Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#21 Пользователь офлайн   ANELKA   19 Сентябрь 2011 - 18:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 253
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2018 21:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аравия!

бул жерде Таллас байкеге окшогон чыныгы ыймандуу, мусулман досторубуз абдан коп !!! Сен Таллас байкеге асылбай, берген суроолоруна жооп жазбайсынбы? Эгерде туткан динин, окуган китебин, кармаган жолун, айткан создорун туура болсо !!! Албетте, жооп бере албайсын, женилуунун ызасын тартып эми Таллас байкенин озуно асыла баштадынбы? !! Сага айтаар элем, орустардын сайттарына кирип же болбосо озун башка бир сайт ачып алып ошол жерде дааватынды кыла берчи озундун динине сураныч !!! Бул жерден эч кандай жакшылык, пайдалуу иш кутпой эле кой !!! Ыйсанын жерге кайтып келуусу Куранда кандай жазылган деген темага ... мен томондо жазган создорумду жакшылап окугун и амал кылгын, биз жонокой адамдарды алдайм деп ойлобо, ошол ислам аалымы Ахмед Деедаттын видеолорун кор, китептерин оку, толук тушунук аласын, кайдагы бечара форумчуларды кыйнап, башын оорута бербей !!! мен сени менен талашып тартышып, убактымды кетиргим жок и убактым да жок !!! жазгандарынды да окугум жок, билем пайдасыз, жана майнапсыз роман жазасын толтуруп !!! АЛЛАХ САГА ЫЙМАН БЕРСИН ЫЛАЙЫМ !!!-деп жазган элем, жообун эмне болгон мага билесинби? эмне дейин, кыргызда жакшы соз бар, аман эле бол деп жазгансын !!! Сен да, Таллас байкеге асылбай жооп берсен жообунду жаз, же озун айткандай аман эле бол да, туура жолго Ислам динине кайткын !!! Сен жана тиги Зоханзавр экоон канча тема ачып суроолорду бердинер, биз эмне сага окшоп убактымды кетиргим жок пайдасыз нерсеге, курук соз да баары, жазбайбыз деп когоруп алдыкпы эмне? Баарыбыз жооп жаздык эгер билсен !!! Кана королу биз да силер учун тема ачып койдук мына, Таллас байкеге Аллах ыраазы болсун, эки дуйно бактылуулукту насип кылсын, жообунарды кутуп жатабыз урматтуу заламилер !!! Андан сон биздин да суроолорубуз толуп жатат силер учун !!! Кечкурун Библия эмне дээринен жазып улантам деп турам деген созунду кантип уялбай жаздын сен !!!
Сулуудан коркпойм, уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   wumida   19 Сентябрь 2011 - 20:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 070
  • Катталган: 02 Июль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2021 22:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Эн ыйык жер....

Урматтуу Деби и башкалары,бизди силер тушунбой жатасынар. Биз жон гана силерге жардам колубузду сунуп жатабыз. Билесин бул дуйнодо ашып барса 100 жыл жашайбыз,андан кийинчи? Жообун озун деле жакшы билесин,анык- чыныгын билбейм бирок уккам ушуларды. Иса пайгамбарыбыз тирилип келип мындай деп айткан экен:менен кийин дагы бир пайгамбар келет,ал акыркысы. Акыркы пайгамбар келгенде ал не десе ошону жасагыла,алып келген динин кабыл кылгыла. Туура же жалганбы аныгын билбейм,эгер туура болуп чыкса не кылат эленер? Анда силер каршы чыгып калгандай болбойсунарбы. ....?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   wumida   19 Сентябрь 2011 - 20:20

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 070
  • Катталган: 02 Июль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2021 22:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Эн ыйык жер....

Таллас башка ниги менен киреби же кирбейби ал озунун иши. Жардам колун сунуу бул мусулмандардын парзы,азыркы ушу форумга киргендер ушуну кылып жатышат. Туура жолго тушоорсуз деген умуттобуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Narynbek   19 Сентябрь 2011 - 21:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Озоктон чыккан орт жаман,оздон чыккан жат жаман деген макал туура айтылган экен.Ушу кыргыз христиандар Анелка айтмакчы орус гезиттеринин сайттарына баргылачы?Мусулманчылыкка кайткынар келбесе.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   baksid   20 Сентябрь 2011 - 02:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 297
  • Катталган: 29 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 11 Июн 2023 05:30

Просмотр сообщения Debi (19 Сентябрь 2011 - 09:49) жазган:

Таллас никтер менен кирем деп журчу эле, неси болсо да.


Мени Таллас десең жаңыласың, бирок сен ишенбейсиң жана сени ишендиргим да келбейт, каапырлар каалашынча сүйлөй берсин, Алла Таала өз динин жайылта берет!!!
Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Debi   20 Сентябрь 2011 - 10:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Дуйного белгилуу ири компания био чип колдонуу менен адамдын терисинин алдына киргизип койо тургандай микрочип чыгарып жатат. Алар бул «био чипти» адамдын кайсы жерине жайгаштыруу ыңгайлуу болорун изилдөө үчүн 1,5 миллион доллар сарпташкан. Алар эки гана жер эң ыңгайлуу экенин аныкташкан: БАШ - баш сөөктүн алды, же колдун сырткы тарабы, өзгөчө…
ОҢ КОЛГО!

...Ал чоңго да, кичинеге да, байга да, жакырга да, эркин адамга да, кулга да – бардыгынын оң колуна же чекесине белги салдырат.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 20 Сентябрь 2011 - 10:48

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Debi   20 Сентябрь 2011 - 11:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения wumida (19 Сентябрь 2011 - 20:13) жазган:

Урматтуу Деби и башкалары,бизди силер тушунбой жатасынар. Биз жон гана силерге жардам колубузду сунуп жатабыз. Билесин бул дуйнодо ашып барса 100 жыл жашайбыз,андан кийинчи? Жообун озун деле жакшы билесин,анык- чыныгын билбейм бирок уккам ушуларды. Иса пайгамбарыбыз тирилип келип мындай деп айткан экен:менен кийин дагы бир пайгамбар келет,ал акыркысы. Акыркы пайгамбар келгенде ал не десе ошону жасагыла,алып келген динин кабыл кылгыла. Туура же жалганбы аныгын билбейм,эгер туура болуп чыкса не кылат эленер? Анда силер каршы чыгып калгандай болбойсунарбы. ....?

Аныгы Инжилде ачык айкын жазылган. Инжил "...болуп калса, анан болбой калса..." деген будомуктукто калтырбайт. Аныгын билбей туруп мага "жардам колунду сунуп" жатканына "баракелде" :). Рахмат, ошентсе да.
Ыйса тирилгенден кийин коп создорду айткан, бирок сен айткан созду айткан эмес. Ал жер устундогу Озунун ишин аягына чейин аткарган, Анын ишин толуктоонун зарылчылыгы жок. Инжилди Кудайга чын ыкласын коюп окуган кишиге бул айкын корунуп турат. Сенин "болуп чыкса" деген созунон улам, Инжилден бир узунду эске тушту, ошону келтирейин:

...Ошол учурда кимдир бирөө келип, аларга: «Силер түрмөгө камап койгон кишилер ийбадатканада элди окутуп жатышат», – деп билдирди. Ошондо күзөт башчысы кызматчылары менен барып, аларды күч колдонбой ээрчитип келди, анткени таш бараңга алып коюшабы деп, элден коркту. Аларды синедриондун алдына алып келди. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу аларга мындай деди: «Биз силерге бул ысым жөнүндө окутпагыла деп, катуу тыюу салбадык беле? Силер болсо өзүңөрдүн окутууңарды бүт Иерусалимге жайылтып жибердиңер. Ал Адамдын канын биздин мойнубузга коюуга ниеттенип жатасыңарбы? » Ошондо Петир менен элчилер мындай деп жооп беришти: «Биринчи иретте адамдарга эмес, Кудайга баш ийүү керек.Ата-бабаларыбыздын Кудайы силер жыгачка асып өлтүргөн Ыйсаны тирилтти. Ысрайыл элин тобо кылдырып, күнөөлөрүн кечирүү үчүн, Кудай Ал Башчыны жана Куткаруучуну жогору көтөрүп, Өзүнүн оң жагына отургузуп койду. Ал жөнүндө айтылгандын бардыгына биз да, Кудай Өзүнө баш ийгендерге берген Ыйык Рух да күбө». Алар муну укканда, аябай ачууланышып, элчилерди өлтүрүүнү ойлошту.


Гамалиелдин эскертүүсү
Ошондо бүт эл урматтаган мыйзам окутуучу, Гамалиел деген бир фарисей синедриондо ордунан туруп, элчилерди бир аз убакытка сыртка чыгарууну буйруду. Анан аларга мындай деп кайрылды: «Ысрайыл эркектери! Бул адамдарга кандайдыр бир чара көрөрдөн мурун жакшылап ойлонгула. Анткени мындан бир аз мурун өзүн бир улуу адам катары көрсөтүп, Теда деген неме чыкты. Аны төрт жүзгө жакын адам ээрчиди. Бирок ал өлтүрүлдү, аны ээрчигендер да чачырап жок болушту. Андан кийин эл каттоонун убагында Галилеядан Жүйүт деген неме чыгып, көп элди ээрчитти. Бирок ал да өлдү, аны ээрчигендер да чачырап кетишти. Ошондуктан азыр силерге айтарым: бул адамдарга тийбегиле, буларды өз жайына койгула. Эгерде бул адамдык иш-аракет болсо, анда ал бузулат. Эгерде Кудайдан болсо, анда силер аны токтото албайсыңар. Кудайга каршы чыгуучулардан болуп калуудан сак болгула». Алар анын айтканына көнүштү.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Debi   21 Сентябрь 2011 - 19:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библияда Кудай: "Мына, алдын ала айтылгандар аткарылды, эми Мен жаңысын алдын ала айтам, ал аткарыла электе эле, Мен силерге алдын ала айтам» деген.

Ал алдын ала айткан, алар орундалып жатат.

Замандын акыры тууралуу азырынча ушулар менен токтолуп турам. Менимче андан кийинки олкобуз учун орчундуу болуп турган, бул падыша маселеси. Библия бул тууралуу эмне дээрин билип алганыбыз жакынкы келечегибиз учун пайдалуу болор деген ойдо, бул окуялардын тушунда Библиядан алган сабактарым менен болушууну каалап, атайын жазгандарым бар эле. Ошолорду окуганга женилирээк болсун учун, узунду кылып чыгарып турайын.

Бакубаттыгыңыз үчүн өлкөнүн президентинин тийгизер таасири жөнүндө ойлогондо, кандай адам такка келишин каалайт элеңиз? Албетте, элге, өзгөчө жарды-жакырларга күйүмдүү, адилеттүү, калыс, иш билги, акылман, иши кылып, төгөрөгү төп келген адам болсо десеңиз керек. Бирок, сиз ойлогондой, төрт тарабы шайма шай адам болушу мүмкүнбү? Сиз адам баласынан алы келбеген нерсени талап кылып жаткан жоксузбу?
Койо туруңуз, сиз каалагандай падыша болушу мүмкүн эмес дегенди айткым келген жок. Тескерисинче сиздин жашооңузда сиз каалагандан алда канча сонун падыша бийлик кылуусу толук мүмкүн. Ал кандай падыша деген суроону узаткыңыз келип турабы? Кунт коюп, кебиме көңүл бурсаңыз, сурооңузга жооп аласыз.
Мына ушул мен сиздерге айтып жаткан падышаны, ал эң эле адилет, боорукер, ырайымдуу, кайрымдуу падыша болсо да, бир эл Анын бийлигин четке кагып, башка падыша талап кылган экен. Бул окуя Ысрайыл элинде, Шемуел пайгамбардын тушунда болгон. Келиңиз, ушул туурасында Ыйык Жазуудан окуйлу: Ысрайылдын бардык аксакалдары чогулуп, Рамага, Шемуелге келишти. Алар ага: Сен карып калдың, уулдарың сенин жолуң менен жүрүшпөйт. Ошондуктан башка элдердикиндей эле, биздин үстүбүзгө падыша гой, ал бизди башкарсын дешти. Алардын биздин үстүбүзгө падыша гой деген сөзү, Шемуелге жаккан жок.
Нечендеген кылымдар бою Кудай Теңир, ак жолдон адашканга эң эле жөндөмдүү адам баласына Ысрайыл эли менен болгон байланышы аркылуу Өзүн көрсөтүп келген. Адам баласы билип, билбей келаткан Өзүнүн Падышалыгын мына ушундай жол менен таанытууну көздөгөн. Ысрайыл элине Өз пайгамбарлары аркылуу жол көрсөтүп, аларга Өзү Падыша, душмандарынан Сактоочу, Жол башчы болгон. Пайгамбарлардын бири Шемуел эле. Ошентип, Ысрайыл элинин падышасы, президенти Кудай Өзү болчу.
Теңир ар бир элдин Падышасы болгусу келгенинен мен шектенбейм. Ал тактысы түбөлүктүү Падыша экени ырас го. Муну эч ким тана албайт. Танган күндө да эч нерсе өзгөрбөйт. Ал Падыша жана Падыша бойдон кала берет. Адамдар Анын бийлигине, Анын мыйзамдарына тил алып жатышабы, кеп мына ушунда. Бул жерде утуш да, утулуш да адамдын өзү үчүн гана. А Кудайдын бийлигине кимдир бирөө доо кетире алмак беле.
Кудайдын Өзүнө бир элди бөлүп алуу зарылчылыгы да адам баласынын көп мүчүлүштүктөрүнүн натыйжасы. Бул жолку кебибиздин максатына ылайык, бул натыйжанын келип чыгыш себебин калтыра туруп, натыйжанын өзүн терең тааныганга аракет жасасак дейм. Анткени Кудай мындай натыйжага келүү менен, адам баласына, сизге жана мага бакубаттык тартуулоону көздөйт. Улуу сүйүүсү менен ар бир адамга сүйүү гана өкүм сүргөн Өз падышалыгынын жарандыгын бергиси келет. Биз окуп жаткан Ыйык Жазуудагы үзүндү сизге жана мага мына ушуну айтып турат. Келиңиз, эсибизге салып алалы да, ой учугун улайлы.
Ысрайылдын бардык аксакалдары чогулуп, Рамага, Шемуелге келишти. Алар ага: Сен карып калдың, уулдарың сенин жолуң менен жүрүшпөйт. Ошондуктан башка элдердикиндей эле, биздин үстүбүзгө падыша гой, ал бизди башкарсын дешти. Алардын биздин үстүбүзгө падыша гой деген сөзү, Шемуелге жаккан жок.
Шемуел пайгамбарга Ысрайыл элинин “Биздин үстүбүзгө Падыша гой” деген сөзү жакпаганынын себеби, балким ал алардан, эми падышабыз Кудай бизди ким аркылуу Өз жолуна жетектеп, үйрөтүп турат деп сурарын күткөндүр. Алар башка падышаны, болгондо да башка элдердикиндей падышаны талап кылышкан экен. Ошол башка элдерди, Ысрайыл элиндеги кереметтүү, бир жагынан коркунучтуу да бийлиги аркылуу таң калтырып келген Падышасынын бийлигин Ысрайыл эли тааныбаганы, барктап, баалабагандыгы кандай гана аянычтуу. Шемуел мына ушуга капа болсо керек. Жазууну улантып окуйлу: Шемуел Теңирге сыйынды. Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди. Эл сага эмне десе, ошонун бардыгын кыл. Анткени алар сенден баш тартышкан жок, Мен падыша болбошум үчүн Менден баш тартышты. Мен Мисирден алып чыккан күндөн ушул күнгө чейин алар Мени таштап, башка Кудайларга кызмат кылышты. Сага да ушундай кылып жатышат.
Кандай гана жүрөктү козгогон көрүнүш! Өзү жараткан, канча жолу жолдон чыгып күнөөгө батса да, четке какпай сүйүүсүн төгүп, кечиримине бөлөгөн адамынан Кудай Теңирдин четке кагылганын ойлоп көрүңүзчү!
Сүйгөн адамынан четке кагылуу сезими, балким, сизге тааныш чыгар. Бул сезимди баштан өткөрүү кандай гана оор. Көпкө чейин акыл эсиңди ээлеп алып, тынчтык бербейт. Жан дүйнөңдү оорутуп, жүрөгүңдү өйүйт. Кудай Теңирди мына ушундай сезимдер адамзат жаралгандан бери карай коштоп келаткандыр. .. Ысрайыл элинин тарыхын окуганымда, мен адам баласынын жүрөгүнүн ушунчалык катууланганына, Кудай Теңирдин ырайымын өтө тез унутчаактыгына таң бердим. Андан да өкүнүчтүүсү ушундай экендигин өз жашоо турмушумда да көрдүм.
Андан ары Теңир Шемуелге эмне дегенин Жазуудан улантып окуйлу. Аларды ук, бирок өздөрүнө бийлик жүргүзө турган, падышанын укуктарын аларга айтып эскертип кой.
Шемуел андан ары Кудай айткан падышанын укуктары кандай экенин сүрөттөйт. Ал укуктарды бүгүнкү күндө сиз да, биз да жакшы билебиз, кымбаттуу окурман. Кудай Теңир адам баласына өз кызыкчылыгынан башканыкын жогору коюшу кыйын экенин айткан. Анткени, ал болгону күч-кудурети чектелүү алсыз адам. Ошондо, кандай гана адам тактыга келбесин, падышалык укугун биринчи кезекте өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланат. Ушундай көрүнүшкө күбө болуп жүрөсүзбү? Албетте, ооба. Сиз экөөбүз бир эле жер планетасында жашап жатпайбызбы. Анан да, сиз экөөбүз тең, жандыктардын адам деген түрүнө киребиз да.
Шемуел пайгамбар, сөзүн мындай деп бүтүрдү:
“...Өзүңөр тандап алган падышаңардан запкы көрүп боздойсуңар, ошондо Теңир силерге жооп бербейт”. Бирок эл Шемуелдин сөзүнө макул болбой, мындай деди: «Жок, бизге падыша бийлик кылсын. Ошондо биз башка элдердей болобуз: бизге падыша бийлик кылсын, биздин алдыбызда жүрсүн, согушту башкарсын». .. Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «Элдин сөзүн ук, аларга падыша коюп бер».

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Debi   22 Сентябрь 2011 - 21:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ошентип Ысрайыл эли эң эле адилеттүү Падышадан баш тартышып, өздөрүнө ар түрдүү азгырыктардын алдында алсыздык кыла турган падышаны өз каалоолору менен тандап алышты. Өткөн мезгилдин мына ушул баракчасын Ыйык Жазууга киргизип, Теңир бизге биз Кудай Теңирдин бийлигин четке кагып, Анын бийлигине караганда, адам баласынын бийлигине баш ийгенге тез экенибизди айткысы келгендир. “Кудай бизге Ысрайыл элине кылгандай бийлик кылган жок да” дээрсиз. Эстеп көрүңүзчү, азыркы окуп жатканыңыз Кудай тууралуу окуганыңыздын канчанчысы? Канча ирет телевизордон көрүп, радиодон уктуңуз? Ушуга чейин сизге канча адам Кудай тууралуу айтып берди эле? Нечен ирет моюн толгоп, сөздү башкага бургандырсыз. Ар биринде Кудай сизге Өзүнүн эң адилеттүү бийлигин сунуш кылып келет. Баш ийдиңиз беле? Эгерде сиз чындап эле Кудай Теңирди жүрөгүңүзгө ыйык тутуп, Анын алдында таза жашоону самап, ошондон улам адилеттикти көксөп жүргөн болсоңуз, мына ушунун бардыгы сизге Кудайдан чакырык экенин жүрөгүңүз сезет эле. А сиз балким, Кудайга караганда жумуштагы жетекчиңиздин, же жергиликтүү бийликтегилердин же дагы башка сизге таасири бар адамдан көбүрөөк коркуп, аларга көбүрөөк баш иеттирсиз. Бул аянычтуу. Бирок, тилекке каршы мындай көрүнүштөрдү эл арасынан көп эле жолуктурууга болот. А чындыгында Кудайдан корксоңуз, адамдарды сыйлоо, жетекчиликке баш ийүү, бул өзүнөн өзү боло турган нерселер болмок.
Кудайдын Ысрайыл элинин үстүндөгү кереметтүү падышалыгы Ысрайыл элин душмандарынан ажайып жолдор менен коргоп келген. Ысрайыл элинин башка элдердикиндей падыша суроосунан мурда болуп өткөн бир учурга көңүлүңүздү бурайын.
Ысрайыл эли менен пелиштиликтердин ортосундагы согушта Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу берген он осуяты жазылган таш лооктор салынган келишим сандыгын пелиштиликтер тартып алышты. Кудайынын алдындагы мыйзамсыздыктары үчүн Кудай Теңир мына ушинтип Ысрайыл элин душмандарына салып берди. Албетте, ушундай кылуу менен Кудай Теңир дагы эмнени ойлогондугун толук билүү кыйын. Бирок окуянын жүрүшүн кунт коюп байкасаңыз, Кудай Теңирдин ажайып иш-аракети менен тааныш боло аласыз. Чыныгы тирүү Кудайдан алыс пелиштиликтер келишим сандыгын өздөрүнүн жасалма кудайлары сыңары касиеттүү буюм катары гана карай алышкан, ошол себептен “дагон” деп аталган жасалма кудайдын жанына алып кирип коюшат. Ошондо болуп өткөн кереметти Ыйык Жазуудан окуйлу.
Эртеси эртең менен турушса Теңирдин келишим сандыгынын алдында дагон бети менен жатыптыр. Алар дагонду алып өз ордуна коюшту. Алар кийинки күнү таң заардан турушса, Теңирдин келишим сандыгынын алдында дагон дагы бети менен жатыптыр. Дагондун башы менен эки колу кесилип, босогодо жатыптыр. Тулку бою гана калыптыр. Ысрайыл элине келишим сандыгын жайгаштырган Кудай, чыныгы тирүү Кудай экендигине ишенүүгө бул жышаан аздык кылат беле? Алар табынып жүргөн кудай жалган, жансыз кудай экенин түшүнүүгө ал керемет жетишсиз беле?

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 22 Сентябрь 2011 - 21:33

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Programmer   22 Сентябрь 2011 - 21:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Библиянар мага кызыксыз биздин китеп эстетип койойун бул Куран.
Ошол христиандар Куран китебин өрттөгөнгө чейин барышкан.
http://www.super.kg/ ...=0
Андан көрө Куран жөнүндө тема түзбөйт беленер.

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 22 Сентябрь 2011 - 21:46

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Programmer   22 Сентябрь 2011 - 21:43

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Куран биздин ыйык китебибиз.

Сүрөт
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   AZAMAT875   23 Сентябрь 2011 - 03:58

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 185
  • Катталган: 14 Июнь 11
  • Соңку аракети: 19 Окт 2011 01:09
  • Жынысы:Эркек

ушуну жакшы кылдын доске :good:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Debi   23 Сентябрь 2011 - 21:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Programmer (22 Сентябрь 2011 - 21:40) жазган:

Библиянар мага кызыксыз биздин китеп эстетип койойун бул Куран.
Ошол христиандар Куран китебин өрттөгөнгө чейин барышкан.
http://www.super.kg/ ...=0
Андан көрө Куран жөнүндө тема түзбөйт беленер.

Бул жерде кызыкпагандардан эч ким эсеп-кысап сурабайт.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Debi   23 Сентябрь 2011 - 21:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ким эмнени туура эмес кылса, созсуз Кудай алдында жооп берет, ал учун кабатыр болбонуз.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Debi   23 Сентябрь 2011 - 21:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Чындыкты таанууга адамдын жүрөгүнүн катууланганын ушундан көрүңүз, аларга бул аздык кылыптыр. Алар бул жышаандан коркуп гана тим болушкан. Жазууга көңүл бурсак: ...ошондон тартып дагондун буткана кызматчылары менен, Азоттогу дагондун бутканасына келген элдин баары, ушул күнгө чейин анын босогосун атташпайт.
А Кудай болсо пелиштиликтердин кылган аракеттерине жараша, Өзүн аларга таанытууну уланта берген. Жазуудан окуяны улантып окуйлу. Азоттуктардын үстүндөгү Теңирдин колу оорлоду. Теңир аларды кыйратты. Азотту жана анын айланасын ириңдүү шишик оорусу менен жазалады.
Алар Ысрайыл элин жеңдик деп эсептешкен. Чынында да жеңишкен эле. Бирок Кудай жол бербесе, бул жеңиш эч качан болбостугун алар билишкен эмес эле. Эми мына, согуштан кырылбаган эл соо эле туруп кырыла башташты. Тирүү калгандары ооруга чалдыгышты. Бул Ысрайыл Кудайынын алар менен жүргүзгөн согушу эле. Белгилей кетчү нерсе, Кудай Өзүнүн каарын көрсөтөрдөн мурун, пелиштиликтердин жасалма Кудайын талкалоо менен Өзүнүн чыныгы тирүү Кудай экендигин көрсөткөн эле. Укпаган, көрбөгөн, жансыз, жасалма Кудайга табынып жүргөн адамдардын көздөрүн ачып, Өзүн тааныткысы келген. Жүрөктөрү катуулугунанбы, пелиштиликтер сүйүү менен айтканга көнүшпөдү. Аларга катуураак чара колдонууга туура келди.
Так эле биздин күндөрдөгүдөй. Азыр да жашообузда жагымсыз нерсеге жол берүүдөн мурда, Кудай бир нече ирет ар кандай жолдор менен эскертүү берет. Бирок убагында байкасак да маани бергибиз келбей, кыйынчылык келгенде башкаларды күнөөлөйбүз.
Ошондон кийин айласы кеткен пелиштиликтер, бул мүшкүл иштен кутулуу жолун издей башташты. Алардын каалаганы кандай жол менен болсо да, бул Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгынан кутулуу эле.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Daud   24 Сентябрь 2011 - 11:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул тема Библияга суроом бар деп аталгандыктан мен да бир суроо берейин деп чечтим. Библияда мындай саптар кездешет экен 28 Если кто-нибудь встретится с девицею необрученною, и схватит ее и ляжет с нею, и застанут их,
29 то лежавший с нею должен дать отцу отроковицы пятьдесят сиклей серебра, а она пусть будет его женою, потому что он опорочил ее;
во всю жизнь свою он не может развестись с нею. (Второзаконие 22:28-29)


Бул жерде бир кызды зордоп койгон адамга кандай жаза берүү керектиги жөнүндө сөз болуп жатат. Бирок жакшылап караган адамга бул жерде кылмышкерге эмес, кызга карата көбүрөөк жаза колдонулуп жатканы ачык айкын эле көрүнүп турат.

Жабырлануучу б.а. кыз эми өмүрүнүн аягына чейин кылмышкер менен жашоого мажбур. Эми ал кылмышкердин өнү-түсү жакшы болсо мейли эптеп жашайттыр. А бирок ал мыркымбай болсочу деген суроо туулат да. Мыркымбай болсо да адеп-ахлагы жакшы деп да айта албайбыз аны. Себеби адеп-ахлагы жакшы болсо көчөдө бараткан кызды баса калмак беле.

Эгер бир маняк ээн жерден бир кызды кармап алып аны зордоп койгон болсо, ошол кыз аны менен жашоого милдеттүү болот экен. Мен, ошол кыздын ордуна өзүңөрдү же эжеңерди же карындашыңарды коюп көргүлө да анан Библиянын мынтип айтуусунун сыры эмнеде экенин түшүндүрүп бергилечи деп айтаар элем.

Бул аялдын укугун тепсөө эмеспи?



Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 24 Сентябрь 2011 - 11:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Debi   24 Сентябрь 2011 - 19:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Суроонузга эртен жооп берейин. Азыр кыска гана убакыт бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Debi   24 Сентябрь 2011 - 19:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Пелиштиликтер буткана кызматчылары менен сыйкырчыларды чакырып мындай дешти: «Теңирдин келишим сандыгын эмне кылалы? Аны өз ордуна кантип жөнөтүү керектигин бизге айткыла». Алар бир катар кеңештерди, көрсөтмөлөрдү берип, аягында мындай дешкен экен:
...Бир жаңы араба жасагыла, моюнтурук салынбаган, эки саан уй алып, аларды арабага чеккиле. Музоолорун бөлүп алып, үйгө алып кеткиле.
8Теңирдин келишим сандыгын арабага салгыла. Ал эми айып үчүн чалынуучу курмандыкка алып келген алтын буюмдарыңарды үкөккө салып, анын капталына койгула да, коё бергиле, кете берсин.
Музоосу телчигичекти жаңы тууган уй айланчыктап, музоосунун жанынан чыкпайт эмеспи. Музоосуна имерчиктеп, алгачкы күндөрү бададан качып келген учурлары да көп болот. Музоолуу уйду бададан тосуп келүүнүн деле зарылчылыгы жок, анткени ал музоосуна өзү эле чуркап келет. Мына ушундай уйларды музоолорун алып калып, жөнөтүүнү кеңеш кылышты. Болгондо да, айдап барып көндүрүлбөгөн жакка. Акырында алар эмне дегенин угуп, эхх... адам дегиң келет. Алар мындай дешти:
9Анан карап тургула, эгер ал өз жерине, Бейт-Шемешке барса, анда ушул чоң жамандыкты биздин башыбызга Ал түшүргөн болот. Эгер андай болбосо, анда бизди кыйраткан Анын колу эмес, бул жамандык биздин башыбызга кокусунан түшкөн болот».
Замандаш, али да болсо, жашоолорундагы Кудай Теңирдин катышынан шектенип жатышкандыгын караңызчы! Кокусунан?! Кокусунан кандай болот эле? Өзүнөн өзү эли бир нерсе болушу мүмкүнбү? Бул сизге тааныш сезимдер, туурабы? Кудайдан тилегенибиз орундалса, адатта адамдар да, мүмкүн, бул жөн эле кокустук деп, тилегибизди орундаткан Кудайды четке чыгарып койобуз. Пелиштиликтер да, дале болсо бул иштер Кудайдын колу менен жасалып жатканына толук ишене албай жатышат. Таң калычтуу бекен? Мен да башында абдан таң калгам, бирок, өз жашоомдо шектенүүлөрдү башыман өткөргөндөн кийин, мен аларды түшүнүп калдым. Көрсө адам баласы, жашоосундагы азыркы эле Кудайдын батасын унутуп, шектенүүгө жол берүүгө өтө тез экен. Баарынан да таң калычтуусу, канча ирет ишенбестик кылып шектенүүгө жол берсең да, Кудай Теңир ошончо ирет ар кандай жолдор менен, өзүнүн бар экендигин ырастагандыгы. Ооба, бул эч качан бөксөрбөгөн, улуу сүйүү. Ошондо Кудай Теңир дагы бир ирет, бул иштерди кылып жаткан Өзү, чыныгы тирүү Кудай экендигин көрсөттү. Ыйык Жазуудан окуйлу. 12Ошондо уйлар түз эле Бейт-Шемешти көздөй кеткен жолго түшүштү. Мөөрөгөн боюнча оңго да, солго да бурулбай, бир жол менен кетишти. Пелиштинин төрөлөрү Бейт-Шемештин чегине чейин алардын артынан ээрчип барышты. Мына Теңирдин керемети! Уйлар музоолорун жоктоп, мөөрөгөн боюнча, айдаган кишиси жок эле, келишим сандыгынын мурдагы турган ордун көздөй жөнөшүптүр. Ушундан кийин, ушул кереметти көргөн эл, кантип эле жүзтөмөндөп жыгылып, Жараткан Теңир деп жалбарып калган жок?! дегиң келет. Бирок, ким билет, биз алардын ордунда болсок кандай кылмакпыз. Биз деле аларга окшогон адам экенбиз. Болбосо, ошол Кудай мына азыр бүгүнкү күндөгү эле Кудай эмеспи. Ал эч убакта өзгөрүлбөйт. Анын үнүн укпай, кереметтүү колдорун көрбөй калгандыгыбыз, жүрөгүбүздүн таш болуп катып калгандыгы, замандаш. Ыйык Жазуудагы адамдардын каталыктарынын баяндалышы, биздин ошолорду кайталабашыбыз үчүн эмеспи. Келишим сандыгынын андан аркы тагдыры дагы да кереметтерге толо. Бирок келишим сандыгынын баяны боюнча бул жолу ушуну менен чектелебиз. Анткени, Ыйык Жазуунун барактарындагы кебибиздин негизи болгон, биздин азыркы учурга андан да маанилүү боло турган окуялар бизди күтүп жатат. Так ошол окуялар аркылуу Кудай Теңирдин бизге деген көрсөтмөлөрүн билели.

уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 24 Сентябрь 2011 - 19:56

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Daud   25 Сентябрь 2011 - 10:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (24 Сентябрь 2011 - 19:53) жазган:

Суроонузга эртен жооп берейин. Азыр кыска гана убакыт бар.


Жооп берсеңиз эле болгону, качан жооп берүүңүздүн айырмасы жок. Жооп бергениңизде мына бул суроого да кошо жооп берип өтсөңүз жакшы болоор эле.


Сиздер Иса бул Кудай (же Кудайдын уулу) дейсиздер. Бул айтылган сөзгө кандай далилиңиздер бар?

Мен Библиядан Исанын (алейхис-салаам) Кудай эмес, инсан жана пайгамбар экендиги айтылган бир нече саптарды таптым. Алар төмөнкүлөр:

5 Ибо един Бог, един и посредник между Богом и человеками, человек Христос Иисус, (Первое послание к Тимофею 2:5).

3 Сия же есть жизнь вечная, да знают Тебя, единого истинного Бога, и посланного Тобою Иисуса Христа. (От Ионна 17:3)


19....Они сказали Ему: что было с Иисусом Назарянином, Который был пророк, сильный в деле и слове пред Богом и всем народом; (Лука 24:19)

11 Народ же говорил: Сей есть Иисус, Пророк из Назарета Галилейского. (Матвей 21:11)

Биринчи эки сапта Кудайдын үчөө эмес бирөө экендиги жана ошондой эле биринчи сапта Исанын (алейхис-салаам) Кудай эмес инсан (адам) экендиги айтылып жатат. Ал эми 2-3-4- саптарда Исанын (алейхис-салаам) пайгамбар экендиги айтылып жатат.

Эми сизге суроо Исанын (алейхис-салаам) Кудай экендиги жана Кудайдын үчөө экендиги Библиянын кайсы жеринде жазылган? Эгер ушундай жазуу бар болгон болсо бул мен жогоруда айтып өткөн саптарга каршы келбейби? Кудайдын сөзү бири-бирине каршы келбеши керек эле го.











  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Debi   25 Сентябрь 2011 - 20:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Daud (24 Сентябрь 2011 - 11:18) жазган:

Бул тема Библияга суроом бар деп аталгандыктан мен да бир суроо берейин деп чечтим. Библияда мындай саптар кездешет экен 28 Если кто-нибудь встретится с девицею необрученною, и схватит ее и ляжет с нею, и застанут их,
29 то лежавший с нею должен дать отцу отроковицы пятьдесят сиклей серебра, а она пусть будет его женою, потому что он опорочил ее;
во всю жизнь свою он не может развестись с нею. (Второзаконие 22:28-29)


Бул жерде бир кызды зордоп койгон адамга кандай жаза берүү керектиги жөнүндө сөз болуп жатат. Бирок жакшылап караган адамга бул жерде кылмышкерге эмес, кызга карата көбүрөөк жаза колдонулуп жатканы ачык айкын эле көрүнүп турат.

Жабырлануучу б.а. кыз эми өмүрүнүн аягына чейин кылмышкер менен жашоого мажбур. Эми ал кылмышкердин өнү-түсү жакшы болсо мейли эптеп жашайттыр. А бирок ал мыркымбай болсочу деген суроо туулат да. Мыркымбай болсо да адеп-ахлагы жакшы деп да айта албайбыз аны. Себеби адеп-ахлагы жакшы болсо көчөдө бараткан кызды баса калмак беле.

Эгер бир маняк ээн жерден бир кызды кармап алып аны зордоп койгон болсо, ошол кыз аны менен жашоого милдеттүү болот экен. Мен, ошол кыздын ордуна өзүңөрдү же эжеңерди же карындашыңарды коюп көргүлө да анан Библиянын мынтип айтуусунун сыры эмнеде экенин түшүндүрүп бергилечи деп айтаар элем.

Бул аялдын укугун тепсөө эмеспи?



Контекстте эч кимдин укугу тепселбегени ачык айкын эле корунуп турат. Окуган чыгарсыз. Козу
ошол жерге эле чалдыгып калып, тыянак чыгара койгон го деп ойлоюн десем да, чындыкка коошпой турат. Башкаларын аттап отуп, сиздин оюнузду ырастагыдай жерлерди алып алгандай ой калтырып жатасыз. Анда сиздин кызыкчылыгыныз Библиядан кынтык табуу болуп калат. Анан мындай ниет менен окуган адам озуно пайда кыла албай каларын айта кеткеним он.

Контекстти келтирейин:

Эгерде кимдир бирөө убадалашып койгон кызга талаадан жолугуп калып, аны кармап алып зордуктап койсо, анда аны зордуктап койгон эркек гана өлүм жазасына тартылсын. Кызга болсо тийбегиле, анын өлүмгө тете күнөөсү жок. Эгерде аны өлүм жазасына тартсаңар, анда бул өз жакынына кол көтөрүп өлтүргөнгө барабар болуп калат. Анткени ал убадалашып койгон кызга ээн талаадан жолугуп калган, кыз жардам сурап кыйкырса да, куткара турган эч ким болгон эмес. Эгерде кимдир бирөө убадалашпаган кызга жолугуп калып, аны зордуктап жатканда, үстүнөн бирөөлөр чыгып калса, анда аны менен жаткан эркек кыздын атасына элүү шекел күмүш берсин. Ал аны аялдыкка алсын, анткени аны зордуктап койду. Ал аны менен өмүр бою ажыраша албайт.

Бул жерде эгерде "кыз кааласа да, каалабаса да" деген шарт бар болсо, сизче ойлогонго негиз болот эле. Анын устундо башка бир жерде мындай дейт:

Эгерде кимдир бирөө эч ким менен убадалаша элек кызды азгырып, аны менен жатса, анда калыңын төлөп, кызды аялдыкка алсын. Эгерде атасы ага кызын бербей койсо, анда кыздар үчүн канча калың берилсе, ошончо күмүш төлөсүн (Чыгуу 22,16-17)

Бул аяттан улам кыз созсуз тийиши керек деген шарт жок экени белгилуу. Ошондуктан фантазияныз текке кетип калды десек болот. "Мыркымбай" деген статусту тааныбайм. Адамдын сырткы корунушу сулуу болсо, мен ага сулуулуктун бир гана пайызын берем. Негизги коонорбос сулуулук адамдын жан дуйносундо болот.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 03:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: