Анан ал Курандан ката табуу жана муну менен мусулмандардын оозун жап кылуу максатында Куранды окуп чыгат. Ал Куран деген арабдардын 14 кылым мурдагы чөлдөгү жашоосун көркөмдөгөн бир чыгарма болсо керек деп окуп көрүп анан окуган нерселеринен ал башкача таасир алат. Мисалы, ал Мухаммад пайгамбардын өмүрү, анын аялын Хадиджанын өлүмү жана анын балдарынын өлүмү жана кыздары тууралуу маалыматтар Курандан орун алган эле деп ойлогон. Бирок, ал анын ордуна “Марям” деген сүрөнү табат. А Марям деген бул – христиандар кудай даражасына чейин көтөрүп сыйынып кеткен Иса пайгамбардын энесинин аты. Мындай урматтоону ал христиан китептеринен тапкан эмес эле.


Анан да ал Мухаммад пайгамбардын аялы Аиша жана кызы Фатиманын атынан аталгын бир да сүрөнү таппайт. Ошону менен бирге ал Иса пайгамбардын аты Куранда 25 жолу кезиксе, ал эми ошол Куран түзмө - түз түшүрүлгөн пайгамбар Мухаммаддын аты болгон 5 эле жолу кезиккенин табат.

Ал Куранды ушунчалык ынтаа коюп, кайсы бир адамдар, “Ой, мен деген Куранды баштан аяк окуп чыккам” деп төш каккылагандай эмес, чын дили менен окуп ката табуу менен алек болуп жатып 4-сүрөнүн 82-аятында (айтмакчы бул сүрөнүн аты “Аялдар”, ислам дини аялдарды басмырлайт деген бош сөздөрдү лозунг катары ар бир бурчта кыйкырып жүргөндөргө өзүнчө жооп бар!) мындай деген аятты окуп, аябай таң калат. Эмне деп жазылыптыр дебейсизби?

Неужели они не задумываются над Кораном? Ведь если бы он был не от Аллаха, то они нашли бы в нем много противоречий. [Куран, 4-сүрө, “Аялдар” сүрөсү, 82-аят]

Анан ал төмөндөгү сөздөрдү айтат:

“Бир да автор өз чыгармасында бир да ката жок деп айта албайт. А Куран адамзатка тескерисинче “Бир ката тапкылачы?! ” деп чакырык таштоодо. Бирок, адамзат канчалык аракет кылбасын, баары бир бир да ката таба албайт”, - деп ислам динин кабыл алган.

Аллаху Акбар!

Аллах Улук!

Дагы бир жер Миллер деген илимдүү адамдын көңүлүн өзүнө бурат. Ал аят “Пайгамбарлар” сүрөсүндөгү 30-аят эле. Анда мындай делинет:


Неужели неверующие не видят, что небеса и земля были единым целым и что Мы разделили их и сотворили все живое из воды? Неужели они не уверуют? [Куран, 21-сүрө, “Пайгамбарлар” сүрөсү, 30-аят]

Анан ал мындай деп айтат:
“Бул аят толугу менен 1973-жылы Нобель сыйлыгына ээ болгон илимий изилдөөнүн темасына дал келет”.
Бул изилдөө чоң жарылуу теориясына негизделип, анда башында бардыгы бирдей болуп анан бөлүнгөн деп айтылат.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 17 Сентябрь 2011 - 17:37

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Таллас   17 Сентябрь 2011 - 17:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Урматту, Деби жана башка ага окшогондор!
Мен сиздердин айта турган сөзүңүздөр бар деп ишенем. Бир гана нерсе суранып кетмекчимин:

Сиз жана сизге окшогондор, айтып жатасыздар: "Мен оркойгон аргументтерди келтирип жатам. Силердин келтирген аргумент сымалдарыңар ишке жарабайт" , - деп. Бирок, мен сиздин ошол "аргументтериңизден" эч кандай так шилтеме таба албадым. Сиз Библияны эң жок, болдоду жан өлүп калды, куруду дегенде 10 жолу окуган адам эмессизби , улук даражаңызды кичик кылып, кайсы жерден эмнени алып жатканыңызды жазып койсоңуз. Мисалы, Луканын жазганы, баланчанчы китеп, баланчанчы бөлүм жана бастанчанчы стих деп. Балким, дал ошол стихтер бизди кызыктыраар. Дал ошол стихтердин ар жагында контекстинде башка маани жаткандыр. А мен болсо, алдын ала айткандар мурда, өзүм дал ошондой кылып сизге үлгү болуп кеттим деп ойлойм бул маселеде. Дагы кайталайм, кийиз китептен алгандай болбой, Сиздин жазгандарыңыздын кайсыл жерде экенин көрсөтсөңүз! Же ошончолук эле кыйынчылык туудурабы?

Анан да дагы бир жолу кайталап кетүүгө мажбурмун: Сиз Библиянын кайсыл котормосун колдонуп жатасыз? Кайсыл жерде басылып чыккан, канчанчы жылы. Антпесе, Библиянын жүздөгөн котормолору бар, Баары бири-биринен айырмаланат!


P.S. Айылда жыргал экен. Интернети жай болгонуна байланыштуу бир нерсеге гана көңүлүңдү коюп, башка нерсеге алаксыбай жооп жазганга мумкүнчулүк түзүлөт тура!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Debi   17 Сентябрь 2011 - 19:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Бут тарыхты кылымдардан ашырып,
Бакыт, байлык, омур кенчин жашырып,
Созун Кудай тартуулаган адамга
Аалам сырын алаканга батырып!

Мындай темада суйлошууго эчак эле каалоом болсо да, сайт ээлери туура коробу, корбойбу деп, дээрлик 21 кылым бою кызуу талаш жаратып келаткан теманы ачууга батынган эмес элем. Азыркы кезде, сайт ээлери оздору билет да, жапса жаап коюшаар деп, тобокелге салып ачууну эп кордум. Библия эмне дээрин, алгачкы барагынан баштап эле жазсамбы деп, эмнегедир буйдалып турдум да, азыркы мезгилде орчундуу болуп турган темасынан баштоону чечтим. Айтып койгонум он болор, утуркусун утур даярдап жаза турган шартта болгондугума байланыштуу, узгултукко учурап турат. Бирок, тыныгууларды копко создуктурбаганга аракет кылам.

...Ал чоңго да, кичинеге да, байга да, жакырга да, эркин адамга да, кулга да – бардыгынын оң колуна же чекесине белги салдырат. Ошондо ушул белги: же жырткычтын ысымы, же анын ысымын билдирген сан коюлбаган адамга сатууга же сатып алууга болбойт. Бул жерде акылмандык керек. Кимдин акылы бар болсо, ал жырткычтын санын эсептеп алсын, анткени бул – адамдын саны. Бул сан – алты жүз алтымыш алты(Аян13:16)

Бул жерде акыр заманда келе турган тажаалдын (Машайактын каршылашы) иш аракети тууралуу жазылган. Бул тууралу маалыматка ээ болгондон кийин, 2-3 жыл бою бул кандайча болорун тушуно албай журдум. Кантип эле адам баласы колун же чекесин тосуп берсин дечумун. Корсо Эйден багында Обо энени "Олбойсунор, Кудайдай болуп каласынар" деп азгырган шайтан, ошол эле кейип менен, "Бул технологиянын эн мыкты жетишкендиги" деп келет тура. Азыркы кезде ал кандайча ишке ашарын боолголоп билүү кыйын эмес. Бүгүнкү күндө борбор калаабыздын белгилүү дүкөндөрүндөгү кардарларды тейлөө тартиптерин байкадыңыздар беле? Мейли тамак аш болсун, мейли буюм болсун, ага түшүнүксүз сызыктар жана сызыктардын аягында ар кандай цифралар жазылган товардык белги жармаштырылган. Акча төлөнчү жерде компьютер жана ага атайын орнотулган электрондук аспап бар. Акчаңызды эсептеп жаткан дүкөндүн кызматкерлери ал аспапты алган буюмуңуздун ошол товардык белгисине жакындатканда эле, кичинекей кызыл жарыгы күйүп, ал канча сомдун товары экенин компьютерге киргизип берет. Компьютер көз ирмемде канча акчага соода кылганыңызды санап берет. Сиз акчаңызды бересиз, дүкөн кызматкери калганын кайырып бериши керек. Муну да жеңилдетип жатышат. Сиздин акчаңыздын суммасы бир карточкага киргизилет. Сиз дүкөн кызматкерине ошол карточкаңызды сунасыз. Ал компьютерге туташылган дагы бир тетикке койгондо, ал карточкадан керектүү акчанын суммасы кемитилип алынат. Кандай гана ыңгайлуулук! Акча эсептеп отурбайсың, туурабы? Бул илим менен техниканын алдыңкы өнүгүштөрүнүн бири. Мына ушулар менен ат салышууну Кудайдан да биринчи орунга койуп жүргөндөр, жашоолоруна корстон болбой, абайлашсын. Карточкадан да жеңил жолу бар болот. Ал жөн гана сен тууралуу маалымат жана акчаңдын суммасы киргизилген кичинекей карточканы теринин алдына киргизип койуу.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 17 Сентябрь 2011 - 19:44

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   MIRlan   17 Сентябрь 2011 - 23:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Библийский сайт болуп кетпесе эле болду!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   NUR-KYZ   17 Сентябрь 2011 - 23:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 14 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2011 15:31
  • Жынысы:Аялзаты

урматту тууган библияны пропаганда кылыш учун сайт ачып албайсызбы оруста\р колдойт эле, а биз Альхамдулиллах мусулманбыз, бирок андай мындай деш бизде жок, себеби Жараткан Аллах Тааъла адамга эркиндик берген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Belochka   18 Сентябрь 2011 - 00:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 01 Август 11
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2011 23:19

Forumchulardy biblijaga,babtistter uguttop jatkandagy kerbezi go,emne ele superde biblija dep ele kalyshkan ja?Akryndap kulaktarybyzga kuiup jetkireli deshken gooСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   info   18 Сентябрь 2011 - 01:24

  • Генерал
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Администраторы
  • Билдирүүсү: 904
  • Катталган: 14 Август 06
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 23:48
  • Калаасы:Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 402 (Исанов көчөсү менен кесилиште)

"Библияга суроом бар" деген тема менен "Библия мындай дейт" деген тема бирикти. Окшош тема ачкан үчүн авторго эскертүү :эреже: !
Мезгилден артта калбаңыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Debi   18 Сентябрь 2011 - 21:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"... бизде эң туура айтылган пайгамбарчылык бар. Таң агарып, таңкы жылдыз жүрөгүңөрдө чыкканга чейин, караңгыда жарык чачкан чырактай болгон ушул пайгамбарчылыктарга кайрылып, туура кылып жатасыңар. Баарынан мурда Ыйык Жазуудагы бир да пайгамбарчылыкты эч ким өзүнөн өзү айтпагандыгын билишиңер керек. Себеби пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан" (2Петир 19-21).

Кудайдын Созундогу ушул аяттар мени бугун да канат байлатып, журогумдо тил жеткис канааттануу дааналанып турду.

...Ал чоңго да, кичинеге да, байга да, жакырга да, эркин адамга да, кулга да – бардыгынын оң колуна же чекесине белги салдырат. Ошондо ушул белги: же жырткычтын ысымы, же анын ысымын билдирген сан коюлбаган адамга сатууга же сатып алууга болбойт. Бул жерде акылмандык керек. Кимдин акылы бар болсо, ал жырткычтын санын эсептеп алсын, анткени бул – адамдын саны. Бул сан – алты жүз алтымыш алты(Аян13:16)

Ушул дээрлик 20 кылым мурда айтылган пайгамбарчылыктын аткарылып жатканын баяндоомду улантайын. Мына бул маалыматты интернет булактарынан алдым, кыскача узундусун келтирейин:

Дуйно боюнча бирдей валюта болушу жана дуйно боюнча бирдей каржы системасы болушу – бул жыйынтыктоочу этап. Кечээ жакында Кытай дуйно боюнча бирдей валюта болушун каалаарын билдирди. Франция буткул дуйнолук бирдей тартип болушун каалаарын билдирди. Мунун акыры менен дуйнолук жаны тартип болот.

дуйнолук жаны тартип боюнча Обама Берлиндеги иш сапарында мындай соз суйлогон, маалымат корсотуусунон репортажга орун бергени жаткан журналисттин созун кошо окуйлу: Барак Обаманын Европалык турда сырткы саясат боюнча сүйлөгөн сөзүн угуш үчүн миңдеген адамдар келгенине байланыштуу, бүгүн Берлин кадимкисинен башкача сыяктанат. Демократ президент дүйнөлүк жаңы тартиптеги Американын ээлеген ордун алдын ала кандай көрүп жаткандыгын сүрөттөп берди. Ал сөзүн Американын сыймыктанган атуулу экенин жана достук мамиледеги дүйнөнүн атуулу экенин билдирүү менен баштады.
Б.Обама: Америка дүйнөдөгү кырдаалды оңдой ала турган күчкө ээ эмес эле, дүйнөдөгү көйгөйдүн бир бөлүгү деген пикир өтө кеңири жайылган пикир болуп калды.
Ырас, Европа менен Американын ортосунда айырмачылыктар болуп келди жана боло береринен да эч күмөн жок. Бирок глобалдуу атуулдуктун оор жүгү бизди бириктирүүсүн улантууда. Вашингтондогу өкмөттүн алмашуусу бул жүктү алып сала албайт. Бул жаңы кылымда Америка менен Европа бир жана бизден аз эмес, көп нерсе кылуу талап кылынат. Улуттар аралык шериктештик жана кызматташуу бул тандап ала турган жол эмес, биздин жалпы коопсуздугубуз сакталышы үчүн жана адамзат баалуулуктарына бирдей жетишибиз үчүн жападан жалгыз жол.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 19 Сентябрь 2011 - 18:19

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Debi   18 Сентябрь 2011 - 22:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Дуйнолук жаны тартип - банкирлер башкара турган бүт дүйнөлүк бир өкмөт. Программа бүт бойдон өзүнө адамдардын бардыгы терилеринин алдына радиожыштыкка туураланган микрочипти алып жүрүшкөн дүйнөлүк бир өкмөттү түзүүнү камтыйт. Болгон акчалардын бардыгы ошол чиптерде болот. Колго кармап колдоно турган акчалар биротоло жок болот. Каалаган убактарында ал чиптен каалашынча акча алып ала беришет. Эгерде сиз, бул шайтандын моорун коюуга шарт тузот деп, аларга кандайдыр бир каршылык кыла турган болсоңуз, алар жөн гана сиздин чипти тазалап коюшат, сиз эчтекеңиз жок каласыз. Сиз тамак алып жей албайсыз, сиз эч нерсе кыла албайсыз. Бул адамдарды толук бийлеген көзөмөл.

...же жырткычтын ысымы, же анын ысымын билдирген сан коюлбаган адамга сатууга же сатып алууга болбойт.
Чип сиз эмне кылып, эмне коюп жатканыңыздын бардыгы маалымдалып тура турган база менен байланыштырылган. Алар өздөрү
башкарып тура турган бүт дүйнөлүк өкмөттү түзгүлөрү келет. Бардык адамдардын терилеринин алдына чип киргизилет. Акчанын бардыгы ошол чиптерде болот. Алар болсо ошол чиптерди башкарат. Адамдар болсо алардын кулу, кызматчылары болушат. Алардын максаты, ниети мына ушундай.
Машайак келээрдин алдында бийликке келе турган тажаалдын(антихрист) келишине жана анын бийлик кылышына даярдалган система мына ушул. Компьютерлешуу ото тездик менен онугуп жаткандыктан, бул кун алыс деш кыйын. Мына ушул тартиптин ишке киришинин белгилерин корорунор менен, эстегиле, силердин Эгенер жалгыз гана Кудай! Ага гана таандык болушунар керек!
Анткени мыйзамсыздыктын жашыруун сыры азыр аракетте, бирок токтотуп туруучу алынмайынча, ал ачыкка чыкпайт. Ошондон кийин гана мыйзамсыз адам ачыкка чыгат, аны Теңир Ыйса оозунун деми менен өлтүрөт, Өзүнүн келгендеги көрүнүшү аркылуу жок кылат. (2Тес.2:7-8)

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 18 Сентябрь 2011 - 22:21

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   baksid   19 Сентябрь 2011 - 04:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 297
  • Катталган: 29 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 11 Июн 2023 05:30

Debi, Сен суроолорго жооп берип анан үгүт иштериңе өтсөң жакшы болот эле!!
Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Debi   19 Сентябрь 2011 - 09:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения baksid (19 Сентябрь 2011 - 04:02) жазган:

Debi, Сен суроолорго жооп берип анан үгүт иштериңе өтсөң жакшы болот эле!!

Таллас никтер менен кирем деп журчу эле, неси болсо да.
Мына, мен азыр сен эмнени угут деп жатасын деп сурайм да, менин жазгандарым угут эмес экенин аныктоого отом, анан пайдасы жок создор дагы башталары мумкун. Ал эми Таллас бул жерде толеранттуулук, кызуу кандуулукка алдырбастык сыяктуу(ушуларга ким уйротсо жарашат эле дейм да) шарттарды жарыялап, башкаларды окутпастан эле сактап, мага каршы пикирде болсо да, оз пикирин омуроолобой эле жазып жатышкан адамдардын жазгандарын окуп, алардан сабак алып, озунун каталарын мойнуна алып, андай каталарды кетирбесине ынандыра алганда гана мен анын суроолоруна жооп жазып, маек жургузушум мумкун. Озу аткара албаган нерсени башкаларга уйротмокчу болгон адам менен созго келууго аракет жасоонун озу куру убара. Пайдасыз создорго убакыт коротуп не кылам.

Кечкурун Библия эмне дээринен жазып улантам деп турам, Кудай буюрса.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 21:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: